Ишенимдүү булактардын айтымында кече парламенттик фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев, Алманбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов УКМК абагында отурган Өмүрбек Текебаевдин акыбалын сурашканы барышыптыр. Бир топ сөздөрдү сүйлөшүп, жай сурашкандан кийин Өмүке депутаттарды карап тамаша аралаштыра: «Тигил Иса Өмүркулов менен Бабанов кайда жүрүшөт? Ошолор келип, бул жакты көрүп кетишсе болмок, кийин өзүлөрүнө эле пайда болмок» деп күлүптүр.

Баргандар Өмүкенин духуна, кайратына, тамашалуу кептерине таң болуп кайтышыптыр. Айтмакчы, жолугушууда Өмүрбек Текебаев: «Мен акмын, сынбайм, булардын иши бүттү!» — дептир.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *