Бурят жомогу
Бадма жалкоо эле. Бирок ал өзү жөнүндө абдан жакшы иштейт, эң эле жолдуу киши деген сөздөрдүн айтылышын каалачу.
Бир жылы Бадма эгин экти. Эккен менен аны багып, карагысы келбеди. Мойну жар бербеди. Эгин талаасын отоо чөп басып, буудайы анын арасынан көрүнбөй калды.
Бадманын талаасына кошуна жерге үч мергенчи ууланган жем таштап, карышкырларды өлтүрмөк болду. Чын эле карышкырлар ошол ууну жеп, анан кетүүгө аракет кылып, бирок алсырап, баягы Бадманын эгин талаасына келгенде жан таслим кылышты.
Мергенчилер келип, ууланган жемди караса жок, жеп кеткенин билишти, бирок карышкырларды таппай калышты. Анан алар кетишти.
Бадма капысынан талаасын аралап баратып, өлүп жаткан карышкырларды көрдү. Сүйүндү. Аларды арабасына ыргытып, айылга жөнөдү.
Бадма бөрүлөрдүн терисин сыйрып, аларды сатып, көп акчалуу болду. Жөн турбай, мактанып кирди:
— Мен карышкырларды кармаштын жаңы ыкмасын таптым. Эгинимди карабасам да, аерге ушундай бир укмуш чөп чыкты дегиле, аны менен тим эле карышкырларга тузак тартылат. Кечээ бир күндө эле үч карышкырды заматта кармап алдым.
Адамдар таң калды. Бадма болсо андан бетери жамажайы тыйылбай мактанат:
— Силер мени жалкоо дейсиңер, мен болсо түнү уйку бетин көрбөй талаамдагы тузак-чөптөрдү сугарып, чаап, карап чыгам. Жайында мээнет кылсаң, кышында дөөлөтүн көрөсүң, мен эми жай бою жалаң карышкыр кармап, кышта алардын терилерин сатып жыргаймын.
Бүт улуска* Бадма кандайдыр бир карышкыр кармоочу чөптөрдү эккенин, аны менен карышкырларды тутуп атканын баяндаган имиш- имиштер тарады. Бул сөз баягы үч мергенчиге да угулду. Анан алар карышкырлар кайда барып өлгөнүн түшүнүштү. Чогулуп Бадмага келишти. Эмне болгонун, карышкырларды кантип уулаганын айтып беришти.
— Бадма, биздин карышкырлардын терисин же анын акчасын бер!? – Мергендер талап коюп кирди.
Бадма ага көнөбү:
— Менин бөрүлөрүм! Менин чөптөрүм кармады аларды! Эч кимиңди укпайм!
Мергендер Бадманы казыга* жетелеп келишти.
Казы баарынын сөзүн бир бирден угуп, дагы тактап чыкты, анан Бадмадан сурады:
— Сен чөптөр карышкырларды муунтуп өлтүрдү дейсиң, алар ушунчалык эле бышыкпы?
— Анан эмне, ал чөптөр темирдей бекем да!
— Макул, анда, — деди казы, – силер, мергендер, барып Бадманын талаасындагы чөптөрүнөн оруп, мында алып келгиле. Анан ошол чөптөрдөн аркан эшебиз да, ошол жип менен Бадманы мамыга асабыз. Эгер Бадма арканды үзө албаса, Бадманыкы ырас, жеңиш аныкы болот, а эгер жип үзүлүп кетсе, анда Бадма жеңилет, карышкырлардын терисинен түшкөн акчаны силерге кайтарат.
Ошондой кылышат. Күн ысык эле. Асылып турган Бадма өтө тердейт, терин аарчыйын дейт, жип үзүлүп кетеби деп коркот. Эптеп чыдагысы келет, адамдар үйүнө тарап кетсе экен дейт.
Ошентип турса эле бир жапайы аары кыңылдап келип, анын мурдунун учуна конот да, чагып алат.
— Ой! – Бадма чочуп, колу менен мурдуна чабат. Жип бир нече жеринен үзүлүп, ал жерге талпайын түшөт.
Акылдуу казы бүт элге Бадманын жалкоолугун, мактанчаактыгын жана алдамчылыгын ашкерелеп бериптир…
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *