БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Орус математиги Леонид Витальевич Канторович 1912-жылдын 19-январында Санкт-Петербургда туулган. Атасы врач болгон. Математикага болгон жөндөмү өтө эрте байкалган. 9 жашында тамырдан чыгаруу ыкмасын ачкан, 14 жашында Ленинград университетинин математика бөлүмүнө кабыл алынган.
Студент кезинде эле функцияларды класска бөлүү боюнча бир катар натыйжаларды алып, 10 макаласы журналдарга жарыяланган (анын теңи чет өлкөлүк журналдарга). 1930-жылы 18 жашында университетти бүтүп, ал жерде иштеп калган. Эки жылдан кийин профессор наамын алган. 1935-жылы өкмөт илимий наамдарды бекиткенден кийин ага диссертациясыз эле физика-математика илимдеринин доктору деген наам берилген. 1930-60-жылдары Ленинград университетинде, 1960-71-жылдары СССР ИАнын Сибирь бөлүмүндөгү математикалык институттун директорунун орун басары болуп эмгектенген. 1971-86-жылдары Москвадагы Эл чарба институтунда иштеген. 1958-жылы СССР ИАнын мүчө корреспонденти, 1964-жылы академиги болуп шайланган.
Ал орус математиктеринин алгачкыларынан болуп функциялык анализди изилдөөгө киришкен. 37 жашында «Функциялык анализ жана колдонмо математика» деген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка, 1965-жылы «Ресурстарды жакшылап пайдалануунун экономикалык эсептөөлөрү» деген монографиясы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген.
Л.В.Канторович математик эле эмес, экономист, ойлоп табуучу дагы. 1975-жылы ошол кездеги советтик математиктердин ичинен биринчи болуп экономика боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Ал функциялык өзгөрткүчтү, арифметикалык амалдарды автоматтык аткаруучу релелик клавишалуу эсептөөчү машинаны, бир катар эсептөөчү түзүлүштөрдү ойлоп тапкан. 1986-жылы 7-апрелде Москвада каза болгон.
Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *