№9

Апам тууралуу

«Ой эркетин алдынан кыя өтпө, үнүңдү өктөм чыгарып сүйлөбө, чачынды саксайтпай жыйна, атандын алдында акырын күл, кыз бала дене-бойду созуп, эркектин алдында керилбейт, ой ботом жылуу кийин эртең эне болосуң, таза , тыкан бол, сен бирөөнүн бүлөөсүсүң, ата-эненин абийрин кошо ала жүргөнүңдү унутпа». Эс тартканымдан бери апамдын айткан ушул сыяктуу сөздөрү күн сайын айтыла берип экинин жадыбалындай эстен чыккыс болуп калган. Демек, турмушта аялзатынын орду чоң экенин кичинемден элес сезип чоңойдум. Кыргыздын «Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт» деген макалы тарбиянын тамыры энеден экенин тастыктап турат.

Бүгүн апам тууралуу жазгым келди. Тестиер кезинен апасынан айрылып өгөй эненин колун караган апам шордууну турмуш ысык-суукка бекем кылып өзү тарбиялаптыр. Жетимдерди кароочу интерантта чоңоюп, үй тиричилгинен оолак болуп калгандыктан, келин болуп келгенде көп эле кыйналып, кыздарына турмуш деген сабактын алфабитин жакшы үйрөтөйүн деп өзү да көп окуп, кемпир кайнененин сынынан өтүп такшалыптыр.

 

Жомоктордо он каармандар дайыма жеңишке жетишкен

Апам көп жомок айтып берчү. Азыр ойлосом, баарын эле өзү токугандай, себеби кийин андай жомокторду башкалардан угуп же китептен окубадым. Жомоктогу каармандар дайыма карама-каршылар. Биринде ишти катыра жасаган кыз менен колунан эч нерсе келбеген кыздар, кээси калпычы болсо анын шериги чынчыл… Дайыма жакшысы жеңишке жетишет. Демек, апам бизди турмушта кандай кырдаал болбосун адамдык аруу сапаттар жеңишке жетелейт деп чоңойтту.

 

Атамдын сүрү

Атам бизди катуу сүйлөп, какыс-кукус кылып муштумун кесебеди. Бирок биз атамдан жасканып турчубуз. Анын сүрүн апам аркылуу сезебиз. «Ар бир кыз атанын жүзү» дейт апам. «Ар бир жасаган жаман ишин атанын бетине көө болот. Жакшы тур, жакшы бас, жакшы окуу» дечү. Биз атабызды уят кылбайлы деп энебиздин сөзүнөн чыкпадык. Апабыздын сөзүнөн улам атабыз бизге каардуу, айбаттуу сезилчү. Көрсө, бул апабыздын бизге атанын ордун билдирип, анын аброюн көтөргөндүгү экен.

 

Апам бизге баш ийгенди үйрөттү

Апам атамдын сөзүн эки кылбайт, айтканын аткарып, тике карабайт. Апам сыяктуу кыздары да жолдошторуна каяша айтпайт. Бул бизге энебиздин табериги. Демек, үй-бүлөдүгү бекем ынтымак эркекке моюн сунуп, баш ийгенден башталат дегенди апабыз бизге айтпай өзү жасап көрсөтүп берди.

 

Жылуу кийин

Бул сөздү апам көп айтат. Көп окуп, көптү билип, президент болсоң да сен эне болуп, бала төрөбөсөң эч ким эмессиң. Демек, жылуу жүр. Аял тукум улоочу деген статуска да ээ экен деп койчумун.

Ошондо сен улоочу тукум да ошондой болот. Сен кыргыз деген улуу элдин урпагысың. Манас атабыздын да алгачкы аялынан көргөн уулдары энесинин этегинен чыккан эмес. Каныкей баатырдын атына заты жарашкан, өзүндөй уул төрөп, тарбиялады. Демек, энеден келечек көзкаранды деп чоңойтту.

 

Бирөөнүн байлыгына көз артканың уурулуктун башаты

Апам бизди бай жашоого эмес, бактылуу жашоого үйрөттү. Элчилеп чет жакка чыгып иштеп келели дегенибизге да көнбөдү. Азга топук кылып, сарамжалдуу болууга, билим алууга үндөдү. Апам бизди болочок жолдошубуздун аманаты деп билчү. Аман эсен тууруңарга кондуруп, парзынан кутулайын деп басса-турса тилек кылат.

 

Мен апам аркылуу эмнени айткым келди?

Бүгүн биз жашап жаткан коом, ажырашуусу көп, аялы талаада, эркеги үйдө, кызы көчөдө калган ыплас, жийиркеничтүү, бузукулугу көп коомго айланууда. Бул кечегинин мөмөсү, бүгүкүнүн эртеңки түшүмү кандай болот деп ойлончу заман. Кылымдан бери келаткан кыргыз көчү жолдон адашып калды. Аны кайра өз нугуна салуу керек. Ал үчүн эркеги күчтүү, аялы абийрдүү коом керек. Мен апам аркылуу баардык аялзатын тарбиянын очогу экенин айткым келди.

 

«Сен кимсиң, аялзат?» деген суроого апам аркылуу жооп бергим келди

Аял бул — дени сак улут. Демек, апам жылуу жүр деп дени сак улутка кам көрүптүр.

Аял бул — тарбиялуу келечек. Демек, апам жакшы тарбиясы менен бизди да өзү сыяктуу уул-кыз тарбияласын деп тарбияны айтып эмес, жасап көрсөтүп келет.

Аял бул — коомдогу эркектин абийири. Аял бул — коом күзгүсү, улуттун жүзү, эртеңи, тарбиянын булагы. Аялы жүдөө коомдун иши жүрүшпөйт, бузукулугу көп болот. Келечегеги жок. Мен мунун баарын апам аркылуу сездим. Мен да кыздарыма апам сыяктуу тарбия берем. Тарбиянын уланып келаткан учугун апаман кармап, кыздарыма өткөрөм. Бул менин кыргыз элиме кошкон үлүшүм.

Демек, аял бул жашоонун, ааламдын тарбиячысы. Адамдын биринчи мугалими.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *