8-Март аялдардын Эларалык майрамына карата уюшулган «Сен кимсиң, Аялзат» аталышындагы сынак жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак жыйынтыгы ЭлТР каналынын «Чак түш» көрсөтүүсү аркылуу түз ободо чагылдырылды. Калыстар курамынын жана сынакка катышкан авторлордун аты-жөнү буга чейин эч жерде жарыяланбай келген болсо, алардын ысымдары бүгүн, 7-мартта гана түз обо аркылуу маалымдалды.

Калыстар курамынын төрайымы филология илиминин доктору Үмүт КУЛТАЕВА, ал эми курамдын мүчөлөрү: белгилүү жазуучу жана социолог Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА жана белгилүү журналист Аскер САКЫБАЕВА болушту. Калыстар курамынын чечими менен:

«Учурда эмне себептен энелер арасында өлүм саны көп?» аттуу макаласы үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУ Философия факультетинин аспиранты Нагима СУБАНКУЛОВА (№10) биринчи орундун жеңүүчүсү, байгеси — 15 000 сом;

«Бүбү Батманын көз жашы же аялбай калган асылзат» аттуу макаласы үчүн белгилүү пубцист Жолдош ТУРДУБАЕВ (№2) экинчи орундун жеңүүчүсү, байгеси — 10 000  сом;

«Аял бул – аалам» аттуу макаласы үчүн Ош шаарынын тургуну, кесиби психолог жана психотерапевт Дөөлөткан КАБЫКОВА үчүнчү орундун жеңүүчүсү деп табылды, байгеси — 5 000 сом.

Конкурска келип түшкөн макалалардын арасынан жарактуу деп табылган он сегиз автордун эмгеги жарыяланса, алардын ичинен калыстар курамынын баасы менен кызыктыруучу сыйлыктын ээси деп табылгандар:

Жаш жазуучу, журналист жана котормочу Насыпбек АСАНБАЕВ (№11) — «Тең укуктуулуктун» күңгөй-тескейи», байгеси — 2 000 сом;

Нуркамил АБДУЛЛАЕВ (13) — «Өй, камчың каякта, Камчыбек?»байгеси — 2 000 сом;

Россиялык мекендешибиз Айкөкүл СҮЙҮНОВА (№14) — «Ааламдын жүгүн мойнуна арткан аялзат», байгеси — 2 000 сом;

Жаркынай АКМАТБЕКОВА (№15) — «Ден соолук менен сулуулук өз колуңда аялзат»,байгеси — 2 000 сом;

Роза БЕКТУРОВА (№18) — «Дүйнө таанымдагы аялзаттын тарыхый нарк-насили», байгеси — 2 000 сом;

«РухЭш» сайтынын атынан аталган конкурстун демөөрчүлөрү Алтынбек ЖУНУСУ уулуна (ЖКнын «Өнүгүү» фракциясынын депутаты) жана жеке ишкер Кылыч ИСАМАМБЕТОВго о.э. маалыматтык колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн ЭлТР каналынын чыгармачыл жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! 

Ал эми төмөндөгү маалымат конкурска катышкан жалпы авторлор:

№1 «Аял бул – аалам» — Дөөлөткан КАБЫКОВА, Ош шаары;

№2 «Бүбү Батманын көз жашы же аялбай калган асылзат» — Жолдош ТУРДУБАЕВ

№3 «Аялзат ыракаттын, мээримдин, сүйүүнүн булагы»Наргиза ТУРДУБАЕВА

№4 «Үй-бүлөнүн кыздарга жакшы тарбия берүүсү, коомго жакшы аялзатынын келүүсү» — Ысмайыл КАДЫРОВ

№5 «Аялзатын кордоо – улут келечегине балта чабуу эмеспи?..» — Назгүл ОСМОНОВА

№6 «Эркектер кызыл китепте корголуучу жан-жаныбар эмес» — Сайрабүбү КАСЫМОВА.

№7 «Аял – Аалам» — Элмира АЖЫКАНОВА

№8 «Жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуу себеби эмнеде?» — Назгүл БОСТОНБАЕВА

№9 «Тарбия тамыры — аялзат» — Гүлвира СМАНОВА

№10 — Учурда эмне себептен энелер арасында өлүм саны көп? — Н.Н.Субанкулова

№11 «Тең укуктуулуктун» күңгөй-тескейи — Насыпбек АСАНБАЕВ

№12 «Үй-бүлө төңкөрүшүнүн себеби неде?» — Нурайым ШАРШЕНБАЕВА

№13 «Өй, камчың каякта, Камчыбек?» — Нуркамил АБДУЛЛАЕВ

№14 «Ааламдын жүгүн мойнуна арткан аялзат…» Айкөкүл СҮЙҮНОВА

№15 «Ден соолук менен сулуулук өз колуңда аялзат» — Жаркынай АКМАТБЕКОВА,

№16 «Эне — эң таасирдүү тарбиячы» — Нурийла АНАРБАЕВА

№17 «Э, Сайра!» — Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ»

№18 «Дүйнө таанымдагы аялзаттын тарыхый нарк-насили» — Роза БЕКТУРОВА

P.S. Урматтуу жеңүүчүлөр, сыйлыгыңыздар кут болсун! Байгеңиздерди «РухЭш» сайты аркылуу байланышып алып кете аласыздар… 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *