Генри Луис МЕНКЕН
(1880-1956), америкалык журналист жана эссеист
Падыша падыша болуп жаралбайт, эл аны падыша кылат.
* * *
Демократиялуу өлкөдө эң демократиялуу адам эмес, эң зөөкүр адам популядуу болот.
* * *
Сэмюэл Жонсондун «шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм» дегени чын. Бирок бул да толук эмес чындык. А мен: «Патриотизм – шүмшүктөрдүн чоң уюгу» дээр элем.
* * *
Молдо менен попту бейишке барам дечүлөргө билет аперчү чайкоочу деп түшүнөм.
Вернер МИЧ
(1936), немис афористи

Согушта жеңген тараптын аскери – баатыр.
* * *
Жеке адамдардын кемчилигин кемчилик десек, бүтүндөй улуттун кемчилигин улуттук кулк-мүнөз дейбиз.
* * *
Кудай баардык жерде, аны ошонүчүн таппайбыз.
Анри де МОНТЕРЛАН
(1896-1973), француз жазуучусу

Эгерде жыл ичинде бир нерсеге акылың жетсе, демек, текке кетпеген жыл ошол.
* * *
Оозеки эмес, жазуу түрүндө калп айткан оңой.
* * *
Эчкандай бийлик жок, болгону бийликти кыянаттык менен пайдалангандар толтура.
* * *
Революция көптөгөн мезгилдин башын жутат.
* * *
Адамзаттын рак оорусу – саясат, алыша берчү оорусу – дин.
* * *
Абдан акылдуу эркек үйбүлө курбайт, курса да жакшы күйөө болалбайт.
* * *
Ата-энеден ажыраган балдар ошол күндөн тартып өзалдынча чыйралат.
Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *