Алтай жомогу

Байыркы бир мезгилде Алтайды турак кылган Мааны деген керемет бир жырткыч болуптур.

Ал кылым карыткан кедр дарагындай кебелбес чоң экен. Тоолор менен жер кезип, талааларды кыдырып жүрүп да өзүнө окшош жаныбарды такыр кезиктирбептир. Ошентип отуруп аз-аздан карый баштайт.

«Мен өлсөм, – деп ойлонот ал бир күнү, – Алтайда мени эстер эч ким табылбайт, а түгүл бул жер бетинде чоң жаныбар Мааны жашаганын да унутуп салышат. Ошон үчүн менден не болсо да бир нерсе туулуп, тукум улап калса болор эле».

Ошондон көп өттүбү, аз өттүбү, айтор Мааныдан эркек төрөлдү. Кызыгы ал мый* болуп чыкты.

— Алдей, алдей, бөбөгүм! – Мааны бешигин терметет. – Алдей, алдей, ак бөпөм!..

Бирок баары бир мый чоңоюп, болгону мышык бойдон калды, анан ал мырылдаганга үйрөндү.

Экинчи уулу – кашкулак – мышыктан чоңурак болгон менен алп Мааныга жетүү кайдан. Күнү бою ал үйдөн чыкпайт да, түнү токойдо оор кадамдап, башын жерден көтөрбөйт, көктөгү сулуу айды да, жылдыздарды да карабайт.

Үчүнчүсү – суусар, дарактардын бутагында койкоюп конуп отурганды өлө жактырат. Бир жолу ошентип бутакта отуруп, ал бутак сынып кетип, суусар жерге жыгылып, бутун кыйшайтып алды.

Төртүнчүсү – сүлөөсүн. Анысы жакшы эле, көлөмү да келишип, чоңурак болду, бирок өлө коркок, кала берсе энесине да делдейтип кулактарын салып калат. Кулак түбүнө сөөк бүтүп көрүнүшү бир кызык.

Бешинчи болуп илбирс туулду. Анын көзү жалжылдап жанып, өзү да тайбас, тартынбас чыкты. Ал тоонун бийик жерлерине чейин чыгып, таштан ташка куштай секирип жүрдү.

Алтынчысы – жолборс. Жем боло турган нерсе көрсө эле болду – таң аткандан күн батканча кыймылсыз аңдып жата берет. Мунусу жазгы шамалды да туурап, бугу-маралдардын кыйкырыгына да жооп кылат. Ал аябай күчтүү жана куу, кала берсе энесинен да өз күчүн жашырып жүрдү.

Жетинчи баласы – арстан. Чоң башын бийик тутуп, бет маңдайына тике карап, бой көтөрүп басат. Анын үнүнөн дарактар дирилдеп, аскалар кулап, бир алаамат болот.

Жетөөнүн ичинен эң кыйыны ошол болсо да аны менен ойноп атып энеси Мааны бирде аны чөпкө булайт, бирде көккө ыргытып тосуп алат.

— Булардын бирөө да мени тартпаптыр, – деп наалып калат Мааны-апа, – баары менин өз ичимден чыккан ийри жыландарым. Мен өлгөндө кимиси өксүп ыйлайт, тирүүмдө кимиси жаныма күйөт?

Балдарын түгөл топтоп, аларды эркелетип, баштан сылап отуруп Мааны минтет:

— Балдарым, менин курсагым ачты, бир нерсе жегим келип атат.

Улуусу мышык ырын мыёолоп созуп, башын буту менен кашаң кашып, арбыбаган арым менен жегенге деп бир нерселер издеп кетти. Үч күн жоголду. Төртүнчү күн дегенде оозуна бир кичинекей чымчык тиштеп келип калды.

— Бул жемиң менин жумурума да жук болбойт, – деп күлдү Мааны, – сен балам өзүң кичине кубат алып ал.

Мышык үч күн жанагы чымчыктын этин эрмек кылды, төртүнчү күнү гана курсагын эстеди.

— Сен, чүрпөм, бул жүрүшүң менен бул токойдо кыйналасың, – деп боору ооруй Мааны мышыкты карады. – Менин тилимди алсаң адамдарга кетишиң керек.

Мааны сүйлөп бүтөрү менен караса, мышык жок. Ал токойдон түбөлүк кол үзүп, адамдар арасына баш калкалоого кетиптир.

Бир күнү Мааны кашкулакты чакырып, ага минтти:

— Мен ачка отурам, бир нерсе таап келип менин курсагымды тойгузчу?

Анысы көпкө ойлонгон да жок, алыс да барбады, бир паста бир жыланды кармап, энесине алып, жетип келди.

Маанынын кабагы бүркөлдү:

— Сен да менден кет! Мага жылан көтөрүп келгениң үчүн өзүң эми ошол жылан-пылан, курт-кумурска терип жеп, оокатыңды кылып жүрө бер!

Кашкулак таң атышын күтпөй корулдап-шорулдап, жер челип кара токойдун калың жагына жөнөдү. Кырдын бир бийигирээк жерине кең ийин казып, анын ичине кургак бариктерден мыктылап төшөп, эч ким менен иши жок, бирөөнү конокко да чакырбай, өзү да бирөөнүкүнө мейманга барбай жашап калды.

— Мен ачкамын, жей турган бир нерсе таап кел? – деди Мааны бир күнү суусарды өзүнө чакырып.

Жети күн жер кезип кыйшык бут суусар сегизинчи күн дегенде карышкырдан арткан бир нерселерди көтөрүнүп келди.

— Сенин тамак алып келишиңди күткөн киши ачтан өлгүдөй, – деди Мааны көңүлү түшүп, – ушул мени жети күн күттүргөн үчүн сенин урпактарың жемин жети күн күтүп, анан таап жешсин, эч качан алар тамакка тоё жетпесин.

Мааны ошондо суусар баласынын кедрдин бутагын кыйшык буту менен ийип атканын бир көрдү, ошол-ошол болуп андан соң ал жерден житип жоголду.

Төртүнчү болуп азык алып келүүгө сүлөөсүн жөнөдү. Ал эми эле жаны чыккан эликти алып жетип келди.

— Оо, сенин ууң дайым ушундай жолдуу болот, – Мааны кудуңдап сүйүндү. – Сенин көзүң өткүр, кулактарың сак. Куу жыгачтын куудураган доошун бир күнчөлүк жерден ажырата билесиң. Чытырман токойдо жашоо сага жагымдуу болот, карт дарактардын көңдөйүндө балдарыңды каалаганча көбөйтө бересиң.

Сүлөөсүн шырп алдырбай ошол эле күнү калың токойдун арасына кирип кетти.

Эми Мааны илбирске тигилди. Ага энеси сөз айтып бүткөнчө эле тоо-таш аралап, аскадан бир кулатуу менен текени жыкты да, заматта аны сүйрөп жетип келди. Текени жонуна артып келатып жолдо качып өткөн коёнду да бөктөрүнүп алды. Эки белек менен Мааны энесинин жанына жакындады.

— Ой, уулум, илбирс, эми сен эч ким жетпес, бийик аскаларды турак кыл да, таштардын арасында тоонун эчки-текесин, эркин аргалысын* уулап, оокатыңды өткөрүп жүрө бер.

Илбирс тоо-ташты аралап кетти.

Жолборстун кайда кеткенин энеси билбей калды. Бирок бир нерсе таап келүүгө жарады. Мындай азыкты Мааны каалаган эмес эле. Алдында кишинин – мергенчинин өлүгү турду.

Алп Маанынын айласы алты болуп, безилдеп ийди:

— Ой, уулум ой, жүрөгүң кандай таш боор, ушуга кантип акылың жетпейт!? Эки аяктуу адам деген макулукка душмандыкты биринчи баштадың, эми сенин териң түбөлүк анын каны менен ала-була болуп жүрөт. Калың камыш ичине кирип кет, сенин териңди эч ким көрбөсүн. Адамдар да жок, мал-ал да жок жерге житип жүр. Сага айтарым – жакшы жылдарда жапайы доңуз менен бугуларга аңчылык кыл да, жаман жылдарда бака аңды, асти адам аттууга катыла көрбө! Сен ошол камыш ичинен адамды биринчи көрсөң, анда сага бакыт келгени – тез анын көзүнө чалдыкпай жогол! Эгер киши сени алгач көрсө, анда сенин амалыңдын кеткени, адам деген сени алмайынча жөн койбойт.

Армандуу айкырган чаар жолборс чамынып чытырман камышка жол алды.

Эми ошентип, силер билгендей эле жетинчи балага кезек келет. Ал арстан эмес беле. Түнү ал түнт токойдо аңчылык кылгысы келбеди. Өрөөнгө түшүп келип, аяктан бир кишини ат-маты менен бөктөрүнүп барды.

Мааны эне эс-кушун жоготуп коё жаздады.

— Ок-ок! – Башын койгулап, туш келди ургулап атты ал. – Ок, өзүмө чала, неге мен ушул жетөөңдү туудум экен! Сен, жетинчиси, эң эле кутурганы болдуң го! Кантем! Кантем! Сен бул Алтайда жашабай, алыска жогол! Күз шамалын билбеген, кыш каары келбеген жакка кет, ошондо балким сенин катуу териңди чызыраган аптап жумшартар.

Качандыр бир кезде Алтайда жашаган алп жырткыч ушинтип өз балдарынан көңүлү калган экен.

Ошол Мааны карылыгы жеткенде да жалгыз калыптыр, өлүм башына келгенде да балдарынын бирин да чакыртууну каалабаптыр. Балдары ар кай жакка тентип кетиптир.

Келгиле, Мааны-эне тууралуу ырды созолу да, ал тууралуу жомокту башкаларга да айта жүрөлү.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Мый – мышыктын баласы.
Аргалы – жапайы тоо кою.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *