Менин айылым

№6

Мен кичинемден эле айылымдын Ак-Дөбө деп аталаарын билчүмүн. Бирок эмне себептен андай аталганын билүү оюма да келбептир. Бир күнү эжейбиз Айганыш: «Балдар, силер билесиңерби, айылыбыз эмне себептен Ак-Дөбө деп аталып калган?» — деди. Ошол убактан баштап себебин билүүгө кызыктым. Айылдагы улуулардан, тарыхчы Нурманбет агайыбыздан сурамжыладым.

Көрсө, мурда атайылап курдурган кароол дөбөлөр болгон экен. Ошондой дөбөлөрдүн бири биздин айылда болуптур. Ал тургай ал дөбө биздин үйүбүздүн жанында турат. Кыш мезгилинде мен ал дөбөгө досторум менен жылгаяк тээп ойносом, жайкысын гүл терип ойнойм. Күз келип, мал короого кирер мезгилде издеген малыбызды ошол дөбөгө чыгып карайбыз.

Эх, чиркин, айылыбыздын кооздугун ошол дөбөгө чыкканда гана сезесиң, сөз менен айтып бере алгыс.

Сыдырым соккон жели, кызыл-тазыл түркүн боёкко боёлгон жашыл кымкап жамынган тегиз талаасы адамдын көз жоосун алат. Дөбөгө чыксам, өзүмдү көктө учкан канаттуу куштай сезип кетем.

Абдыкадырова Айпери,
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов атындагы орто мектептин 4 «б» классынын окуучусу.

Сынак жобосун ушул шилтемеден табасыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *