№17

“Кыргызда  кыздын аты улук” дейбиз. “Кыргыз эзелтеден аялзатын барктап, баалап төрдөн орун боруп келген” дейбиз. “Кыргызда азыркы жаңы чыгып жаткан гендердик маселе деген түшүнүк эзелтеден эле бар болчу, биздин ата-бабабыз эч убакта аялдарды басмырлаган эмес, укугун тең карап келген” деп макала жазып, жыйындарда сүйлөсөк оозубуздан алтын шилекей чачырайт. Бирок эч кимибиз кыргыз аялдарынын жонуна артылган оор жүктү айтып, акыйкатты моюнга алгыбыз келбейт. Өлүп баратсак да ал тууралуу тилибизди күрмөбөйбүз го, чиркин.

Мына бүгүн мен ошол оор чындыктын оозун ачып, өзүм көрүп-билген окуялар аркылуу бүгүнкү кыргыз аялдарынын оор түйшүгүн айтып көрөйүн.

Мен чоң энемдин колунда өстүм. Жарыктык, жалгыз баласынын балдарын — бизди кызыл эт кезибизден этегине ороп кетип, багып чоңойтту. Биз, төрт биртууган, төртөөбүз тең эс тартканга чейин чоң энебизди апа деп, төрөгөн апабызды жеңе деп жүрдүк. Байкуш чоң энем 14 жашында чоң атабызга турмушка чыгыптыр. Анда тээ согуштан кийинки эл кыйналып турган элүү жылдын башы да, Атбашынын бу башынан тиги башына атка учкаштырып алып келишиптир. Мына ошол күндөн ушул күнгө чейин чоң апамдын жаны тына элек. Ишенесиңерби, бир мүнөт “өх-х” деп отуруп калган жан эмес. Анын башынан өткөн окуяларды тизмектесем, бу кыргыз аялдарынын бүт эле оор түйшүгү күзгүгө сала койгондой көрүнүп, ошонда анан “бу, кыргыз эркектери, эмнеге мынча итпиз?!” деп ийгиң келет!

Мисалы, чоң атам дээрлик 40 жылдай колхоздун ак коюнун артынан түшүп, ач бел куу жондо мал артынан жүрүп, өмүрүн өткөрдү. Мына ошол “ак кой өлгөнчө өзүң өлсөң эмне?!” деп союздун башкармалары зекиген азаптуу замандагы чоң апамдын эмгеги өзүнчө эле эрдик. Үйдүн ээси, малдын ээси чоң атам болгону менен көп түйшүктү чоң энем тартыптыр.

Атабыз аттын жакшысын токуп минип, алчактата бастырып жүргөнү менен эртең менен кечинде бир короо койду санап короого киргизип-чыгарыш, эртеден кечэ бээ сааш, эки маал уй сааш апамдын иши экен. Албетте, бул аялдын жумушу дечи. Бирок атакебиз айылчылап кетип, кыштактан кызымтал тартып эки күндө чыгып келгенче кой короодо “гезит окуп” турмак беле? Эки-үч жашар баласын жонуна көтөрүп, белине азыгын таңып алып, кыштоодо кыштын күнү кой кайтарган учурлары болуптур. Ак кой баш бербей, кырдан кырды кезип, коктудан коктуга түшүп отуруп, тээ жайыты канган маалда кара терге түшкөн байкуш колундагы баласын жерге түшүрүп, анан колуна чогулта жүргөн чырпык, тезектерден от тутантып, калай идишке айрандан куюп жылытып, ууртатып, суу болгон бутун отко кактап, курганткан болчу экен. Элестеткиле!

Андан кийин койду короого жакындатып коюп, үйгө келип оттон чоң жагып, алагүү келчү абышкасына тамак асып, уйду саап, камырын жайып, нанын бышырып, ал ортодо кежигеси кер тарткан койду короого айдап түшүп, куруттай санап киргизип жиберчү экен. Кыскасы, ошо куу башынын кууралынан улам болгону жалгыз балалуу болгонун айтып арман кылат. Ач бел, куу жондо, ысык-суукта жүрүп, эки-үч курдай боюнан түшөт байкуштун. Андан кийин биздин атабызды аман-эсен көз жарат. “Кийин деле төрөйт элем, бир курдай кыштоодон түшүп келатсам сайдын боюнан бир немеси “булт” этип чыга калып, алдымдагы ат үркүп кетип, ээрдин кашына катуу урунуп, андан атка сүйрөлдүм. Ичим айрылып, табарсыгым катуу жабыркап калды. Ошондон кийин төрөй албай койдум” деген апамдын арманын укканда бүт кыргызды кошуп туруп, аялды аябаган мамилеси үчүн куурдактай кууруп жибергим келген.

Андан да кызыгы, ошентип эшикти да, үйдү да бирдей тейлеген апабыздын эмгенинин артынан “Алдыңкы чабан” атыккан чоң атабыздын Союз дооронун сүрүп, сыйлыктарга татып, тигил жагы Чехословакия, бул жагы Болгариядан бери СССР аймагын түрө кыдырып, саякатчы болуп кетип калганычы!

Ал ал жакта чардап, кыры чыккан чийбаркыт шым кийип, шляпаны кыйшайтып, сүйкүмдүү кыз-келиндер менен сүрөткө түшүп жүргөн маалда ак койдун артында баягы эле апабыз самсаалап ээрчип жүрөт да. Жардамчы койчу деген жарытмак беле, баягы эле апабыз “Алтыкем келгенче, аман-эсен багалы  малды, уят болбойлу” деп сак-сактап гана жүрүптүр да, жарыктык.

Эгер, атабыздын оюнда аялга болгон сый-урмат, анын деле жыргалчылыгын, укугун коргоюн-колдоюн деген бир ой болсо, эмнеси кетип атты эле, чыштай кийинтип, колтугуна кыса ошол орустун кең мекенин көргөзүп келсе болот беле? Болмок…

Кептин кыскасы, ушул-ошол апабыздын азыр да жаны тына элек. Жашы 85тен ары эңкейсе дагы, өчөйүп абышкасынын тамагын бапестеп жасап, кийимин кирдетпей, отун жагып отурганы отурган. Жакында шаарга келишти, эки небересинин үйүнө эки айга зорго чыдашты. Айылга көнгөн киши турчубу, абышкасы бир жумада эле тажап, отура албай, сүйлөнүп, айылдагы атына, итине сары санаа болуп, “кетели” дегенди акырын күбүрөй баштайт. А байкуш апамдын кеткиси жок.

Кара жумуш, түмөн түйшүк анын көңүлүнө көк таштай тийип, жедеп жалкотой кылып койгон сыяктуу. Анан эмне, ал деле элдин кемпирлерине окшоп, чөбөрө жытын жыттап, тынч, ысык чай ичип, жылуу үйдө отургусу келет да. Кимдин эле ит өлгөн Атбашынын суугунда эртели-кеч кол какшаткан темир тепшини кармап, от жагып, көң талкалап, картөшкө аарчып, эт туурап отургусу келсин. Анан дагы ошол үй жумушу менен эле отуруп калмак беле. Абышкасы атын токуганы баратып, “Э, Сайра ооздукту жылытып, көрпөчөнү көтөрүп чык!”  деп кетет.

Андан кийин өзү аттын үстүнө чыгып алып, “Э, Сайра келе дүрбүнү!” деп күңк этет. Бир аздан кийин эле “Э, Сайра, эшекти кармап токуй кал, суу ала келейин” деп эшиктен кыйкырат. Аз өтпөй эле “Э, Сайра, короонун оозун ачып, торпокторду айдап чык!” деген буйрук түшөт. Анын артынан аркы короодогу тайларды чыгарыш, мал суудан келгенче чөп чачыш, чабыр козу-улактардын акырына да суу жеп коюш апабыздын милдети.

Кыскасы, ушундай күн сайын жазылып коюлгансып, кайталана бере турган жумуштан апабыз жакшы эле качып, кара күчкө “мен кетпейм, агарып, колу-башым кесилбей, сонун болуп калдым, барсаң өзүң бара бер…” демиш болду. Бирок түткөн жок, дээрлик 70 жылдан ашык бирге түтүн булатып, бүт дүйнөсү биригип калган абышкасын ушул кыштын суугунда кантип сарайдын бурчуну жалгыз жибермек?!  Кетти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *