№13

Доорлордун бир доорлорунда айтканынан кайтпаган, ар кайсы элди түрдүү айла-амал менен басып алган амалкөй, анан да мыкаачы падыша болгон делет рываяттарда. Ошол кан жуткан хан бир күнүөзүнүн эң ишенген мыкты тыңчыларын эки элге бир карап, байкап келгиле, эмики багытыбыз, басар элибиз ушулар болот деп жиберет. Тыңчылар түн жамына көздөн кайым болушат…

Бир жылбы, эки жылбы айтор, арадан анча убакыт өткөн соң, баягы элчилер хандын алдында пайда болушат.

Биринчиси:

— Оо улуу урматтуум. Мен сиз жиберген элди аябай кезип келдим. Эгер жалган айткан болсом, ажалым сиздин колуңузда болсун. Ал жакка кадам таштабаганыңыз оң. Жортуул майнапсыз болот. Ал журттун эркектери нак эркек экен. Аялдарын сыйлап, ызааттап турушат. Ар бир кызды өз эжеси, карындашы же кызындай, болочоктогу эне катары кабылдашат. Аларга сый-урмат менен мамиле кылышат. Аялдарга кол көтөрүү аларды басынтуу, зордуктоо деген эң оор жазага кириптер болчу иштерден экен. Ал жерде башка бирөөнүн аялына көз артуу кечирилигис кылмыштардан. Сиздин буга чейин бир нече элдер менен жерлерди басып алууда колдонгон эң мыкты аялдар аркылуу ичтен иритүү ыкмаңыз аларга иштебей калат чамасы. Аялдары да намысты, уят-сыйытты эң жогорку орунга коюшат. Элдеги болгон ар кандай жаман же жашыруун иштерди  бир эмес, миң дилде сунуштасаң да ооз ачышпайт. Ал жакта аялдар амалкөй экен, — дейт.

Экинчи тыңчы негедир мыйыгынан жылмайып сөз баштады.

— Мен барган  жерде тап-такыр каршысынча урматтуум. Ал жакка көпөс кейпин кийип бардым. Соода-сатык менен шугулдандым. Базарда жарымынан көбүндө аялдар олтурат. Бечаралар, тырмалаңдашып керели кечке бала-чакасын багуу менен убара. Эркектери болсо үй-күчүккө айланышыптыр. Көпчүлүгү арак-шарап менен убара. Кумар ойношот. Андыктан тиричиликтен кыйналган аялдарды кылтакка илештирүү ал жерде оңой. Биртике тыйын-тыпыр узатсаң, сенин айтканынды эки кылбайм дегендердин да далайын учураттым. Андыктан жортуулдун багытын ошол жакка буруңуз. Мындай букаралуу элди басып алуу сиздей падышага көп деле кыйынчылыкты жаратпайт, — деп сөзүн бүтүрдү.

Падышанын жан-жөөкөрлөрү ошол жакка камына баштады.

Жогорудагы айтылган рываят балким тарых бүктөмдөрүндө болгондур же болбогондур. Маселе анда эмес, анын маанисинде болуп жатпайбы. Анын сыңарындай сиз менен биз жашап жаткан кыргыз коомунда аялзатынын орду кандай? Ушул туурасында ойлорумду ортого салгым келди…

Базарчы аялдар, баласыз кыздар….

Күндө жумуштан кайткан сайын мен баскан жолдун четинде суугу бүт денеңди калчылдаткан кычыраган чилде да, аптабы мээңди кайнаткан саратандын  ысыгында да чыдап, өткөн- кеткенге “алма, манадарин, жүзүм өрүк как алыңыз”деп үмүттүү үн чыгарган жаш келиндерди көргөн сайын жогорудагы окуя кыялыма кылт эте берет.

Кышында колун үйлөп ысыткан, жайында беттерин аптоого алдырган апаларды балдарына азык издеп, чыйпылыктап тизилген чабалекейлерге окшото берем.

Анан ушинтип тричилик үчүн тырмышкан апаларга суук  өтпөй, апаларды ысык  урбай кимди урсун. Бул жерде соода-сатык кылган эки жеңени жакшы тааныймын. Экөөсү тең баш аягы жыйырма беш жылдан бери базар арты менен бала-чакаларын багып келет. Күйөөлөрү болсо жумуш жок шылтоосу менен кышында керели кечке эски малкананын кароолканасында карта ойноп кеч киргизишсе,  жаз, жай анча-мынча мандикерлик кылышат.

Кечээ жакында ошол жеңелеримдин бирөөсүнүн  экинчи  кызы турмуш курганына  үч жыл болгонуна карабай күйөө тараптагылары жакшылыкча эле  түшүндүрүшүп, таштап кетишиптир. Шылтоолору — балалуу болбогондугу. Күйөө тарап аз келгенсип, кызынын балалуу болуп калышы үчүн жеңем байкуш да түзүк эле дарылатты. Бирок…

Экинчи женем да үйлөнгөнүнө үч-төрт жыл болгондугуна карабай Бакытбегинин балалуу болбой жаткандыгына кейип калат. Кыздан эмес, уулдан экендигин айтат баш чайкап. Жакшылап баам салсам, экөөсү тең базарда  жүрүп бала төрөштү. Алар торолуп нетпей кайта базарага чыгышты, көр тириглик айынан. Бүгүн деле базарда…

Аргасыз баш чайкайсын

“Биз улуу элбиз! Бизден Эр Манас, Семетей, Курманбек, Чолпонбай, Дүйшөнкулдай баатырлар чыккан” деп көкүрөгүн  каккылагандарды көргөндө негедир башкача боло түшөм. Кызыгы, ошондой  улуу  баатырлардын урпактары бүгүн кимдир бирөөгө же кайсыл бир тарапка  нааразычылык билдирген акцияларда айымдарды алдына салып, өздөрү артында баскан көрүнүштөрдү көргөндө аргасыз баш чайкайсың. Адатта  бизде баатырлар жөнүндө, алардын эрдиктери туурасында кеп кылышат, жазышат, көрсөтүшөт, эстелик тургузушат. Ал эми ошол баатырларды бапестеп, баралына жеткирген апалар туурасында  сөз өтө аз болот…

Мындан бир  топ убакыт мурда теледен аттуу-баштуу эле  адамдын Ош шаарында  сойкукана иштетип жаткандыгын баяндашты кабарчылар. Кадрда  бетин чүмкөөгө аракет кылган кыздардан кыргыз өңү көрүнүп турду. Кызыгы, ошол сойкуканын кожоюну да  кыргыз жигити. Теле берүүдөн соң тарых бүктөмдөрүндө аялынын бир ууч тал чачы үчүн бир нече баскынчыларды жер менен жексен кылып, көөмп салган  Курманжан Датканын уулу  Камчыбек окуясы эсиме келе  түштү. Бир мезгилдери ошондой намысты, ыйманды баарынан жогору койгон Камчыбектей уулдарды жараткан эл арасынан бүгүн  акча үчүн  абийирин жеп,  намысын тебелеп, көзүн май басып, көкүрөгүн дат басып, улутташ кыздарыбызды, аялдарыбызды бирөөнүн  койнуна салып берген эркектер  чыгып жатканына кабыргам кашайды. А мындайлар канча дейсиң кыргыз коомчулугунда.  Бүгүн бизге акча, байлык, бийлик талашкандын ордуна улуттун намысына чычкан, коомчулукту булгаган тигилерди тескеп, ийге келтирген, эсин тааныткан  камчысына  намыс, абийир, тазалык  тагылган айтылуу Алымбектин уулу  Камчыбектей жигиттер жетишпей жатканын эстесем  ичим тыз…

Келекеленген кыздар же аялдарды маскаралоо модага айланганда

Кечээ биз менен такай байланышып турган Бердибай агай келиптир. Маанайы жок. “Организатор менен чырдашып чыктым. 8-Мартка карата уюштурулган концерттин программасында  балдарыбыз  кыздарча кийинип, алардын кылык-жоругун көрсөтүшөт экен. Кызык болот имиш. Ушундайыңарды токтоткула дедим. Азыр теледе да, концерттерде да, шоуларда да эркектер, жигиттер тарабынан аялдарды келекелөө, алардын маскаралоо модага айланды. А биз ошолорго ыраазы болуп  ыржаңдап, кол чаап  олтурабыз. Логика болуш керек. Мындай кылыктар аркылуу ансыз да кадыр-баркы түшүп жаткан аялдарыбызды  тебелеп-тепсеп жатабыз. Күлдүрөргө башка нерсе калбай калдыбы дедим. Биз ушинтип барсак, барып-барып аялзатынын кыпындай да кадыры калбай калат. Элестет эми башкалар калып окуучуларыбыз аялдарды маскаралай баштаптыр. Биздин келчек ушулар эмеспи. Анда кандай болот.?»- дейт  Бердибай агай.

Чындыгында  агай күйгөнчөлүк бар. Бүгүн биздин коомдо аял базарчыга, базганчыга,  тосмочуга, кошмочуга айланып, күлкүнүн күрөгүнө турчу болду. Кимдир бирөөлөрдүн максатын турмушка ашырууда курал, дагы бирөөлөргө байлык алып келчү  бизнесине айланды….

Баари бир куткаруучусуң, асылзат

Дегеним, даанышмандардын рыяваттарында көр тирилик айынан бир аялдын жакындары  чоң кылмыш кылып колго  түшөт.  Аялдын алдына кылмыш жасаган  баласын, күйөөсүн,  бир тууганы алып келишти. Мыйзамга ылайык, аял булардын бирөөсүн тандаш керек. Ошол гана тирүү калат. Калгандары өлүм жазасына тартылат. Бир саамга ойлонгон аял бир  тууганын тандады. Падыша тарабынан эмне үчүн мындай кылынгандыгы суралды.

Аял: «Мен үчүн баламдан, күйөөмдөн  айрылуу канчалык азап, кайгы, муң, күйүт экенин элестетип жатам. Эгер тагдыр сыноосу ушуну  сунуш кылып, күйөөмдөн, баламдан   ажырасам, башкага турмушка чыгуу деген дагы бир жол бар. Аргасыз аны пайдаланам. Ошондо күйөөм да, балам да болушу ыктымал. Бирок бир тууганымдан ажырасам, эч ким мага бир тууганын бербейт. Ошого мен ушундай кадам жасадым”- деп жооп берди. Аялдын мындай тапкычтыгына  там берген падыша  күйөөсүн да , баласын да, бир тууганын да өлүм жазасынан бошотту.

Албетте, жогорудагы рываятта аял затынын акылмандыгы, даанышмандыгы даңазаланып  жатат. Бүгүн биздин коомдо да өзүнүн ак эмгек, бешене тери, алган илим-билими менен эртеңки күндүн эгедерлери болчу уул-кыздарына татыктуу таалим, тарбия берип келе жаткан апаларыбыз аз эмес.

“Үмүтсүз шайтан” демекчи, биз ошондой айымдардын уул-кыздары бүгүн кадыр-баркы анча кетип турган аялзаттарды ордун, ролун жогорулатат деген үмүт менен макалабызга чекит коеп туралы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *