АҢГЕМЕ

Биздин каарман баатыр бабаларындай кылыч кармап, жаа тартып, найза көтөрүп жашабады. Же аскердик атайын кийим кийип даярдыктан да өтпөгөн. Чолпонбайдай өзүн ДЗОТко да таштабаган. Кадимки карапайым турмуш кечирди. Алдынан ким чыкса да озунуп «Ассалому алейкум!» деп салам берчү. Өмүрүндө «Алейкум ассалом» деп алик алган кези аз эле болсо керек, себеби айтпадыкпы, дайыма озунуп салам берчү.

Непадам көчөдөн бирөөнүн оор жүк көтөрүп баратканын көрсө, шыпылдап барып жардам берише койчу. Машинеге жүгүн салышып же жетчү жерине чейин көтөрүшүп барчу. Мектептеги сабак бүтчү убакытты дайым күтүп турар эле. Анткени мектеп чоң жолдун боюнда жайгашкандыктан, авто-унаалар тынымсыз зуулдап, окуучуларга коопсуздук жаратчу. Биздин каарман качан гана акыркы окуучуну жолдон өткөрүп бүткөн соң үйүнө кетчү. Кошуна-колоң кандай гана иш кылбасын, мейли курулуш болсун, мейли бакчасын тазалабасын – жан-алы калбай жардам бергенге ашыгып турчу.

Кошуналары да бекер күчкө көнүп бүтүшкөн. Жаштыгы союз ыдыраган мезгилге туш келип, жарытылуу кесипке деле ээ болбоду. Үй-бүлө күттү. Бир уул, эки кыздын атасы эле. Жубайы да жылдыздуу, ажарлуу, кишинин көңүлүн оорутпаган жан. Жашоосу өп-чаптан өйдөрөк, бардар болушпаса да орто эле. Көп күндөрү казаны этсиз кайнаса да курсактары ачка болушчу эмес.

Биздин каарман ошентип ар кимге чын дилинен колунан келген жардамын берип, дубасын алып жашап жүрдү. Кээси алкаса, кээ бири милдеттүүдөй маани деле берчү эмес. Ошондой күндөрдүн биринде түн бир оокумда өрт чыкты. Болгондо да балдар жатып окуган мектеп-интернаттын жатаканасы өрттөнүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр келгенче жаңы гана ремонт болгон жатакана алоолоп өрттөнүп жатты. Балдар жана жатакананын коменданты ызы-чуу түшүшүп эле жатып калды. Өрт жатакананын имаратынын орто жеринен башталганы үчүн эң четки бөлмөдөгү беш кыз чыга албай калышкан.

Эл топтолуп айлалары кетип дүрдөлөң түштү. Биздин каарман да уйкуда жаткан жеринен ызы-чуудан ойгонуп келип, окуяны илгиртпей түшүнөрү менен күпайкесин сууга малып, башына жаап, жалындаган өрткө кирип кетти. Мындайда бирөөнүн оозунан акыл же чечим күтүп отургандан не ылаажы чыкмак…

Беш мүнөт өттүбү, өтпөдүбү, бир кызды күпайкесине ороп жетелеп чыкты. Өң алеттен кеткен кыз чыгып эле карга кулады. Каарманыбыз бир аз дем алып, кайра эле алоологон өрттүн арасына бой урду. Ошентип кайра-кайра кирип атып төрт кызды алып чыкты. Бешинчисине кирерде өпкөсү кыйылдап калды. Көзү караңгылашты. Өзүнөн башка бир да жан өрткө жолой албачудай…

Биздин каарманы ажал чачкан отту аралап, дагы өрт ичине сүңгүдү. Арадан далай убакыт өттү. Ал чыкпады. Не балээ болду?.. Эл тынбай суу чачып атканы менен баары бир өрт өрттүгүн кылбай коймокпу. Биздин каармандын кызды көтөрүп алган карааны айнектердин ордуларынан көрүнгөн маалда дайым суусу жок турчу өрт өчүрүүчү машиналар сиреналарын жагып алып, сигналын басып жакындап калган болчу. Жетип келишери менен суу чачып, борбордук чыгуучу эшик тарапты өчүргөндөй болушту да, өрт өчүрүүчүлөр ичкериге чуркашты.

Биздин каарман борбордук чыгуучу каалгага үч метрдей жетпей кулаптыр. Кызды да, каарманыбызды да куткаруучулар шашылыш алып чыгышты да, тез жардам машинесине жүктөп, ооруканага жөнөтүштү. Кыздын ичээр суусу бар экен, аман калды. А каарманыбыз…

Кызыл жалын өрткө куйкаланып калбаптыр, өрттөй жалын жүрөгү сокпой калыптыр. Өрт жалп деп өчөрү менен ал да жалп өчүптүр. Газга ууланып калган экен, доктурлар да жардам бере алышпады.

Тирүүлөй тозоктон беш кызды куткарып калган каарманыбыз ошентип бул ааламдан өттү. Эртеси бул окуя кичинекей шаарга дүң болду. Бул шаарда биздин каармандын жакшылыгын көрбөгөн адам дээрлик жок экен. Баарынын оозунда биздин каармандын эрдиги, баатырдыгы… Баатырдын баатырдыгын анын көзү өткөн соң гана сезишти, билишти, туюшту….

Бул окуя өлкө жетекчилигине да жетип, баатырдын үй-бүлөсүнө мамлекеттик акчалай сыйлык ыйгармак болушту. Маркумдун үйбүлөсүнө бир миллион сом сыйлык, дагы бир миллион сом жардам иретинде берилмек болду. Жалпы эки миллион сомду каарманыбыздын жесирине тапшырууга өкмөттүн токтому да чыкты. Бирок биздин каармандын үйбүлөсү эки миллиондун ичинен бир тыйын да албады. Тагыраагы: жесири алыптыр да, банктан Кыргызстандын сырткы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачтырып, эки миллион сомдун баарын ошол эсепке төгүп салды.

Банктан акча которуп аткан жесирдин жүрөгүндө бир гана мурат бар эле – «Балдарыбыздын мойнундагы келечек карыздан кутулалы, өлкөбүз карызга батпасын…»

One Reply to “Ибрагим БАЛТАБАЕВ: Баатыр”

  1. Кадыресе эл арасында жашап, анча көзгө илине бербеген адамгерчиликтүү эң бийик сапаттары аркылуу элине кызмат кылган эр азаматтын укмуштуудай баатырлык окуясын дээрлик аңгеменин башынан аягына чейин камтып келип, акыркы кичинекей абзацыңыз ага өзүнчө дагы бир керемет көрк берип жалгашып калыптыр.
    Браво!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *