Бийлик кумарына мас болгондор соолукпайт

Башмыйзамды ажоң сыйлабай туру, башка кимиң сыйлайсың? Сыйлабаганы шу: жакында «Өнүгүү» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин сөзүнө Атамбаев өзү шилтеме кылды. «Балык парламент ушундан гөрө тарап кетпейсиңерби» деп адаттагысындай ачуусун бүрктү. Ачуусу мурдунун учуна жетиптир, тилинин учунан чыкты.

Муну менен парламентке ачыктан ачык басым-кысым көрсөтүп, Башмыйзамда кашкайып көрсөтүлгөн: мамлекет парламенттик башкаруу жолуна өткөнү эсинен тарс чыгып, мурдагы устаты К.Бакиевдин жолоюна түшкөнүнөн кабар берди. Тизгин колдон чыгаарда да бийлик президенттин курчоосундагылардын үстөмөндүгү менен жүргүзүлөрүн туюнтту. А депутаттардын бүлкүлдөп отурганын ансыз да көрүп атабыз. 7-кабатка айбат көрсөтүп каш каккан жалгыз «атамекенчилерге» болсо жалган жалаа табуунун түркүнчө ылаажысын издеп, башкаларды коркутуу үчүн эң башкы атаандаштарын өлкөгө бөө көрсөтүүдөн бөлөк чара таппай калышты. Себеби саясый күрөштө АШАны бийликтин ээринен эңип түшөр башка күч жок.

Ажонун мүлкүн бирден санап берип отурган Текебаевдин эртең бийликке келип калуусунан кооптонуу күчөгөндөн күчөп, башкы «атамекенчи» бир гана Атамбаевге тургай, анын айланасындагылардын жүрөктөрүн оозуна кептээр фактылары, аргументтери арбын үчүн бийликтегилер сактануунун алдын алуу чараларын көрүүгө өттү.

Туура, Атамбаев буга дейре президенттик тактыда калбастыгын дамамат какшап келди. Арийне, ишенчээк элдин ичинде буга ишенгендер толтура. Бирок бийлик кумарына мас болгон адам эзели тактан алыстоого кудурети жетпегенин адамзат тарыхы көрсөткөн. Атамзамандан ошол. Учурда Текебаевди камоонун артында эмне себеп бар?.. Ал – кебездин ичинде оролгон кызыл чок. Ал кызыл чоктун дүрт этип жанаар кезеңи Атамбаевди чочулаткан быйылкы президенттик шайлоодо. А биздин шартта: шайлоодогу атаандаштардын идеялык эмес, компроматтык согушу күч алары бештен белгилүү. АША бийлигине каршы каяша кайтарар «Атамекенден» башка саясый күч дээрлик жок эсе. Көбүнүн жаны оозунда. Президенттик атсалышка темингендин көбү артында калбыры барлар. Алардын тизгинин тарттыруу Акүй үчүн чырактын шамын «фү» деп өчүргөндөй кеп. Ал эми Текебаевдей каршылаштын кебезде оролгон чогун өчүрүүнүн бирден бир жолу – шайлоо мөөнөтү жакындаганда аны минтип камакка алуу…

Азырынча бийликтегилердин президенттик атаандаштыкка тапталып аткан күлүгү ким экени туурасында түрдүүчө божомолдор бар. Бирок шайлоого кимисин аттандырбасын, АШАнын айланасында элден колдоо таап кетер бир да саясый фигура жок. Оюндан жыдып калуусу толук мүмкүн. Ошондон улам жакында «атамекенчилердин» бараандуу өкүлдөрүнүн бири Болот Шердин өлкөдө 3-революциянын автору А.Атамбаев өзү болуп калышы ыктымал деген божомолунда чындык үлүшү көбүрөк экенин баамдайсың. Себеби кырдаал ошондойунан кырданып турат: айталы, Путиндин келип-кетишинде чоң саресеп жатат. Ал өзүнчө чоң сөз…

Текебаевдин камалуусу менен жаза тайып элдик тополоң болуп кетсе, Атамбаев өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлгө алуу шылтоосун бетке карманат да, быйылкы президенттик шайлоону артка жылдыра туруунун аргасын табат. Анын жолу оңой. Себеби парламентте жалаң 7-кабаттын амирине баштарын ийип отургандар толтура. Өкмөт жөнүндө сөз кылуунун кажети да жок. Алар АШАнын сөзүн эки кылчулар эмес.

Ал эми өлкөдө оппозиция терисин жамынгандын көбү Акаев, Бакиевдин батальонунда жүрүп, элге эбак суук тумшук көрүнүп алгандар. Ал эми бийликке каяша кайтарчу жаңы топ, жаңы күчтөр чыга турган болсо, алар азырынча канаты жетиле элек жаштар. Алар элден колдоо табаар таасирге ээ боло элек. А оозунда сөзү бар «атамекенчилерди» бийлик башындагылар жалган жалаа жолу менен биринин артынан бирин четинен камоого барары турулуу болуп калды.

Мындай кадамды Атамбаевден күтүүгө болот. Андыктан ушул жерден артка кылчайып көрөлү: К.Бакиевдин ташы көкөлөп турган замандагы АШАнын ойт бермеликтерин көргөнбүз. Анда да «өлкөнүн бүтүндүгү үчүн ушул кадамга бардым» деген шылтоо менен оппозициялык жээкти таштап, Бакиев тарапка заматта ооп кеткен. Ага дейре Бакиевди «саясый өлүк» атаган Атамбаев так ошол «өлүктүн» жанынан жай таап, өкмөттү башкарып турду. Анысы ал, 2009-жылы бүтүндөй оппозициялык топ Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоодо жалгыз талапкер катары алдыга сүрөп чыгышкан.

Шайлоонун үгүт иштери аяктап, шайлоочулар добуш берчү күн башталды. Бирдиктүү оппозиция кыймылынын атынан президенттикке жалгыз талапкер катары чыккан Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын добушу жыйынтыкталарына саналуу сааттар калганда, тегерегиндеги санаалаштары менен кеп-келеңге келишпей туруп, заматта «ойт» берген. «Форумдун» имаратына журналисттерди жыйып, шашылыш түрдө маалымат жыйынын курганы көпчүлүк үчүн таптакыр күтүүсүз окуя болгон. Шайлоо штабында Бакиевдерге каршы дем менен жыйылган коомдук катмар күтүүсүздөн Атамбаевдин шайлоодон баш тарткандыгын укканда, дуу боло түштү. «Себеби эмне?!» дешип, эл термелип калганда ошондогу оппозиция ичинен алысты көргөн бирөө бар экен – Болот Шер. Ошол киши жигиттик сөзүнө турбагандыгы үчүн Атамбаевдин алдына «…мэ, таластыктар берген жоолукту салынып ал» деп ошондо эле оппозиция терисин жамынган Атамбаевге жоолукту бекеринен «тартуу» кылбаганын мезгил өзү көрсөттү…

Андан бери деле 2010-жылдан тарта жигиттик наркка жатпай турган ойт бермеликтерин санап түгөтө албастырбыз. АШАга караганда жоолук салынса да Р.Отунбаева мырзалык мүнөз көрсөтүп, өз мөөнөтү бүткөндө наркты сактап бийликтен четтей берди. Улуттук лидер болор сапатын көрсөттү. Былтыркы 31-августтагы эгемендик майрамында оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан президентке теңелген жок. Андан бери ызалыгын ичине жашырып келди…

Ал эми Атамбаев 2020-жылга чейин кол тийгизилбейт деген Башмыйзамды өктөмдүк менен өзгөртүүгө барып, эң жакын өнөктөштөрүн бийликтен четтетип, минтип өз билемдик саясатын жүргүзүүдө. Анык хандык башкаруу жолу ушу эмес бекен…

Жогоруда АШАнын ойт берме саясатчы экенин эскертип отурганымдын жөнү ушунда: бийлик тагынан кеткиси келбей туру. Сырттагы кыш канчалык кеткиси келбей кар жааганы менен, ал өз маалында барыбир кетет. Ал табият мыйзамы. Ал эми бийлик мыйзамы жаратылыштай болсо гана, аттиң! АШАнын ойдолоктогон ойт бермелиги кармаса, саясый салтты карманып, салабаттуулук менен кетип калчу түрү жок.

А сыртта кар эрип атат… Ал канча калың жаабасын, кыш артына кайтпайт. АША өз мөөнөтү бүтөрү менен сөзүнө турарына эч көзүм жетпей туру. Тагында тырышып кеткиси жок.

Олжобай ШАКИР

One Reply to “Камчы колдо, калпыс жолдо…”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *