№8

Жаш үй-бүлөлөр арасындагы ажырашуулардын эң башкы себеби эмнеде жана ажырашууларга канткенде жол берилбеш керек?

Жарандык нике, кыз ала качуу, эрте нике түшүнүгү коомдо жосунсуз жорук катары сыпатталып, анын тийгизген кедергиси ашкере айыпталганы менен али күнчө ооздуктала элек. Тескерисинче, нике курагы жашарып, ала качуу жолу менен курулган үй-бүлөлөрдүн тагдыры ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун айынан коомдо аталуу наристе да атанын уулу же кызы деген статуска ээ болбой, социалдык жетимдердин көбөйүүсүн шарттоодо.

Мурдагы кезде күйөөгө узап жаткан кыздын себин төөгө таңып, анан анын жетер жерине чейин бузулбай жетүүсү максатталган. Анткени, кулап калган жүк кандайдыр бир жамандыкка жорулуп, жагымсыз окуя катары кабыл алынган. Мына ушундан улам “Жип үзүлсө – жүк кулайт” деген накыл кеп чыгып, үй-бүлө тизгинин жаңыдан тарта баштаган жаштардын курган коломтосу бекем болуусу үчүн башынан кам көрүлүп жатканын байкоого болот.

Мүлдө айыл эли коломтонун оту өчпөсү үчүн араздашкан жаштарды жараштырып, ажырашып кетүүлөрүнүн алдын ала билишкен. А бүгүнчү? Керт баштын кызыкчылыгы күчөп бараткан заманда башканын бүлө күтүүдөгү «жеке иши» менен эч кимдин деле иши болбой калды.

Бир көрүп же сыртынан байкап ала качып үйлөнгөн көрүнүш дээрлик ар бир бүлөдө кездешет. Бул нерсе кыздын каалоосунан сырткары иш болуп жаткандан кийин, турмуш курган соң эки жаштын турмуштук көз карашы эки башка чыгып, ажырашуулардын санынын өсүшүнө салым кошуп жатат.

Орто мектепти аяктай элек же эми гана бүтүргөн секелектер китеп ордуна казан кармаган көрүнүш ар бир айыл, көчөдө кездешет. Ала качуунун же ата-эне, жакындарынын эсебинен “бакыт тапкан” кыздар таш түшкөн жеринде оор болуп калууда. Алардын үй-бүлөлүк турмушка али даяр эместиги, ден соолугунун толук кандуу болбогондугу айынан кожойкелик вазийпасын аткарууда, эне болуу жоопкерчилигинде кайын журтунун «көңүлүнө толбой» калып, жыл айланбай ажырашып жатат. Өз бактысынын эсебинен башкалар үчүн тагдыры курмандыкка чалынып, эселек кезинен тартып эне болгонго чейинки тунук кыялдардын орду күйүттүү күндөргө, туңгуюк жолдорго айырбашталган секелектер коомубузда өтө эле көп.

Өткөн жылдын күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттары эрте никеге тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алды. Коомчулукта бул кадамды колдоп-кубаттап, мыйзамдын иштеп кетишине үмүт арткандардын катары көп болгону менен, айрымдар турмуш куруу убактысына мыйзам менен чек койгонго болбостугун, шарият боюнча нике курагы балакатка жеткен учурдан башталарын айтышууда.

Расмий маалыматтарга караганда Евразия чөлкөмүндө Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча бешинчи орунда турат. Эрте турмуш куруунун кермек даамын эң биринчи эне болгон секелелектер тартып, алар билим алуу, социалдык теңдикке ээ болуу жагынан куру калышат. Депутаттар кабыл алган мыйзамга ылайык, мындан ары эрте никеге жол бергендерге кылмыш жоопкерчилиги каралып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Никеге туруунун расмий курагы 18 жаш деп белгиленген.

Дин өкүлдөрү да никеден мурда ЖААЖ кагазы маанилүү экенин, айрыкча кожоюндардын үй-бүлөсүнүн алдындагы жоопкерчилиги артарын айтып, муну менен маселе биротоло чечилип кетпейт деп эсептешет. Теология илимдеринин доктору Ниязалы ажы Арипов ажырашууга түрткү болгон бир топ социалдык факторлор бар экенин айтат. “Үй-бүлөдө аял-эркек өздөрүнүн укук-милдеттерин так билбегендигинин айынан ажырашуулардын саны өсүп жатат.

Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө аялы же күйөөсү чет жактарга иштегени баруу менен көп өтпөй турмушка чыгып же аял алып алгандары арбын кездешүүдө. Бул көйгөйлөрдүн күйгөй-тескейинин төркүнү жаштардын ыймандуулуктан оолактап баратышынан болуп жатат. Турмуш курган жаштар кудай алдында чоң жоопкерчиликти сезгенде, бүгүнкүдөй толгон-токой маселелер болмок эмес»,- деди.

Мамлекеттеги маанилүү институт катары саналган үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн алдын алуу, аларды чечүү аракетине ар бир жаран салым кошуулары керек дешет талдоочулар. Анткени, мыйзам күчүнө кирип, иштеген ченде деле, кандайдыр бир ураандар менен бир жылды бүтүндөй арнаган күндө да элдин аң-сезиминде орноп калган көөнө каадалар жоюлбаса, бул көйгөйдү биротоло чечүү мүмкүн эмес дешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *