Биздин элдин менталитетин аныктаган саптарды «Манас» ж.б. эпосторубуздан арбын жолуктурабыз.

«Күндүзү кымыз,түндө кыз-күжүлдөгөн эр кыргыз», «Отуз күн оюн, кырк күн тоюн берип», «калайыкты чогултуп, кан тою кылып бергенде» деген саптар сереп. Ал эми тойдун эле уул той, кыз той, келин тою, зор той, кетте той, пата той сыяктуу бир нече түрү бар.

Мунун баары «Кедейдин бир тойгону орто байыганы» дегендей эле шылтоого шына таап, кара курсактын камы менен чыгарылгандыгы шек санатпайт. Арийне, элибизде «Аш көп болсо, каада көп» деп айтылат. Байпагыбыз манат болуп, байманабыз ашып-ташып жатса, той-тамаша, мааракелердин байма-бай өткөрүлүшү балким өөн деле учурабас беле…Бирок «Үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек» деп айтылгандай делбетаптанып, үлпөт үстүнө үлпөт, той үстүнө той өткөрүүнү адатка айлантуу Кудайга жагары деле даркүмөн.

Албетте, мунун түпкүлүгүндө атаандашуу жатканы жашыруун эмес. Ошол тойлордун эртеси кимдин эмне кошкону, кандай чоңдор кадырлуу конок болгону жана куда сөөктөр кимдер экени аңыз кылып айтылып, далайлардын ооз суусун кургатат.

Элибиздин 80-90 пайызы жакырлыкта жашап жатканда миңге жакын жаранды ресторандарга чакырып, чардоо, сайран куруу адеп-ахлак чегинен чыгуу эмеспи. Мунун өзү орустар айткандай: «Пир во время чумы» сыяктанат. Андай эле атын чыгарууну көздөгөн азамат болсо, кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, жетим балдарга, кароосуз калган кары-картаңдарга жана дары-дармекке муктаждарга көрсөтпөйбү жардамын?!

Эң эле өкүнүчтүүсү: ошол аттуу-баштуу деген адамдар эрке талтаң эселектеринин башын кошуп, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүп, квартира, машина жана мебелинен бери тартуулашканы менен балдары үй-бүлө болбой ажырашып кетип жаткандыгы. Мунун себеби — эки жаштын өз эрки менен табышпай улуулардын кыстоосуна мажбур болушкандыгында. Анан элде айтылгандай: «Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт» да.

Менталитет боюнча дагы бир мүнөздүү сапат жөнүндө айтууга туура келет. Муну өзүбүз чыгарганбыз: «Кыргыз байыса катын алат да, сарт байыса там салат». Чиновник мырзалардын арасында мындай атаандаштык барлыгын да танууга болбойт. Сокур намыс баш жарарын эске албай, пайгамбар жашындагы аксакалдар да уул-кыздары менен тең курактагы жубандарга баш кошуп, аягы көп жакшы болбой жатканын да көрүүдөбүз. Ушунун баары элибизде ыймандын качкандыгын, адеп-ахлак ыйык кармалбай калгандыгын айгинелеген факторлор эмеспи?..

Даркан окумуштуу К.К.Юдахин өзү түзгөн сөздүккө: «Орустун көп майрамы, кыргыздын көп айраны» деп киргизген экен. Азыр бул тескерисинче болуп калды. Муну жөнөкөй эле далилдөөгө болот. Россияда ушу тапта жарандардын орточо маянасы прибалттардан кийинки 4-орунда же 750-800 доллардан айланат. Мындай көрсөткүч албетте экономиканын ырааттуу өнүгүп баратканын айгинелейт. Биз көгала байрак туу алып, көк жаңырткан чуу салып, көчөлөрдө митинг менен арпалып жүргөнүбүздө коңшу-колоңдорубуздун эмгектен колу бошобоптур да!..

Дегинкиси биз оордун үстү, жеңилдин асты менен жүрүп жан бакканды жакшы көрөбүз. Бел оорутуп, кол жоорутуп нан табуудан үстөл кучактап, папке колтуктап жүргөндү артык дейбиз. Ошонун аркасында жылчык табылган жерди жырып кирип, өзүбүзгө ыңгайлуу жайды таба коебуз. Буга өлкөбүздө өткөрүлгөн «Манас-1000», «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы», «Ош-3000» сыяктуу зор мааракелердин шылтоосу менен (башка залкарлардын мааракелерин, аялдар жылы, карылар жылы, тоо жылы, адилет башкаруу жылы сыяктууларды кошпойлу) жер-жерлерде марафондор өткөрүлүп, дирекция, фирма жана ишкер долбоорлор жайнап чыкпады беле. Аларга «Манас-1000» малекеттик дирекциясынан баштап, ага канат-бутак болгон «Мурас» илимий-изилдөө ишкер долбоору, «Манас ордосу» улуттук комплекси, «Манас айылы» аттуу тарыхый-этнографиялык комплексин курууга чектелген каражаттын баары эле дайындалышы боюнча сарпталбагандыгын кийинки текшерүүлөр аныктап, уу-чуусу кыйлага басылбай келбедиби…

Ал эми «күрүчтүн шылтоосу менен суу ичип көнгөн күрмөк» шылуундар мындайда бар чыгармачылык «дараметин» көргөзүп, ойдо жок идеяларын күргүчтөтүп киришет эмеспи. Буга «Манас-1000ге»арналып, бүт Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн марафондорду айтсак болот. Анын уюштуруучулары түшкөн каражат «Жүз миң болду», «миллион болду!» деп байзап жатышканы менен акырында кумга сиңген суудай гана дайынсыз болуп калды. Дагы бир кызыгы — ошол каржылар карапайым жарандарыбыздын атуулдук ар-намысын козгоо менен жыйналса да той-топуруңда аларды эч ким эске алып койбойт.

Анан «Ала Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып» арбакка атаган тойдун үзүрүн кимдер көрдү? Бийликке сүйгүнчүк бир ууч төбөлдөр эмеспи! Керелиден кечке кезерип, күнгө какталган эл биртике оюн-зоокко корстон болуп, өрөөнгө батпаган ак өргөлөргө баш бага албай самсып тараган. Салтанатка ар дубандан барган губернатор, акимдер жан-жөкөрлөрү менен алты күн чардап жатышты.

Дал ушундай эле көрүнүшкө манасчы Сагымбай атанын мааракесин Кочкордо өткөргөндө да күбө болдук. Арбакты сыйлаган айылдаштары аттуу-жөө болуп келишсе да оюн-зооктон соң ак өргөлөр тигилген өйүзгө өтүп, даам сызып кетүүгө арзышкан жок. Жарчылар болсо «Колуңда чакыруу кагазың барың көпүрө менен өтүп, сый көрүп кет! деп жаңшап жатты. Элди кара таман томаяк, жарды-жалчы деп бөлүү Октябрга чейин болгон эле. Ошо тапка бөлүү эми да кайра башталганы эгемендиктин жемиштеринен болдубу?..

Акыйкатында эле биз артыбызга кетип жаткандайбыз. Жашоонун цивилизациялуу тепкичтерине батыл кадам таштап олтуруунун ордуна эскиликтин туткунунан дегеле чыккыбыз келбегенсийт. Бул өзгөчө майитти акыркы сапарга узатууда көрүнөт. Жакын адамдан айрылуудан өткөн кайгы-касирет болушу мүмкүн эмес да. Бизде бул түмөн түйшүктүү мажарага айланууда. Арбактын жакындары аза күтүп, күйүттү баштан кечирүү менен боз үй тигүү, кара ашына казысы карыш жылкы камдоо, келген-кеткендерге чай даярдоо сыяктуу толгон-токой машакаттуу жумуштар менен чабалакташы керек.

Азалап келгендердин алдына дасторкон жайылып, бул кээде маркумду сыйлабагандай эле таасир калтырат. Мусулманчылык шариат боюнча өлүк жаткан үйдөн эң кеми үч күнгө чейин түтүн чыгууга тийиш эмес. Аза күткөн үй-бүлөнүн чайын коңшу-колоң, урук-туугандар апкелип турушу керек. Бизде тескерисинче, казандар асылып, анын тегерегинде ашпозчулар менен катар алагүү болгон азаматтар да жүрөт. Мында көп учурда кайгылуу маанай да байкала бербейт. Кара кийген аялынан башка маркумдун бүт бала-чакасы келгендерге кызмат кылуу менен алек болсо, андай маанайды кайдан байкамак элең?..

Азыр көзү өткөн адамдын аброй, бардарлыгына карата артындагы үй-бүлөсү чоң кафе, ресторандарда кара ашын берип, куран окутууну салтка айлантышты. Ага дегеле маркумга тиешеси жок кайдагы каңгыган даңгезелер деле бара беришерин көрүп жүрөбүз. Алар гана эмес, азыр аттуу-баштуу эле адамдар дасторкон үстүн жылан сыйпагандай тазалап кетүүнү да эрөөн-төрөн көрбөй калышкандыгы бул жалпы элдин жакырчылыкка кабылып, ыйман-ынсап дегенди жыйыштырганынын белгиси эмеспи.

Биздин айталы дегенибиз такыр башка. Элибизде: «Өлүм бардын малын чачат, жоктун артын ачат» деген накыл кеп бар. Маркумдун артындагыларды карыз-коолага батырып, ушундай ысырапкорчулукка баруу зарылбы деген суроо туулбай койбойт. Бул деле болсо, сокур намыстан улам жасалып жаткан аргасыз иш экендиги жашырун эмес да. Бирок ошо жасаттын тазиясына туруп, жаназасын окуган молдокелердин биринин оозунан ашыкча чабылып-чачылуу да күнөө экендиги жөнүндө сөз чыкканын уккандар барбы? Анан «Бузулган элге бучук молдо» дегендин да калети жок дейсиң да.

Баса, ошол эле молдокелер кайтыш болгон бир бечеранын батирине барып, соопчулук үчүн бекер куран окуур бекен? Ал өнбөгөн жерге өлүмпана басып барбайт. Ушундан улам «өлүмдүү жерде молдо семирет» болуп, алардын да артыкча шаани-шөкөт, ашып-ташкан аш-тойлорду Кудайга жакпасын айтууга мойну жар бербей жатпайбы! Дагы бир акылга сыя бербеген көрүнүш тууралуу да айтып коюу жүйөлүү сыяктанат. Ак үйдөгү чиновниктердин бир жакын адамы кайтыш болсо, ага көңүл айтуу деген газеталардын бетин бербей калат. Баарынан да казактар: «толар толмас мактептиң болар болмас деректири» деп айткандай, кичинекей эле чиновникке кызматы боюнча деле эч тиешеси жок мекеме, уюмдардын көңүл айтуусу таң калтырат. Бул мода куучулукпу же кашкайган кошоматчылыкпы? Антип жагынуу менен ошо чиновниктин зоболосун көкөлөтүп, арбакка жаннетке жолдомо беришип атабы?

Бул расмий майрамдарга карата мамлекет башчысына же өкмөт башчысына келген куттуктоо болсо, буга эч кимдин каршылыгы болбос эле. Ал өлкөлөр ортосундагы карым-катыш, алаканын барлыгын айгинелеген далил болмок. Ал эми чиновниктин кайгысы бүткүл элдик да карапайым жарандыкы жалгыз адамдыкы болуп калабы? Өзүн сыйлаган абийирдүү инсан мындайга жол бербеши керек деп ойлоймун. Азыр эске түшүп жатат: кыргыздын кеменгер уулу И.Раззаков дүйнө салганда «Известия» газетасына гана 2-3 сүйлөмдөн турган некролог жарыяланган эле (Жергиликтүү басылмаларга билдирүү жарыялоого тыюу салынган). Бирок бүткүл Кыргызстан дуулдап, кайран кишини жоктоп турган.

Бул факты менен мен улуу адам жөнүндө жер жаңыртып жар салбаган күндө деле кабар желдей тараарын айтмакчымын. Биздин кичинекей республикабызда гезит бетине жайнатып көңүл айтууларды баспаган күндө деле азаны тең бөлүшчү агаин журтка кабар өзү эле жетет эмеспи. Мында этикалык жактан көңүлгө алчу маселе бар. Эгерде жогорку кызматтагы чиновник атасын, энесин же бир тууганын жоготсо, көңүл айтуу орундуу дейли. Ал эми кайын журтунан көзү өткөндөр үчүн көңүл айтууну кандай жоруш керек? Же бул анын куда сөөктөрү жөнүндөгү калайыкка берилген маалыматпы?..

Албетте, биз ата-бабалар тутуп келген каада-салттардын, үрп-адаттардын бардыгын эле эскинин калдыктары катары жерип таштоого чакырууну максат кылбайбыз. Улууга урмат, кичүүгө сый көрсөтүү, Ата мекенге ак кызмат кылуу, эмгек менен элге жагуу, ар-намысты туу тутуу сыяктуу асыл идеяларды камтыган ырасимдерди андан ары өркүндөтүш керек. Улуттук идеологиянын негизинде деле ушул ойлор жатпайбы. Анткен менен биз «атың чыкпаса, жер өрттө» болуп, кандын калың кара тоюнан же Көкөтөйдүн ашынан ашырмайын көкшүнүбүз канбай жатпайбы. Мына ушул кесепеттүү көрүнүш жөнүндө болуп жатат кеп.

Элде: «Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт» деп айтылат. Советтик бийликтин жылдарында комсомолдук тойлорду өткөрүү да салтка айланган болчу. Анын жаман жактары жөнүндө эмнени айтасың? Көпчүлүккө жакчу! Шаани-шөкөт, ыр-бий жана таң-тамаша менен өтчү. Анда карылар каалоолорун айтып, кадырлуу инсандар катышчу. Мында арак-шарап суудай агылбай, жаштар уюштурган оюн-зоок башкы орунда турчу. Ошентип баш кошкондордун үй-бүлөсү бекем болуп, башкалар алдындагы жоопкерчилигин сезчү.

Илгиз ТАЛИП

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *