Бурят жомогу

Бир замандарда илбирс көлдөрдүн жээгинде же дайралардын боюнда жашачу экен. Анткени ал балыкты жакшы көрчү тура. Таң үрүл-бүрүлдө жээкке келип ары-бери ойногон же толкун кыргакка түртүп таштаган балыктарды шап илип кетчү да, курсагын кампайтчу. Килтейген илбирс ушул майда балыкка тоюп калмак беле, анан кечке аңдып жата бермей да.

Дагы бир мертебе жаш илбирс ошентип келбейби. Келсе, суудан бир нерсе эле муну карайт. Башы ушунчалык чоң. Көзү кичинекей болуп бары-жогу билинбейт, бакалоорунун атарабынан узун муруту чыгып, анысы камыштай чубалат. Өңү чаар, серт, түрү суук. Анан ал жарымы кургакта, жарымы сууда чубалат. Мындайды илбирс мурда кайдан көрсүн, ырасында таң эле калды. Анан ал мынтип сурады:

— Сен эмне деген жансың? Сенин атың барбы?

— Менин ысмым – Гутарь же налим балык. Мени баары билет, баары сыйлайт, жакшы көрүшөт. А сен неге билбей калдың? — Балык башын чыгарып мактанып койду.

— Аа, мен билбептирмин. А сен эмнең менен кыйынсың?

— Билбейсиңби? Кантип эле? Ким менен болсо да мелдеше алам. Мен деген булуң-буйткаларды билесиңби, ошондойлордон саатына жетимишин сүзүп өтөм жана ар биринде эмне барын беш колдой билем.

— Ошол да кыйындыкпы? Мен деген жакында жетимиш жети тоону айланып чуркап өтөм, сенин булуң-буйткаларыңдай эмес, мен ал жерлерде болгон нерсенин баарын карап, аңдаштырып өтөм, — деди илбирс.

Балыкты бет маңдайында турган узун куйрук балакайдын айтканы аябай ардантты. Ал жеткен мактанчаак сезилди.

Каргылданган үнү менен ага ачуулана сүйлөдү:

— Кел анда мелдешели!? Ким биринчи жетимишинчи булуңга жетээр экен: сенби, менби? Сен жээк менен чурка, а мен суу менен сүзөм. Чуркап баратып сурагын: «Ушердесиңби, балык?» – дегин.

Илбирс көндү. Анан мындай таклип киргизди:

— Эгер ким бир аз артта калса эле аны жеп салабыз!

— Ананчы! – Балык аны коштоду. – Экөөбүз тең ушуга даяр бололу!

— Сенин кылканыңды гана калтырууга менин азууларым курчуган! – Илбирс оозун кере ачып өткүр тиштерине мактанып койду.

Аңырайтып оозун кере ачып, майда балыктарды суусу менен кошо жутуп налим балык да бош келбеди:

— Биякка сен чабактай өзүң киресиң, а мен сага тиш да тийгизбейм, бүкүлү жутам!

Мелдеш-жарыш башталды. Налим балык сууда сүзөт, илбирс болсо жээктей чуркайт. Илбирс каерге келип, «Ушердесиңби, налим балык?» десе, каргылдаган үн суу ичинен чыгат: «Менин келгеним качан, сени баятан бери күтүп атам!»

Алар канчалык узак чуркаса, илбирс ошончолук артта калат. Тердеп-кургап, арып-чарчап, бутун араң сүйрөп, өпкөсү көөп, тили салаңдап убадалашкан акыркы буйткага барса, налим балык оозун болушунча керип ачып турат. Илбирс өлүм жакын келгенин билди, билди да токойду карай дыргаяктады.

Налим балык дале каргылданган үнү менен каткырып күлдү:

— Азыр го эптеп кутулдуң. Анан бирде болбосо бирде келесиң да, ошондо көрөмүн!

Ошондон кийин илбирс көл жээктеп же суу бойлоп балык уулаганын токтотот. А түгүл балдарына да минтип айтыптыр:

— Сууга барбагыла, балыкка жем болосуңар!..

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *