АҢГЕМЕ

Мен ал аялдамада көпкө турдум. Балким, бир саат, балким андан да узак болушу мүмкүн. Бирок эмнеге турганым эсимде жок. Автобус күтүппү? Жок. Биз жакка кетчү автобустар биринин артынан бири өтүп жатты. Бирөөсүнө да колумду көтөрүп токтотууга даабадым. Эки колумду чөнтөгүмө салып, бет алдымды тиктеп нестейген калыбымдан жазбай тура бердим.
Жумуштан беш жарымда чыккан элем. Мезгил али күз болсо да, сыртта лапылдата кар жаап жаткан экен. Сүйүнүп кеттим. Капалуу чыккан жаным карды көрүп, кадимкидей сүйүндүм, кабагым жарк дей түштү. Жакын адамымды көргөн өңдүү жадырап алдым. Кар менен, кыш менен амандашып, кадамымды жай таштап, үнүмдү билинер-билинбес чыгарып, өткөн кышта жазган ырларымды айтып, аялдаманы көздөй беттедим.
Аялдамада болсо эл арбын экен. Бири жумуштан чыкса, бири сабактан чыгып, автобус, маршруткалар келчү тарапты моюндарын созо карап үйлөрүнө шашкан кишилер. Каршы-терши өткөн машиналардын шуулдаган үндөрү, таксисттердин чакырган үндөрү, коштошуулар, кол телефондун шыңгырактары, каткырыктар, сөгүнүүлөр, автобуска батпай калган адамдардын наалыган сөздөрү, койчу деги миң түркүн окуялар көз алдымда тасмадай тартылып жатты.
Бул көрүнүштөрдөн эбакта тажап калган болсом да, бүгүн эмнегедир жагып турду. А да болсо кыштын, кардын деми белем. Машиналар менен жаңыдан бирин-экин күйүп келаткан кээ бир имараттардын жарыктарына чагылышып, асмандан кар эмес эле кумшекер жаап жаткансыды.
Теребелдин дал ошондой ызы-чуусу менен ажайып кооздугуна суктанып, эки жагымды элеңдей карап турганымда көзүм көзүңө чагылыша түштү. Жүрөгүм сайгылашып алды да, бүткөн боюм калтырап чыкты. Сени акыркы ирет көргөнүмдү эсиме түшүрө албай, сенден көзүмдү да алалбай каккан казыктай туруп калдым. Негедир сен экөөбүз амандашпадык. Ушул бойдон жүзү жылуу учураган өң тааныш болуп калууну дилибизде самадык көрүнөт. Адатыңча жоодураган капкара көздөрүңдү ала качып кеттиң. Сен ким менен, эмне үчүн турганыңды эми байкадым. Экөөңөр бактылуу жылмайып, кучакташып бир түп туяга корголоп алган экенсиңер. Табиятыңдан жамгыр, карды жактырбаган жаның өзүңө окшогон бирөөнү тапкан белемсиң…
Силердин качан, кайсы убакта келип менин сол тарабымдагы кез-кездеги жааган жамгырдан бөлөк өмүрүндө суу көрбөгөн жаман туяны жамынып туруп калганыңарды байкоос албаптырмын. Сен да мени жаңы көрдүң бекен? Же адеп келгенде элеби? Сен мени карап жатканыңды ичимде сезип, бирок силер тарапка башымды бура албай, баягы калыбымда тура бердим. Үйгө кетүү эсиме келсе да, сени көрөр замат качып кетүүнү туура таппадым. Сени, сен менен өткөн күндөрдү алгачкы карга баяндап жаткансыйм. Эртеден бери суктанып турган жашоонун кызыкчылыгы, табийгат, коом сени менен болгон бир кездешүүдөн, дал ушундай кездешүүдөн кийин талкаланып, суук көрүнүп кетээрин билбептирмин…
— Жеткенде чалып кой. Макулбу? Сөзсүз.
Кимдир бирөөнүн тынчсызданган сөздөрү оюмду бөлүп жиберди. Үн чыккан тарапка жалт карадым. Бир жигит бир кызды узатып жаткан экен. Мени акыркы жолу ким, качан ушинтип узатты эле? Эстей баштадым.
Ооба. Сенсиң. Сенден кийин мен бирөө менен жолугууга да барбаптырмын. Эч ким мени минтип узатпаптыр. А сен ар кимди узатып, аялдамалардагы өз жумушуңду аткарып жүрүптүрсүң. Азыр да менин көз алдымда сүйгөнүңдү узатаарыңды ойлоп кеттим. Ойлоп эле тим болбостон, ошондогу өзүмдүн абалымды, экөөбүздүн жалгыз калганыбызды, андан аркысын элестетип алдым. Сени менен бет келишүүдөн коркуп кеттим.
Эл жык-жыйма үйүлгөн кыбыраган автобуска түшүп алдым. Калып калчудай жанталашып, шашып түштүм. Автобус күтүп турган экен деп ойлогондурсуң. Мага бооруң ооруп, мени аягандырсың. Арабадай кылдырап жүргөн бул автобус мени кайда алып барар экен…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *