№16

Сен  кимсиң  аялзат?! Бул  суроону  эң  оболу  өзүмө  берип  көргүм   келет.  Ырас  эле  мен  киммин?..  Алгачкы  эле  жообум,  эки  кызга  эне  болсом  да,  апама,   атама  дале  бала  экендигим.  А  коомдо  катардагы  бир аялзатымын.  Ананчы?  Анан  үйдө  жолдошум  үчүн аял,  ашпозчу,   кызматчы,  жардамчы,  кул,  а  кээде  кеңешчи,  дос.  Булар  албетте,  менин  «ЭНЕ»  статусун алгандан кийинки  кошумча  милдеттерим.   Эң  сыймыктуусу  —  ЭНЕ  болгондугум.  Балдарым  үчүн  апам  сыяктуу  тарбиячы,  окутуучу,  аалам  экендигим.

Эми  ушул  энелик  милдеттеримди  так  аткарып,  үй  бүлөлүк  коломтомдун  жылуулугун  канчалык  деңгээлде   сактап  жатам  деген  суроого  бүгүнкү  тогунан  ачы,  барынан   жогу  арбын  алдым-жуттум  заманда  эне  болгон   ар  бир  аял  тайманбай  жооп  бере  алабы?

Эгерде  аялзатын  бакчага  салыштырар болсок,  бакчага  баарын  эгүүгө,  өстүрүүгө  болот.  Кай  бирөөсүндө  мөлтүрөп  бышкан  мөмөнүн  түрлөрү,  аңкыган  жыпар  жыттарга  толгон  жемиштер,  кооз  гүлдөр  өсүп  турган  болсо,  ага  назар  салбай,  көз   артпай  коюуга мүмкүн  эмес.  Мындайда  бакча  ээсине  суктанып,  алкыш  айтасың.  Анын   сыңарындай  дал  ошол  бакча  ээсиндей  эл  алкышына  арзый  турган  балдарды  тарбиялап  өстүргөн  багбанчы  эне  болууну  ар бирибиз  самайбыз.

«Дарактын  түрүнүн  сакталышында  урук  жана   данеги  кандай  мааниге  ээ  болсо,  адамзаттын  жашоосунун  уланышы  үчүн  да  эне  менен  бала   ошондой  мааниге  ээ» деп  айтылат.  Демек,  аял  үй  бүлөнүн,  баланын,  а  түгүл  эркектин  да  деңгээлин  чагылдырган  күзгү.  Мына  ошондуктан  «Ар  бир  ийгиликтүү  эркектин  артында  күчтүү  аял  турат» делет.  Буга  дагы  бир  далил — апам  менен  атамдан  көргөндөрүм.

Апам  мектепти  аяктап  эле  турмушка  чыккан  экен.  А  атам  балдары  менен  жаш  келинчегин  таштап  Москвада  окуп,  анан  келип  иштеп, айтор,  атамдын  ар  бир  ийгилигинде,  жетишкендигинде,  үй  бүлө  очогунун  сакталып  калышында  апамдын  опол  тоодой  эмгеги,   мээнети  жатат.  Ата  көбүнчө  сыртта  жүргөндүктөн,  үй  түйшүгү,  бала  тарбиялоо  милдети  да  энеге  жүктөлөт  окшобойбу.

Бир  ирет  кесиптик  ишимдин   арты  менен  ажыга  барып  келген  баатыр  эне  менен  баарлашып  калдым. «Энелик  бакытты  кандайча  түшүндүрө  аласыз?»- деген  суроого:  «Эне-тукум  улоочу.  Тарбия  башаты. Ал  эми  энелик  бакыт-аялдын  адамзаттын жаралуусунда,  өсүп-өнүгүүсүндө  эң таасирдүү  тарбиячы,  багбанчы  боло  алгандыгында» — деген  жообу  болду.  «Эгер,- дейт  баатыр  эне,  —  дарактын  бутагын  чыбык  кезинде  кайсыл  жакка  бурса,  ошол  жакка  ийилип,  сынбай  бурулуп  кете  берет.  А  бирок  ал  дарактын бутагы  чоңоюп,  жоон  бутакка айланган  кезде  аны  такыр  кайрыганга  болбой  калат.  Эгер  күчкө  салып  кайрый  турган  болсоң,  сынат  же  куурайт.  Мына  ошондуктан,  баланы  ыйман-адеби  менен  акыйкат  жолду  таанытып  өстүрсөң,  чоңойгондо  ошол  дарак  бутагы  сыяктуу көркөмдүү,  түз  өсүп,  берген  мөмөсү  жемиштүү  болот»,-  деп  кебин  толуктады.

Тарбия  демекчи,  жаратылыштагы  жандуунун  баары   тарбияга  байланыштуу тура.  Бир  икаяда  айтылгандай,  бирин-бири  сыйлап-урматтаган  үй  бүлө  балага  зарыгып  жүрүп  жашайт.  Акыры  чыдамы  кеткен  аялы  күйөөсү  менен  ажырашууну  чечет.  Ошентип  аял  кетип  калат.  Кеткен  күнү  эле чынар  теректин  чырпыгын  өстүрүп,  ага  өз  баласындай  кам  көрө  баштайт.  Көчөттүн  астын  жумшартып, суу  куюп,  ал  түгүл  сүйлөп  да  берет.  Мезгил  өтүп,  ал  аял  өстүргөн   көчөт  көк  тиреген   көркөмдүү  чынар  терек  болуп  өсөт.  Муну  байкап  калган  ошол  чөлкөмдү  башкарган  хан  өз  адамдарына  буйрук  берип,  өзүнө  хан  сарай  салдыруу  үчүн  ошол  теректин  өтө  керектигин  айтып, баягы  аялга  жиберет.  Аял  макул  болбойт.  Хандын  буйругун  аткарбай  коюуга  мүмкүн  эместигине  көзү  жеткенде  гана  бир  шартын айтат: «Мен каалаган  учурда  хансарайга  кирип, ушул  теректин  жыгачын  бир  көрүүгө  уруксат  болсун».

Уруксат  берилип,  терек  кыйылат.  Хансарай да  салынып  бүтөт.  Аял  өстүргөн  терек  сарайдын  кооздугун  арттырган  негизги  түркүк  болуп  орнотулат.  Күндөрдүн  биринде  ошол  аял  келип жанагы  түркүктү  кучактап  ыйлап  жаткан  болот.  Тыңдашса,  аял  бышактап  ыйлап  жатат: Эгерде  мен  сени  мынчалык  баламдай  асырап  өстүрүп,  тарбиялабаганымда,  азыр  минтип  мен  сени  көрүү  бактысына  ээ  болмок  эмесмин.  Сен  да  хансарайдын  көркөмүн  ачкан  негизги  түркүк  болбостон,  отун  болуп  жагылып  же  чирип  жок  болмоксуң».

Демек,  тарбия-адамдын  адам  катары  калыптануусунда,  турмушта  өз  ордун  табуусунда булактын  башаты  сыңарындай  экен.  Ал  эми  ошол  бекем  тарбияга  суугарган  биздин  энелердин  таман  астында  бейиш  катылгандыгы  мына  ушундан  болсо  керек.

Энеден  кызга,  укумдан-тукумга  уланып  келаткан  тарбия,  санжыра… Төгүн  жерден  кыргыз  кыз  балага  өзгөчө  маани  бербеген.  «Кызга  кырк  үйдөн  тыюу»,  «Кызы  бардын-  назы  бар»,  «Энесин  көрүп  кызын  ал».  Кыз  бул — аял.  Эртең — ЭНЕ.  Аял — үйдүн  куту,  улуттун  өзөгү,  негизи  делген.

Мына  ошондуктан  кайда  жүрбөйлү   энекелеп  издеп,  а  түгүл  аталарыбыз  да  энеңер  кайда  деп тынчсызданып,  сагынып-күтүп  турганыбыз,  сыйынганыбыз,  жылынганыбыз,  мунун  баары  ЭНЕ  деген  улуу  заттын  касиеттүүлүгүндө  окшобойбу.

Медербек  Кадыров өз  ыр  саптарында  белгилегендей:

Эсимде  дале  турат…
Жыртылган  байпагымдын,
Үшкүрүп,  чечип  алып  жамаганың…
Үзүлгөн  топчусун  көйнөгүмдүн,
Үкөктөн  башкасын  таап  кадаганың…

Энекебай,  азыр  эми
Айталбай  койдум  сага,
Байпак  эмес  жыртылганын  жан  дүйнөмдүн.
Алданып  абийирсиз  адамдарга,
Топчу  эмес,  үмүт  жиби  үзүлгөнүн.
Энеке,  жыртылган  жан  дүйнөмдү  жамап  берчи! — деп  оорусак,  соолуксак  да,  кагылып-согулсак  да,  кубанып-кайгырсак  да,  таянарыбыз,  аяп  алаарыбыз  да  эне  экен.

«Менин  түгөйүм»  деген  китепте  бактысына  маарыган  да,  наалыган  да  энелердин  тагдыры  сыпатталат.  Алардын  бири он  үч  жашында  турмуш  курган  аял. Ал  мындайча  баяндалат:  «Күндөрдүн  биринде  мен  адаттагыдай  эле көчөдө  кыздар  менен  ойноп  аткам.  Апам  чакырып  калды.  Болгондо  да  күндөгүдөн  башкача чакырды.  Бир  аз  ойногум  келип  кыйылган  ой-боюма  койбой  чакырды.  Мага  коноктор  келгендигин  айтты.  Таң  калдым.

Үйгө  кирсем, бейтааныш  адамдар.  Аңгыча  меймандардын  бирөөсү   атама  тутам  акча  сунду. Демейде  оңой  менен  чечиле  бербеген   атам   кубангандай,  ыраазыдай  көрүндү  мага.  Колумду  сурап  келген  ошол  чоочун  адамдарга  ошентип  мен  акчага   сатылгандай  болдум.  Болгону  он  үч  жаштамын.  А  башка  бирөөнүн  бүлөсүнө   келинмин.  Оюнга  алаксып  келиндик  милдеттеримди  унутуп  кеткен  учурларым  да  арбын  болду.  Аз  өтпөй  мага  дагы  бир  абысын  келди.  Жаңы,  жапжаш  келин.  Кайненем  экөөбүзгө  иштерди  бөлүштүрүп  койду.  Шашып-бушуп  бүтүрө  салып,  абысыным  экөбүз  оюнга  шашабыз.

Аңгыча  арадан  бир  жыл  өтүп,  кайненем  мени  догдурга  жетелеп  барды: «Келгенине  бир  жыл  болду.  Төрөбөйт. Таң  калган  дарыгер:

— Ушул  сиздин  келиниңизби?..  Секелек  кызды  келин  кылып  алып,  анан  төрөбөйт  деп… — Догдур  бир  топ  сөздөрдү  айтты.

–Төрөйт  эле.  Мен  бул   куракта  бир  баланы  төрөгөм,-  деди  кайненем.

Анткен  менен  кайненем  жакшы  киши  болчу.  Ошентип  бала-чакалуу  болуп,  өзүбүзчө  шаар  болдук.  Эрте  турмушка  чыксам  да  бир  бүлөнүн  бүтүндүгүн  кармап   калдым.

Демек,  калкыбызда  кылымдан  бери  келаткан  аялга  деген  сый-урмат  бекеринен  эмес.  Жодошуна  сүйүктүү  жар,  балдарына  камкор  эне,  кайын-журт арасында  кадыр-барк  таба  билген  ар  бир  аялдын  мээнети,  тарткан  түмөн  түйшүгү, мунун  баары  жашпы-карыбы,  улуубу-кичүүбү,   сулуубу   же   башкабы,   эң   башкысы  АЯЛ  деген  заттын  кеменгерлигинде  окшобойбу.

Мына  ошондуктан  акылман  бабалар  айткандай, эгер  аялда  үй  бүлөгө  деген  СҮЙҮҮ,  МЭЭРИМ,  КАМКОРДУК  болбосо,  анда  үй  бүлө  деген  капкалуу шаардын  урашын  душмандан  эмес,  өзүңдөн  күт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *