Артур ШОПЕНГАУЭР
(1788-1860), немис философу

Өкүнүчтүүсү – шүмшүктүн баары мамилеге шар болот.
* * *
Гезиттер – тарыхтын көз ирмемдеги жебеси.
* * *
Оорулуу падышадан көрө дени соо кайырчы бактылуу.
* * *
Үйлөнсөң – жеке укугуңдун жарымынан айрылып, милдетиң эки эсеге жогорулайт.
* * *
Баардык улут башка улуттарды келекелеген себеби, баарынын эле кемчилиги бирдей.
* * *
Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок.
* * *
Жалгыздыкты каалабаган адам, эркиндикти да каалабайт.
* * *
Бири-бири менен ой бөлүшө албаган адамдар карта бөлүшкөнгө гана жарамдуу.
* * *
Жашоо кыска экенин сезүү үчүн узак жашоого аракеттен.
* * *
Ыйманга үгүттөө оңой, ыймандуу болуш кыйын.
* * *
Жаштардын көзкарашында – келечек өмүрдүн чеги узун, карылардын көзкарашында – өткөн өмүрдүн чеги кыска көрүнөт.
* * *
Окуу – өз башың менен бирге башканын башы менен ойлонуу.
Которгон О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *