№11

«Аялдар мурда эмчектери менен ымыркайларды тойгузса, азыр кинопродюсерлерди тойгузушат»
Жан КОКТО

Эшик суук болгондуктан бир аз жылына турайын деп кафеге кирип отура кеттим. Алгач байкаган деле эмесмин, жанымдагы эле столдо 3-4 келин отуруптур. Чынын айтканда алардын келин экенин деле билгеним жок. Баары эле чыкыйган кыздар. Азыр эми кыздан келинди айырмалаш кыйын болуп калбадыбы. Сүйлөшүп отурган кебинен гана билдим келин экенин. Ооба, күйөөлөрү, бала-чакасы, турмушу тууралуу кобурашып отурушту. Күткөн адамым жок, зеригип тургандыктан айла жок кулагыма өзүнөн-өзү кирип аткан сөздөрдү укпай койо албадым…

— Туура кыласың, — деди чачы бир кыйла кыска кыркылып, учтары кызгылтым түскө бойолгон кыз. – Андай эркектен кетип калганың деле жакшы болуптур. Же жыргатып акча таппаса, же иштейин десең жол бербесе, андай менен жашап кереги эмне? Мына мен деле эки баланы жалгыз багып атам.

Чынында бул сөздөргө көп деле маани берген эмесмин. Азыр экинин-бири ажырашып, турмушу бузулуп атпайбы. Кызыгы кийин башталды. Ажырашып аткан кыз, болгондо да эки баласы менен ажырашып атканы өзү айтты кептин талуу жерин.

— Күнүгө ушул чатак! Кайда жүрөсүң дейт. Дагы кайда темселеп кеттиң дейт. Тажап кеттим. Мен эмне ойноп жүрөмбү?! Аныкы эле жумуш экен да. Мен болсо жөн эле темселеп, тентип жүрүпмүн. Кечээ да наркы кошуна эжеге кирип чыккыча түтөп жатып калыптыр. Тим эле тиртеңдейт. Андан дагы жапжаңы каталогдорумду тутамдап кармап алыптыр. Өрттөйм дейт түз эле. Мен аны канча сомго алдым, аны менен иши жок…

Ооба, маселенин мен таң калчу жери ушунтип козголду. Көрсө, бул татынакай кыз, бир үйдүн куту, бир эрдин алмончоктой жубайы, эки уулдун энеси жанагы атың өчкүр (антиреклама дей калышпасын деп фирманын атын бергеним жок) тармактык (сетевой) маркетинг дегендин айынан ажырашып аткан тура. Ошол жылтыр-жултур, бойок-сойоктун айынан бир үйдүн очогу өчүп, эки эмес төрт адамдын тагдыры талкаланып атыптыр. Тобо, бу ачарчылыктан, аракечтиктен, зөөкүрлүктөн ажырашат дечү эле. А булар минтип… Жакаңды кармачу иш эмей эмне?

Мындан келди, илгери өзүм да бир ушундай тармактык маркетингдерге кичине аралаша калганымды кыстара кетейин. Ошондо маселе дагы кененирээк ачылар. Мындан үч-төрт жыл мурун кайдан-жайдан маркетингчи эжеге жолугуп калдым. Иштеген жерибизге келиптир. Көрсө, жетекчибиз жазылып, анан бизди да үгүттөгөнгө уруксат берген тура. Ошого кенен-кесири гана мээме чай кайнатты го, чиркин. Кыскасы, ошол эже «Азыр бардык оокат жарнама аркылуу өтөт. А бул тармактык маркетингде биз жандуу жарнамабыз. Ошондуктан эч бир теле-радиодо биздин товарлар жөнүндө айтылбайт. Баарын биз өзүбүз жарнамалап беребиз» деген. Чындап эле ошондой экен. Өндүргөн оокатын биздин алтындай эже-карындаштарыбыздын, жеңелерибиздин, кыздарыбыздын (көпчүлүгү кыз-келиндер эмеспи) эмгеги менен сатат тура. Мына сага жумуш! Эми ушул жерден бир аз тайсалдайлы дагы, кептин нугун көтөрөлү деген маселенин чордонуна буралы.

Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө аялдардын деңгээли кайсы орунда? Алардын милдети, кылган иши кайсылар? Мына маселе ушунда! Бүгүнкү күнү аялзаты эң негизги рекламалык каражат. Ооба, каражат. Мына, керек болсо машинанын тетиктеринен тартып, тоодон аккан булакка чейин аялзаттын сүрөтү менен чагылдырылат. Айрыкча чырайынан бал тамган, анча-мынча аялуу жерин көргөзгөндөн тартынбаган ургаачы болсо болду, куп жарашып калат да. Андан сырткары, көпчүлүк кеңселерге кирсең, же атактуу дүкөндөргө барсаң, ал жерде да кирген эле жерде, же так ошол эл менен пикир алышар жерде чыкыйган кыз-келиндер. Киргендин көөнүн көтөрүп, көз жоосун алат.

Бул деле чынында жарнамалык каражат. Кардар тартуунун ыкмасы. Атайын ойлонуштурулган иш. Балким азыр көндүм адат болуп, сезилбей калгандыр, бирок терең ойлонуп көрсөң, ошол нерсе чыгат. Андан кийин шоу-концерттер, сулуулук конкурстары, модельерлер, кинолор… ушунун баарында сулуу аялдар, кыз-келиндер бар. Корейлердин бир киносу бар. Өтө жакшы ырдаган, бирок келбети анча эмес кызды сахнанын артына коюп, алдыга чырайлуу кызды чыгарышат. Үн тиги түрү сууктуку, а атак-даңк беркиники. Болбосо «ээси» экөөнү тең колдонуп атканы менен иши жок бечаралардын. Бирөөнүн үнүн, бирөөнүн келбетин колдонуп байып атат.

Кинолордо да сулуу кыз керек. Марска учуп атса да бир кыз, согушка кетип атса да бир кыз. Албетте, көрүүчүлөрдү тартыш керек да. Кыскасы, ушундай. Аялзат тирүүлөй эле каражат катары колдонулуп атат…

Баса, акыркы убактарда бизде, Кыргызстанда, аялзатын колдонуунун жаңы ыкмасын табышты. Бул башкаларда анча өнүккөн эмес. Бирок бизде «жакшы» жолго коюлду. Бул биз билген ОБОН маселеси. Ооба, азыр бизде аялзаты рекламадан сырткары, кадимкидей эле танка, же коргонуучу дубал, же жол тосуучу карагайдын ролун ойноп калды. Кайсы митингди караба, кайсы көтөрүлүштү караба, энелерибиз жүрөт чарылдап-чаркырап. Жолго жатып атышат, күч органдары менен жулмалашып атат, ачарчылык кармап атат. Ал тургай өзүнө-өзү кол салып ийип атпайбы. Ошого чейин колдонуп атабыз аялзатын. Саясый кызыкчылык, кимдир бирөөнүн кадыр-баркы, жеке кызыкчылыгы үчүн балпайган байбичелердин шермендесин чыгарып атабыз.

Мен соодада, кара жумушта, туалет жууган жерде, идиш жууган жерде иштеген аялдарды айтканым жок. Алар чынында ак эмгеги менен нан таап жеп аткандыр. Көчөдө кайыр сурап, же алдап жер сатып аферист атанып, же денесин сатып иштегенге караганда алардыкы намыстуураактыр. Бирок баары бир, ошолор да аз болушу керек эле. Түптүү эл, ыймандуу эл болгон соң ага деле жеткирбешибиз керек эле.

Бирок мына ушул маселенин баары кайдан келип атат дейсиз? Менимче, (өзүмчө ой тегеретип көрөм да кээде) аялзатынын минтип ар кимге каражат болуп, өзүнүн энелик, жубайлык бийик милдетин унутуп, бирөөлөрдү байытып, жыргатып, эс алдырып калышынын эң негизги өзөгү барып-барып эле жанагы «Тең укуктуулук» маселесине такалат. Ооба, иштин чечилчүдөй илмеги да, кайра чырмалышчу түйүнү да ошол жерде. Себеби, так ошол тең укуктуулукта эмне деп атат? «Сенин эркектен эч нерсең кем эмес. Кандай бассаң, кандай турсаң, кандай кийинсең, кандай эркек менен жашасаң, кандай иште иштесең өз эркиң» деп атпайбы. «Керек болсо күйөөңөн дагы, ага-ини, ата-энеңен дагы көз карандысызсың» деп атат. «Жогот уялчаактыгыңды» деп атат. «Жогот ийменчээктигиңди» деп атат. «Эл эмне десе ошо десин» деп атат. «Эркек жегенди же, эркек ичкенди ич, эркек кийгенди кий» деп атат.

Бирок ушунтип келип эле арты кандай бүтүп атат? Көрсө, эркек реклама катары колдонулбайт экен да. Эркек чанда эле сагыздын, соктун, кафенин, суунун рекламасына чыкпаса, көбүнчө кыздар колдонулат. Эркек чанда эле чач бойоктун, эндиктин, упанын, атырдын рекламасына чыкпаса, көбүнчө аялзаты чыгат экен. Эркек чанда эле офистерде тосуп алуучу, супермаркеттерде соода кылуучу, кафелерде официант болбосо, көбүнчө аялдар керек экен. Кинолордо да негизги каармандын жанына дагы бир сулуу эркекти кошо коюу эч кандай ийгилик бербейт экен. А дене сатуу, кадырлуу мейманга ырдап-бийлеп жарпын жазуу жагынан кыздан өткөн «жандык» болобу? Эркек андайда кыжырды эле келтирбесе, эч нерсеге жарабай калат.

Баса, «Бул деле акча табуунун жолу да, аял жыргаганынан иштеп атыптырбы? Эри акча таппаса эмне кылсын?» дегени тургандырсыз. Бирок ал жагын кичине демди басып, кичине мага ачууланбай туруп угуп көрүңүзчү. Муну сизге бүгүнкү күндөгү жандуу окуя менен түшүндүрө кетейин макул десеңиз. Мисалы, «Кытайлар бизге баланча миллиард кредит берди» деп калабыз. Бирок Кытай деген куу эл экенин баарыбыз билебиз да, туурабы? Алар ошончо миллиард акчаны жөн эле берип салбайт. Алар ал акчаны берип, бизди карыз кылганы менен кайра эле бери жагынан шыпырып алат. Кантип дейсизби? Анда угуп туруңуз. Ошол акчага килейген жол салынды, билесиз да аны? Ал жолго ким иштеди? Кытай фирмасы иштеди. Кытайлар иштеди, кытай техникасы колдонулду, кытай каражаттары колдонулду. Мына сага бизнес, мына сага жумуш орду, мына сага соода!

Мындан өткөн куулук болобу? Жарандары айлык алды, курулуш каражаттары өттү, техникасы колдонулду. Берген акчасы бүтүндөй бойдон (чоңдор чөнтөгүнө салып кеткенинен башкасы) кайра эле өздөрүнө кетти. А биз жарандарыбызды туш келди темселетип ийип, алардын ит көрбөгөн кордук көрүп таап келген акчасына корстон болуп отурабыз. Жумушчу ордун түзүп бере албайбыз. Товар экспорттой албайбыз. А алар колундагы алмасын өткөрүш үчүн сага карызга акча берет. Анан сен карыз да болосуң, алмасын да сатып аласың.

Ушул эле кеп болуп атат тең укуктуулук маселесинде деле. Укмуштуудай нерселер чыгып атат. Технологияны мындай койолучу. Ал кандайдыр бир өнүгүүнүн илим-билимдин көрүнүшү деп койолу. А бул кийим кече, жылтыр-жултур жасалга, зер буюм, миң түрдүү бойок, оюн-зоок дегендерчи? Аялзаттын кийими кандай кымбат? Аялзаттын шакек-сөйкөсү кандай кымбат? Аялзаттын бойок-сойогу, атыр-патыры кандай кымбат? Колуңа акча карматып туруп, кайра ошол нерселери менен алып коюп атпайбы. Анан дагы каалаганыңды кий, бойон, себин, тагын дейт. Эркинсиң дейт.

Бир айда эки той болсо экөөнө эки бөлөк кийип бар дейт. Акча түтөбү? Мода демиш болуп колуна сумка карматып койду баарынын. Антпесе бойок-сойокту, атыр-патырды салып жүрө албай, улам-улам колдоно албай, бири-бирине мактанып, бири-бирине реклама кыла албай калбайбы. Анын баары акча да. Аларды ким алат? Эркек кылбайт өлүп баратса. Эркеке эки көйнөк жетет. Демек, басымды аялга жасаш керек. Эң негизги кардар ошол.

Баса, а эмнеге ушундай? Эмне аялдар ошончо түгөткүч, ошончо келесоо бекен? Жок, андай деле дебейм. Болгону табият деген нерсе бар. Мисалы, грузиндер тээ бала чагынан эле челек-челек вино ичээрин билсеңиз керек. Килейген чөйчөктөр, кере кулач мүйүздөр менен ичишет. Бирок ичкиликтен селсаяк болуп кеткен грузин көрдүңүз беле? Жок. Орустар жүрөт, кыргыздар жүрөт, хохол жүрөт, казак жүрөт селсаяк болуп, бирок грузин жок. Эмнеге билесизби? Көрсө, алардын табияты ошондой экен. Алар көтөрүмдүү, оңой менен берилип кетпеген, ооп кетпеген эл экен.

А биз аларча ичсек дайныбызды таппай калабыз, туурабы? Мына, тууганым, бул жалганда табият деген нерсе болот экен. Ошол табиятка каршы иш кылдың дегиче оңбой калганың ошол. Себеби, табиятыңды өзгөртүш үчүн Дарвиндин теориясына ишенесиңби, Кудайга ишенесиңби, буддага ишенесиңби, айтор, кимиңе ишенсең ошого барып, мени түп-тамырыман өзгөрт деп келишим түзүп келишиң керек. Болбосо кандай болсоң ошондойсуң. Анын сыңарындай, аялзаты да ошондой. Алар жылтыр-жултурга, жагымдуу жытка, ар кандай түскө келгенде эркекке караганда кыйла алсыз келишет.

Ошондуктан, үйдүн башкаруу жагы эркекке берилип атпайбы. А азыр эмне болду? Ошол табияттан берилген мүнөз, табияттан берилген ыргак бузулду. Ага айласы кетип эркек да жеңилип берди. Эркекке да жага баштады балким. Көчөгө чыкса көз жоосун алган кыздар, телевизорду күйгүзсө шилекейди агызган аялдар, буркураган жыт, шыңгыр-шуңгур, жылтыр-жултур… Алданып калды эркек. Илгертен сулуулукка алданып келген эркек эми такыр эле өзүн жоготуп койду. Мына анан үй-бүлөдө ырк кетти, ыйман кетти. Күч-кубаттын баары туш тарапка чачырап, акыл-эси жеңил-желпиге ооду. Акыры алсызданды, кайрат кетти, намыс кетти…

Мына бүгүнкү турмуш. Ыймандан, ынсаптан, нарк-насилден, каада-салттан ажыраган, сыртынан жылт-жулт этип, ичинен кылт-култ эткен көр турмуш. Баарыга жаккан, баарын өзүнө тарткан, баарын бактысыз кылган, баарын барксыз кылган, барды байкатпаган, жокту карматпаган турмуш. Токту ачынткан, ачты басынткан турмуш. Энени кутунан, аялды абийринен, кызды назынан, келинди эринен ажыраткан турмуш. Дагы аялды бийликке тартсак кутулабыз дешет. Андан көрө эркекти ишке тартууну, жумуш ордун түзүүнү ойлонушпайбы. Эркектердин милдетин түшүндүрүп, аларды эмгекчил болууга, үй-бүлөдөгү ордун табууга үйрөтпөйбү. Аял эне экенин, балдарга таалим-тарбия бере турган, эртеңки келечегин түптөй турган жан экенин түшүндүрбөйбү. Аларды көчөгө чыгарып, жумушка тарткандан көрө, аларды балдарына көбүрөк көңүл буруп, жылуу-жумшак үйүндө отурганга, эркектин камкордугунда жашаганга чакырбайбы.

«Бир уул тарбиялаган — бир киши тарбиялады, бир кыз тарбиялаган — бүтүндөй бир үй-бүлө тарбиялады» деген улуу кеп бар. Бул эмнени билдирет? Бул бир үй-бүлөдө канча бала болсо, ошонун баары энени көрүп таалим алат, энени көрүп өсөт дегенди билдирет. Албетте, эркектин да орду бар. Бирок балага анын ордун сездире турган да эне. Энелер «Уулум, атаңды сыйла, атаңды урматта» деп турса бала атасын сыйлайт. Болбосо душман кылып, атаандаш кылып чоңойтуп коюшу мүмкүн.

Кыргызда Каныкей менен Курманжан энелерибиздей бийиктикти багынткан аял болгон эмес. Бирок ошолор дагы эрин аттап сөзгө чыгып, көөдөнүн керип төргө чыгып, жоолугун чечип жолго чыккан жок. Мына биздин көйгөй. Мына биздин түйшүк. Мына ушуну чечсек калганы иттен оңой…

One Reply to “Сынакка: «Тең укуктуулуктун» күңгөй-тескейи”

  1. Таамай таамай сүрөттөлүптүр. Чын эле орифлейм эмвей дегендер нервди жеп бүтмөй болду. Деги эле акчанын баары ушуга кетет…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *