АҢГЕМЕ

Айылдан карындашым келгенде мен япон жазуучусу Тэцуо Миура менен «ооруп» жүргөн кезим болчу. Айрыкча «Кызыл юбка» аттуу аңгемесин кайра-кайра кайталап окугандан тажачу эмесмин. Окуган сайын кабыргам кайышып, көзүмөн жаш кылгырат. Анан ошол маалда кудум Хидэдей болуп карындашым келип калып атпайбы.

Келерден үч күн мурда апам телефон чалды.

– Пул бере алган жокпуз, – деди улутунуп. – Мен жылдагыдай эмесмин, кышы менен ооруп чыктым. Жалгыз атаңдын тапканы жегенибизден ашпайтат. Пешенеси ачылса өтүп, окуп калар. Өтпөсө дароо кайра жөнөтвер. Күнүгө жуучу келеверип шаштирди. Кыз бала окуп, министр боловеле. Лайыктуу жер чыкса берверевиз. Атистат алар замат эле берейли десек жок, окууга барам деп делгирип калды. Майли эми, барса барып, шаар көрүп келсин.

* * *

Бул кабар мени кадимкидей санаага батырып, түйшүккө салды. Иш издеп шаарга келгенден бери мен Төкөлдөштө, бир татар кемпирдин чоңураак кишинин көчүгү айланбаган «ит кепесинде» жашачумун. Ал кемпирди «Кыргызстан» мейманканасынын чыгыш жак капталындагы кулактандыруулар илинчү досканын жанынан жолуктуруп калгам. Күнүгө бир маал котологон кишилер менен кошо мен да күтүп туруп, жарнама тактага илинген жаңы кулактандырууларды карап келчүмүн. Кулактандыруулар күнүгө он-он бир ченде илинет. Үймөлөктөгөн кишилер даректерди шаша-буша жазып алышат да кээ бирлери автобуска отуруп, кээ бирөөлөрү такси менен издеп жөнөшөт.

Мен да ошондой даректердин он чактысына барып көрдүм. Бирок таң калыштуусу – элдин алды болуп мен келдим го деп барсаң сенден мурдараак бирөө жеткен же эчак кирип, жашап аткан болот. Кийин билсем, шылуундар даректерди тааныштары аркылуу машинкага басылып атканда эле билип алышат экен. Ошондуктан, кийин мен эч жакка барып убара болбой батир берүүчүлөр ушул жерге келишин күтчү болдум. Ал күнү да күтүп тургам. Менден арыраакта үстүнө майда гүлдөрү бар көгүш көйнөк кийген кемпир ар кимди карап коюп турган. Жанына барып: «Квартира бербейсизби?» – деп сурамакчы болдум эле бирок сурагандардын бир-экөөнө баш чайкап койгонунан барган жокмун. Бир маалда кемпир менин жаныма басып келип, башкалар укпасын дегендей акырын шыбырады:

– Балам, сага квартира керекпи?

– Керек. Каерде квартираңыз?

– Төкөлдөштө.

Квартира табылганына сүйүнүп кеткеним менен дарегин укканда ойлоно түштүм. Төкөлдөш чоочун киши ээн-эркин баса албаган криминалдуу район эсептелчү.

– Жүрү, үйдү барып көрөсүңбү?

Барганга бутум тартпады. Бирок не бар, не жок деп дарегин жазып калдым.

– Сөзсүз бар, ээ? – деди кемпир жалдырагандай үн менен. – Мен чарчадым, балам.

Дагы бир жумадай жарнама тактанын жанында туруп, квартира таппаган соң татар кемпир берген дарек боюнча Төкөлдөштөгү батирди издеп жөнөдүм. Назира апай ижарага бермекчи болгон квартира узуну да, туурасы да үч метрдей келген, кичинекей терезеси бар жапыз бөлмө экен. Асты полдонбогон, ар кайсыл жерин желе басып, дубалынын бурч-бурчун жөргөмүш желелеген бөлмөгө эки адамдык керебет коюп коюшуптур. Кыязы, бул мурда отун же буюм-тайым сакталган кампа болгон окшойт. Бирок канча күндөн бери квартира издеп тажаганыман ушунусуна да шүгүр деп жашап калдым. Анан калса, башка жактан мындай арзан (айына 15 сом) квартира табыш кыйын. Ишке орношуп, акча таба баштасам түзүгүрөөк квартирага чыгып кетермин деп ойлодум.

* * *

Үйдүн ээси Равиль аттуу татарга эмес, кавказдыктарга түспөлдөшүп кеткен жашы алтымыштардагы чүңүр көз киши. ТЭЦте от жаккыч болуп иштейт экен. Кудайдын куттуу күнү мас болуп келип, кемпирин сабап кирет. Назира апай менин жаныма качып келет да, Равил байкенин зөөкүрдүгүн айтып, күйөөсү уктаганча даттанып отурат. Биринчи күйөөсү экөө кантип ажырашканын божурап берет. Мен окуп аткан китебимди терезеге коём да, канча жолу уккан икаяны дагы угумуш болуп калам. Күйөөсү экөө жаңыдан баш кошкон кезде Сибирге иштегени барышкан экен. Күйөөсү карагай кесип, өзү болсо карагайчыларга тамак жасап, эки жылда аябагандай көп акча табышат. Барар замат там сатып алабыз деп үлкөн-үлкөн пландарды түзүшөт. Бирок тапкан акчалары экөөнү бардар турмушка жеткирип, бактылуу кылмак турсун, тескерисинче, ажыраштырып тыныптыр.

«Эки күн кассада билетке кезек күтүп, үчүнчү күн дегенде араң поюзга отурдук. Күйөөм сумкадагы акчаны мага берди да: «Бекем кармап отур, мен азыр келем» – деп кетти. Эки күн вокзалда отуруп чарчаганбыз. Сумканы башыма жаздандым да уктап кетипмин. Бир маалда бирөө түртүп ойготту. Көзүмдү ачсам күйөөм экен. «Сумка кана?» – дейт. Карасам сумка жок. Бирөө эски фуфайкени башыма жаздантып коюп, сумканы уурдап кетиптир. Жини кайнаган күйөөм чачыман кармады да (такымыма жете турган узун чачым бар эле) тамбурга сүйрөп барып, поюздан ыргытып ийди». Көрөөр күнү, ичер суусу бар экен Назира апай тоголонуп барып, калың карга сайылып калыптыр. Темир жолду караган жумушчулар аны ошол жерден таап, ооруканага жеткиришет.

«Кантип издеп таап алганын билбейм, көзүмдү ачсам күйөөм турат. Үстүнө ак халат жамынып алып, күнү-түнү кроватымдын башында кечирим сурап отурду. Бирок ичим ушунчалык муздап калган экен, такыр кечире албай койдум» – дейт. Андан кийин дагы бир күйөөгө тийип, экөө отуз жылдай чогуу жашашат. Анан 5 жыл мурда ал киши катуу орууга чалдыгып, кайтыш болуп кетет. Назира апа ТЭЦтин ашканасында иштечү экен. Ошол жерден Равиль байке менен мамилелеш болуп жүрөт да, бир күн анын үйүнө көчүп келип алат. Экинчи күйөөсүнөн бир баласы бар экен. Жашы отуз бештердеги кейпи аракечке окшогон жигит айына бир жолу, Назира апа пенсия алар күнү пайда болуп калчу. Анан апасын алдап-соолап, болбосо тилдеп, акыры акчасын алган соң кайра көздөн кайым болот.

Эртең менен кроватта жатсам Назира апа кирип келди.

– Улым, тур. Жүр мени менен.

Назира апа алдыга түшүп жөнөдү, мен артынан ээрчидим. Күйөөсү экөө жашаган үйгө кирген соң отура калып мештин оозун ачты да, он чакты бош шишени алып чыкты. «Тройной одеколондун» шишелери экен.

– Атыр ичеди, – деди Назира апа. – Ар бир шишесин үч сомдон сатып алады.

Равиль байке менен учурашканда дамамы атыр буруксуп турат. Мен өзүм мурда сакал-мурутумду кырынган соң одеколон сүйкөп койчумун (мурда дегеним, азыр атыр да дефицит болуп кеткен). Байке да кырынган экен го дейин десем сакал муруту дегеле устара көрбөгөндөй саксайып жүрөт. Анан эки эрининин ортосундагы тырмактай жери кара так болуп турчу. Көрсө, атыр ичкенде куйкаланып күйүп калат тура.

Назира апа мага жалдырай баштады.

– Сен айт. Равиль агай, ичпе де. Ажейди урба де.

– Макул.

Бирок бул сөздү Назира апаны сооротуш үчүн эле айтып койгонум менен алтымыштан ашып калган кемпир-чалдын, болгондо да өзүм жашаган батирдин кожоюндарынын үй-бүлөлүк чыр-чатагына кийлигишейин деген ниетим жок болчу. Назира апа мынчалык мага үмүт артып калган соң ыгы келгенде бир ооз ичпеңиз деп суранса суранып көрөйүн.

Бирок кемпир андай ыңгайлуу учур болушуна жеткирбей, ошол эле күнү кечинде мени колуман сүйрөгөн бойдон үйүнө жетелеп барды.

– Че, этого пацана привела? – деди Равиль байке мени көргөндө келекелегендей.

Кыязы, Назира апа күйөөсү дагы сабаганда: «Азыр бирөөнү ээрчитип келип, сага көргүлүктү көрсөтөм» – деп коркутуп кеткен окшойт.

– Улым милийса, – деди Назира апа. – Тынч жатып калбасаң азыр алпарып камайды.

Назира апанын бул сөзү мен үчүн күтүүсүз нерсе болду. Бир жолу каерде иштейсиң деп сураганда, милицияда деп койгом (Ошол күндөрү чындап эле ИИМдин «Бетме-бет» гезитине ишке кирмекчи болуп, чуркап жүргөм. Бул редакцияда иштеген журналисттер офицердик наам алып, кадимкидей форма кийишет. Бирок мына-мына буйрук чыгат деп атканда башка бирөөнү алып коюшту). Эми бурчка камалып, артка жол жок болуп калган соң өзүмө мүнөздүү болбогон ролду ойноого туура келди.

– Байке, эмнеге чыр салып атасыз? – дедим кабагымды карыш салып. Эң кызыгы, бул тактика таасир этти. Равиль байке менин иш таппай жүргөн бир байкуш экенимди билчү эмес. Эртең менен папкамды колтуктап алып, чыгып баратканымды гана көрүп калчу. Андыктан, Назира апанын улым милийса дегенине ишенди окшойт. Эми эле кирген буурадай албууттанып, буркан-шаркан түшүп аткан киши бир заматта жоошуп, жайпаңдай түштү.

– Кел, Мырза, отурчу. Иштериң кандай болуп атат?

Мен отурган да, суроосуна жооп берген да жокмун.

– Байке, экинчи эжеге кол көтөргөнүңүздү көрбөйүн, – дедим ого бетер кабагымды салып. – Уктуңузбу?

Равиль байке мени кучактап калды эле оозунан кайра атырдын жыты «бур» эте түштү.

– Болду, болду… Отурсаң, чай ичели.

* * *

Криминалдык район деп коюшканы менен Төкөлдөштүн ичи тынч эле экен. Мен кечке жуук квартирама келатканда уйгурлар жолдун боюнда эки-үчтөн болуп карта чабышып аткан же дутар чертип ырдап отурушкан болот. Мага эч ким тийишмек турсун катуу айткан да жок. Тескерисинче, кечинде сыртка чыга калсам кошуна жашаган уйгур аялдар ал-жайымды сурашып, чайга чакырышчу.

– Уйга кирың, – дешчү чын пейилден. – Балалар блан отырып, телевизор корып…

Бир гана жолу караңгыда келатсам он чакты мас балдар кармап алышты. Бирөө эски тааныштардай мойнуман кучактап, экинчиси чөнтөктөрүмдү тинткилеп кирди. Мен эч сыр бербей, дегеле аларды тоотпогондой келатам. Чөнтөгүмдө бир ручка менен проездной билетимен башка эч нерсем жок болчу. Экөөн тең алып коюшту. Керээли-кечке шаарды узун-туурасынан кыдырып, иш издейм. Акчанын жогун анчалык билдирбей, ишке жарап аткан ушул проездной билетим эле. Мейли эми, жөө-жалаңдап жүрө турам да. Эң башкысы, ишке орношкон жатканда бети-башымды көгөртүп сабап салышпады, ушунусуна шүгүр.

* * *

Кошуна уйгурдун бири-бирине окшош үч келини бар. Ортону тор тосмо гана бөлүп тургандыктан, алардын короодо кир жуугандары, картошка, пияз аарчып, тамак кылгандары бүт мага көрүнүп турчу. Өздөрүнчө сүйлөшүп калышат.

– Кто у соседей живет?

– Какой-то парень. Валяется целый день на кровати и читает книгу.

– Эй, вы потише, – дейт ар жактагы бирөө. – Он все слышить.

Бир жолу сыртта китеп окуп отургам.

– Парень, тебе можно на минутку.

Үн чыккан жакты карасам уйгур келиндердин бири тосмонун жанында туруптур. Китепти колтуктаганча акырын басып бардым.

– Вот эту подими а, пожалуйста.

Тосмонун астында бет аарчы жатыптыр. Эңкейип алып бердим.

– Спасибо.

Мен бурулуп кетмекчи болгондо келин дагы үн катты.

– Ты извини меня, конечно… Но ты кушать хочешь?

– Смысле?

– Мы еду слишком много готовили. Могу ли тебе предложить?

– Давайте.

Тиги макул болгонумду көрүп сүйүнүп кетти.

– А то я смотрю, ты все время чай пьешь.

Келин ичкери кирип кетти да жээгинде гүлдүн сүрөттөрү бар чоң кесеге толтура лагман куюп чыгып берди.

Мен чындап эле акыркы он күндө ысык тамак иче элек болчумун. Укмуштуудай даамдуу лагманды рахаттана жей баштадым.

* * *

Чыгып баратсам Равиль байкенин времянкасында жашаган келин сыртта ыйлап отуруптур. Кош бойлуу. Күйөөсү заводдо иштейт. Эртең менен велосипедин минип алып кеткен бойдон кеч келет. Дем алыш күндөрү үйдө болгондо мени чай ич деп чакырып калат. Аялы мурдатан ушундай эркеби же кош бойлуулугунан ушинтип денеси оор тартып калганбы, качан кирсем талпайып отурган болот. «Мажит, от жак» – дейт. Күйөөсү от жагат. «Чай апкел» – дейт. Күйөөсү чай апкелет. Аны карап отуруп жомоктогу алыстат, жакындат деген эрке кызды элестетип кетем. Күйөөсү ак көңүлдөнүп, «эч тартынбай өз үйүңдөй кире бер» дегенинен бир жолу телевизордон футбол көргөнү кире койбоюмбу. Мажит өзү үйдө жок экен. Бир маалда келди да менин отурганымды көрүп, акшыя карап койду. Жаман ойлоп, бүгүн-эртең тууйм деп турган аялын кызганып кетти окшойт. Ошол бойдон экинчи босогосун аттабай койдум. Чакырса да кирбейм.

– Эмне болду?

Келин эчтеке болгон жок дегендей баш чайкады. Бирок көзүнөн мөлт-мөлт жаш куюлуп атты. Мен маңдайына отурдум.

– Айтсаң, эмне болду?

– Тиги уйгур кошуна баламдын тапочкасы силер жакка түшүп кетти, алып бер деген да. Мен билбей эле алып берип коюптурмун.

– Алып берсе эмне болот экен?

– Булар ырымдап коёт. Ким алып берсе ооруп калат деп атпайбы.

– Ким?

– Хозяйка.

Мен бырс күлүп жибердим.

– Анан ошого ыйлап атасыңбы? Мен канча жолу алып берип эле жүрөм го. Тфу-тфу… Ооруган-эткен жокмун.

Келин соороно түшкөнсүдү.

– Эчтеке болбойт да ээ?

– Албетте, эчтеке болбойт.

* * *

Аэропорттун биринчи кабатында карындашымды күтүп турам. Райиланы акыркы жолу бир жыл мурда, каникулга барганда көргөн болчумун. Бир эле жылда бою өсүп, чоңоё түшүптүр. Бирок жүзү баягы эле секелек бойдон экен.

– Пулумду сизге берип коёюнчу, – деди учурашар замат. Бул апамдын тапшырмасы экенин дароо түшүндүм. «Пулуңду жоготуп алып жүрбө. Бараар замат акаңа берип кой» – деди да.

Мен карындашым берген элүү сомдукту чөнтөгүмө салдым да, улутунуп алдым. Жок дегенде жүз сом менен келсе ошол акчадан квартирага төлөйм, ишке орношуп, акча тапканча жашап турам деп ойлогом. Бирок телефондон сүйлөшкөн сайын иштеп атам деп айтканыман улам атамдар жалгыз башына айлыгы кенен жетсе керек дешти окшойт.

– Үйүңүз каякта? – деп сурады Райила.

– Жүрө бер, барганда көрөсүң.

Ноокаттан алыска чыгып көрбөгөн байкуш акем көп кабаттуу бийик үйлөрдүн биринде жашайт деп элестетип келсе керек. Бирок Төкөлдөштүн айылдан бетер чаң ызгыган ой-чуңкур көчөлөрү менен жөө барып, мен жашаган «ит кепени» көргөндө эси эңгирей түштү. Бирде полду, бирде шыпты карап эле туруп калды.

– Сен мынавы кроватта жатасың, – дедим мен.

Бир-эки күн мурда Назира ападан таза шейшеп, анан өзүм сыртта жатканга раскладушка сурап алгам.

– Курсагың ачтыбы? Азыр чай ичебиз. Апам нан берип ийдиби?

– Ии.

Карындашым чоң сумкасын ачып, ичинен боорсок, нан салынган баштыкты ала баштады.

* * *

Карындашымдын документтерин тапшырган соң тааныш издей баштадым. Университеттеги кечээ эле мени окуткан мугалимдердин баары азыр деле иштеп атышкан. Бирок мен жардам сурап кайрылган кишилердин баары адегенде жадырап тосуп алышканы менен бир сом да бере албасымды билишкен соң ар кандай шылтоолорду айтып, өздөрүн алып качып калышты. Бир гана кыргыз тилден берген картаң агайым ачык айтты. «Орундардын баары бөлүштүрүлүп бүттү, карындашың быйыл өтө албай калды го» – деди. Колуна кагаз, калем алып, быйыл филфакка болгону 50 студент кабыл алынарын, анын тең жарымы Ооган согушунун катышуучулары, даярдоо курсунан өткөндөр экенин, эми калган 25 орунга 500дөй абитуриент ат салышып атканын эсептеп берди.

– Химфака тапшырып көрбөйсүңөрбү, толбой жатат.

– Мен өзүм баш болуп, бир туугандарымдын эч кимисинин химияга шыгы жок эле. Өткөн күндө деле окуп кетерине көзүм жетпейт.

– Анда, Мидин агайыңа бар. Ал быйыл кабыл алуу комиссиясынын төрагасы. Бир жардам берсе ошол бере алат.

Бирок Мидин агай мени үтүрөйүп, абдан суз кабыл алды. Мен сыяктуулар келе берип тажатышкан окшойт, босогосун аттаганда эле эмнеге келгенимди сурады. Кел, же болбосо келип калыпсың дебей, эмнеге келдиң? – деди. Мен карындашым деп сөз баштаганда «тарс» жарылып кетти.

– Карыган кишини кыйнай бересиңерби? Силерди окутканым деле жетээр!

* * *

Күнүгө бир маал дүкөнгө, нанга барып келем. Дүкөн темир жолдун боюнда. Ортосуна кара май төгүлүп, ар кайсыл жеринен жарака кеткен шпалдардын үстү менен калпийип басып баратып, кээде поюздун астында калууну каалап кетчүмүн. Мен басып баратканда артыман уруп кетсе дечүмүн. Бирок бул жолу поюздун «тү-үү» деген гудогу угулганда бир аттап, рельсадан ары секирип кеттим. Үйдө карындашым экзаменге даярданып, мени күтүп отурганын эстедим. Өзүмдүн кимдир бирөөгө керек экенимди, жөлөк экенимди сездим.

* * *

Адатымча ар кайсыл редакцияларды кыдырып, кечинде келсем карындашым ыйлап отуруптур. Эмне болгонун дароо түшүндүм. Эртең менен экзамен тапшырганы кеткен болчу. Кулап калган тура. Жанында Назира апа: «Болду, ыйлаба» – деп сооротуп отурат. Карындашым келгени кемпир жыргап эле калды. Тамак кылган сайын: «Ме, жей гой» – деп көтөрүп келчү. Карындашым да анын үйүн жыйнап, кирлерин жууп, айтор, экөө аябай ынак болуп кетишкен.

Бир-эки күн шаарды, музей-дүкөндөрдү көрсөткөн соң, карындашымды самолетко салып ийдим.

– Быйыл өзүң көрдүң го, акча таппай калдым, – дедим коштошуп жатып. – Эмдиги жылы, сөзсүз, өтөсүң.

Бирок ичимен атам менен апам сени барар замат күйөөгө берип ийишет ко деп ойлодум. Алар бербеген күндө деле аскерден келип, жерге-сууга батпай турган балдардын бирөө-жарымы ала качып кетиши мүмкүн. Кичинекей кезинен тамекинин түйшүгүнө малынып, чабыкта бели ооруганда, түнкү тизимде уйку көзүнөн учканда кудай буюрса окуйм деп таттуу кыялдарга баткан карындашымдын биротоло тамеки талаада калып кетерин ойлогондо ызаман ичим эңшериле түштү. Көз алдыма агасы сатып берген кызыл юбканы кийип алып, үйдүн артындагы каштан дарагына асынганы бараткан Хидэ элестеп кетти.

– Сен сынба, – дедим карындашымдын колун бек кысып. – Суранам сенден…

* * *

Бир айдан кийин КирТАГга ишке орноштум. Директор жакшы киши экен, шаардагы бир курулуш уюму менен сүйлөшүп, жатаканамды да чечип берди. Кийим-кечемди сумкама салып, китептеримди бир таңгак кылып түйгөн соң, Назира апаны чакырып, кетип атканымды айттым. Бул кабарды укканда кемпир нес боло түштү. Нуру өчкөн көгүш көздөрүндө, бырыш баскан саргыч жүзүндө «а мен кантем?» деген суроо турду. Биздин айылда бир майрык кемпир бар эле. Кайсыл жерлик экенин билбейм, колу-кошуналардын баары аны «Сайкал эне» деп коюшчу. Разак аттуу чалдын кемпири кайтыш болуп, карыган киши өзү жалгыз жүдөй баштаганда балдары ар кайсыл жактан издеп, акыры бир тааныштары аркылуу ушул кемпирди таап келишкен. Анан акырында чал өзү да кайтыш болуп, Сайкал эне же төркүнүнө кайра кете албай, же өгөй балдарына батпай арасат болуп калды. Биздин үйгө келип, керээли-кечке апама арыз-арманын айтып отурчу. Былтыр мен каникулга барганда да Сайкал эне биздин үйдө экен.

– Шу энеңди Пурунзага алып кетчи, – деди апам.

– Муну шаарга алпарып алып ниме кылат эле? – деди кошуна аял күлүп. – Өзү майрык болсо…

– Иштен келгенче оокатын пышырып турат. Кийин үйлөнгөндө чоң эне болуп, балдарын карайт.

Ошондо Сайкал энем эмне дээр экен дегендей мени бир башкача караган. Анын жалооруган көздөрү дале көз алдымда турат. Азыр Назира апа да ошо кемпирге окшоп кетти.

– Мен үйлөнөйүн, ошол замат квартирага чыгып, сизди алып кетем. Рая (Раиланы Рая дечү) кызыңыз да келет. Баарыбыз чогуу, бир үй-бүлө болуп жашай беребиз.

Назира апа баш чайкады.

– Равиль жалгыз кантет? Мен болбосом такыр эле арактан башы чыкпай калбайбы. Андан көрөкчө сен үйлөнөр замат бул жака кел. Ага чейин тиги времянка бошоп калат.

– Макул апа, сөзсүз келем.

Мен Төкөлдөштүн жепирейген жапыз тамдарын артка калтырып, тээ алыстагы чырактары жаркырап күйүп турган көп кабаттуу үйлөрдү көздөй бет алып жөнөдүм…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *