№10

Баарына өмүр тартуулап, зор түйшүктү мойнуна алып чоң жоопкерчилик менен бала тарбиялап, улуулукту, сулуулукту даңазалаган, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү аял заты.

..Учурда энелердин өлүмүнүн күн санап өсүп жатканы, өзгөчө Кыргызстанда мындай көрүнүш ондогон жылдардан бери алдынкы орунда экени өкүндүрөт. Энелердин өлүмү боюнча дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, Борбор Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу Кыргызстанда көрсөткүч эң жогорку деңгээлде, Африка өлкөлөрүнөн кийинки орунда, башкача айтканда КМШда биринчи орунда. Демек, өлкөбүздө энелердин өлүмүнүн күн санап өсүүсүнүн себеби эмнеде? Кантип токтоотуга болот? Ким күнөөлү?

Бул макаланы жазуудан мурун жогорку суроолорго так, туура жооп берүү үчүн КР Улуттук статистикалык бөлүмү менен аял затынын саламаттыгы кайсы тармакта аксап жаткандыгын билүү үчүн, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери менен ошондой эле психолог, социологдор тармагындагы мыкты адистер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, аялдардын өлүү себептерин ирээти менен иликтедим.
Энелерибиздин өлүмү тике жана кыйыр себептерден улам, башкача айтканда, аялдардын өлүмү экономикалык, социалдык жана маданий факторлор сыяктуу бир катар себептери бар. Алардын арасында ички жана тышкы миграциянын өсүшү. Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсү да каралып жаткан көйгөйгө таасирин тийгизбей койбойт экен. Бүгүнкү күнү республикада дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр байкала баштады, алардын катарында суунун жетишсиздиги жана какырап ээн калган жерлердин көбөйүшү, экстремалдуу метеорологиялык кубулуштардын көбөйүшү, жергиликтүү экотутумдардын бузулушу, электр кубатынын туруксуз өндүрүлүшү жана туруксуз жеткирилиши. Ушунун баары энелердин саламаттыгына кедергисин тийгизбей койбойт.

 

1. Баланы жарык дүйнөгө алып келүү өлүм же өмүр…

Жашы жете элек секелек энелер…

Эзелтен эл оозунда тирүүлүктүн көчүн улаган аял делип, баланы жарык дүйнөгө алып келүү парзын өз мойнуна алып, өлүм же өмүр деп, өз өмүрүн тобокелчиликке салып көз жаруу учурундагы азап-тозокторго бел байлап, аман-эсен көз жарып, муштумдай этти бооруна кысып, “баа” эткен үнүн укса баарын унутуп бакытка чөмүлгөн эне. Ооба, мындай бакытка чөмүлүү үчүн кош бойлуу аялдар медицина кызматкерлеринин көз жаздымында калып жатышы же айымдарыбыздын кенебестиги себепкер. Ушуну менен катар кош бойлуу аялдар жана энелердин үй-бүлөнү жана кош бойлуулукту пландаштыруу жөнүндө билиминин жана кабардарлыгынын төмөндүгүн, ошондой эле начар тамактанууларын да белгилей кетүү керек. Өлкөдөгү жашы жете элек кыздардын арасында эне болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө. Бул көрүнүштү да өзүнчө көйгөй катары кароо керек.

Өлкөбүз эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча дүйнөдө 200дөй мамлекет болсо, КР 59-орунда турат. Кыргызстандагы статистикалык маалыматка таянсак, азыр 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны 160 000ди түзөт. Анын ичинен алты миңи 15 жашка чейинки секелектер. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаш өспүрүм секелек 18 жашка чыга элек энелердин төрөт учурунда өлүмүнүн саны 30 %га жогору болуп чыккан, башкача айтканда алардын дээрлик 30%ы төрөт учурунда ден соолугу ошол эле учурда психологиялык жана физологиялык жактан эне болууга даяр эместигинен каза болушат. Мындай көрүнүшкө чектөө коюу максатында ЖК депутаттары тарабынан эрте никеге тыюу салган мыйзам долбоору колдоо таап, президент ноябрь айында ага кол койду. Тактап айтканда, мындан ары 18 жашка чыга элек кыздарга нике кыйылса, кыздын ата-энеси, нике кыйган молдо жана үйлөнүүгө бел байлаган жигит жана анын жакындары 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

2. Ак халатчандардын шаалакылыгы

Улут саламаттыгына кам көргөн ары оор, ары түйшүктүү эмгек жолундагы өмүр сакчысы ак халатчандарга баарыбыз денсоолугубуз начарлаганда, үмүт артып ак эмгегин аябайт деген асыл ойдо баш багып, кеңеш алууга, дарыланууга ашыгып барабыз. Бирок кай бир ак халатчандарыбыздын көңүл коштугунун айынан көптөгөн айымдарыбыз бул дүйнөдөн кош айтышканы армандуу көрүнүш.

Мындай жыйынтыкка, ЮНИСЕФ эл аралык уюму тарабынан республикадагы балдардын жана энелердин абалына талдоо жүргүзгөн-изилдөөсүнө таянсак, энелердин өлүмүнүн 80 пайызы акушер-гинекологдор себепкер экенин тастыкташкан. Себеби, ЮНИСЕФ адистери «чукул түрдө медициналык көмөк көрсөтүп, ооруканага убагында жеткиргенде кош бойлуу аялдардын 62 пайызынын өмүрү сактап калууга болот эле», — деп белгилешет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда өлүмгө дуушар болот. Статистика боюнча 2015-жылы өлкө боюнча кош бойлуу учурунда, төрөт маалында жана төрөттөн кийин каза болгон аялдардын саны 62ге жеткен. Кош бойлуу кезинде 7 аял, 52си төрөттөн кийин, 3 аял бойдон алдыруудан каза болгон. Алардын 55и дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, калганы каттоого турган эмес. Эң көп көрсөткүч Жалал-Абад жана Ош облустарында. Андан кийин Чүй облусу менен Бишкек шаары, Нарын облусу турат.

КРнын медициналык-маалыматтык борборунун маалыматы боюнча энелердин өлүмүнүн негизги себептери көбүнчө кан кетүүдөн (32,3 пайыз); сепсис жана экстрагениталдык ооруларынан (22,6 пайыз ); преэклампсия жана эклампсия ооруларынан (12,9 пайыз); жатындын үзүлүшүнөн (3,2 пайыз) каза болушат. Мындай көрсөткүчтөр аялга кош бойлуу учурунда, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин талапка ылайык кам көрүлүшүнө жана көзөмөлдөнүшүнө түздөн-түз байланыштуу.

Алсак, төрөттөн кийин аз кандуулук жаралат. Демек, аялдын кош бойлуу учурунда тамактануусу начар болуп, ден-соолукка пайдалуу азыктар жетишсиз болгон. Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогору болгондугунун дагы бир себеби — энелердин саламаттыгын сактоо боюнча иш-чаралардын жетиштүү деңгээлде каржыланбагандыгы. Натыйжада, жер-жерлерде төрөт учурунда аялга жардам берүү боюнча материалдык-техникалык базага, ысык жана муздак суу, электр жана жылуулук, канализациялык тутум менен камсыз кылууга байланыштуу көйгөйлөр алигиче чечилбей келет. Заманбап медициналык жабдуулар, лабораториялык анализдер үчүн медициналык материалдар менен камсыздалбагандык, ошондой эле облустук, райондук квалификацияланган акушер-гинекологдордун, неонатологдордун, анестезиолог-реаниматологдордун жетишсиздиги жана башка жерлерге көчүп кетүүлөрү кырдаалды ого бетер начарлататууда.

 

3. Ички жана тышкы миграция

Учурда ааламдашуу доорунда өлкөбүз чоң өзгөрүүлөргө туш келүүдө. Эркек жана аялдын таттуу жашоосу бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнө бакыт-таалай алып келип, коомдун өрнөктүү өзөгүн түзүп, мамлекеттин тамырын бекемдейт. Алардын жүздөрүнө ырахат, жыргал өз дарбазасын чоң ачат. Эгер ата-эне тарбиялуу, адептүү жана куш мамиледе болсо, перзенттери дагы алардан үлгү алып ошондой тарбияда өсөт. Ата-энеси жанында болуп эриш-аркак тарбия берсе ал баладан эл кереген жараган инсан чагаары шексиз. Бирок эмнегедир акыркы учурда элибиздин көпчүлүгү куу турмуштун айынан дешип, көп акча табуу максатында чет өлкөгө аттанууда. Аттанган адамдардын көпчүлүгү бул кезге чейин мырзалар болсо, эми күн санап айымдарыбыз, энелерибиз кетүүдө.

Эмгек жана жумушка орноштуруу министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, сырттан “Жүк-200” деген аталыш менен келип жаткан сөөктөрдүн мындан бир нече жыл мурун 20 % түзсө, акыркы учурда тең жарымы аялдар. Жыл сайын 400дөн ашуун мигранттын сөөгү келет. Ошондой эле өткөн жылы 17 кыздын Орусияда тилсиз жоого кабылып, энелерибиздин сай-сөөгү сыздап, коомубузду бир кыйла түйшүккө салды. Демек, энелердин өлүмүнүн 30-35 пайызы миграцияда жүрүп келгендер арасында болуп жатат. Булар кош бойлуу кезде дарыгерлердин кароосуна барышпайт. Төрөй турган учурунда келип, каза болуп калгандар көп. Аялдар арасында соңку кездери жугуштуу оорулар көбүрөк кездешет. Мунун себеби эле ички-тышкы миграциянын өсүшү. Анын башкы себеби, үй-бүлөлөрүнөн алыс жүргөн эркектер бел кумарларын басуу үчүн сойкуларга барышат, өздөрүн таза алып жүрбөгөн жеңил-желпи мүнөз күткөн кыз-келиндер менен жыныстык катнаш түзүшөт. Аялдардын жугуштуу дарттарга чалдыгышына экологиянын, тамак-аштардын терс жактары бар дегендерге кошулбайм. Жугуштуу оорулар бир гана жыныстык катнаш аркылуу жугат, андыктан жугуштуу оорулар аялдан эркекке, эркектен аялга жугууда. Миграцияда жүргөндөр 20-30дан болуп бир батирде күн кечирип тазалыктын жоктугу да себеп.

 

4. Энелер арасында өнөкөт оорулар

Эненин ушунчалык жүрөк титиреккен сөзү: “Баламдын бутуна кирген тикенек менин карегиме кирсин”. Таң калыштуу, ары өзүнчө бир терең философия. Бирок энелер бала деп жүрүп өз ден-соолугуна кам көрбөй кала беришет бейм.

Кыргызстанда айымдар 30 жаштан өткөндө эле уйкусуроо, шалдыроо, бар-жокко көӊүл коштук (апатия) сыяктуу балакеттер коштоп алганы сезилет. 40 жашта өлүмгө жетелөөчү дарттар өзгөчө энелер арасында: инфаркт, инсульт, кант диабети, аз кандуулук, шишиктер, рак өнүгө баштайт. Жашыӊ канчалык өйдөлөгөн сайын саламаттыгыӊ жана өмүрүӊ коркунучка камалат. Коомубузда 60 жаштан жогору энелердин 92 %ы оорулу.

Макаламдын соңунда: кыз-келиндерге өздүк гигиенаны туура сактай билгиле, жеңил-желпи жашоо өрнөгүнөн качкыла, гинеколог-дарыгерлерге көрүнүп турууну унутпагыла деген кеңешимди берем. Себеби бир беткей ак халатчандарды күнөөлөгөнүбүз бул аша чапкандык. Ден соолукка камкордук көрүү ар бир аялдын өз эркине жараша. Эртең эне болуучу ар бир кыз өзүн таза алып жүрүшү керек, өздүк гигиенага өтө маани берүүлөрү зарыл. Ар бир аял жылына бир жолу гинеколог-дарыгерге кайрылып турууну унутпоолору шарт.

Менин тилегим жана кааларым: дүйнө жүзүндө ар бир кыз, ар бир эне бактылуу бал жашоонун балын татса экен, себеби аял бактылуу болсо, аалам бактылуу эмеспи…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *