№14
Сен кимсиң, аялзат? Өзүнө карата берилген бу суроого бирин-экин гана аял шар жооп бербесе, көпчүлүктү ойлондуруп, жооп таппай түйшөлтө койот. «Ким экенимди жада калса өзүм да билбейт турбаймынбы!?… Каап десе… Билбеймин эмес, билүү үчүн өз өмүрүмө өзүм үңүлө карабапмын, карамакка чоло тийген эмес да», — деп актанат анан.
Негизи, аялзаты дүйнөгө келгенден тарта, түйшүккө кабылат. Ата-энеси, тууган-туушканы ар дайым эле кыз төрөлгөнүнө кубана бербейт. Аны моюнга алгыбыз келбегени, «кыз деле перзент, кудайдын бергени да» деп кобураган менен, ичибизден «иии, уул болуп калса жакшы болмок» дейбиз. Демек, аялдын өмүрүндөгү жашоо үчүн тырмалаңдап күрөшүү ымыркайынан эле башталат.
Чындыгында азыркы аялзаты ким? Ал мурда ким эле? Азыр ким болду?… Эртең ким болот?
Суроолордун жообун табуу үчүн өмүр китебимдин баштапкы бетинен баштап, акыркысына чейин бирме-бир барактап көрүүнү чечтим. Булар менин турмуш чындыгым. Өз турмушумдан алган тажрыйбам.
Эң оболу мен ата-энемдин бир боор этимин. Ар дайым кайда жүрбөйүн аларды сарсанаа кылуучу кызымын. Менин өмүр китебимдин башаты алыскы чакан айылда калган. Ал убакта кичинекей секелекмин, атам аябай ичкич эле. Кудайдын кут туткан күнү мас абалда үйгө келет. Мурдумду тазараак аарчый албай турган курагымда мектепте атамдын көздөрү кызарып, темтеңдеп араң басып, чачтары уйпаланып, жүдөмүш кебетесин көрсөм намыстанат элем. Эмнеге ушу киши менин атам деп ызаланчумун. Ар дайым үйгө бирөөлөр сүйрөп апкелип жаткырып кетет, эртеси акырын качып чыгып кетет эле. Кээде аны байлап койчубуз. Бут кийимдерин жашырып койчубуз, бирок кайра эле качып кетет.
Ичкени эле болбосо, өзү мугалим, өтө сабаттуу киши. Соо күндөрү сопсонун ишке барат, жумушунун майын чыгара, берилүү менен иштечү. Ошондой күндөрдө атамдын ичпей коюшун, ушуну менен ошо жинди суу менен коштошуусун ичимден тилейт элем. А атам он күн соо жүрсө, он беш күн мас болот. Апам баарына чыдады, көтөрдү. Үйдө чууруган беш баланы алкаш эри менен багып чоңойтту. Аракка тойо мас болсо да, атам эч убак апама кол көтөргөнүн көрбөгөнмүн. Жада калса апамды сөкчү да эмес.
Бу өткөн күндөр менин келечектеги турмушума сабак боло турган окуялар экенин азыр түшүнүп отурам.
Атам оо кийин, биз бой тарта баштаганыбызда аракты таштады. Апам артынан сая түшүп дарылаттыбы же окуттубу, иши кылып атам ичпей калды. Кантип арак менен коштоштурганын али күнгө билбеймин. Сураган да эмесмин апамдан. Мектептеги жумушуна кайтып, завуч, бир топ жылдан кийин директор болуп иштеди. Менин баамымда атам менен апам бизге жакшы тарбия беришти. Турмуштан өз ордумду табышым үчүн жетерлик акыл-насаат, илим-билим, кеп-кеңеш бере алышты. Алар үй-бүлөдөгү эрди-катын мамилесинин үлгүсү кандай болорун өз турмуштары менен көрсөтүштү. Ошонусу менен бизди тарбиялашты. Кеп, мен аны туура колдоно алганымда болду окшойт…
Атам өз учурунда оңолуп, балдарынын келечегин ойлонгонуна ичимден ыраазы болуп койом. Балдарынын баарын жогорку билимдүү кылып окутушту. Биз дайым жакшы окугандардын катарында болдук. Окуумду аяктап жумушка орноштум, турмуш курууга шашпадым. Карьерамды түптөп, коллективден, өз чөйрөмдөн орун таптым. Бирок үй-бүлөнүн орду өзгөчө болот тура.
Азыркы күндө үй-бүлөлөрдүн бузулуп баратышынын себептери ар түрдүү, шарттуу түрдө аларды объективдүү жана субъективдүү деп бөлсөк жарашчудай. Объективдүү себеп катары жаш кыз-жигиттер үй-бүлө курарда бири-биринин мүнөзү, кызыгуулары дал келеби жокпу, мына ушуну аныктап алышса, келечектеги курулуучу үй-бүлө бекем болот. Тилекке каршы, азыр эркектерден көрө аялдар көп болгондугуна байланыштуу, «жанымда эр болуп жүрсө эле болду» деп күйөөгө тиери тийип алып, жыл айланбай пикир келишпестиктердин айынан ураган бүлөлөр чекеден чыгат. Турмуш курган соң, ага жоопкерчилик менен мамиле кылбай, эртеңки күнүм не болот деп ойлобой, азыркы күн менен жашаган жеңил ойлогон жаштар көбөйдү.
Ал эми жаштарды жолго салуу, адашканын жетелеп туура багытка буруу ата-энени, коомчулуктун иши. А ата-эне өзү үлгү боло алабы? Коомдон жаш үй-бүлө эмнени үйрөнүп жатат? Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири, эркеги эркектигин, аялы аялдыгын унутуп коюшкансыйт. «Инек үндүү өгүздүн күчү болбос, өгүз үндүү кунаажындын сүтү болбос» деп элдеги кеп жөн жерден айтылган эмес. Аялдын орду коломтонун башында, бешиктин боорунда. Ал эркек үчүн аялдык милдетин аткарып, тамагын белендеп, тапканын сарамжалдап пайдаланып, бала төрөп, аны тарбиялоого тийиш. Көчөдө салпактап өзүнөн беш эсе оор жүктү көтөрүп, базарма-базар, шалпылдап көрүнгөн менен урушууга милдеттүү эмес, орустун же башка улуттардын ордунан жылбаган карыяларына камкордук кылып, астын тазалап, аларды багып тыйын тапканга милдеттүү эмес, көрүнгөн эркекке түнү бою эрмек болуп, өзүн арзыбаган коко тыйынга сатууга милдеттүү эмес, үйдө күшөйүп уктап жаткан, иштегенге моюн жар бербей, курсагы челкейген эрин мектептин, оорукананын полун жууп багууга милдеттүү эмес…
Санай берсең түгөнбөйт. Азыр аялдын мойнунда ааламдын жүгү турат. Эркектерден уят-сыйыт, ар-намыс кетти. Аны ачык айтсаң, кур намыстары ойгонуп, кокуйлап чыгышат. А чын-чынына келгенде ар бир эркектин үйүндө тирликтин айынан тентип, өз үйүнөн алыста менчилеп жүргөн аялдар толтура. Демек, эркектааналар аялдардын аял болуусу үчүн шарт түзүп бере албай, өз мойнундагы жүктү алсыз, күчсүз асылзатка иле койгону акыйкат.
Мен энемин. Таш боор энемин. Бир жарым жаштагы уулумду моокуму канбай чолпулдатып эмип аткан мамасынан жулуп алып, чырылдатып ыйлатып таштап, алыстарда, тириликтин айынан көчөдө ырыскы терип жүргөн шоркелдеймин. Таштамакка айла барбы… Турмуш бузулган, эр кургур жоопкерчиликтен качып, башка бир катындын үйүнө башпаанек таап кирип алган. Уямды сактап калууга чый-пыйым чыгып аракеттендим, «алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык» деп, иштебесе да жанымда ЭР болуп жашап күн көрсө мейли дедим, кайыл болдум. Барчы ары деп, таштап баса берсем деле өз күнүмдү өзүм көрүп кете аламын. Бирок биринчиден, уулумду атасыз өспөсүн дедим, экинчиден «эрден чыккан аял», «бир эрди эптей албай ажырашты» деген кептерди уккум келбей, үй-бүлөмдү сактап калууга далалат кылдым. Анткен менен тиги катыны деле оңой неме эмес чыкты. Чечкинсиз, бекер оокат, жеңил тамакка көнүп калган эр кургурумду Москва деген опто жолуктура калат да, квартирасыз, жумушсуз жүргөн жеринен «бөпөлөп» багып алат. Ошол болду, анын жетегинен чыкпай, тили кысык болуп, эрдин ролун аткарып жүрөт. Азыркы күндө үй-бүлөлөрдүн бузулушуна субъективдүү себептер деп коомдогу аялдардын өздөрүн айтат элем. Аялдын душманы аял. Башканын эрин миң түрлөнүп имерип алып, эптеп өз жашоосун курса болду. А бирөөнүн үйү бузулдубу, бала жетим калдыбы, аны уруп да ойнобойт. Мындай аялдар доорубузда толтура.
Баламды таштап чыккан биринчи күн, биринчи түн биртке ичим тызылдады, түнү уктай албай бир аз көзүмдөн жаш аккансыды. Эртеси анын мойтойгон кебетесин көргүм, кучактагым келип сагынгансып, ич этим эзилди. Эзилип отурган менен болобу, иштеш керек. Өзүмө таң калдым, тооба. Ушунчалык таш боормунбу? Оозунда сүтү агып, уйкусурап эмчек издеген уулумду кантип көзүм кыйып таштап келдим деп жемелеп да койом өзүмдү. Мынчалык боору таштыкты кайдан үйрөндүм? Көрсө, мунун баарын: таш боордукту да, кечирүүнү, мээрим берүүнү, эки жүздүүлүктү, көктүктү да, айтор, баарын жашоо деген устат үйрөтөт тура.
Үй-бүлөсү бузулса да, кур жеме, жалган жалаага кабылса да, оорукчан баласын түнү бою кирпик ирмебей карап чыкса да, кордоп, тепсеп тебелешсе да аялдын кайратын, эркин эч нерсе майтара албайт! Табият гүлдөн назик, мамыктан жумшак, дилин мээримге чылк толтура жараткан аял заты кайра курчуйт, бекемделет, өзүнө болгон ишеними күчөйт.
Бирок мен күчтүү болгум келбейт, кайраттуу болгум таптакыр келбейт!!!
Таянган бекем тоомдун желкесине жөлөнүп, өзүмдү алсыз, назик сезип, бала багып, үй жумуштары менен алек болгон жөпжөнөкөй АЯЛ болгум келет!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *