АҢГЕМЕ

I

Мектеп босогосун аттай элек кезим. Бейбаштыгымды көтөралбаган атам какыс-кукус кыла койгондо апам кургур «балаң эс тартканда өзүле токтолот» деп чырылдап жиберчү. Мен бул сөзгө чындап ишенчүмүн, атам ишенчү беле, жокпу, билбейм, бирок апамдын кебине кулак салбагансыганы менен бираз ачуусу тарап, шалдайып калчу.

Атам туруп-туруп эле бир күнү мени катуу сабады. «Өпкөңдү үзөм!» деп күрс эттире урганда күпчүйүп жыгылдым. Чын эле өпкөм үзүлүп кеткендей өзөрүп куладым. «Ик-ик-ик…» деп үнүм чыкпай калды. Түпкүчтөй түйүлүп жатканымды көргөн атам: «Экинчи сени урсам, колум сынсын» – деп эшикке чыгып кетти. Кайта кирет, кайта чыгат. Кайта кирип ордунда тегеренип туруп калды. Айласын таппай кайпалактап турганда – дем ала баштадым. Өңү кумсарып, заманы куурулган атам: «Балам, аз жерден элге шерменде болуп кала жаздабадымбы… Экинчи сага колум тийсе, башымды жутайын» деп ант берип жиберди. Айтканындай эле ошондон кийин мени далайга чейин урганын токтотуп, алдап-соолап айтканга өткөн. Бирок акыры «алдап-соолаган сага жарашпайт турбайбы» деп камчы менен тызылдатчу болду.

Атамдын ачуусу каканактап араң турса арачалай калчу апам бир күнү эле: «Бул балаңа менин да алым жетпей калды» деп жыландын башын кылтыйтып чыгып кетти. Ошондогу атамдын таягынын ачуусу эстен кетпейт. Кудум мууздаганга жетелеп барчу эчкиден бетер коргондон коргонго секирип качып жүрөм. Атам мени кубалап жетпей чарчаганда, кара жоргосуна минди. Кара жоргосуна мингенде дегеле камчы албаган атам, чобур атка мингенде алчу камчысын алды. Эми кайда качарымды билбей, сарайдын үстүнө чыгарым менен апама кыйкырды: «Мылтыкты алып чык! Атып салайын». Атамдын айтканынан кайтпаган мүнөзү бар эле, дароо сарайдын чатырынан секирип түшүп, алдына барып бердим. Камчы менен жонума салып-салып алды да, көксөөсү суугандай атын түркүккө байлап, камчысын сүйрөп, үйгө кирип кетти.

Кечке чейин үйдү сагаалап, киргенге даабай, сырттагы атамдын кара жоргосунун жалын сылап, моюнун тарап, таноосун чукуп атсам, айгыр неменин жука чурайына көгөндөр конуп алып, канын шимип аткан экен, шап этип уучум толо кармап алдым. Үргүлөп турган айгыр чочуп кетти. Кошкурунуп алып, кайра жоошуй калганда эми мурдагыдай эмес, чычкан аңдыган мышыктай жылып барып; айгырдын чурайындагы көгөндөрдү уучтап кармап аткам. Айгырдын да жаны жай ала, мага ыраазы болгондой көз кырын салып койду. Жылкы баласы эмеспи, жакшылыгымды билип атканына мен да ыраазы болуп, байлоодо турган неме суусагандыр деп, ооздугун чыгардым да, атамдын уруксатысыз эле жонуна тырмышып минип, сугарып келгени жөнөдүм. Ошондо мага да, каражоргого да убал жок экен. Бутумду сербеңдетип теминерим менен кара жорго алып-учуп жөнөсө болобу. Тизгинин тартам, чылбырын тартам, айгыр булакты көздөй эмес, үйүр жылкыларга алып жөнөдү. Жылкылар үркүп, чытырман чычырканакка кире качышты. Алардын артынан кара жорго мени алып жөнөдү.

Айгыр мени ала качып жөнөгөнүн атам үйдөн узарым менен эле көрсө керек. Бизге кошуна уйчулардын аттарын шапа-шуп минген үч адам артыман удаа эле аттанды. Аларды артыман жетип келет деп канчалык үмүттөнгөнүм менен алардын жакындаган карааны жок, чытырман токойдун арасында кимибиз кайда баратканыбызды көрбөй, кыйкырышкан үндөрүбүз гана угулат. Денемди сайгылаган чычырканактын ачуусу айгырдын аласына конгон көгөөндөрдөн да катуу ачыштырат экен: дене-боюм тызылдап ачышканда өкүрүп ыйлап бердим. Колумдан тизгин менен чылбырды чыгарып ийип, ээрдин кашына чапкенедей жармаштым. Бир убакта алдымдагы зуулдап учкан кара жорго кайдан-жайдан тып токтоп калды. Карасам, тизгини бутакка илинип калыптыр. Шап секирип түштүм. Арттагылар да удаа-удаа жетип келди.

Эми ажалым айгырдан эмес, атамдан экен дедим. Атам атынан секирип түшөрү менен жүрөгүм шуу дей түштү. Бирок ал мага жетип эле жалынып жиберди: «Балам, аман-эсенсиңби!» Бооруна кучактаганда чыңырып жибердим. Бирөөнүн денеси денеме тийгиздирбей ачышарын коркуп калган атам кайдан билсин, кучагына бекем кысып жибергенде «кучактабаңызчы» деп ботодой боздодум. Үстүмдөгү жалаңкат көйнөк дал-далынан айрылып, денемдин бүтүн жери жок кызыл-жаян экенин калтырап-титиреген атам мени кучагынан бошоткондон кийин көрдү.

Күү менен камчысын кончунан сууруп чыгып, жанынан артык көргөн кара жоргосун башка-көзгө тартып-тартып алды. Атам апама гана кызыл камчы болсо керек эле, кара жоргосуна камчы үйрүгөнүн ошондо биринчи жолу көрдүм. Алдыма көрпөчө салып, атам мени дырдай жылаңач чечинтти. Үчөө үч жагымдан денемдеги тикенектерди терип атканда, чок баскандай тыбырадым. Шашкалактаган үчөө колго урунган тикенектерди терди да, озондотуп үйгө өңөрүп жөнөштү. Үйдө тырмак менен терилбегендерин ийне менен чукулап атышат. Апам бечара көпөлөктөй чарк айланып жүрөт. Атам экөө аз жерден жинди болуп кете сакташты. Атам тикенектерди ийне менен оюп чукуп, кан сызылган жерлерди бир колундагы кебез менен сүртүп, артынан апам үзүп берген аппак кебезди йодго малып, денеме сүргөн сайын ахалап-охолойм. Чычырканактын уусу өтүп кеткен денем тулуптай шишигени көпкө чейин тарабай жүрдү. Ошол бир ажалдан калган кырсыктан кийин атам дайыма үйгө келген-кеткендерге мени «герой» кылып тааныштырчу.

Бирок ал сабаганын, мен тентек кылганымды андан кийин да койгонум жок.

О анда, бөксөмө эт, сүйрүмө сүт тололек кезим. Мага баары кененчиликтей туюлчу. Мүмкүн ал окуя атамдан төпөш жебегенимде эсимде калат беле, калбайт беле, айтор калыптыр. Ал учурда советтик сары чака, ак чака тыйындар бар. Баасы жогу сары чакалар эле. Бирок сары чакалардын эң кибирегени бир тыйынга да соода жүрчү. Ошол бир тыйын үчүн далай бухгалтер, дүкөнчүлөрдүн үстүнөн арыз түшчү болсобу, ох-хо-о… Ошол кенедей бир тыйын үчүн кээси мансабынан айрылчу. Ошол бир тыйынга бир ширеңке сатып алчусуң. Буюм-терим алып атканда бир тыйының жетпей калса; дүкөнчүлөрүң мурдун чүйрүп турчу.

Биз анда алыскы Аксайда элек. Автодүкөн айына бир каттаса каттачу, каттабаса чабандар чай-чамек, керек-жарагын бир күндүк жолго ат арытып барып, куржундап ташынчу.

Бир күнү биз жайлаган жайлоо төрүнө автодүкөн токтоду. Үйдөн чубуруп чыгып, баарыбыз автодүкөндү курчап, «мага муну, мага тигини» деп атамдын жанын койбой баарын алдырып атабыз. Атам болсо «дагы эмнени унуттук?» деп улам керектүүсүн эскерткен апама кылчактайт. Апама самын-сумундан башканын кереги жоктой, улам эле «балдардын кийими кокочо болуп кетти, самындан кенен алалы» дейт. Бир кезде унутуп кала сактаган экен, «баса, ширеңкеден көп эле алып койчу, түткүдөй эмес» дедиле, атам 1 сомго 100 пачка ширеңке алды. 100 пачка ширеңке чоң чака менен толтура болорун ошондо көрдүм.

Колуна эчнерсе урунбаган апам бээ сааган чоң чаканы көтөрүп келип, ширеңкелерди ошого салдырары менен: «ме, бозүйгө алып кирип кой» деп мага кармата салды. Бирок мен ширеңкелерди бозүйдүн ичине эмес, аркасына көтөрүп жөнөдүм. Автодүкөнчү үйдөн даам сызып, келген жолуна түшөрү менен арким өзүнүн жаңы кийими менен мактанып бака-шака түшкөн кезде мен «бомба» жардырмай болдум.

Мурда өзүмдөн чоң балдар ширеңкенин бир талын күйгүзүп, аны пачканын ичине кайра салып ыргытканда бомба болорун көрүп калгам. Мен да бир пачка ширеңкени алдым да, көргөнүмдү көргөндөй жасай баштадым. Канткен менен «уурунун арты кууш» да, шашкалактап атып, ширеңке «шыр-р» дегенделе ыргыттым. Бирок ыргытканым алыска эмес, чоң чаканын өзүнө түшүп, фейерверк башталып кетти. Иттер бир жактан каңкылдап, желедеги кулундар туйлап, жылкылардын кишенегени «тревоганы» баштады.

Иштин төркүнүн атам биринчи түшүндү: «ширеңкени ушул кагынгырга карматасыңбы?» деп апама чала-була тап берип алып, зып койгон менин артыман сомодой болгон агаларыма буйрук берип, «кармап келгиле!» деди. Ордуман аттап-буттагычале алар да артыман жетери менен кежигемден мыжыга кармап, атамдын алдына жетелешти. Атам анан колу ооруганча сабады. «Үйдө жалгыз тал ширеңке калбады беле, ал түгөнсө сенин шыйрагыңды жагамбы!» деп, атам тыйылгандан кийин суу чыбыкты сороктотуп апам бир жактан чыкты.

Апам бирок бекер тызылдабаптыр. Күнүгө таң эртең баарыбыздан эрте туруп түндө көмүп жаткан отту өчүрүп албайын деп коломтону үйлөп, карала-торала болуп жүргөнү жүргөн. Коломтону кайтарып отуруп, кечинде баарыбыздан кеч жатат. Ошол Аксайдагы жаан-чачындуу мезгилде кокус очоктогу от үзүлүп баратсале оттун көзүн караган биздин үйдөгүлөрдүн баары мени тилдеп, баары кургак тезек тергенге мени жумшачу болуп алышкан. Акыры жайлы-жайлай очоктун көзүн кудайдын көзүндөй карап жүрүп, күзүндө жакага көчүп келгенбиз.

Азыр ойлосом, балалык кездеги жоруктардын дагы далайын унута баштаптырмын. Унутулбагандары атамдан төпөш жеген үчүн биринин артынан бири эсиме келе бергенине шүгүр деп коём. Атам куругур деле мени жаман болбосун деп бүт амалын колдонуп көрдү, бирок мен башка балдарындай момойгон жоош болбой калганым үчүн ийлеп-ийлеп төпөштөчү да, апам мени бир жактан жетелеп келгенсип, «биздин тукумда мындай ээнбаш жок эле, бул кайдан чыккан» дегенди туталанып какшай берчү. Бирок атам антип айтканы менен балдарынын арасынан атамдын өзүн мен гана тартып калганымды Жумабай абам дайыма айтчу. Анүчүн атам Жумабай абама бир күнү катуу зиркилдеген: «Мен качан ушул кагынгырдай болуп кыйсыпыр салчу элем!»

Өзүнөн улуу аталаш агасын кадимкидей кагып койгон. Атам ал сөздү канчалык өзүнө жууткусу келбегени менен биздин айылдагы карыялардын кимиси болбосун «сен так эле атаңдын өзүн тартып калыпсың» дегенинен эле, кимди тартып калганымдан шектенчү эмесмин. Алар да атам бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан ээнбаш өскөнүн биздин тегирменге келген сайын кобурай беришчү. Чоң атам, чоң энем деле атамды көп азап менен тарбиялап өстүрүптүр. Бирок бир да жолу атамдын оозунан өзүнүн балалык кездеги бейбаштыктары жөнүндө айткандарын уккан эмесмин. Менимче, чоң атам жалгыз баласын уруп-сокпогон үчүн атамдын эсинде балалыктагы жоруктары калбасак керек да.

Эси-көөнүмөн калгыс дагы бир мындай окуя болгон: Күүгүм болуп калган маалда биздин үйдөгүлөр телевизордун кызыгына кирип алышкан эле. Үйдө бир гана атам жок болчу. А мен чыгырык тегеретип, сыртта ойноп жүрсөм, кыштак жактан минген атынын оң жагына бир ооп, сол жагына бир ооп келаткан атамды көргөндө, алдынан тосуп чуркадым. Мага дайыма атамдын алагүү мас болуп келгени жакчу. (Андайда атамдын чөнтөктөрүнөн акчалар чубуруп турчу. Чубуруп турбаса деле берешендигине чек жок эле. А чубурган акчаларын алып койсоң, эртеси үндөчү эмес. Ушуну менден чоңурактары билчүбү, билчү эмеспи, билбейм… Айтор, атамдын акчаларын алып койчумун. Мен алгандан кийинки акчаларын апамдын колуна тийчү. Бирок ошол акчаларды эмне кылчумун, эсте жок. Жер чукуп катып койчумун же ташка бастырып салчумун. Аларды кайра алган-албаганымды таптакыр эстей албайм). Атамдын алдынан тосорум менен каражоргосунун суулугуна жармаштым.

– Ата, келдиңизби? – Атам кара жоргосунун үстүндө жаңыле көзү илинип уктап бараткан экен, үнүмдү угары менен көзү умачтай ачылды. Эки жагын каранып, кара жоргосу үйгө адашпай келатканына ыраазы болгондой, адатынча мыйыгынан жылмайып, айланага көз чаптырды да, жайылып жүргөн малды көрдү:

– Киргизелексиңерби? Бүгүн эми таалага эле таштагыла… – Бул айтканы какшык экенин кайдан түшүнүпмүн. Кара жоргонун үстүндөгү атамды мамыга чейин жетелеп келип, үйгө тызылдап чуркап кирдим:

– Апа, атам келди! – Үйдөгүлөрдүн баары ордуларынан жапырт тура калышканда, – Атам бүгүн малды короого киргизбей эле койгула, – деп айтты дедим. Баары тең телевизордун кызыгына батып, жапырт отурган кезде атам камчысын сүйрөп, ызырынып кирип келди:

– Мен үйдө бир күн жок болуп калсам, малды талаага таштадыңарбы! – кимиси алдынан туш келсе камчы менен жонго тартып-тартып ийди. Баары кыйсыпыр түшүп сыртка жөнөдү. Камчы мага да тийди. Сыртка чыгарым менен «энеңди урайын челек» деген сөз оозуман чыгып кетти. Аны атам угуп калган экен: «Кимдин энесин урасың!» деп, маңдайыма тике туруп калды. Анткени апам гана атамды челек деп айтарын угуп калчумун. Чынында атам жапалдаш бой, анан өз боюнан ашыгырак салмакты көтөрүп жүргөн киши эле.

«Кагынып калган энеңдидурайы-ын, алдагы тилиңди сууруп алайынбы!?» – деп менин айтканыма теригип алган экен, атам заматта соолуга түшкөндөй көрүндү. Мына анан коркконумду айтпа, эгер мас болсо да эмне айтканымды эртең унутуп калат эле, соолуккан экен, бүттү дедим. Адатымдай анда да дыр коюп качтым. Качканым курусун, көз байланган караңгыда үйдөн узагандан кийин, катуу корккон үчүнбү: буттарым тартылбай калды. Ар кайсы жерде дөмпөйгөн чийлер чачы апсайган жезкемпир жер чукуп отургандай үңкүйөт. Үйгө кайта барайын десем, атамдан корком, барбайын дейм, көөдөй караңгы түндө кайда барам?.. «Агер Султанаалы кошунаныкына корголосомчу? Атам алардыкына издеп таап алсачы» дейм. Андан башка кошунабыз жок болсу.

Саз, токойлуу бул жерде эки эле үйбүлө жашачу. Атам тегирменчи эле. Муштумдай жүрөгүм дүкүлдөгөн сайын дал ортомдун тушунда бирөө тургансыйт. Бир далай убакыттан кийин апамдын үнү чыккан тарапка темселедим. Ал болсо менин карааным үзүлгөндөле артыман жөнөптүр. «Атаң эбак эле уктап калган. Дабышың чыкпаганынан – өпкө-бооруңду үзө муштаган экен деп, жаным калсачы» деген апам безеленип жиберди. Бирок ошол күндүн эртеси атамдын эсинде кечээгинин бири да жок болсо керек, эртең менен күндөгү адатындай мойнуман жыттагылап, сакал-муруту бети-башымды сайгылап, мени эркелетип аткан экен.

Атам канча төпөштөгөнү менен баарыбир көкүрөк күчүгүм деп, башкаларына караганда мени өзүнө көбүрөк имерчү. Апам дайыма атам мени төпөштөп коюп, кайра тез эле сооротконун көргөндө: «Экилентип аласың да, кайра бейбаш кылган өзүң» десе, «азыр бейбаш болсо, кийин эрте токтолот» деп, экөө кыжыңдаша беришчү. Антсе да атам ыраматылык менин кагылып-согулуп, бой жетип барып токтолгонумду көрбөй өтүп кетти.

Атам бечара менин үйдө жасаган тентектигимден да мектептеги жоруктарымдан уялганын айтып, «көчөдө элди карап басалбай калдым» дечү. Мектепте ата-энелердин жыйналышы болорун укканда апам экөө «сен бар, мен бар» болуп, көпкө тартышар эле. Экөө тең менин мугалимдериме жолуккандан заарканышчу. Жалаң «4», «5» деген баа алып окуган эжелеримдин убалына көп калдым. Алар мектептеги өздөрүнүн ийгиликтери менен мактанмакчы болуп атам, апамды ээрчитип баргылары келет. Бирок атам менен апамдын «барбайбыз» дегенин укканда ыйлап атып көндүрүшчү. Акыр аягы атам жеңип, апам бечара жыйналышка жөнөп калар эле. Апам анан мектептен жетиналбай кубанып келчү: «Айтбүбү, Бурул, Жаңылды мугалимдери абыдан мактады» дегенди укканда «а менин мугалимдериме жолукту бекен?» деп кыпылдап отурчумун.

Атам да апамдын жакшы кабарларын угуп болуп, менин мугалимдериме жолуккан, жолукпаганын сөзсүз сурачу. Апам да эстүүлүк кылып, менин мугалимдеримен айланып качып келгенин айтканда, атам жиндей баштачу: «Атайы кыштакка баргандан кийин жолугуп келбейт белең! Эртең колхоздун конторунан мунун мугалимдерине жолугуп калсам, талап жешет турбайбы!» – деп туталанчу.

Менден айласы куруп бүткөн атам менен апамдан мурда бир күнү өзүм күтпөгөн окуя бүтүндөй мектепти дуу түшүрдү. Анда 7-класска көчкөн убагым. 45 мүнөттүк сабак аяктап, коңгуроо кагылган кезде балдардын баары чурулдап, сыртка чыгып кетти. Мен болсо физика китебинен кайсы бир тапшырманы жаттай албай отургам. Себеби, Үсөй деген физика мугалимибиз чейрек болор алдында «бул чейректен «3» деген баага жарабай калсаң, физика сабагына киргизбейм» деп, мага акыркы эскертүү берген.

Мээме эчнерсе кирбей, эбиреп жаттап атсам, Жыргал деген тыржыйган бала: «Сен бүгүн киши болуп калгансың го, ыя… Китептен баш көтөрбөй калыпсың. Кана, доскага чыкчы» деп, мугалим сөөлөттөнгөнүнө күйүп кеттим. Улам ордуман туруп кубалайм, качып кетет. Бир убакта эшикке кубалап чыктым да, чоң кара мештин ичиндеги кызарган көмүрдүн чогуна от көсөгүчтү сойлотуп коюп, китеп тиктемиш болуп отуруп калдым. Тиги дагы кирип, мугалимдин үстөлүнө отурары менен доскага чакыра баштады. А мен чоң кара мешти көздөй бастым. Тиги камаараган жок. Шишти сууруп чыксам, кыпкызыл. Мени көрүп, тиги бурчтан тиги бурчка чуркадыле, качыра бердим. Жетип эле шишти жанбашына бастым. Класс ичи куйкум жыттанып, ботодой боздоп жатат.

Конгуроо кагылып, кирип келгендер жерде түпкүчтөй түйүлүп жаткан Жыргалдын эмнеге ыйлаганын, каңырсыган жыт кайдан экенине түшүнбөй, аңырайып калышты. Көп өтпөй кабагы тырышкан Үсөй агай класска башбагар замат иштин чоо-жайын угуп, анын да оозу ачылды.

Ангыча ким бирөө элпектенип мектептин деректирин чакырып келгенге үлгүрүптүр. Деректир ошол замат эле кайдан-жайдан атамды таптырып келди. Атамдын артынан айылдын милийсасы кошо кирди. Деректир дароо эле бүтүндөй мектепке жыйналыш болорун жарыялады. Баардык класстын окуучулары жыйналгандан кийин заары көзүнөн чыккан деректир бул окуяга элдин баары күнөөлүдөн бетер, ар кимге сөөмөй такап: «Мынабул акмакты көрүп атасыңарбы!?» деп мени ортого чыгарды.

Иштин аки-чүкүсү эмнеден чыкканын териштирип отурбастан, мен жөндөн-жөн эле тигини баса калып куйкалап салгандай таризде түшүндүрүп кирди. Жыйналыштагылар дуу деп, ордуларынан козголо түштү. Ары жактагы мугалимдердин арасында мага дайыма ызырынып жүрчү Жумаш эженин: «Бул бала дайым ушул. Бирдеңкенин ичинен чыкмайын жүрбөйт!» дегенин укканда, «эми бүттү, – дедим – баары арызданып баштайт».

– Мунун ата-энесин чакыртыш керек! – деп дагы бир балакеттин башын баштаарда, ансыз да ачуусу шакардай кайнап турган деректир ортодон чыга калган Жумаш эженин сөзүн жулуп алды:

– Атасын чакыртып келдим. Ал киши бул жерде… Келсеңиз мында… Бул жакка чыгып, балаңыздын жоруктарын угуңуз…

Жыйналыштагылар дуу этип козголуп, моюндарын созуп, атамдын кайда турганын издей баштаганда, атамдын ордуна күнөөлүдөй болуп Үсөй агай чыкты:

– Ал киши жыйналыш башталганга чейин кетип калган.

Муну укканда жеңилдей түштүм. Баятан шылкыйган башымды бираз көтөрүп, мен да элдин арасында атамдын турган, турбаганына көз чаптырдым. Эми бир гана чоң коркунуч калды, ал – айылдык милийсада. Чынында бардык коркунуч атамда да, мугалимдерде да эмес, деректирде деле эмес, мына ушул милийсада болчу. Мен үчүн башкалардын опузасы деле көнүмүшкө айланып калган эле.

– Анда кана, жолдош лейтенант! Биз бул балага эмне чара колдонсок болот? – деп ортого милийсанын чыгышын суранды. Тургандар жым-жырт. Деректир менен милийса мурда да сүйлөшүп алса керек, сөздүн ток этер жерин айтты:

– Жана айтылгандай, бул балага кылмыш ишин козгойбыз. Арыздар боюнча протокол толтуралы, – деп папкесинен кагаз, калем алып чыкты:

– Бул жерден тарбия албагандарды тарбиялоочу балдар колониясы деген бар, ошол жакка которулат…

Башканы күтсөм да, муну күткөн эмесмин. Эсим эки болуп турганда, сөздү деректир улады:

– Биздин мектепте балдар колониясына жибере турган мынамунун так өзүнө окшогон дагы бирөө бар, Өмүракунов деген… Эй бала! Бери чыкчы… Машаяктын баласы болуп кетсең да! – деп дайымкы киндиктештей досум Касымды катарыма тургузду. Ал экөөбүз чынындале бүтүндөй айыл мектебинин көңүлүнө көкташтай тийген элек. Экөөбүздүн башыбыз кошулган жерде алыбыз жеткендин баарына кыргыйдай кол салчубуз.

– Мына ушундай чектен чыккандарды тарбиялай турган жерди «балдар колониясы» деп айтат, – деп мээбизге кыт куйду. Ал ушинтип өз ачуусун улам өзү күчөткөн адаты менен дайын болгон Мырзабек деген сүйлөөк мугалимдердин бири болучу.

Шөлбүрөп, кечинде үйгө келдим. Бирок ичимде катуу кайрат турду. Үйдөгүлөргө бүгүн болгон ишти болгондой айтып берем да, эртең балдар колониясына барарымды айтам деп, үйдүн босогосун аттадым. Кызыгы, үйгө киргенимди көргөн атам да, апам да үндөбөдү. Сумкамды ордуна койдум. Дале унчугушпаганынан, сыртка чыктым. Сыртка чыгарым менен өпкөм өпкөмө батпай ыйлап жибердим. Өзүмдү-өзүм эч токтоталбай ыйладым.

Негедир өзүмдү адилетсиз жерден күйүп аткандай аядым. Жанагы Жыргал деген тыржыйган неме менен менин ортомдо болгон окуяга бир эле адам күбө болуп калганда иш мындай аяктабайт эле деген ой ичимди сыйрып өттү.

Эртеси таң эртең менен эрте бир жакка барууга камданып алган атам мени ойготуп атыптыр:

– Сен бүгүн мектебиңе барбай тур…

Муну укканда, чала уйкуда болсом да атам мен үчүн иштин аргасын табарын туйдум. Башка бир да сөз айткан жок. Аттанып кетти. Мен болсо кечээги окуя менен балдар колониясы жөнүндө атам менден эчнерсе укпай туруп кайда кетти? – деп жаздыкка баш коюп, уктап калыпмын.

Түш оогон кезде атам анан айылдын милийсасы алагүү абалда үйгө келаткандарын көрүп, сүйүнгөнүмдү айтпа. Атам милийсасын колго алып койгондон кийин, иш бүттү дедим ичимден. Бакылдашып келаткан экөө үйгө жакындаганда:

– Ушул балаң чоңойсобу… Сени жыргатат. Айтты-койду дээрсиң, карап тур… – деп сунган колумду көпкө силкилдетти. Атам да башыман сылап:

– Бул көкүрөк күчүгүмдү кестирип ийген күнү курубаймынбы, – деп мойнумдан жыттып-жыттып алды. Милийсаны төргө өткөрөрү менен апамды далиске ээрчитип чыкты:

– Балдарга куйруктуу кара козулардан бирди сойдуруп жибер.

– Кечээ эле союлган койдун эти турбайбы…

– Сойдур дегенден кийин сойдура берсең, эк…

Атамдын айтканын эки кылып көнбөгөн апам баглан козулардын төлбашысын жетелетип келди. Апамдын «малга бата кылып койгула» дегени бажакташып отурган атамдын да, милийсанын да кулагына кирген жок.

– Үйдө отуруп бата кылып койсок боло берет, – деп коюшту.

Качан козу мууздалгандан кийин үйдөн: «Оомийин, ушул көкүрөк күчүгүңөрдүн өмүрү узун болсун» деген милийсанын үнү угулду.

Козунун эти ары-бери устакандалгыча башын чаарала күйүк кылып куйкалап жибергенимди көргөн апам жемелеп киргенде, «болор иш болуптур» деп, сыртка чыккан атам апамды жоошутуп койду.

Эт бышкан кезде баятан кийиктин куурдагына тоюп уктап калган милийсаны атам, апам ордунан козгой албай койду. Мектеп деректири болсо эртеси күнү да, андан кийин да балдар колониясы жөнүндө мага эчнерсе айткан жок.

II

Жаратылыш шарты катаал Атбашыга жаз келген маал. Талаа-түз көктөй баштаган майдын башы эле. Атам алты ай бою шаардан шаарга, доктурдан доктурга жеткирилип, эти сөөгүнө жабышып, таанылбай калганда врачтар үйгө чыгарып берген. Атам анда рак менен оорурун апам эле билчү экен. Апам бир күнү балдар-кыздарын түгөл жыйнады.

– Тегерек-четти тазалап, камынгыла. Атаңарды врачтар рак деп чыгарып берген…  Муну уккан эжелерим четинен бышактай баштады, анан агаларым. Эң улуу агам гана «Жаман жорукту баштабай, үнүңөрдү баскыла!» дегенден кийин ыйлап аткандар тып басылды.

Эшикке чыкканда Айтбүбү эжемден рак эмне экенин сурасам, «атам айыкпайт экен» деп ыйлап жиберди. Ошондо рак оорусу эмне экенин түшүнүп-түшүнбөсөм да жүрөгүм муздап, озондоп ыйлагандарга кошулдум. Үнүмдү атам укпасын деп, тамдын артында шолоктоп атсам, жаныма апам келип, «балам, болду» деп үнү каргылданып турганына огош бетер озондоп бердим. Апам жеңинин учу менен салаалаган көз жашын мисирейте сүрдү да:

– Бака кармагандан коркчу эмес элең, балам…Эгер кармап келалсаң, атаңа баканын шорпосун ичирип көрөлү. Бирөөлөр баканын шорпосу ракка шыпаа болот дедиле…

Муну укканда, ордуман секирип турдум.

– Канчаны кармап келейин?

– Болушунча кармап кел, – деп колума бир литрлик банканы карматты. Мен дароо мал кайтарчу сазга жөнөдүм.

Апам биринчи күнү мен кармап келген бакаларды шорпо кылып кайнаткандан кийин чоң чыныга куюп, атам жаткан бөлмөгө сыр билгизбей жыла басып кирди. Шорпонун өңү көк түскө айланып, болгону эле балыр жыттанып калат экен. Апам тез эле кайра чыкты. Көптөн бери апамдын ошол жолкудай кубанганын көрөлек болчубуз. Оозуна наар албай калган атам чоң чыныдагынын баарын шимириптир. «Бир аздан кийин дагы болсо дагы берчи» дептир.

Атамдын антип тамакка табити тартканына баарыбыз кубанып калдык. «Мурдале баканын шорпосун ичирсек болмок экен» деп, апам өкүттүү сүйлөдү. Мен болсо ошол күндөн тартып күнүгө мал жайган кең сазды карай таң эрте жөнөп калам. Үйдөгүлөрдүн баарысы бака кармаганга да, баканы тырбалаңдатып сойгонго да көнүп алдык. Атам болсо күндөн-күнгө оңоло баштады. Эмненин шорпосун ичип жүргөнүн бирибизден да сурап койгон жок. Акыры бир жумача ичкенден кийин баканын шорпосунан караманча баш тартканда, кайрадан баарыбыздын айлабыз кетти. Мен күнүгө кармап келген бакалардын мындан ары кереги тийбей турганына шаабайым катуу сууду. Бакаларды эркиндикке коё берердеги үмүтсүз ойлор мени таптакыр шалдайтып таштады.

Бир күнү урук-туугандардын арасынан атамды көргөнү келген бирөө рак оорусуна кадимки өлгөн адамдын сөөгүн кайнатып берип ичирсе да шыпаа болорун кобурап калганын угуп калдым. Бул кепке эмнегедир менден чоңдордун эчкимиси маани берген жок. Алар өздөрүнүн ичинен эмнени ойлоду билбейм, а мен адам сөөктөрүн жыйнап келүү жөнүндө ойлоно баштадым. Бирок кайдан, билбедим…

Акыры бир күнү атайы даярдандым. Атам менен бирге мал жайып жүргөндө кезиккен эски мүрзөлөргө бармай болуп, эшекке миндим да, жүрөгүм даабай атса да жөнөдүм. Мурда бирөөнүн оозунан мүрзөлөр жөнүндө айтылган кептерден корксом, бул жолу коркунуч эмес, башка сезим, башка жоопкерчилик менен мүрзөгө барчу жолго түштүм. Мал-салдын сөөгүн адамдыкынан айырмалай албасымды билсем да, адам сөөгүн таап келүүгө жөнөгөнүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. «Менин бүгүнкү ишим кудайга күнөө болсо, баарыбир кечирет» деген ишеним турду. Ошол күнү өзүмдү эр жетип калгандай сездим. Врачтар аргасын таппаган атамдын дартына даба болчу нерсени издеп бараттым.

Ак-Мойнок деген белдеги суу кемирип кеткен жарды баштан аяк кыдырдым. Чукуган жердин баарынан эле сөөк чыгып атты. Бирок эмненин сөөгү экенин ажырата албадым. Анан бир ой келди: «Мынча келдим, барыбир атамдын дартына даба болор нерсени таап барышым керек». Υйгө куру кол баргым келбеди.

Кеч болсо да эски мүрзөлөрдү аралап жүрүп, төбөсүнөн мурда мал түшүп кеткен кабырга кабылдым. Эңкейсем, иретсиз жаткан сөөктөргө колум жеткидей эмес. Эми сөөктөрдү илип алгыдай темир-тезек издей баштадым. Кабырдан алыс жерден тракторлордун сынык тырмогунан калган узун темирди таап алдым. Бирок анын учуна сөөк илинер эмес. Же бир башын ийрейткенге каруум жетсечи. Ташка да, дөңгө да уруп көрдүм, болбоду. Айла кеткенде өзүнөн өзү кайратым чыңалып, мүрзөнүн ичине шап секирип түштүм.

Колума баш сөөктү кармап албаганга аракет кылдым.

Мага ошондо адамдын баш сөөгүнөн башка коркунуч жоктой туюлду. Колума урунган жоон жилик сөөктөрдү сыртка ыргытарым менен артыма карай араңдан зорго тырмышып атып, суурулуп чыктым. Сөөктөрдү капка салып атып буга чейинки коркунучтардын бири да калбаганын сездим. Бир гана сезгеним: көрдөн алынган адамдын шагыраган куу сөөктөрү жеңил экен. Ошондо үйгө чейин шашканымды айтпа, сүйүнгөнүмдү да айтпа.

Адам сөөгүнөн кайнатылган шорпону атам ичери менен айыгып кетчүдөй сезилди. Мен үйгө ошонүчүн шаштым.

Үйгө келип, капты апамдын колуна карматарым менен ичиндегини көрүп, кайра таштап жиберди. Байкелерим, эжелерим жакаларын карманып, баары мени жабыла тилдеди. Мага ошондо гана коркуу сезими келди. Денем дүрүлдөп, уйгу-туйгу коркунуч сезимдер курчай баштады. Улуу агам каптагы сөөктөрдү алып, мен айткан мүрзөлөр жакка жеткирип келгени кетти. Акыры башкалардай эле мен дагы атамдан түбөлүк ажырарыма өзүмдү көндүрө баштадым…

Ошо күндөн көп өтпөй атам жаткан терезе туштагы көк кыртыштуу жерди картөшкө, сабиз үчүн жаңыдан чанап киргенимде терезени бирөө талкалап жиберчүдөй катуу-катуу тарсылдатты. Карасам, төшөгүнөн бирөө жөлөп-таяп тургузмайын көтөрүлө албаган атам терезеге жөлөнүп алып, шаштысы кеткендей «үйгө кир» деп ишарат кылды. Шиш күрөктү жерге матыра сайып, үйгө шашылыш кирдим. Босогону аттаарым менен:

– Балам, эшикти жакшылап жаба кел, сүйлөшөр сөз бар, – дегенинен эле жүрөгүм бир жамандыкты туйду. – Сен тетиги чанап аткан көк-жашыл кыртышка тийбе, кокус жамандык болуп кетсе, бозүй тигилет. Келген-кеткендер сүйлөшүп отурар жер калтыр…

– Ата, коюңузчу… – Өзүмдү карманалбай, көздөрүм жашылданып кетти.

– Сен эми кенедей эмессиң. Бырылдаба! – Атамдын кайраты бош үнүн ошондо эшитип, муунум бошой түштү. Атам да, мен да көпкө туттугуп турганыбызды сездим.

– Сага тил-ооздон калалегимде айтаар сөз бар. Жакын отур… Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен басалбаган кызыл кандуулугуңдан корком. Өлүмдөн эмес, сенин кыялыңдан корком. Бул кыялың менен акыры түрмөгө түшөр бекенсиң… Токтоналбай жүрөсүң, мен өлсөм, апаңдын шорун кайната көрбө! Башкаларынан коркпойт элем, атаңдын оозун урайын… сенден корком. Көрүмө тынчырак жаткыра көр! Апаң өлөр өлгөнчө колуңда калат. Башкалары үйлөнүп-жайланып кетет…

Атам андан аркы сөзүн көпкө чейин улай алган жок. Өлүм алдында жаткан адамдын акыркы керези кандай экенин балалык жүрөгүм ошондо туйду.

– Ата, антип айтпаңызчы! – бооруна бекем жабышып, эчкирип бердим. Бирок атамдын көздөрүнөн жаш чыккан чыкпаганын көралганым жок. Бир далайга чейин унчукпай калган атамдын үнү каргылданып барып, ачылды:

– Андан көрө Окош аксакалга менин көзүм барда, Асейин акеңе айтып, тоодон бир кулундуу бээни кармап келип, сен жыга чапкан уюнун ордуна жетелеп барып койгула. Мейли, сен чанап аткан жерди чанасаң чана. Асейин акең менен апаңа айтып, менин сөөгүм да чоң атаң, чоң энеңдин сөөгү чыккан эски үйдөн чыксын. Ошол үйгө көчүп барганча Жакшылык байкең менен тегерек-четти тазалагыла. Бүгүн-эртең көчөбүз. Эми апаңды чакыр.

Балалык сезимимди муздаткан төркү бөлмөдөн башымды шылкыйтып, оозгу бөлмөнүн каалгасында жөлөнүп отурган апамдын бооруна жыгылып, сүлкүлдөп ыйлап бердим.

Апам атам жаткан бөлмөдөн тез эле чыгып, биз чоң атам, чоң энемдин сөөгү чыккан эски үйгө убактылуу көчүп бара турганыбызды айтты.

Атамдын «бир колуңдун ачуусун бир колуң менен басалчу эмес элең» деген себеби: атам төшөккө жыгылардан мурда бир күнү мектептен келсем, үйдүн эшигинде кара кулпу илинип туруптур. Короодо болсо курсагы дандайган чоочун күрөң уй каптагы жемдерди жарып таштаганы аз келгенсип, мүйүзүнө илип алып, оюн салып жүрүптүр. Колума тийгендин баары менен ургуладым. Бирөө да тийген жок. Жедеп карып, куулугу башынан ашкан мал экен. Буйтап качат. Бир убакта колума кетмен урунуп калганынан, аны да тийгизгенге жарабадым. Күрөң уйду кубалап жүрүп чарчадым.

Анан арданган кишинин ачуусу катуу келеби, кепенин оозун ачып, айдап кирдим. Эми каалагандай сабайм десем, жалпак кепенин ичинен кетменди көтөрүп урганга болбойт экен, улам төбөсүнө тийип калат. Ушул макулуктан өч алалбай каламбы деген ыза менен бир айласын таап, кепеден чыгармай болдум. Бирок чыкмагы бир азап болду. Бурчка артын такап туруп алганынан, кепенин жылчык көрүнгөн жеринен таш менен ургулап, өзүм болсо далдаа жерде аңдып турдум.

Ойлогонумдай; күрөң уй жалпак кепеден чуркап чыгып келатканда, кетменди керилип туруп шилтеп калдым. Баятан оюн салган неме оңкосунан сайылды. Турабы десем, төрт аягы асманга тыбырап, чамынып баштады. Сийип да жиберди. Демек, жаны чыгып аткан мал сийет эмеспи деп, эшиктин алдында апам неберелеринин шымынын богун кырган бычак жатар эле, аны алып, мынча болгондон кийин арам өлбөсүн деп, дат баскан бычакты түндө жааган аппак карга сүртүмүш болуп, күрөң уйдун кокосуна тыктым.

Адалдамыш болуп, үйдөн качып кеттим. Муун-жүүнүм титиреп, мунүчүн мени атам атка сүйрөтөт дедим. «Бүгүн качып кутулсам, эртең эмне болот?» деген кабат ойлор башымдан кетпей койду. «Атама эмне деп айтам? Уй кимдики?» — Муну ойлогондо, бою-башым шалдырап калды. Кайда барар айламды таппаганда, кыштактын четиндеги колхоздун чабыр малын бакчу Асейин акемди калканыч кылмай болдум. Ал башка агаларыма караганда атама кадырлуу эле да. Кеңешип жасар ишти атам дайыма Асейин акеме айтчу. Демейде тирилик чарбасына жардам бер десе жолочу эмес элем, бу жолу барууга аргасыз болдум. Үйүнө барарын барып, бирок сөздүн четин чыгаралбай койдум.

– Сизге бүгүн жардам бергени келдим. Эмне иш бар? – деп эпилдегенимди көргөн Асейин акем кубанып кетти:

– Түндө кар калың жаап салыптыр, сарайдын үстүн кантип күрөйм деп заарканып аттым эле, ырас келбедиңби… – акемдин датын уккандале, жеңемдин «чай-пай ичип, киймиңди алмаштыр» дегенине карабай, чоң күрөктү алып, сарайдын үстүн такырайтып тазалай баштадым.

Санаамда – Асейин акемди кепке тартып, эртерек сүйлөшүүнүн амалы. Бирок ал чылага баткан сарайдын бир жак башын тазалап, өзү менен алек. Бир убакта кыштак жактан минген атын булоолонтуп тердете чаап келаткан атам көрүндү. Атам үйдүн тушуна келип эле:

– Э-эй Асейин! – деди. – Жанагы кагынгыр келдиби?!

– Келди… Эмнеле жыпылдап жардам бергиси келип калган десе… Дагы бир балээнин ичинен чыккан го! Эмне болуптур?

– Ой, үйдө бир ченебеген чоң күрөң уй мууздалып жатат. Жанында кызыл-жаян кетмен. Жанагы бала кан жуткур болгону калганбы! Бул ошонун эле колунан келди. Кайда жүрөт кагынып калгыр!

– Эй… бери келчи! – Асейин акемдин үнү атамдыкынан да өкүм чыкты.

Эмне бар, эмне жок, качканга даяр болоюн деп, алыстан добуш узаттым:

– Ата, коркпой эле койгула. Уйдун өлүгүн кечинде караңгы киргенден кийин талаага сүйрөтүп барып таштайм (Бул планды мурдатан эле түзүп койгом)…

– Атаңдын гана башы! Атаңдын оозун урайын. Элге ошондо шерменде болбойбузбу! Кылгылыкты кылдыңбы, бери кел! Андан көрө уй кимдики, эртерек ошону бил. Уйдун ээсинин оозун жабыш керек, элге-журтка сөз таратпай. Кеч кирип калелекте кыштакка эртерек бар да, ким уй издеп жүрсө, короого ээрчитип кел…

Негедир атамдын бул кеби акылга салынып айтылганын туйдум. Бираз мурдагы коркунучтар тарай түштү. Атам менен Асейин акем сарайдын бир жак башына карай кобурашып басып кеткенин көрүп, үйдүн босогосун чала-була аттап, китеп-дептер салынган сумкем колума тиери менен кыштакты карай зып койдум. Үйгө мен келгиче атам менен Асейин акем келип, күрөң уйдун терисин сыйрып салышыптыр. Чара-чайнек көтөргөн кошуна-колоң келин-кесектин баары уйдун ичеги-карындарын артышканы биздин үйдө топурап калышыптыр. Мени менен удаа Окош деген аксакал биздин короону аттады. Атам экөө дароо эле тамаша кепке каткырып калышты:

– Мына, Окош аке, минтип сиздин уйду желмогуздун эң кичүүсүндөй болгон тетиги неме кетмен менен жыга чааптыр. Эми ошол бала күнүгө сиздин үйгө сүт ташып берип турат.

Атамдын бул кебин уккан Окош аксакал да күлүп жиберди:

– Бул уй өзү кара башын жей турган мал болчу. Ботом, малдын акмагы адамдан акылдуу болобу дейм. Дегеле элдин баарын жадатып бүттү. Быйыл ансыз да согумга байлап, жок кылайын деп жүрсөм, кудай уруп бооз экен. Тийгеним жок. Эми минтип сага буюрган мал экен да… Сенде жылкы көп эмеспи, ордуна күзүндө бир жылкыңды берсең болду, – деп ошону менен күрөң уйдун соодасы мен аркылуу бүттү…

Атамдын «Окош аксакалдын уюнун ордуна бир кулундуу бээни күзгө жеткирбей, көзүм барында бергиле» деп кайра-кайра какшаганын Асейин акем атам көр оозунда жаткандале аткарды. Бирок атам тил-ооздон калганга чейин «Окош аксакалдын аласасын бердиңерби» дегенди жүз ирет кайталады.

Өлүм алдында жаткан атамдын тынчын алган карызды берген бербегенибизге ишенбегенсип, кирген-чыкканыбыздын баарынан сурайт. Чырымтал түгүм түшелек бала болсом да мен үчүн өлөр адамдын алдында жасаган мындан оор күнөө жок экенин сезип эле жүрдүм. Акыры «Окош аксакалга берер карыздан кутулгула» деген кебин кайталагандан чарчагансып, таптакыр тил-оздон калды. Башка бир дагы керээз сөзүн укканыбыз жок.

Шаарда турган эжелерим шаардан, алыстан келген тууган-уруктар алыстан келе баштады. Бар үмүтүбүз үзүлгөндөн кийин айылдык молдо келип:

– Баардык уул-кыздары тегеректеп турасыңар, эми атаңар үзүлөр алдында «Атаке, ыраазыбыз» деп кулагына угуза айткыла, – деди.

Дене бойду титиреткен молдонун кебинен кийин мен биринчи атамдын бооруна жыгылдым…

– Ата, мен сизге ыраазымын… Мени кечириңиз… – Бирок атам менин кечирим сураганымды уктубу, уккан жокпу, мелтиреп жата берди. Жанында үйүлгөн баарыбыз атамдын ой-мүдөөсүн туйбагандай эле, ал да биздин тегеректеп отурганыбызды туйган жок. Жанында ким бар, ким жок экени менен да иши болбоду.

Денеси муздап бараткан атамдын бетинен өпкүлөп, кечирим сурадым. Бирок анын апам кургурдун улам-улам чай кашыктап оозуна аяр тамчылаткан сууну кылт-кылт жуткандан башкага дарманы жогун көрүп, мындан кийин жаздыктан таптакыр баш көтөрө албасына көзүм жеткенде, ичимди бир арман сыйрып өттү. «Эмнеге эс-акылдан ажырай элегинде кечирим сураганга жарабадым?»

Бираз күн мурда «өлүмдөн коркпойт элем, сенин кыялыңдан корком» деген санаасы азыр тынчыды бекен деп атамдын өз оозунан жооп укпай калганыма көз жашым токтобой акты…

Аркимибиз «атаке, ыраазыбыз» дегенди айтып бүттүкпү, жокпу, бир убакта молдонун оозунан «атаңардын жаны жаннатка узады» дегенди укканда, биздин үйдүн ичи өкүрүк-чууга толуп кетти.

Качанкы чоң атам курган чамгарактын бак коругунда жайлоонун жапжашыл төрүндө тигилип жүргөн чоң ак бозүйдүн кереге-ууктарын кошуна-колоңдор керип-чоюп тигип баштады. Алар бозүйдүн жыгач-ташын кураштырып, үзүк-туурдуктарын заматта жаап жиберишти.

Бозүй көз ачып жумганча эле шаңкайып калды. Эми бозүйдө кошок айтып аткан аялдын үнү апамдыкы экенине ишенип-ишеналбай аттым. Кошок айткан ал үн тааныш эмес бирөөнүн үнүндөй туюлду мага… Апамдын мурда минтип кошок айтканын эч уккан эмесмин. Биздин көчөдө апамдын кошогу жаңыра баштаганда эле үйүбүздү тегеректеген эл толуп кетти.

Башкаларды билбейм, мени тааныш эмес сезим, тааныш эмес ойлор курчай баштады: Атамдын жаны үзүлөр замат сырттагы бак корукка чыкканда: «Өхх-үү!» деп алып, негедир жеңилдей түштүм. А балким башкалардай мен дагы атамдын көз жумар мүнөтүн күткөндөн чарчаган үчүн жеңилдендимби, эмнеден жеңилдендим, билбейм. Атам жарык дүйнө менен коштошор замат көкүрөгүмдө эркиндик сезими ойгонду. Негедир аза-кайгы менен кошо капастан бошонгон чымчык асманга канатын каккандай, өзүмдү мурда эч болуп көрбөгөндөй эркин сездим.

Мен муну атамдын кыркылыгы өткөндөн кийин үйдө чогулган азадар эжелериме айтып берерим менен Бурул эжемдин алаканынан жаагым «чуу» дей түштү. Бозоруп отуруп калдым. Менин ошондогу сезимиме ушуга чейин жан киши түшүнелек. Атам көз жумгандан кийинки ал сезимдин мындай да бир жөнү бар эле: мен какылдап-какшап, шаарга барып билим алам дегенимди уккан атам «азыртадан канкор болуп токтоналбай жүрөсүң, а менден бираз мындай узагандан кийин эмне болосуң?» – деп менин шаарга барышыма таптакыр каршы дайымкы кеби бар эле.

Бир курдай даа кошуна-колоң, ага-туугандарыбыз биздин үйдө кышкы согумдун этин ооз тийгени чогулушкан. Дасторконго эт тартылардын алдында колго суу куюп аткан мага эл батасын берип атып, мен атамдын колуна суу куюп болгон кезде: «Э-эп… балам, өмүрлүү бол. Эми эптеп окууңду бүтүрсөң, колукту алып берем. Анан мынабул тууган-урук, кошуна-колоңдун баарынын малын колуңа жыйнап беребиз. Сен жакшы малчы болосуң» дегенине катуу ыза болдум. Атам муну чын ниети менен айтты.

Ошондон кийин атам менин келечегимди өзү эле чечип койгонуна – көкүрөгүмдө муздак сезим ойгоно түшкөн. «Көкүрөк күчүгүм сен болгон үчүн сени эч кайда жылдырбайм», – деген кебинен кийин атам экөөбүздүн келишалгыс мамилеге дайыма түйшөлчү болуп алгам. «Эмнеге балдарынын эң кичүүсү болгонум үчүн шаарга барып окубай калышым керек!» Мага дайыма ушул суроо келе берчү.

Бозүйдүн түбүндө бөйрөк таянып алып, өмүрүмдө биринчи жолу «эскайран атакелеп» өкүрүп баштаганда, өз ичимен: «Эми мени айылда калтырып, малчы кылар эчким жок» дедим. «Атам жок, эми мен өз тагдырымды өзүм гана чечалам» деген үмүт ойгонду. Ошол замат мени азгырып жүргөн жин-шайтан ойлор ийнимен кагылып калгандай болду. Себеби чектен ашкан тентектик жоруктардын кээсин билбестиктен жасасам, кээсин атама өчөштүк кылып да жасачумун.

Ошол көз ирмемден тартып атамдын «бул балам эрте кагылып-согулат» дегени келе баштады. Мен ошол көз ирмемден тартып эле атамдын арбагынын алдында өзүмө ант бердим да, мындан ары турмуштагы өз жолумду өзүм тандайм деген өктөм сезимге жетелендим. Буга чейинки атама болгон баардык кегимди унуттум да, атама болгон сүйүү сезимим негедир атамдын өлүмүнөн кийин ойгоно баштаганын туйдум. Бирок кеч туйдум…

2003-2008-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *