Алтай жомогу

Алтайда Кудайберген деген бир карыя жашаган. Карылыктан териси катып, сөөгүнө жабышып, сакалдары куу эчкинин жүнүндөй ыраң алган. Тиштери саргарып бүткөн. Анткен менен абышка өзүнө тың эле, ыкчам, жеңил жүрчү. Ал мал бакпаган, жер айдабаган, бир гана көргөн күнү, кылган иши мергенчилик болгон. Кала берсе минерге аты да жок эле, ат тургай атка токуур ээри да жок. Бар оокаты – жаасы жана үч ити.

Бир мертебе иттер жыт искеп отуруп, из кууп аркарларга жакындады. Алар үчөө экен. Иттер да үчөө.

Иттерден качып аркарлар токой аралап, андан сууларды кечип, бадалдарга кирип отурду. Иттер да көшөрүп куугандан калбайт. Кудайберген чал да дем албай тигилердин артынан жүрө берди. Куугун үч айга узады.

Мерген эчен жолу жаасын алып, жебе салып, атканга мээлеп калат да, анан эле бир нерсе тосуп калат: же дарак, же кырдан ары өтүп кетет, же иттери тоскоол кылат, айтор ата албады.

Аркарлар улам арыш керип кача берди, кача берди, иттер артынан калбай кууй берди, кууй берди. Күндөр түндөрдү кууп, түндөр күндөрдү кууп убакыт да, өмүр да өз жолу менен чимирилип жатты.

Ошентип жетинчи ай куушуп атканда бир күн алар кургак жердин четине жетип келди. Жер түгөнгөн жерден асман башталат тура, аркарлар бир ыргып асманга чыгышты. Артынан иттер ыргыды. Алардан калбай Кудайберген да көккө жөнөдү.

Мына-мына иттер маралдарга жетип калды.

Кудайберген желкеден жаасын алды, жебени октоду.

— Эми, – дейт ал, – бул ачык асман талаасында силерди жоготпой калайын!

Мерген карыя жебени тартып туруп коё берди, ал желдей учуп барып, аркарлардын бирине да тийбей, кайып өтүп, агарып батыш тарапка карай учуп кетти.

— Эмне балээ, карып калгамынбы, ушунча да шаштымбы? – Кудайберген өзүнөн өзүнчө эле сүйлөнүп ийди.

Кайра баштан атмак болуп, жебелерди октоду. Ушул узак өмүрүндө бир жолу да жаза атпаган кыл мерген бул жолу шашпай мээлеп, дыкаттык менен жаа тартты эле, жебе үч аркардын денесин бирдей көзөп өттү.

Бирок жараланган аркарлар жыгылган да жок, артка да кайтпады. Баягыдай эле кооз жана тез чуркаш менен кете беришти. Мындайды карт мерген биринчи жолу көрүшү. Үнүнүн болушунча асман жара кыйкырды:

— Силер эмне жер жандыктарысыңарбы же асман макулуктарысыңарбы?! Эгер куушуш керек болсо, анда кууштук, мен силерге жеткенче артыңардан калбайм!..

Жайкы түнү силер күн ачык болсо көктү карагыла. Асмандын чыгыш жагында* ушул качкандар жана аларды куугандар: үч аркар, үч ит, эки жебе – бири ак, экинчиси – кан болгон кызыл, алардын артында мергенчи, Кудайберген карыя.

Ушинтип алар түнкү асманда дем алууну билбей бири качып, бири кууп түбөлүк кыймылда болууда. Алардын бул кыймылы өлбөс бир жылдыздар тобун Үч Аркар* тобун түзүп калды.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:

Асмандын чыгыш жагында – бул жерде Алтай аймагы боюнча айтылганын эске алгыла.
Үч Аркар – Орио
н топ жылдыздары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *