Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу: Биз капиалистик доордо жашап атабыз, мамлекеттик менчик миллиондорго айланган, буга парламент мыйзам түрүндө жол берген. Ким айлакер болсо, байлык ошонун колуна тийген. Миллионер болгондор жеке эле президент эмес да, бирок замандын талабы болсо боло берсин, криминалдык жолдон тышкары.

Кутуйтегин (Атын атагысы келбеген коомдун алдыңкы өкүлдөрүнүн бири): Ажобуз ар дайым байлыгы менен мактанат, бирок бир да жолу расмий түрдө кайдан келген байлык экенин айткан эмес. Биздин өлкөдө миллиондогон акча табыш өтө оор, муну ар бир эле жаран билет. Ошон үчүн миллиондору менен мактанган Атамбаевдин сөздөрү көптөгөн шектенүүлөрдү жаратат… Президенттин байлыгы ак эмгек менен табылса, булактарын ачык чыгарышы керек. Мен бирөөнүн акчасын санагым келбейт, бирок президенттин акчасы арам болсо, анда ал башкаларды сындаганга акысысыз жана анын ажо болууга укуга да жок.

Кадыр КОШАЛИЕВ, коомдук-саясый ишмер: Кыргызстан кедей деген 50 мамлекеттин ичине кирди деп жатканда, президентибиз өзүнүн бай экендигин баса белгилегени элди басынтууга тете. Анан да чет өлкөлөрдө жүргөндө берген маектеринде мүмкүн болушунча ички көйгөйлөрдү кыйгап өтүп, же жок эле дегенде жымсалдап айтса болбойбу деген ой кетет. Бирок ошого карабай кээ бир орчундуу маселелер боюнча тайсалдабай ачык айтып салганы пайдага да иштегенин айта кеткен оң.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист: Менимче, бийлик башындагылардын жарды болбогону жакшы эле. Мисалы, Уругвайдын президенти Хосе Альберто Мухика Корданону же Ирандын мал баккан экс-президентин идеал туткандарга кошулбайм (ырас, каршы деле эмесмин). Бирок мамлекет башчы сөзсүз эле Трамптай миллиардер болбошу керек, аны туурайбыз дегендер акыры катуу сынат. Мага Сингапурдун экс-премьер-министри Ли Куан Ю көбүрөк жагат. Ал мамлекеттик кызматкерлер бизнесчилердин орточо кирешесинен кем эмес эмгек акы алышы керек дегенде жаман көргөндөр болгон экен. Улут лидери байлыгынын көптүгүн эмес, таза, адал жол менен топтогондугу менен сыймыктанса жакшы болмок. Президенттин материалдык эмес, рухий байлыгы ишинен көрүнүп турса кандай сонун болор эле!

Азамат ТӨКӨРОВ, акын: Буга бир анекдот менен жооп берейин. Бир миллионерден журналисттер сурай дейт:

— Сиз кандай болуп миллионер болуп калдыңыз?

— Аялым экөөбүз шаарга келдик. Чөнтөгүбүздө болгону 10 сом акчабыз бар. Эмне кылсак деп ары ойлоп, бери ойлоп, акыры он сомго помидор сатып алып, аны кыдырып саттык. Ал акчага дагы помидор алдык. Дагы саттык. Он сомубуз жүз сом болду. Жүз сомубуз миң сом болду. Ошентип помидор сатып жүргөнүбүздө аялымын эжеси өлүп калды. Ал аялыма 2 миллион мурас калтырган экен.

Эми бул албетте, анекдот деңчи, бирок биздин ажо деле китеп сатып, китеп сатып, китеп сатып жүрүп эле бир күнү Акаевдин колу менен 50 миллиондуу болуп калган турбайбы… Эми ошол миллиондору өзүнө насип этсин эле дейм. Мага десе миллион жолу мульти болбойбу, тарыхта баягы эле болгаркасы менен «дракондун» башын алган Алмаз боюнча эле калат да.

Урматбек НУРСЕИТ уулу, түрколог: Анын мультимиллионер экени ачык эле көрүнүп турат. А.Акаев жазуучуларга бөлүнгөн 50 миң долларды жеп байыганын айткан. Бизнесин ошол учурда баштаганы белгилүү. Кыргызавтомашты талкалаганын эске ала турган болсок, эч кандай шек санабай деле койсок болот. Демек, мамлекеттин байлыгын тоногон мультимиллионер.

Жамиля НАСИРОВА, журналист: Бизде президент болгондордун баарын эле мультимиллионер кылып узатып атабыз.Төртөөсүнүн бирөөсү кембагал кетпеди… Бийликке байыш үчүн келгендерди жактырбайм.

Мурат ЖЕТИМИШБАЕВ, коомдук ишмер: Эли жакыр болуп турганда эл башчынын байыганы эзели кыргызда болгон эмес! Анда ошол «Элинин эсебинен байыган» деп ачык эле айтсак болот! Ага далил: жазуучулардын акыры аңгырап бош турганы! Дагы бир айтаарым: эли мүңкүрөп бутуна тура албай, мамлекет колкосуна чейин карызга батып турганда «мен өлө баймын» деп көкүрөгүн кере мактангандыгы — бул жеткен алабармандык.

Дайырбек ОРУНБЕКОВ, журналист: Атамбаев кантип байыганын, эң алгачкы миллиондорун уурдоо, басып алуу жана алдап кетүү менен байыганын тунгуч президент Аскар Акаев ыйлактап айтып берген. Ал, жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рубль акча каражатын жеке кызыкчылыгына, өз пайдасына колдонгон. Акаевдин айтканы чындык болсо, анда азыркы президент Алмазбек Атамбаев эң алгачкы «ырыскысын» арам жол менен тапкан. Президент Атамбаев ишенимдүү кылып миллиондорун кантип тапканын айтып бере элек. «Китеп сатып байыгам» деп айтыптыр, ага ишенүү кыйын. Ал канчалык актанбасын анын ким экенин, сөзүндө чындыгы, өзүндө калыстык жок экенин билебиз. Кыргызстан ал башкарган жылдары эң жакыр 50 мамлекеттин катарына кирди. Эли ачка, мамлекети жарды, экономикасы талкаланган мамлекетте баймын деп мактанган эл башчы, журт башчы акылдуу деле эмес экенинен кабар берет.

Жылдыз КАМЧЫБЕКОВА, Россияда жүргөн мигрант: Жакыр өлкөнүн падышасынын мультимиллионер экени кимге жакмак эле?! Анан калса, туура эмес жерде, туура эмес жагдайда өзү жарыялап отурганы…

Темиржан МААТКЕРИМОВ, эркин журналист: Түшүнгөн кишиге бир мамлекеттин президентти болуу мультимиллионерден да жогору бааланат.  Ажобуз мультимиллионер болсо болгондур, бирок падышанын бул сөзү өз мекендештерин ыңгайсыз абалга калтырды. Анын бул айтканы Орусия президенти В.Путиндин алдында деле абырой алып келбейт. Тескерисинче, ичинен баш чайкап кеткендир…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *