№ 12

Сен кимсиң, аялзат? Бул суроого жооп берээрден мурун, “Мен киммин?” деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүүнү туура көрдүм… Ооба, мен киммин? Жаратылыш мыйзамы ар бир жандууну эркек-ургаачы кылып жаратканы — тукум улансын, өлүм менен өмүрдүн баркын билишсин дегени го…  Болбосо баарын бир жыныста жаратып, өлбөй тургандай кылып коёт беле? Адам баласын эркек-аял кылып бөлүп, ар бирине ар кандай жөндөм, ар кандай келбет, бири-бирине дегеле окшошпогон мүнөздү ыроологону – бири-бириңди толуктап, жөлөк-таяк болгула дегениби же өмүр бою бири-бириңди түшүнө албай,  табышмак болуп өткүлө дегени бекен? Ким билет?!

Ким экениме түзмө-түз жооп таба албай, улам бир ойду чарпып турганымдын өзү эле аялзаты экенимен кабар берип турбасын? Бул суроону эркекке берсе: “Мен эркекмин! Болду, чекит!”- деп коёр беле? Балким?..

Эгизим экөөбүз “ыңаалап” жарык дүйнө менен саламдашканыбызда: “Аттиң ай, эч болбосо бири эркек болуп калса не?!”- деген сөз менен тосуп алышыптыр. Мындай “саламдашууну” катар-катар кыз көргөн биздин гана үй-бүлө эмес, тун баланы күтүп тургандар деле оозанарын угуп-билип деле калбадыкпы… Бул – көпчүлүктүн  кыз баланы уул көргөнчөлүк  сүйүнүч-кубаныч менен күтпөгөндүгүнүн белгиси бейм…

“Кызга кырк үйдөн тыйуу”… Наристе курактан баштап “эркекке теңелбе!”, “кыз деген сендей болчу беле?!”, “эркектей болуп талталаңдабай оокат жаса!” деген сөз ар бир кыз балага айтылып, көпчүлүгүбүздүн кулагыбызга сиңип калса керек. Бул сөздү угуп жүргөн уулдарыбыз: “Мен — эркекмин… Мага эмне кылсам  жарашат…”- деген ойдо калбайбы десең… Балким?! Ошондойдур…  Ошонун кесепетинен, кыз баладан өзүн алда канча жогору койгон, “Бизге баары болот, кыз балага  көп нерсе тыйуу салынган”,-  таризде ойлонгон жигиттерибиз көбөйүп баратпасын?  Бала кезден басмырлоо —  аялзатын чын эле өз кабыргасынан жаратып алгандай мамиле жасаган эркектердин барына  себептир?  Кантсек да,  наристе кезден уулду эркектик намыска “бышырып”, кызды уяттуулук менен назиктикке “сугарыш” керек окшобойбу…

Тээ илгертен эненин барктуулугун, эненин мээримин даңктап, ырдап, сөз кылып келгенибиз менен “аял” дегенге келгенде неге башка ойго түшүп кетебиз? Ошол эле аял – бирөөгө эне экенин же бир кезде эне болорун ойлобой калган мезгилибиз азбы? Энени улук көрөбүз да, аялды ылдый коёбуз… Себеби эмнеде?  Көп эле учурда уулдарыбызга “энеңди сыйла, эне бирөө!”- гана деп айтабыз да, кайра: “аял жолдо, бала белде,”- деген макалды кулакка куябыз. А ошол  аял өз балдарынын энеси экенин неге айта бербейбиз?  “Балаңдын сыйына, анын урматына ээ болгуң келеби, аялыңа, мындайча айтканда балдарыңдын энесине өз энеңе кандай мамиле жасасаң, ошондой мамиле кыл!”- деп айтпайбыз?

Улам бир суроону  берип,  кайра ага жооп издей бербей, азыркы күндөгү аялдардын оор турмушу эмне себептен болуп жатканына сарасеп салып көрөйүн.

Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгындагы баарыбыздын турмушубузду  “бүлгүнгө” учураткан  мезгил — эркек-аялдын милдеттерин алмаштырып  салгандай… Буга чейин эркектер  эмгектенгенге завод-фабрикалар  күрүү-күү кайнап, колхоз-совхоздордо иш менен камсыз кылуу күчүнө келип турган мезгил эмес беле… Бир заматта баары талкаланып, эмне иш кыларларын билбей “көчөлөп” калгандар көбөйгөнү  баарыбызга белгилүү. Кыйын  кырдаалда  эркекке караганда аялзаты жол табууга жөндөмдүү экенин турмуш тастыктап,  бала багуунун милдети эркектерге жүктөлдү да,  (кээ бири жөн гана отуруп калышты)аялдар чоң сумкаларды көтөрүп базарлай башташты.

Бири башка өлкөлөргө бет алышса, бири  майда-бараттан чоң нерсеге чейин сатуу “кесибин” аркалашты. Бул – аялзатындагы  үй-бүлөөнү, баланы коргоо, багуу инстинктисинин жогору болгонунун далили го…  Дагы бир чети “нан” табуу айласы менен борборго агылып келген жаштар көбөйгөнүнө байланыштуу ички миграция болуп көрбөгөндөй өстү. Ошого байланыштуу  паспорттук режим, коомду көзөмөлдөө жаатындагы  текшерүү күчүнө кирди. Үй-бүлө  башчылары соодага  чыкса, анча-мынча мүчүлүштүктөрү барларын  кармап кетүү же жазага тартуу оңойго турду да, аялдар бул  “мыйзамга”  “туруштук” бере алышты… Ошентип коомубузда аял-эркектин милдеттери бара-бара алмаша баштап, аялзатынын башына оор иштерди аткаруу вазыйпасы түштү.

Ошол эле маалда бала карап  үйдө отуруу же таптакыр жумушсуз калган жигиттерибиз көбөйдү. Муну  кимдир-бирөөлөр: “эркектер жеңил жашоону тандап алышты”,- дегендери менен, чындыгында психологиялык жактан эркектер үчүн оор сокку болду. Бул “соккуну” жеңе билгендер да, “алдырып” койгондор да болду. Жеңе билгендер бара-бара базар экономикасына көнүп, өз арабаларын тарта башташса, “алдырып” койгондор ичимдикке берилип, “үйдөн безип” кеткендер, жадакалса өз өмүрлөрүнө кол салгандар да чыга баштады.  Буга ошол заманды да, кимдир-бирөөлөрдү да  айыптуу дегенден  алысмын. Ошентсе да ар бир адам өз тагдырына өзү гана себепкер экенине  түшүндүм…

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз милдеттерин түшүнүп, өз укуктарын туура кабыл алганда гана үй-бүлөдө ынтымак, бирин-бири сыйлоо, түшүнүү болот деп ойлойм.  Булардын  мамлекеттик мыйзамдарга түзмө-түз тийешеси  болбосо да жаратылыштын  жазылгыс мыйзамы… Булар кандай?  Аялдын милдеттери эмне? Аялдын эң башкы милдеттеринин бири –  бала төрөп, ага татыктуу тарбия берүү. Бөбөктүн  төрөлгөн мүнөтүнөн  баштап  эне сүтү менен камсыз кылуудан, эр жетип өзүнчө  түтүн булатууга чейин  туура жолду тандоого, көз карашын калыптандырууга жол көрсөтүү, адамдар менен карым-катнаш түзүүдөн баштап жаратылыш менен  мамиле кылууга  чейинки эң майда, ошол эле учурда  эң жооптуу милдеттерди  так аткаруу…

Коломтодогу  очоктун алоолонуп турушуна астейдил мамиле жасап, үй шартындагы ар бир ишти кылдаттык менен аткара билүү. Ал эми эркектердикичи?.. Менимче, адам баласы жаралгандан  “нан” табуу, үй-бүлө багуу, сырткы жана ички душмандардан үй бүлөнү жана  Ата Журтту  коргоо вазыйпасы эркекке  ыроолонгон. Базар экономикасы күчүнө кирип, убакыт өткөн сайын эркектин бул милдеттеринин  кандайдыр бир  бөлүгү  аялзатына ооп кеткенине байланыштуу  үй-бүлөдө тирешүүлөр көбөйүп, кээ бир аялдардын эркектерди “башкаруу” же катуу айтканда “тебелөө” күчүнө кирген.  Революция качан болот? Бийлик “алсырап”, өз милдетин аткара албай калганда жана карапайым калктын жашоого болгон нааразычылыгы күчөп, бийликке башкарылыгысы келбей калган учурда… Үй-бүлөдөгү “революция” да ушундай кырдаалда күчөйт. Бийлик – эркек, карапайым калк– аял деп ала  турган болсом, “бийликтин”  өз милдетин аткара албай калуусунан  “карапайым калктын” жакшы жашоосу же укугу азайып, милдети көбөйөт да, “бийликке” болгон нааразычылыгы  күчөп,  үй-бүлөдөгү  “төңкөрүштүн”  келип чыгышына  шарт түзүлүшүлүшү толук мүмкүн.

Ушул жагдайда “бийликтин” “алсыроосунун” себептерин издеп, анын толук-кандуу “иштеп” кетишине жол көрсөтүү же үй-бүлөнү сактап калуу аракеттерин көрүү  “карапайым калктын” милдети. Эки чылбыр, бир жүгөндү колго алган аялзаты  түгөйүнүн  психологиялык  жаткан жабыркап калбоосун алдын-алып, кыйналып турган убагында колдоп алганы дурус болор беле?  Ажырашууга —  бул көйгөй жападан-жалгыз  себеп болбосо да менин байкашымча: кийинки мезгилдердеги ажырашуулардын бирден-бир себебине  кирет.

Дагы бири – чет өлкөлөргө агылган жаштардын санынын көбөйгөнү… Үй-бүлөнү Ата-Журтуна таштап, чет жактарга иштөө үчүн кетип, өз керт башынын кызыкчылыгын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, кан-жандарынан жаралган балдарынын кызыкчылыгынан  өйдө коюп, башка үй-бүлө куруп кеткен аялдар да эркектер да жок эмес.

Дагы бири – СССР маалындагы мамлекеттик кызматтарда иштегендердин, дегеле СССР атуулдарынын үй-бүлөлөрүнүн  ажырашып кетүүсүнө же экинчи үй-бүлө күтүүгө, жашыруун никеде аял алууга  мыйзамдуу түрдө тыйуу салынып келсе, бүгүнкү күндө: “Биз мусулманбыз. Исламда эки-үчтөн, керек болсо төрт аял алганга уруксаат берилген”,- деген куру шылтоо менен улам бир аялга көз арткан эркектердин көбөйгөнү да ажырашуулардын санынын жогорулашына алып келип жатат. Анткени, үй оокатынан башканы  билбеген, өз жанын, бала-бакырасын багып кетүүгө көзү жетпеген, жолдошунун гана колун карап отурган аялдардын азайгандыгы, өмүрлүк жарынын экинчи-үчүнчү аял алуусуна макул боло албаган аялдардын ажырашып кетүүгө да даяр экендиги…

Бул – билим алуудагы теңчилик, кандай болбосун жумушту аткарып кетүүгө жөндөмдүү аялзатынын көбөйгөндүгү, аял менен эркек тең укуктуу болгон замандын келгендиги… Бирок бул жагдайда  жалгыз гана эркек айыптуу дегенден алысмын. Өз боюна тыкан, үйдө, сыртта жүрүүнүн эрежелерин билген, тилин каалаганча “агытып” койбогон, дүйнө таанымын жогорулатууга далалаты бар, күйөөгө жагыныштын сырын өздөштургөн  аялзатынан эч бир эркек “качпаса” керек деп ойлойм… Анан да эркек физикалык гана жагынан күчтүү болгону болбосо, психологиялык жактан батырак жабыркап, көбүрөк “алданат”. Андыктан кээ бир учурда баланы алдап, мактап, “сен кыйынсың”,- деп тургандай, көкөлөтүүгө  да туура келет…

Эркек-аял  ортосундагы мамилени, үй-бүлө күтүүнүн сырын түшүнө элек жаш курактагы кыздардын турмушка чыгуусу же анын каршылыгына карабай ала качып кетүү да кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөнүн бекем болбой калышына себепкер. Өткөн жылы кабыл алынган, жашы жете элек кыздарга нике кыйууга тыйуу салынган  мыйзамга көпчүлүк жылуу пикирде болушса, кээ бирөөлөр каршы чыгып, “кыздар балакатка жеткенден баштап күйөөгө чыксын, эч кандай мыйзамдын кереги жок, мыйзамдуу никеден, мусулманча нике кыйган артык”,- дегендер  да болбой койгон жок. Бул барып-келип, кыздарыбыз билимсиз, “караңгы” боюнча бүлө күтүп, күйөөнүн ар бир айтканын “кыңк” этпей аткарууга мажбурлоо. Алардын түшүнүгү боюнча – “билим алып, турмуштун ысык-суугун татып калган кыздар турмушка чыкпай, үй-бүлө күтүү түйшүгүнөн качып калат. Сойкулук күч алат”. Ошондой ой жүгурткөн ар бир адам, өз кыздары бар экенин унутушпасса!

Тээ илгертен кыргызда “кыздын кырк чачы улук”деп кыз баланы ыйык  көрүп, аялды, энени барктап-баалап келген. Азыркы тапта ошол баалуулук жоголуп бараткандай… Бул биринчиден, мажирөө, жалкоо, өз милдеттерин так аткара албаган  эркектердин, экинчиден, өз баркын, намысын тебелетип жүргөн кыз-келиндердин көбөйгөндүгүнүн себеби деп билем. Негизи, заманга, жумушсуздукка шылтоолоп эркектердин бош жүргөндүгү менен кыз-келиндердин сойкулукка барып жатышы – жан дүйнөлөрүнүн жакырдыгы менен кара жанды карч уруп иштөөдөн качуусу, жалкоолугу.

Элибиздин экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги, ага чейинки оор жашоосун  айтпай эле коёюн, кечээки гана союз жаңы ыдыраган кезге салыштырмалуу  бүгүнкү күндө жашообузда бир топ  жеңилдиктер бар. Салыштырмалуу жумуш табуу, билим алуу оңой.  Ошону туура колдоно албай, жалкоолукка  белчебизден баткан замандын келишине өзүбүз гана күнөөлүүбүз.  Эгерде бош жүргөн, өз милдетин толук кандуу аткарбаган  эркектерибиз жок болгондо, өзүн накта ЖИГИТ санагандар өз тегерегиндеги аялзатын жеткиликтүү бага алганында, шойкомдуу кыз-келиндер азаят беле?

Улам жыл өткөн сайын “бош” эркектердин көбөйүшү — кыздардын бузулушуна чоң салым кошот. Муну менен жалаң гана эркектерди айыптоодон алысмын. Тек гана адамзатынын күчтүү бөлүгү андан ылдый жараткан аялзатын камкордукка ала билсе деген гана ойду айткым келет. Ушундан улам, мамлекет ар бир үй-бүлө кожоюндарын иш менен камсыздоо, ошону менен бирге айлык акыларын жогорку деңгээлге жеткирүү  аракеттерин  көрүшсө, эне менен баланын бактылуу жашоолоруна анча-мынча болсо да  шарт түзүп бергендери болот беле деп ойлойм.

Макаламдын башында “Мен киммин?”- деген суроого жооп таба албай калганымды эске алып, эми жооп берүүнү туура көрдум.

Сүйүп урматтаган, ар бир жакшылык-жамандыгыңды  жүрөктөн өткөргөн, өзүңдү тумар тутуп, өзүңдөн тарбия алган, колдон келсе жардамын  аябаган кызыңмын!

Үйгө келсең  берээрге аш таппай жүгүрүп,  кубануу менен тосуп алган, сырдашсаң сырыңды  угаар, кубансаң кошо кубанып, кайгырсаң кошо кайгырар, өзүңдү колдоп турар тирөөчүңдөй, калкалап алчу аска-зоодой медер туткан – карындашың, эжең, бир тууганыңмын!

Ооруңду  колдон, жеңилинди  жерден алган, Кудай кошкон жарымдын төркүнү деп сыйлап турган, ар бир айтканыңды  мыйзамдай кабыл алган келиниңмин!

Турмуштун ысык-суугуна бышкан,  оорусаң көзүң карап, ачка болсоң тамагың белендеген,  кызматыңды  өз кызматынан жогору санаган, сен  үчүн деп жасанып, ар күнү сага  жагалданган, сенин ар бир ийгилигиңе кубанып, ар бир “жыгылууңа” көкүрөгүн тоскон жубайыңмын!

Ден-соолуктун бар-жогуна кайыл болуп, сен дегенде баарын унуткан, тогуз ай омуртка сыздап, ар бир төрөттө өлүм менен тирешкен, түн уйкудан калып бешик терметкен, бириң көтөрүп, бириң жетелеп,  жан багуунун айласы менен жумушка жүгүргөн, сыркоолоп калсаң, “сен ооруба, мен ооруйун” деп жан алакетке түшкөн, жүрөгүн  ар бириңе  бөлгөн энеңмин!

Ушунун баары бир моюнда, бир башта экенин эске алып, сыйлап, барктап, сүйүп алчы, Жигиттер! Аялзаты бар үчүн дүйнө сакталып турганын моюнга алчы, Жигиттер! Карындашың, эжең, апаң, кызың, өмүрлүк жарың экенибизди унутпачы, Жигиттер! Силер жакшы болсоңор, биздин жашоо бейиш экенин билип жүрчү, Жигиттер! Аялзаты силер менен гана бактылуу экенин кубануу менен кабылдачы,Жигиттер!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *