Индия жомогу
Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш болот. Жарканат ошондо минтиптир өзүнчө:
– Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт.
Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарканат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат канаттуулар тарабына учту, бирок өтө жакындап барбастан ойлонду: «Мейли, адегенде жеңишке жетип алышсын, ошондо кошулам!»
Арийне, канаттуулар жеңиле турган болуп калды эле, жарканат айбанаттар тарабына жылт койду да, минтип жар салды:
– Менин тумшугум кудум эле чычкандыкындай. Балдарыма сүт эмизем, а канаттууларга андай ырыскы буюрбаган. Демек, мен айбанатмын. Андыктан мени өгөй эмес, өздөй көрсөңөр экен! А мен силерге өмүр бою чын жүрөгүмдөн ак кызматымды кыламын. Мен силерди эч качан сатпаймын!
Айбанаттар жарканатка ишенип, өздөй көрүп кошуп алышты.
Бирок болбой эле канаттуулар жеңип кетти. Анткени алардын аскер башчысы алгыр бүркүт деген түгөткүр экен. Муну баамдаган жарканаттын жаны оозуна кептелип, ой калчады: «Мени эми канаттуулар соо койбойт. Тытып жешет!»
Ушул ой башына келери менен зуу коюп качты. Качканда да тоолордун, токойлордун арасына житип, өзүнө кычык тапты.
Ошондон бери ал кыпылдап жашайт экен: күндүзү жашынат, түндөсү канаттуунун баары уяларында уктап жатканда гана жарканат сыртка уурданып чыкчу болуптур.
Көрсө, суу жүрөктөр ушундай оома, шүмшүк, саткын болгон үчүн бет күйдү болуп жашайт экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *