№18

Кыргыз ыйык туткан ак түс, ак жоолук, аппак кыз,  ак нан. Жоолугундай  тилектери аппак ак апаларын, аялзатын ыйык тутуп, сыйлап келгени анык. Дегеле аялзаты коомдо кандайдыр бир сөз айтуу мүмкүндүгүнө канчалык ээ эле, коомдогу, элдин дүйнө таанымындагы аялдардын орду кандай эле деген  маселелер тегерегинде сөз учугун  баштоого аракеттенип көрөлү.

Ислам динин тереңдеп окуса, аялдардын эң биринчи кадыр-баркын көтөргөн ислам дини болгон. Мухаммед пайгамбар жаңы келген VI-VII кылымда аялдардын кадыр-баркы аябай тепселип турган кез болот. Пайгамбарыбыз «Бейиш энелердин таманынын алдында» деп, аялдардын кадыр-баркын, нарк-насилин жогорулатыптыр.

Бул жагынан кыргыз элинин дүйнө таанымына таянсак, аялзаты Умай эне, Бугу эне, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу колдоочу, кудай жана керемет жөндөмдөргө ээ миф, уламыш, эпос кейипкерлери катары көрүнөт. Анан улам жөнөкөйлөшүп отуруп, эл өзү ыйык туткан аялзаты Жаӊыл Мырза, Ак Мөөр сыяктуу каармандарга айланат. Анан ошол кыргыз элинин көркөм чыгармаларынын кейипкерлери аздап өзү жаратмандык кылып, кыргыз сөз өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Айталы, бизге жеткен “Кыз менен жигиттин айтышы”, “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” сыяктуу чыгармалар аялдардын даремети эркектердикинен эч калышпастыгын күбөлөп турат. Айрыкча “Талым кыз менен Көбөктүн алым сабагы” мазмунунун тереӊдиги, көркөм элестүүлүгү, фантазиясынын байлыгы, батылдыгы, баатырдыгы жагынан да айырмаланат.

Жомокторундагы Жээренче, Акыл Карачач акыл-эстүү гана болбостон, кыйытып образдуу кеп айткан, метафоралуу ой жүгүртө билген. Демек, кыргыз сөз өнөрү аялзатында да болгон. Кыргыз поэзиясында аялдар ээлеген орун бараандуу да, маанилүү да, ошону менен бирге тарыхый башаты эски доорлорго барып такалат. Акбермет Карагул кызы, Ак Шербет, Бурулча, Курманжан датка сыяктуу инсандардын ырлары ар түрдүүчө жолдор менен бизге жеткен.

XIX — XX кылымдардын башында кыргыздардын арасында болуп кеткен көптөгөн орус жана европалык саякатчылар, окумуштуулар кыргыздардагы аялзатына болгон мамилени, аялдардын коомдогу таасирин суктануу, таң калуу менен белгилешкен.  1856-жылы атайын тапшырма менен Ыссык-Көлгө келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов да кыргыз аялдарынын коомдогу таасирин, ачык айрымдуулугун, меймандостугун суктануу менен жазып калтырганы белгилүү. 1898-жылы орус география коомунун саякатчыларынын курамында Ош, Алай, Памир аймактарында жашаган кыргыздардын арасында болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокка “Алайдан Аму дарыясына чейин” аттуу  китебинде: “Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздарда өз апа, энелерин, аялдарын урматташкандай аялдарды урматтагандар аз кезигет. Кыргыздын аялдары эч качан жүзүн жашырышпайт, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт. Тескерисинче, өз эркектери менен бирдей укукка ээ болушат. Үй бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын пикири да сөзсүз эске алынат. Ал тургай согуш учурунда же башка тополоң күндөрдө да кыргыз аялы тынч отура албайт, кээде алар өз боз үйүнүн бейкуттугун коргоп калуу үчүн кармашка, урушка  кирген учурлары да болгон…” деп жазуу менен бирге, кыргыз аялдарын антик  авторлор жазып калтырган Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар менен салыштырган.

1903-жылы Кыргызстанга келген Петербург Ботаникалык багынын директору В.Липский кыргыз аялдарынын ат үстүндө эркектердей эле мыкты жүргөндүгүн белгилеп, “…бир дагы мусулман элдериндеги аялдар, кыргыз аялдары ээ болгондой эркиндикке ээ эмес” деп белгилеген. Ал эми 1898-жылы Ош шаарында бир канча күн жүрүп кеткен “Туркестанские ведомости” гезитинин кабарчысы “…кыргыздарда акылдуу аялдар ар дайым зор таасирге ээ болуп келген”  деп жазганы бар.

Кыргыз коомунда байыртадан ар дайым акылгөйлүк, тапкычтык, калыстык, чечкиндүүлүк, эр жүрөктүүлүк, боорукердик, аруулук, назиктик ж. б. жакшы сапаттар жогору бааланып келген. Мындай касиетке ээ болгон аялдар да элдик чыгармаларда, дастандарда, санжыраларда даңазаланган. Андайлар кыргыз тарыхында боло келген. Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Жаңыл мырза, Кенжеке, Бурулча, XIX кылымда кокон хандыгынын ордосунда зор таасирге ээ болгон Курманжан датка, Жаркын айым,  Зыяда датка, Ак Суусар, Соно айым булардын далили болуп саналат. Бул аталган кыргыз айымдары кыргыз коомчулугундагы аялзатынын таасирин, ээлеген ордун айкын көрсөтөт. Кыргыз тарыхында айылына алымдуу, элинин  кадырлуу, журтуна жугумдуу касиеттерге ээ болгон кыргыз аялдарынын ысымдары  тарыхыбызда белгилүү.

Ушул жагдайдан алганда  Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз  Айтматовдун карындашы Роза Айтматованын 2007-жылы басылып чыккан  “Тарыхтын актай барактары” аттуу  китеби жарык көргөн. Мына ошол китепте автор, аялзатына байланышкан уруулук санжыраны келтирет: “Төңтөгөрдүн беш уулу болгон. Төртөө заманына ылайык экиден, үчтөн аял алышкан экен. Эң кенжеси төрт тарабы төп келишкен, акылдуу, сулуу Шекер деген кызга үйлөнөт. Алар бирин бири абдан жакшы көрүшкөн. Күйөөсү башка аял алуу жөнүндө ойлогон да эмес. Көп балалуу болушкан. Балдары да акылдуу, кайраттуу болуптур. Бирок күтүүсүз кырсык болуп, күйөөсү кар көчкүдө калып өлөт. Жесир калган Шекер, колун сурап келгендерге күйөөсүнүн арбагын сыйлап макул болгон эмес. Анын уруу арасына сиңген кадыр-баркынан чочулаган туугандары, аны зордуктап башын бирөөгө байлай алышпаган. Ошентип, Шекер өзүнүн акылынын тунуктугу, камбылдыгы, тырышчаактыгы, кайраты менен очогунун кутун сактап, башына түшкөн кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, балдарын жалгыз бойго жеткирген. Ал өз үйүндө эле эмес, уруу ичинде да кадыр-барктуу болгондуктан, уруу аксакалдары аны менен да, балдары менен да эсептешин, алар менен кеңешип, алардын пикирин угуп, керек учурда акыл сурап турушкан. Ошентип жүрүп, акырындап уруунун аты “Шекерге” айланып кетет. Кийин, жылдар өтүп, бул этноним топонимге айланып, айылдын аты да Шекер аталып калат”.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылынын кыска тарыхы ушундай. Мына, кыргыз коомундагы аялзатынын орду, ага болгон мамилени айгинелеген дагы бир тарыхый факт.

“Дүйнө түркүгү – эне, аялзаты” дешкен элибиз. Кыргыз коомундагы аялзатына болгон мамилени, алардын ордун жатык тилдүү, учкул сөздүү кыргыз эли өз макал-лакаптарында да чагылдырган. “Эне үйдүн куту”, “Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы”, “Жакшы аял жаман эркекти орто кылат, орто эркекти жакшы кылат, жакшы эркектин даңкын чыгарат”, “Жакшы кыз, жакадагы кундуз”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Кыздын кырк чачы улуу”, “Кыз киши “конок”, “Биринчи байлык ден-соолук, экинчи байлык ак жоолук”, “Кардың ачса карындаш изде”, “Алысты жакын кылган кыз, ачууну таттуу кылган туз”, “Атадан алтоо болгуча, энеден экөө бол”, “Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим”, “Кабыргаң менен кеңеш” сыяктуу ж. б. макал-лакаптар буга далил.

Жогоруда келтирилген макал-лакаптардын ичинен өзгөчө белгилей кетүүчү, башка эч бир элде кездешпеген, кыргыздарга гана таандык “Кабыргаң менен кеңеш” деген лакап сөз. Бул лакаптын маанисине кеңири талдап келсек, ал төмөнкүдөй: Алла таала аялды эркектин кабыргасынан жасаганы баарыбызга белгилүү. Демек, “Кабыргаң менен кеңеш” деген лакап сөз, маанилүү бир маселени чечүүдө аялың менен, үй-бүлөң менен кеңеш, алардын да пикирин эске ал деген маанини берет.

Албетте муну, кыргыз эркегинин акылы аялыныкынан кем, чечкинсиз экендиги катары кабыл албоо керек. Бул лакап кыргыз коомундагы аялзатына болгон сый-урмат мамилени, улуу маданиятты көрсөтүп турат. Анткени “кайсы бир элдин маданиятынын деңгээлин, алардын аялзатына жасаган мамилесинен бил” деген мааниси терең улуу сөз турат .

Эми жогоруда айтылган тарыхтагы аялзатынын  алган орду тууралуу кеңири   тарыхый маалыматтарды келтирүүгө аракет жасадым, бирок ушул өңүттөн кыргыз тарыхында орду  болбосо да өзүмдүн  чоң энем Сайра жана таяэнем Батый  жөнүндө азыноолак   жазып кетсем ашыкча болбос. Сайра чоң энем  согуш учурунда  уулу  согуштан кайтпай калганда 7 небересин бапестеп чоңойтуп, 107 жашка чейин  бактылуу карылыкта жашаган. Ушундай узак жашагына карабай  акыл-эси, көкүрөгү таза бойдон өлөр алдында ар бир небересинин кийинки турмушу тууралуу айтып, олуялык жайы болгон. Аны төмөндөгү сөздөрүнөн баамдасак болот. Совет уулун “Ак эмгегиң менен ырыс токтотосуң, барктуу-нарктуу болосуң” деп айтканы  иш жүзүндө дал айтканындай эле болду. Ал эми Батый таянем  сабаты, билими  жок болсо дагы тубаса таланты бар  куйма кулак  болгон, аны  ыраматылык менин апам Дүйшөкан айтып калчу “Жаңыл мырза”, “Курманбек” өзгөчө “Кыз Жибекти  улам-улам айткан сайын уккулуктуу, көбүртүп-жабыртып айтчу экен. Ал эми кошокторду адамдын зээнин кейиткен сөздөр менен жамактап айтчу экен. Ал өнөрдү менин апам да аркалаган. Албетте, бул да болсо менин жакын адамдарымдын  тарыхы .

Ал эми соңку жылдары кыргыз коомундагы аялзатынын орду бир солк этип алгандай болду. 2005-жылдагы март окуясынан кийин өлкөбүздө ажаан аялдардын тобу пайда болду. Эл аларды ОБОН (озверелые бабы особого назначения) деп атап коюшту. “ОБОН”дордун жүрүм-туруму кыргыз коомуна жат, жапайы көрүнүш болду. Ачуу чындык, аларды бийликтегилер да, айрым оппозициялык күчтөр да уятсыздык менен өз кызыкчылыктарында колдонушту. Замандын мындай жаңы кесибин аркалагандардын милдети айкырып-өкүрүп, адамдардын бетин тытып, жулмалаганга чейин баргандарга атайын тарифтер да белгиленген эле. Бирок жалпысынан алганда “ОБОН”дор кыргыз аялдарынын кадыр-баркына доо келтире алышпады. Анткени кыргыз аялдарынын коомдогу орду кебелбес аскадай. Аны карт тарыхыбыз да тастыктап турат. Бул баалуу салтыбызды бекем сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин азыркы күндөгү маанилүү милдетибиз.

Суктанта турган адамдар болгону үчүн да тарыхта калышты Курманжан Датканын эрктүүлүгүнө, Жаңыл Мырзанын намыскөйлүгүнө, Уркуя .Салиеванын  тайманбас жаалдуулугуна, Канымбүбү Шопокованын эмгекчилдигине, Таттыбүбү .Турсунбаеванын сулуулугуна суктансак болот.

Өлкөбүздө кыйчалыш мезгилде эл башкарган  башчылардын акылына акыл кошуп, журт башкарган айымдарыбыз жөнүндө айтып кетүү абзел. Көрүнүктүү коомдук ишмер Роза Исаковна Отунбаева жөнүндө бир-эки ооз сөз айтып кетүү талапка ылайык..

2010-жылдын 7-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн башкарган.

2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президенти милдетин  жоопкерчилик менен аткарган.

Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматын өзүнөн кийин шайланган ПрезидентА.Ш.Атамбаевге тынч, мыйзамдуу жол менен өткөргөн соң, коомдук ишмердигин улантып келет.

Ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун төрайымы.

Кыргызстандын коомчулугунун бейрасмий өкүлү катары өз өлкөсүнүн эл аралык карым-катнашын чыңдоого, көп тараптуу маданий алакаларды тереңдетүүгө салым кошуп келет.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык рангы бар. Көп сандаган эл аралык кадыр-барктуу комиссияларга жана редакциялык кеңештерге мүчө экендигин белгилөөгө болот.

Аялзаты кыргыз элинде ар дайым урматталып, коомдо татыктуу орун алып келген. XIX кылымда кыргыз жергесине келген чет элдиктер кыргыз айымдарынын акылгөйлүгүнө, сулуулугуна суктанышып, алар тууралуу жылуу пикиплерин айтышкан. Алардын ысымдары эл ичинде аңыз кепке айланып азыркыга чейин айтылып келет.

Улуу диний аалымдардын айтуусунда ислам дининде балдарга таалим-тарбиянын пайдубалын кура турган, үй-бүлөдөгү, дүйнөдөгү бейкуттукту сактай турган зат, ар бир адамдын биринчи мугалими аял болуп эсептелет. Азыркы учурда апаларыбызга көңүл бурбай турган заман болуп калды. Апаларыбыздын кадыр-баркын көтөргөндө гана келечегибиз кеңейет.

Аялдардын кадыр-баркын көтөрсөк, энелерди сыйлаган болсок, биздин жашообуз жакшырат Дүйнөдө эч бир сулуулук Аялзатына теңелбейт. Байлыкка жеткени да, мансапка жеткени да, атүгүл  канкору да аялзатынын алдына келгенде   тизелеп берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *