Эмнегедир президентибиз А.Атамбаев өзүнүн бай экендигин, ал тургай Эгемендиктин алгачкы жылдары эле мультимиллионер болуп, биринчи президент А.Акаев “Вольво” менен жүргүндө “Мерседес” мингендигин көп айтууда. Баарынан да ал мындай сөздөрүн чет элдик дипломаттардын Ишеним катын алганда, чет өлкөгө расмий иш сапар менен барганда, акыркы ирет Россия президенти В. Путин расмий иш сапар менен Бишкекке келип, биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн учурда да кайталады.
Ал эми коомчулук президенттин байлыгы тууралуу сөзүн ар кандай кабыл алып, өз деңгээли жана мамилесине карап баа берүүдө. Мен болсо эки жакты карайт элем. Биринчиден, А.Атамбаевдин бай экендиги жана ал дүйнө-мүлкүн жашырбай, ачык айтканы жакшы көрүнүш. Себеби, жакында кызматтан кеткенде жооп беришке туура келип калышы мүмкүн. Мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиев канча байлыгы бар экендигин ачык айтышканы менен коомчулук алардын үй-бүлөлөрү менен жакын туугандары, кландары эбегейсиз бай экендигин жакшы билишчү. Ошондуктан эки ирет революция болуп, чет өлкөгө ташууга үлгүрбөй калгандарын талап-тоноп кетишти. Баарынан да эл алардын мыйзамсыз, коррупция жолу менен, керек болсо жеке ишкерлердин бизнесин тартып алып байышкан болчу.
Бирок А.Атамбаевдин да кантип байыгандыгы тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Алардын бири, ошол эле туңгуч президент А.Акаев Россия тараптан жазуучуларга деп берилген ири суммадагы грантты А.Атамбаев кантип пайдалангандыгы тууралуу маеги интернетте жарыяланган. Тилекке каршы, президент ошол айыптоого ак же көк деп жооп кайтарбагандыгы көп суроо жаратууда. Сыягы, маалымат каражаттары менен эл оозундагы бул сөздөр А.Атамбаевдин өзүнө да жетип, таасир берсе керек, ушул жумада Кипрде эч кандай бизнеси менен акчасы жоктугун ачык билдирди. Ал тургай ошол акчаны тапкандарга бөлүп берерин ачык айтты жана далилсиз ушак тараткан айрым маалымат каражаттарын сотко берди.
Экинчиден, президентибиздин улам эле байлыгын айтып “мактана” бериши көпчүлүк жакыр турмушта жашаган элдин кыжырын келтирүүдө. Себеби курсагы ач, үстүндө кийими, иштей турган жумушу жок, күнүмдүк кыйынчылыктардын сазына белчесинен баткан адамдар ач карышкырдай агрессивдүү, ачуулуу болуп калышат. Алар өздөрүнүн кыйналып жашап жаткандыгы үчүн дайыма байларды күнөөлүү катары эсептешип, аларды жеке көрүшөт. Андыктан, президентибиз чын эле (өзү айткандай) доллардык мультимиллионер болсо, анда ошол байлыгын жарды-жалчыларга бекер бербесе да, ишканалар менен заводдорду куруп, жумуш ордун түзсө, анда эл башкача кабыл алмак беле. Балким, башка да байларга мамлекет башчы катары үлгү көрсөтмөк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *