ЭССЕ

АЛТЫН
Алтынды (байлыкты ) көргөн чакта Аялдын жүрөгү эргийт жана «аттиң, меники болсочу» деп кейийт. Ал эми сулууну (аялды) көргөн чакта Эркектин жаны эрийт жана «атаганат, жалжалым болуп калсаңчы» деп жүрөгү өйүйт. Андыктан эркек күйүп-түтөп жеткен максатка, сулуулар күлүп туруп жетет. Алтындай адам сейрек, башка элементтеги кишилерди көп эле жолуктурууга болот.
АДАМ
Дүйнөдө эч бир, эч кандай жаман адам жок. Анын жакшы же жаман болушу — сенин өзүңдүн жасаган мамилеңе байланыштуу. Аял чүпүрөк-чапырактын күңү, эркек кагаздын (акчанын), майдачылыктын кулу болсо жаман көрүнөт элге. Адам деген кирсиз тунук, айкөл, жоомарт, эстүү, мээрман, ыймандуу жан, аны жаман көрсөткөн көр турмушта бүт күнөө.
Жан-дүйнөбүздө кара жана ак адам жашайт, алардын ортосунда келишпес түбөлүктүү күрөш жүрүп турат. Жомокто айтылгандай: эки ийниңдеги периште жана шайтан сыяктуу бири терс, бири түз жолго үндөйт.
ЭЛ-ЖЕР
Жакшылыкка жан тарткан шерик, жамандыкка тике тура калган элден айланса болот. Жердин кереметти жараткан күчү бар үчүн, турпак-суусуна айланып кеткиң келет. Момун калк уулдарынан гений чыкса да байкабайт, даанышман эл балдарынан макоо чыкса да тоготпойт. Адамзат космосту толук багынткан кезде гана анын Ата-Журту — биздин кичинекей планетабыз болуп калат. Эл-жер деп сагынычка батсаң, сүйгөнүңдөй эңсеп кусалансаң гана жашоонун маңызына түшүнөсүң. Эл-жердин кереметин кетирбөө — ар адамдын ыйык парзы.
ИБАРАТ
«Ибарат» аттуу ыр жыйнак — кыргыз поэзиясындагы реалисттик багыттарга кескин бурулуш болду. Адатынча сынамак турсун бир сап да калпы жок карандай турмуштук жөнөкөй көрүнгөн лирикаларды жыргап окуп чыктым.
Ушуну менен Рамис менен башталып, Рамис менен бүткөн кыргыз поэзиясынын романтикасы бүттү дешке болбойт.
Бул ыр китепте Алыкулдагы муңайымдуулук, Мидиндеги курчтук, Тагордогу табигыйлык жана автордун өзүндөгү катаал карапайымдык ыргактарга таасын ой, таамай сөз менен ширетилген. Бир аз гана көйрөңдөнүп, эркелеп кетмейлер болбосо, жалпы жонунан дурус шөкөттөлгөн поэзия. Бирок ыр тамырында граждандуулуктун пульсу катуу согот.
Адашкан айыл-шаар ортосундагы чалагайым жаштарга өрнөк, жол көрсөтүүдө «лирикалык каарман» бир топ эле чыйрак, намыстуу, арчыл.
Адабият сыны мындай сейрек көрүнүштөргө адатынча унчукпас кызгануу менен жооп берет эмеспи.
«Бер, ибарат турган жерден,
ак ийилип карага сынган жерден,
көрүнгүн чоң-кичине мамилеңден!..»
Биз деги кимбиз, эмнебиз? Ушул маселе талылуу коюлат. Кыргыз дагы өзүн-өзү тааныганча, ынтымакка, биримдикке келгиче далай кыйналат. Бир канча муундар «курмандыкка» чалынат болуу керек. Бирок ойгонуунун өзү жакшы. Кете бересиң, кете бересиң, жөн койсо арабөк калгандар…
МЕЗГИЛ ЖАНА ЫР АВТОРУ
Талант демекчи, ага көрө албастык кылгандан көрөкчө, жамандык издегенден көрөкчө, аны менен чыгармачылык жактан атаандашууга барган жакшы. Адамдык, турмуштук жактан ат салышууң да жаман эмес. Ички байлык, көркөм дөөлөт деп да коюшат, эрк-бийлик, өмүр саламаттык жагынан теңтайлашууга аракеттенүүң абзел. Анткен себеби: мен жазган ырды сен, сен жазган ырды мен эч качан, «жизни» жаза албаймын. Демек, мен да, сен да, ал да «эрегишип» жазууга тийиш. Бирок бири-бирин басмырлап, басынтпаш керек жана зыяны тийбегендей болуусу ажеп. Анткен себеби: таланттуу жаштарын өстүрбөгөн эл, багынгыч, бир нерсеге келишкич, ээрчиме калк болот.
Анан да: «Я не могу терпеть, перенести когда торжествует зло и халтура» дейт эмеспи. Же кыргызча айтсак «Жаманчылык менен жазмакерлик шаңданып өкүм кылып жаткан кезде мен аны көтөрө албаймын, деги эле чыдоого болбойт» деп эсептеймин. Анан да кайра орусча айтканда: «Поэтому, каждый личность, художник, мастера слова должен наказать себя, чистить изнутри души, переписать рукописи, создать стоящие вещи — произведения» же кыргызча: » Ар ким өзүн өзү жазалаш керек. Мейли, ал сүрөткер, инсан же ким болбосун, жан-дүйнөсүн тазартып, кол жазмаларын оңдоп көчүрүп жазып чыгышы керек. Ошондо гана бирдеңкеге тура ала турган накта чыгармаларды, нагыз поэзияны жарата алат». Антпесек ар кимибизди мезгил өзү аёосуз жазалайт. Ал кечиримсиз, ырайымсыз деп мотивировкалайбыз. Же: «А то время нас будет наказать жестоко. Оно не простить». Ал гана кечирим бере албайт.
КЫРГЫЗДАР
Кыргыздар сергектиги, сезимталдыгы, кең пейилдүүлүгү, акыл-эстүүлүгү менен айырмаланат. Ошол эле учурда кенебестиги, жанда жок жалкоолугу, көз күйгөн көрө албастыгы жана ич тарлыгы кан-жанында өтө күч алган. Бул бир этаптардан кийин жоюлуп кетчү нерсе. Бул прогрессивдүү өсө турган элдин касиети. Анткен себеби карама-каршылыксыз прогресс жок эмеспи.
Кыргыздар баатырдыгы, ыкчам кыймылы менен өзгөчөлөнөт. Ошол эле учурда коркоктугу, жанда жок момундугу, болбогон нерсеге ачуусу келмейи бар. Кыргыздар таңкалаарлык меймандостугу менен даңазаланган журт. Кыргыздар өтө баласаак жана малсаак, ошол эле учурда туулган жеринен карыш чыкпайт. Бөтөн жерде өлсө да, башына алтын чачып ийсең да түбөлүктүү жашашпайт. Бир кылымдарда бир кылымдарда түрк селджуктарына айланып, согушуп, куулуп-сүрүлүп же жеңип алып бөлөк элдин ичине барып жашап калышкан. Ал жердигинен ыр жандуу эл.
Кыргыздар канатташ калктардын, анатомиялык, психологиялык, фольклордук, тилдик касиеттерин өзүнө сиңирген феодалддык цивилизацияны баштан өткөргөн эл. Алардын өнөр, кесипчилик жактарын өздөштүрүшкөн, жакшы салт-санааларын кабыл алган жана өзүндөгү үлкөн касиеттерди, үрп-адаттарын үйрөнүүгө «сунуш кылган» сыяктанат.
Кыргыздар эзелтен эзүүчүлүккө, баскынчылыкка, түркөйлүккө, куулук-шумдуктуу жаманчылыкка каршы күрөшкөн жана теңчиликке, көз каранды эместикке, окумалдыкка, карапайымдыкка умтулуп келген азат журт болуптур. Кыргыздар япондордой тике сүйлөбөй, экинчи, үчүнчү жак менен айткан. Орой нерсени сылык түшүндүрүшкөн.
ТИЛ — АЛТЫН АЧКЫЧ
Кызыл тил — жандын өчпөс оту. Ал өлкөлөрдүн калктарына өткөргөн жандуу көпүрө. Андан адабияттын, илимдин, искусствонун, маданияттын не бир зор кербендери өтөт. Алар баа жеткис жүктү, теңдешсиз чыгармаларды ташып өтүүгө алмаштыргыс мүмкүнчүлүк түзөт. Ал биздин жан-дүйнөбүздү, рухубузду байытат. Кезегинде биз да аларга кербен-көч жөнөтөрүбүз бышык.
Мисалга алсак, орус тилинин адабий лексикасы калыптанган. Таза орус адамы жок болсо да, таза орус тили бар. Орус тили — ыргактуу, салтанаттуу, назик, ийкемдүү, көркөм, так, даана, таасын, бай тил.
Биз — кыргыз жаштары орус тилинде окуп сүйлөгөн менен жазганды үйрөнбөй жүрөбүз. Чоң кемчилигибиз ушунда. Куралды кармаганды эмес, атканды эмес, жасаганды билишибиз керек.
Ар бир тил — жатык, жөнөкөй, угумдуу, жагымдуу, улуттук улуу бай казынанын эшигин ачкан алтын ачкыч. Ар бир тил — улуу тил.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *