Ненец жомогу
Жашоодо бир бечара эне болуптур. Анын кум кулак төрт баласы бар экен. Эртеден-кечке оюндан омурткалары сынганча кар менен ойногонун коюшпайт.
Жашагандары алачык. Ошол алачыкка келгенде кийимдерине касабала кар жабыштырып келишкеничи. Сырттан кирген карды эне кургур тазалап, балдарынын кийимдерин кургаткан түйшүгүн тартканы канча.
Кургур далай көргүлүктү көрөт. Жай келип, суудан балык кармап алган энесинин оор түйшүгүн бөлүшүүгө төрт баласынын бири да жардам кылбайт.
Ошондой оор турмуш, оор түйшүктөн эне ооруп жыгылат. Алачыкта кыңкыстап жатып, балдарын чакырып жалдырайт:
– Суу берип койгулачы. Тамагым кургап калды. Суу, суу…
Бир эмес канча жолу суранса да, балдарынын бири да суу апкелгенге жарабайт.
Улуусунун айтканы:
– Бут киймим жок.
Андан кичүүсүнүн айтканы:
– Баш киймим жок.
Үчүнчүсүнүн айтканы:
– Мен жылаңачмын.
Кенжеси болсо укмаксан болуп коёт. Эне кургур минтип да жалдырайт:
– Жылаңач барсаңар деле: суу алачыгыбыздын түбүндөле агат ко. Тамагым кургап өлөйүн деп калдым!
Балдары күлүп чыгып кетишет. Көпкө ойношот, алачыкка бири да башбагып койбойт. Акыры курсагы ачканынан улуу баласы алачыкка башбагат.
Караса, апасы алачыктын ортосунда терилүү тон ийип аткан болот. Бир убакта эле терилүү тон канат-куйрук менен капталып калат. Энеси тери кырган тактайды колуна алаары менен, тактай куштун куйругуна айланат.
Темир оймогу оозго айланып, колдору болсо канат болуп өсүп чыгат. Ошентип ал куш болуп, алачыктан учуп чыгат. Улуу баласы артынан кыйкырат:
– Эй, карагылачы, апабыз чымчык болуп учканын!
Бөбөктөрү ошол замат чуркап келип, чыркырашат:
– Апа, апа! Сизге суу алып келебиз!
Эне үн катат:
– Кү-күк, кү-күк! Кечиктиңер. Мен эми көл үстүнөн учам. Толкуну шарпылдаган суулардын үстүнөн кайкыйм.
Балдары артынан чуркайт. Чакырышат. Чөмүч менен суу сунушат.
Кенедей баласы чыркырайт:
– Апаке, апаке! Үйгө келиңизчи! Мэ, суу ич! Мынакей суу!
Эненин үнү алыстап барат:
– Кү-күк, кү-күк, кү-күк! Эми баары кеч, балам. Мен эми келбейм.
Чыркыраган балдары далай күнү, далай түн бою сай кечип, саз кечип, таштак жолдо тызылдап, артынан кубалашты. Жетпеди. Буттары канады, тилинди. Басып өткөн жолдорунда кандын гана изи калды.
Күкүк-эне кайрылбаган бойдон балдарын таштап кетти. Ошондон кийин күкүктөр уя салбай, балапандарын да багып-өстүргүс болуптур.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *