№6

Аялзаттын үйбүлөдөгү орду кандай болууга тийиш жана бүгүнкү күндөгү социалдык турмуш жүгү эмне себептен Аялзаттын мойнуна көбүрөк жүктөлүп калууда?

Айрыкча айтылуу ЫСЫСЫР кулап, кыргыз эли өз эгемендүүлүгүн алгандан нары карай айдатма болуп, ЫСЫСЫРдын айтканын лам дебей аткарганга көнүп калган элибиз бир топко айласын таба албай, айтылуу завод-фабрикалар талкаланып, жумушсуздук күч алып, эбин тапкан саналуу адамдар гана баюу жолуна түшүп, ал эми карапайым калк кыйналып-кысталып, жумушсуздук ар бир эркекти кыйгап өтпөй, үйдө отуруп калбадыбы. Мына ошондо элибиз базар мамилеси деген атам замандан бери карай ата-жотосунун жан дүйнөсүнө жат, канчалык аракет кылса да көңүлүнө кабыл ала албаган жагдайды аздап өздөштүрө баштабадыбы, антип шартка көнбөсө балдары ачка кесээрди үйдө.

Элибиздеги эзелки касиетүү жомокту эч ким турмушка ашыра албады. Илгери-илгери тамак-аш жок, курсагы ачкан балдарынын курсагын тойгузам деген эне балдарын алаксытыш үчүн казанга таш салып таң атканча кайната бериптир, тамакты күткөн балдары күтүп жатып, уктап калышат. Эртең менен ойгонсо кайнатылган таш, жараткан эгемдин амири менен картошкага айланып калган экен. Баласынын курсагын тойгузам деген эненин амалы. Ошентип жогоруда айтылган жагдайдан улам энеге балдарынын курсагын тойгузуу милдети келди?..

Ал эми ата намыс үчүн жаралгандыктанбы, айтор, жан дүйнөсүнө жат, рынок шарты кендирин кесип, жалпы өлкөбүздү каптаган жумушсуздук эркекти үй-бүлөсүнүн алдында жер каратты. Эсимде, бир эле үй бүлөнүн мисалында айтсам, рынок мамилесинин шартындагы кыргыз үй бүлөлөрүнүн тагдырын айткан болор элем. Таанышыма, алты баланын курсагын тойгузуу; алардын кир коогун жууганга самын табуу; нан табуу кыйынга турду.

Союз учурунда таасирдүү кызматта иштеген ата жумушу жок бирөөнүн кызматын жалданып кылып, жан багуудан намыстанып, үйдө отуруп калды. Анан карды ачкан баласын тойгузам деген аял көчөгө чыгып, “жаңы кыргыз болуп” адегенде семичке, майда көр-жер сатып, андан кийин “таасын кеңеш айткан” бирөөнүн таасири менен түбүң түшкөн чет жактардан товар алып келип, ал жактан күнүмдүк нанды кенен тапканга кубанды. Айланасындагыларга тыңсына карады. Ошентип ал күнүмдүк көр жашоо үчүн акча деп каруусун казык, мүрүсүн токмок кылып, үй бүлөсүн багуу үчүн көчөгө чыкты. Балдары үйдө энесинин таап келген нанына кубанып, ата балдарга баш көз болуп, казанын кармап отуруп калды. Эзелтеден рынок шарты деген нерсени ар бир кыргыз түшүнө албай жерип турганы менен жан багуу парз эле.

Дегеле элибизде, ислам дининде да “эне — мектеп” дейт. Балдарынын курсагын тойгузам деген эне ошентип бардык социалдык маселелерди мойнуна алып алды. Ошентип “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн деген” кеп ушул жерге жарашып, энелердин орду атадан бир тепкич болсо да жогору болуп, аз-аздан ушул жагдайга көнө баштаганыбызды өзүбүз деле байкабай калдык. Бизге, аял көчөгө чыгып кандай жол менен болсо да акча табуу парз өңдөнүп, бул көрүнүш кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Жогоруда белгилебедимби, атанын үйдө кантип отуруп калганын. Бир тепкичке көтөрүлгөн аялга басынган айрым эркектер намыстангандан улам, ичкиликтен күчүн чыгарып, ызасын аялынан чыгарды.

Ошентип күнүмдүк жашоо үчүн ата менен эненин ортосундагы ыйкы-тыйкы мамиле, уул-кыздын жан дүйнөсүнө терс таасирин жүктөп, алардын кийинки жашоо турмушуна өз кедергисин тийгизди. “Балапан уядан учканда эмнени көрсө, ошону алат” деген калетсиз сөз так ушул жерге жарашкансып калды… Анан кыргыздын бир сөлдүр эркегине кор болгончо “өз жанымды көзкаранды болбой бакпайымбы”деп тарбияланган кыз, никеге туруп үй бүлө курганга чейин эле эркектен үмүт үзүп, өзү лидерликке жетип, өз жанын багууга бел байлап калды…

Мен ушул сынак жарыялангандан кийин 20-25 жаштардагы жүзгө жакын улан-кыздардан сурамжылоо жүргүзүп көрдүм. Мына ошондо уландардын көпчүлүгү аялынын көп акча табуусу керектигин айтышса, кыздар өзүлөрү көп акча табышы керек экендигин, айрыкча кыргыздын жигиттерине караганда чет элдик жигиттерди жактырышаарын, алар бай турмушта жашаарын, алар менен турмуш курса бактылуу болорун, ал эми кыргыз жигиттерге турмушка чыкса, өмүр бою каамыт моюндарынан түшпөй турганын айтышты. Мына ушундай көрүнүш, тактап айтканда, кыргыз элиндеги коомдук түзүлүш кандайдыр бир деңгээлде аялдарды көпкө милдеттендирип, социалдык жүктү жалгыз сүйрөп, мен эле деп көкүрөк койгулаган өсүмчүлдүк мүнөздү шарттады.

Эгемендүүлүк кандайдыр бир деңгээлде эркектердин аялдан бир канча тепкичке жогору турарын төгүнгө чыгарды десек аша чапкандык болбос. Анткени жаздагы козу карындай быжыраган бейөкмөт уюмдар кыргыз элинин нарк-насилин, үрп-адатын, салт-санаасын бир аз тыйын тыпырын көрсөтүп, ириткен абалга жеткирди.

Батыш саясатын билдирбей жылдырып, “гендердик теңчилик” деп тоту кушча сайрап калдык. Жан дүйнөбүзгө кабыл алганда да кандай бат кабыл алдык…Бул гендердик теңчилик, ата-бабабыздан бери келаткан баалуулуктарыбыздын таш талканын чыгарды… Билсек да аны мойнубузга алгыбыз келбеди… Себеби, көчмөндөрдүн салтынын улуулугун, “бөрк ал десе баш алган” тоталитардык буйрукчул заман таш талканын чыгарып берсе, батыштын сасык саясаты аны түп тамырынан бери жер менен жексен кылды.
Анткени кандайдыр бир деңгээлде аял назик, ишенчээк жан болгондуктан Шырдакбектин эрке аялындай башкага качып кетээрин билген батыштын жылымчылары болгон аракеттерин көрүшүүдө. “Аял бузулса, коом бузулат” деген чындыкты булар абыдан эле моюнтуктап алышкандай…Себеби “сен кыйынсың аял, сен эркектен эмнең кем, сен алар менен тең укута болушуң керек” деген көкүтүү менен аялдар социалдык турмуш жүгүн ошону менен эле катар бардык тармакка тумшук салып, баардыгын өз мойнуна алып алгандай…

Жаңы өнүгүү жолуна түшүп жаткан Кыргызстандын кайсы булуң бурчуна барба, ачык асман алдында болобу же бастырманын алдында болобу, айтор тигинден мындан сатып алган товарларын жайдын ысыгында, кыштын суугунда жалаң аялдар сатып, турганы турган. Анан кеч киргенде эрине телефон чалып, үйгө от жагып, тамак жасап койсоң, мен баратам” дегендерин эшиткениң эшиткен. Аял менен эркектин жашоодогу орду алмашып калгандай…Ал эми башка тармак деле ушул сыяктуу. Анткени эл арасында эркектен аял көп деген пикир калыптанып калган.

Мындан 4-5 жыл илгери ушул суроого жооп издеп, ал тургай макала да жазганым эсимде. Кыргызстанда аял менен эркектин саны бирдей эле, болгону бир жылы кыздар көп төрөлсө, кийинки жылдары эркек бала көп төрөлүп баланс болуп турат экен. Болгону статистикада билимсиз эркек балдардын саны көп. Ал эми социалдык жүктүн баарын мойнуна алып алган кызды кийин жашоосунда күйөөсүнө көзкаранды болбой жашасын дейт да, ата-энеси болгон күчүн жумшап, кыздарын көп окутушат экен. Анан билимсиз эркекке турмушка чыккысы келбеген кыздардын, билимдүү күйөө таппаган пикири кыздар көп деген пикирди жаратып келүүдө. Демек, үй бүлөнүн таянычы, калканчы аял дебей, ата-бабабыздан бери калыптанып, бирок аз-аздап жокко чыгып бараткан чындыкты, тактап айтканда, үй бүлөнүн таянычы эркек болуш керек деген ойду калыптандыруу мезгил талабы…

Албетте, мен аялдарды басынтуудан алысмын. Мен да аялмын, мен да энемин. Эң биринчи кезекте биз балдарыбызды татыктуу тарбиялап, балдарыбыз аркылуу коомду оңдошубуз керек. Аларды тарбиялай албай, болгон социалдык жүктүн баарын мойнубузга кыйынбыз деп алып алып, аксап жатканыбызды билбей келебиз. Адам баласы тамак ичип, кийим кийүү менен жашоого милдетүү эмес. Балдарыбыздын жан дүйнөсүнө эң алгач руханий баалуулукту куйганыбыз бизди улутубузду улут катары, эне тилибизди тил катары сактап кала алат…

Мына ушундан улам мындан он чакты жыл илгери болуп өткөн кайгылуу бир окуя эске түшөт. Чүйдүн кайсы бир айылынан болсо керек эле. Бишкектеги үйүнө 15-16 жаштагы эркек баласын жалгыз таштап, ата менен эне Москвага акча таап келгенге кетишет. Канча бир айлардан кийин энеси уулуна телефон чалып 20-25 миң доллар менен барарын, ага да Бишкектен там алышаарын кабарлайт. Бул жаңылыкты курбусуна айткан уулу, досу менен энесинин келишин күтөт. Эшиктен баласын сагынып келген энени, уулу балта менен каршы алып, энесинин башып жара чаап өлтүрүп, 25 миң долларды досу экөө алып чыгып, энесинин өлүгүн Байтиктин талаасына алып барып, бензин куюп өрттөп жиберишет. Энесинин долларына досу экөө эки машина сатып алып, 10-15 күн бейкапар гана сайрандашат. Мына кайгылуу окуя.

Балким, аял эри менен тең жарышып Москвага барбай, баласына тарбия берсе, мындай кайгылуу окуя болмок эместир. Биздеги трагедия — балдардын ийини менен курсагын гана тойгузуп жаткандыгыбызда. Ал эми жан дүйнөнүн азыгы ач калууда. Аларды берүүчү энелер өзүбүздү “кыйын” сезип талаада жүрсөк, анан болчусу болуп жатат да…

Эгер кыргыз элинин көөнө тарыхына серп салсак, айрыкча энелерибиздин чоң ата, чоң энелерибиздин балдарына берген тарбиясынан улам кыргыз эли эл болуп, кылымдарды карытып келбедиби…Биздин азыркы коомдогу энелер жана чоң ата, чоң энелер бул жөрөлгөбүздү унутуп таштадык, күнүмдүк көр турмуш менен алаксып жатып, балдарыбыз тарбиядан өксүп жатат. Карыларыбыздын да жашоодогу ордун жоготуп алдык, аларды алпечтеп баккандын ордуна карылар үйүн байырлаттык.

Бул дагы үй бүлөдө эркектин ролунун экинчи планга чыгып калышынан болууда. Анткени “мен үй бүлөнү багып жатам” деп какшанган аялдан тажаган эркек айласы жок ата-энесинин карылар үйүнө жеткирип салганын көрүп-билип эле жүрөбүз.

Албетте, бардык эркектер ушинтип калды дегенден алысмын. Акырында жыйынтыктап айта турган болсок, кызыл китепке кирген жан жаныбарларды кандай коргосок, эркектер үй-бүлө алдындагы милдетин да так ушундай короого жана билип, үйрөнүүгө милдеттүү. Ошондой эле кыйыр эмес, тийип -качып эмес, түздөн-түз, болгон ыкыласы менен күн тынымын, түн уйкусун бөлүп эне, баласын тарбиялоого милдетүү экенин билүүсү шарт.

Мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүп, беделин түшүрүп алган аталардын ролун жогорулатуу менен үй бүлө милдетин ата алуу керектигин, аялга баласын тарбиялоого шарт түзүп берүүсүн, милдеттендирүү зарыл.

Албетте, кой аксагы менен миң демекчи, айрым аталар, апалар, кыздар, жигиттер бул макаланы окуса чычалап, кызыл чеке болушу да ыктымал. Бирок коомдогу негизги көйгөй ушул экенин эстен чыгарбасак. Аялдарды үйдөн чыкпай бала багып, отура бер дегенден таптакыр алысмын, аял дагы балдарга татыктуу тарбия берүү үчүн билим алып, эмгектенүүгө милдетүү. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде балдарга татыктуу тарбия берүүчү жакшы жагдайды жараткан механизмдерди ойлоп табуу учур талабы. Анткени социалдык турмуш жүгүн моюнга алган эне, балдарын көрүнгөнгө таштап, акчанын аркасынан сая түшүп, балдары жаман жагдайга туш болуп же өз өмүрүн кыйып жатышы, бүгүнкү күндөгү турмуш чындыгы.
Анан ата-энеден ушундай тарбия алган уул кыз алган тарбиясынын үзүрүн берип, өзү да коомго же балдарына ушундай эле тарбияны берип, көйгөйлүү жагдайды жаратып жатканы бүгүнкү күндөгү кашкайган чындык… Адеп, ыйман жана маданият жылына карата өткөн дебатта бир мектеп окуучусунун «рожки бышырып, күрүч десең күрүч болуп калбайт» деген сөзүнүн калетсиз экенини ушул жерге мисалга тарткым келип туру.

Андыктан коомду сактап калуучу да эне, талкалоочу да эне, ал балага тарбияны мыктап бере албаса, коомдо жашагандар маңкуртка айланып калаары да турган иш. Ошондуктан “эне — мектеп” деп бекеринен айтылбаса керек…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *