№15
Эгер жалпы эле аялзатыбыздын, тактап айтканда. энелердин ден соолугу болбосо анда балдарыбыздын ден соолугу болбойт, демек, мамлекеттин келечеги болбойт дегенди билдирет.
Биздин аялдар коомго мүмкүн болушунча жардамдашып жатат. Бала-бакыраны багып жаткан ким? Эркектер аткарбаган жумушту аткарып, эртеден-кечке чейин таманынан сыз өткөрүп, базарда отургандар ким? Россияда Уралдан баштап Чукоткага чейин жүргөндөр кимдер?
Аялдар аргасыздан эркектердин бүт жумушун мойнуна алышты. Москвада эшик шыпырып, даараткана тазалап жүргөндөрдүн көбү кыргыз кыз-келиндер… Өткөн жылы Орусиянын Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 17 адам каза таап, алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болду. Каза болгондордун эң улуусу 45 жашта болсо, эң кичүүсү 18 жашка толо элек кыздар.
Ошондой эле алардын арасында кош бойлуу келин да бар экени аныкталган. Тилсиз жоо күлгөндөй жаш келиндердин өмүрүн алып кетти. Ошого жараша аялдардын социалдык абалы оңолуп деле кеткен жок
Дарыгерлердин айтымында, айылда аялдар, кыз-келиндер арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы жана жыныстык органдардын оорулары басымдуу. Буга жашоо-шарттын начардыгы, витаминдүү, калориялуу тамак-ашты аз жегендик, өз ден соолугуна кам көрбөө, дарттын алдын албоо себеп болууда. Алсак, бейтап жаш келин төмөндөгүлөрдү баяндады:
— Бир жыл мурда алым кетип, шалдырай баштадым. Көрсө, бул түйшүктүү кесепеттин алгачкы коңгуроосу экен. Болжол менен ошол эле учурда колтугумдагы шишикти байкадым. Ушул белгилерди айтып, облустук ооруканасындагы хирургга кайрылдым. Мени карап көргөндөн кийин врач: «Лимфа түйүндөрүнө суук тийиптир, аны алып салуу анчалык деле татаал эмес», — деп айтты. Бирок мен операциядан баш тарттым, анткени кантип эле жөнөкөй лимфа түйүндөрүнүн шамалдашы ушунчалык абалга алып келсин деген менде күмөн саноо болду. Жарым жыл өттү, шишик чоңоюп кетти.
Ошентип операциядан кийин жарым жыл өттү кыш келди, шишик кайрадан пайда болуп, тездик менен өсө баштады. Мен күн сайын шалдырап, алым кете берди. Жанымдын ооруганын жеңилдетүү үчүн ооруган жерге бир айдан кийин грелка коюп жаттым. Кийин билингендей, муну менен абалым жакшырбай эле, тескерисинче, начарлай берди, шишиктин тегерегиндеги терилер кочкул кызыл боло баштады. Шишиктин кебетеси көптү көргөн онколог врачтардын да жүрөгүн түшүрдү. Онкологиялык борбордон эмчек рагы деген бүтүмдү алдым. Буга кошумча, менден аз кандуулук оорусун табышты, — дейт жаш келин.
Азыр эмчек оорулары абдан көп кездешет, көбүнчө айылдан. Өздөрү ар кандай ыкмалар, жолдор менен дарылап көрүшөт, болбой калганда анан дарыгерлерге кайрылышат.
Саламаттык сактоо реформасы деп саламаттык сактоо системасы бүт талкаланды. Аялдардын ден соолугунун начарлап, өтүшүп кеткендигинин натыйжасында өлүмгө дуушар болушууда. Өздөрү ар кандай ыкмалар, жолдор менен дарылап көрүшөт, болбой калганда анан дарыгерлерге келишет.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын өлкөдө 440 аялга эмчектин сүт бездеринин рагы деген дарт наама берилет. Аны натыйжалуу дарылагандан кийин 5 жылга чейин жашагандар 50 пайызга да жетпейт. Ал көрүнбөгөн жана даректелбеген оору бойдон калууда. Аны алгачкы баскычтарында аныктоо менен татаалдашуулардын алдын алууга боло тургандыгы белгилүү болсо дагы, муну эл өкүм катары кабылдашат. «Рак — демек, өлүм» деген түшүнүк бекем орногон.
Акыркы он жылда онкология жаатында өнүккөн өлкөлөр маанилүү ийгиликтерге жетишти. Эгер дарт жаңы башталган учурда маммографиялык скрининг жолу менен аныкталса, анда бул оорудан каза тапкан аялдардын санын 45 пайызга чейин төмөндөтүүгө болмок.
Мурда ар бир район борборлорунда, калк көп жашаган айылдардагы төрөт үйлөрүнүн айрымдары жок калган. Бүгүн биздин энелер 17-18-кылымдагыдай баканды кармап алып төрөп жатышат. Бул өзү факт. Эмне үчүн совет доорунда курулуп калган нерселерди жок кылдык? Төрөттөн каза тапкан аялдардын, ымыркайында чарчап калган балдардын саны азая элек. Айылдагы келиндердин толгоосу башталган маалда айылдын бир бурчунан экинчи бурчуна машина издеп, район борборуна чуркап, айла-аргалары түгөнөт.
Айрым аймактарда төрөт үйлөрү жок
Энелердин төрөт үйүнө жетпей машинада, жолдо көз жарган учурлары көп кездешет. Айрым алыскы тоолуу айылдарда төрөт үйлөр кайра жабылып калган. Алсак, Баткен облусунун Зардалы айылында оорукана да жок, аялдарды медициналык адистиги жок айылдагы эле аял төрөтүн кабыл алып, элдин арасынан уккан-билгендери менен үй шартында төрөтөт экен.
Акыркы кезде аялдар арасында ооругандардын көбөйгөнү жана тышкы миграция себеп болууда. Екатеринбург шаарында ымыркайлар үйү бар. Элүүдөй ымыркай бар экен. Бардыгы татынакай, кара көз, кыргыздын кыздары, аялдары төрөп кеткендер. Москвада да ушундай балдар үйү бар. Анда отуздай ымыркай багылууда. Алардын баары кыргыздардыкы, ал жерде төрөлгөндөн кийин ошол жактын жараны болуп калат экен, кайра аны кыргызга беришпейт. Бул бүгүнкү күндөгү кыргыз аялдарынын реалдуу шарты, акыбалы.
Азыркы жаңы өкмөттүн программасында дагы адам жөнүндө кам көрөлүк деген программа жок. Үй-бүлөнү калыбына келтирүү, аялдардын социалдык абалын жакшыртуу аркылуу жаңы доордо саламаттыгы бекем, элим-жерим деп иштей турган жарандарды тарбиялоо жөнүндө кам көрүлүшү зарыл. Ошондуктан, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке аялдардын социалдык абалын түп-тамырынан жакшыртуу тууралуу мыйзам кабыл алынышы кажет.
Иштебеген мыйзам эч кимге жардам алып келбейт. Экономикалык система ар бир үй-бүлөнүн камкордугуна жараша болуш керек. Аялдардын социалдык абалын жакшыртуу тууралуу мыйзам жок. Бирок мыйзамдарды кабыл ала берген менен мыйзамдар иштебесе декларативдүү гана болот.
Аялдар витаминдүү тамактарды көп жешпейт. Айыл жеринде жашоо-шартына байланыштуу ден соолугуна көп көңүл бурушпайт. Негизинен элеттик аялдар үйдүн тиричилиги, турмушубузду оңдойлу, бул баламды окутайын, бул баламдын контрагын төлөш керек, тигинин бут кийими жок дегендей маселелерди ойлошот. Аялдардын көпчүлүгү ден соолугун карашпайт деле. Талаанын жумушун биринчи орунга, ден соолугун экинчи орунга койот.
Айыл жергесинде татыктуу жашоо үчүн шарттардын жоктугу. Кыргызстандагы айыл жергесиндеги жашоо шарттарды шаардыкы менен салыштырууга болбойт. Мисалы, айыл тургундарынын көпчүлүгү кышкысын үйлөрүн жылыта албагандык, жарыктандыруу жана санитария шарттарынын, ошондой эле ичүүчү суунун сапатынын начар болушу жана толук кандуу тамактана албагандык сыяктуу бир топ көйгөйлөргө туш болушат. Натыйжада, ичүүчү таза суунун жетишсиздигинен, талапка ылайык санитардык жана гигиеналык шарттардын жоктугунан улам, айылдык аялдардын ден-соолугу начарлайт.
Айыл жергесинде инфратүзүмдүн жоктугу да кейиштүү. Шаймандардын эскилиги жетип, каржы ресурстарынын жетишсиздигинен, коррупциянын гүлдөп өнүгүшүнөн жана суунун деңгээлинин төмөн болгондугунан улам, бүтүндөй мамлекет боюнча электр кубатын жапырт өчүрүү көрүнүштөрү көбөйгөндөн көбөйүүдө. Натыйжада, энергетикалык каатчылыктын эң оор соккусу айыл тургундарына тийип, ансыз да кыйналып турган элди ого бетер карайлатат. Тамак жасоо, кышкысын үйдү жылытуу, санитария жана гигиена шарттарын камсыз кылуу сыяктуу түйшүктөр аялдардын мойнуна жүктөлүп (отун-суу алуу ж.б.), шаардык аялдарга караганда көбүрөк убакытын алып коёт.
Коомдук пикирдин кысымы жана жеке жашоонун чектелиши
Шаарга салыштырмалуу айыл жергесинде тууганчылык мамилелери күчтүү болгондуктан, айылдык аялдардын жеке турмушуна байланыштуу нерселер бүтүндөй айыл боюнча жайылып, жалпылап талкууга алынып кетет. Дарыгерлердин айтымында, айылда аялдар, кыз-келиндер арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы жана жыныстык органдардын оорулары басымдуу кылат. Буга жашоо-шарттын начардыгы, витаминдүү тамак-ашты аз жегендик, өз ден соолугуна кам көрбөй, дартты алдын албоо себеп болууда. Башкача айтканда маалыматтык ачкалык да себеп болот.
Кырчындай болгон кыз-келиндердин өмүрүн кыйган оорулар кайдан келип чыгат деген маселе ойлондурат. Азыркы учурда аялдар арасында кеңири тараган оорулар эмчек рагы, жатын моюнчасынын жарасы, аз кандуулук, төрөттөн каза табуу ж.б.
«Аялдардын жана кыздардын ден соолугу» кыргызстанда калктын репродуктивдүү ден соолугун камсыз кылууга жаңы мамилелерди калыптандыруу, өлкөдө эненин өлүмгө учурашынын социалдык жана укуктук өңүттөрү, жаштардын, «Ден соолукту алдын алууда кызматташтык жана өнөктөштүк» кыздардын жана аялдардын ден соолугун чыңдоону алдын алуу, дене тарбиясы менен машыгуу, пландуу скрининг, онкологиялык бейтаптарды колдоого багытталган тилектеш формаларды мобилизациялоо жана өздөштүрүү, кыздардын жана аялдардын сапаттуу, туура тамактануусу – ден соолуктун негизи туурасында талкуулар, суроо жооптор «Р.Отунбаеваныны фондусу» тарабынан кеңири конференциялар жана талкуулар жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдеринин аткарылышын көзөмөлдөө начар экендиги, жергиликтүү бюджеттерде гендердик зомбулукту алдын алууга бир тыйын каралбагандыгы, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр стандартын иштеп чыгуу жана тажрыйбага киргизүү зарыл экендиги айтылды.
Энелерибиздин ден соолугу болбосо анда балдарыбыздын ден соолугу болбойт, демек, мамлекеттин келечеги болбойт. Энелер камкордукка алынсын десек, ал үчүн иш жүзүндө ишке ашырылуучу мыйзамдык негиз керек деп ойлоймун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *