Бир карыя келатса козу кайтарып жүргөн кичинекей бала жолугат.
— Балам, кайсы айылдансың, кимдин уулусуң, бул кимдин малы? – деп сурайт карыя.
— Өзүм сырты бүтүн, ичи түтүн айылданмын, тууган энемдин өгөй баласымын, баккан малым жоонуку, — дейт бала.
— Жообуңа түшүнбөдүм, уулум. Жакшылап айтчы, — дейт карыя.
— Айлымдын сырты бүтүн, ичи түтүн дегеним, биздин айылдагылар сырт көзгө ынтымактуу болуп көрүнгөнү менен ич ара түтүндөй быкшып, өз ара кырды-бычак болуп жашайт.
Тууган энемдин өгөй баласымын дегеним, энем мени төрөгөнү менен өгөйдүн ишин кылып, балалыктын кызыгын мага көрсөтө элек. Ал эми бул жоонун малы дегеним, энем тың чыгып атамды өз төркүндөрүнө жетелеп келген экен. Таекелерим аны кулча жумшап, эмгегин жеп жүрүшөт. Алар менен тең ата болуп сүйлөшө албайт. Жада калса “күйөө карыса жээн болот” деп күйөө баланы сыйлаган эзелтеден берки ата-бабанын салтын да эстен чыгарышкан. Анан бул мал жоонуку болбогондо меники болмок беле, — дептир бала.
Карыя баланын тирикарактыгына ыраазы болуп, ак батасын берген экен.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *