АЛЛЕГОРИЯ 

Илгери-илгери СССР деген Алп каракуш жашаптыр. Анын он беш балапаны болуптур. Алп каракуш жетимиш жыл өмүр сүрүп, күч-кубатынан тайыган кезде он беш балапан туш-тушка сабалап учуп, өз өзүнчө эгемен өлкө кургулары келет. Он беш балапандын ар бири өз жолун тапмак болот. Алардын арасынан эң эле шогу Теңир-Тоо куштары экен.
СССР деген Алп каракуштан бөлүнүп чыккан теңиртоолук канаттуулар өздөрүнчө куш төрөсүн шайламай болуп, көпчүлүк добуш таз жоруну такка отургузат.
Таз жоруң бийликке келгенден көп өтпөй эле Теңир-Тоо куштарынын болгон ырыскысына кол салынат. Таз жорунун уялаштары куш төрөнүн арты менен бүтүндөй Теңир-Тоодо өздөрүнүн өкүмдүгүн көрсөтө баштайт. Көп өтпөй Таз жорунун балапандарынын да канаты жетилип, алар да куу чеңгел болуп чыга келишет. Теңир-Тоодо куш төрөсүнүн адилетсиздиги күчөйт.
Ал тургай Кумтөр деген бийик тоонун алтынына чейин сук артканын коюшпайт. Ошондо теңиртоолук куштардын арасында: «Болгон ырыскыбызга көз кызарткандары аз келгенсип, эми алтындын күкүмүнө да сук артышабы?!» деген нааразычылыктар күчөйт.
Буга чыдабаган Теңир-Тоо куштары Таз жорунун айланасындагылардын ач көздүгүнө канчалык каршылык көрсөтпөсүн, Таз жору өз бийлигин уламдан-улам бекемдей берет. Анын уялаштарынын адилетсиздиги күчөйт. Канаттуулар ичинен чыккан темене канат кыраан куш, алгыр бүркүт, кыргый, шумкарлар да адилеттик орното албайт. Тескерисинче, аларың капаска камалып, далайына томого катылат, томого катынгысы келбегендери куугунтукка кабылат.
Таз жорунун бийлик курчоосуна тоту куш, сагызган, карга-кузгундар толот. Өз ою жок тоту куштар бийликтин эң мерчемдүү бутактарына конуп, карга-кузгундар май-челпектүү кызматтарды ченгелдеп мыкчыйт. Куштар арасында «оппозиция» деген түшүнүк пайда болуп, сагызгандар бирде оппозиция тарапка, бирде бийлик тарапка ооп, бийликти алмаштыруунун ыңгайын издеп, түрдүү оюндарга сактык менен карап, бийликтин май-челпектүү, мерчемдүү бутактарына конууга гана жол издешет. Анүчүн алар көпчүлүк көзүнө бирде бүркүт болуп, бирде шумкар болуп да көрүнөт. Бирок сагызгандар өздөрүнүн сактыгынан мурда суктугунан көп жабырлайт.
Арадан он беш жыл өтөт. Он беш жыл бою Таз жорунун айланасындагылардан Кумтөр алтынынын бир да күкүмү Теңир-Тоо куштарынын ырыскысына буюрбайт. Алар бакубат жашоого жетпей, жакырчылыктын жарына такалат. Теңир-Тоо арасында куш төрөсүнө болгон нааразычылыктар чегине жетет: куш төрөсүн тандоого келгенде дайыма Таз жору гана канаттуулардын эң көп добушу менен шайлоодон жеңип чыккан адилетсиздик орнойт. Атүгүл бийликтин куш өкүлдөрүнүн шайлоосунда да карга-кузгун, сагызган, тоту куштар кол тийбестик мандатка алгыр куштарга караганда көбүрөөк ээ болуп, Теңир-Тоодо бүркүттөрдүн шаңшыган үнү да угулбай калаар заман келет.
Уядан жаңыдан канат күүлөп учкан куштун көбү алыс-жакын өлкөлөрдүн келгин кушуна айланат. Алар башка өлкөлөргө жем издеп барууга аргасыз болуп, теңиртоолук куштардын миграция агымы күндөн күнгө күчөйт. Көбү уясын таштап тентип кетүүгө аргасыз эле, анткени Теңир-Тоодо алардын ырыскысын тоногон бийлик бутагындагы карга-кузгундар арбыйт. Ал эмес Таз жорунун балапандары кайсы куш канатын катуу күүлөсө, дал ошонун уясын да, жемин да тартып алган адилетсиздик орнойт.
Ага карабай Теңир-Тоо бүт ааламга эркин куштардын аралчасы деп таанылат. Бирок эркиндикке жетпеген темене канат алгыр куштар биригип, Таз жоруну биротоло бийликтен кетирүү максатын көздөшөт. Алардын аракети менен таз жоруну бийликтен алып түшүүгө аз гана убакыт калганына көзү жеткен карга-кузгун, сагызган, тоту куштар оппозиция сабына сабалап учуп келе баштайт. Муну алгыр куштар билип турса да, бирок Таз жоруну куш төрөлүгүнөн алып түшүү муратына жетиш үчүн өздөрүнүн катарына кошулган бузукуларга көз жумду кылышат. Анткени күч канча көп болсо; Таз жоруну бийликтен алып түшүү ошончолук жеңилдеп, биз Таз жорунун ордуна бийликке келерибиз менен карга-кузгун жана башкалардан арабызды тазалайбыз деп ойлошот.
Чыдамы бүткөн куштар акыр аягы Теңир-Тоодон Таз жоруну кайрылып келгис кылып кубалап тынышат. «Эми мындан аркы келечегибиз эркин болот» деп кубанышат.
Көп өтпөй куш төрөлүгүнө Кузгунду шайлап алышат. Кузгун бирок такка отурары менен уялаштарын, балапандарын жана Таз жорунун тушундагы көпчүлүккө жек көрүндү санаалаштарынын баарын топтоп, мурункудан өткөн адилетсиз бийлик орнойт.
Революциялык ишенимге берилген куштардын далайы томсоруп, далайы бийликке умсунган бойдон калат. Паашалыкка жеткен Кузгун Теңир-Тоодо ким алдуу-күчтүү, чоң таасирге ээ болсо, аларды дароо мертинтип баштайт. Далай алгыр куштун канатын сындырып, далайынын канына забын болот. Далай алгыр кушка томого катылат, капаска салынат. Өлкөдө жырткычтык менен өлтүрүлгөн куштардын тагдыры биринин артынан бири уланып, ар куштун сырдуу өлүмүнүн себептери табылбайт.
Муну көргөн алгыр куштун далайы сагызган, тоту кушка айланып чыга келет. Ал эмес тез эле кузгун болуп кеткендери да болот. Таз жорунун доорундагы канчалаган алгыр куш таанылгыс болуп өзгөрүп, заматта кузгунга айланганына канаттуулар таңыркап, акылдары айраң болот…
Алар тигил жээктен бул жээкке өткөндүн кыныгын табышат. Мына ошондо жарганаттар да пайда болот. Алар кайсы жээктеги канаттуулардын бийлиги күчтөнүп баратса, ошол жээкке жылт коёт. Арийне, алар башка куштарга же бийлик өкүлү, же оппозиция өкүлү болуп да көрүнө албайт. Ошондо бир Короз пайда болот. Кузгундун бийлиги күчтөнүп баратканын баамдаган Короз Кузгун тарапка заматта ооп кетет. Ал өзүн Кузгунга каршы нааразылык билдирип чогулган куштардын алдында алгыр көрсөтүп, минтип кукулуктайт:
– Теңир-Тоодо азыр Кузгундан өтөр куш төрөсүн таппайбыз! Менин куш төрөсү тарапка өткөнүмдүн себеби ошол. Болбосо Теңир-Тоо куштарынын бүтүндүгү кыйрайт!
Ошентип ал Кузгундан кийинки такка отурат. Бирок Кузгун көп өтпөй эле өзүнөн кийинки такка конгон Короздун мойнуна шуру мончоктуу «Даңк» деген медаль тагып алдап-соолап, аны да жолуна салып узатат. Себеби Кузгунга Короздун койкоңдой бермелиги жакпайт.
Таз жору уялаштары менен бирге он беш жылда орноткон бийликти куш төрөсү атанган Кузгун эң кыска убакыт ичинде орнотууга үлгүрөт. Ал өтө амалкөй чыгат. Мурунку бийликтин карга-кузгун, сагызган, жар канат, тоту куштары менен гана бийлик курамын түзгөн жаңы бийликке нааразычылыктар канча көбөйгөн сайын Теңир-Тоодогу адилетсиздик күндөн күнгө күчөнөт. Ага карабастан куш төрөсүнүн манжалары гана эмес, билегине чейин канга чыланганы Теңир-Тоо куштарына дайын боло баштайт.
Акыры баарынын түбүнө Кузгун жетерин Теңир-Тоо куштарынын бири калбай түшүнүп, Кузгунду бийликтен кетирүүгө белсенишет. Тактын даамын таткан Кузгун бийликтен кетпөө үчүн далай-далай кыраан куштардын канатын сындырып, өмүрүн мерт кылат. Бирок адилетсиздикке жаалы кайнаган куштардын көбү заматта кыраан куш, алгыр кушка айланганын көргөн Кузгун да Таз жорунун тагдырын бир заматта кийип, ал дагы артын карабай салпактаган бойдон качып учуп кетет. Артынан уялаштары сызат.
Бир мерте Таз жору, бир мерте Кузгундун бийлигинен көңүлдөрү калган канаттуулар бул жолу бир гана Акшумкар куштун тукумунан чыккан бирөөнү такка отургузуу керек дешет. Бирок чыныгы Акшумкар тукуму кайсы канаттуу экени көпчүлүккө дайындуу болгонго чейин Көгүчкөндү куш төрөлүгүнө шайлашат. Арийне, Көгүчкөндүн бийликте отуруу мөөнөтү кыска болуп, ал өз ыктыяры менен куш төрөлүгүн өткөрүп бергенине теңиртоолук куштар абыдан көкөлөп кубанышат. Көгүчкөн мөртү келген күнү бийликти өз ыктыяры менен өткөргөндүгү үчүн куштардын көбүнө ал чыныгы алгыр куштан артык көрүнөт…
Анын соңунан Акшумкар көрүнүп, баягы Кузгундун заманындагы кукулуктаган Короз куш төрөлүгүнө шайланат. Бирок жаңы шайланган куш төрөсүнүн тегерегине келген мурдагы алгыр куш көрүнгөн карга-кузгун, тоту куш, сагызган, жар канат, жана башканын баары заматта алдым-жуттумга айланышканына теңиртоолук куштардын кайрадан көзү жете баштайт. Нааразылыктар күчөйт. Тараанчылардан өйдө өздөрүн алгыр куш көрсөткөндөр арбыйт. Жадесе ошол тараанчылар да чыныгы бүркүт, чыныгы кыраандарга катылат.
Куш төрөсү Короз ыксыз мактанчаак болуп чыга келет. Ал мурдагы өзү менен бирге жүргөн санаалаштардын баарын бийлик бутактарынан алыстатат. Ал эмес Кузгун тактан кулаган кезде кыска мөөнөткө куш төрөсү болуп шайланган Көгүчкөндү куштардын баарына жаманатты кылуунун аракетин кыла баштайт. Бир кезде Корозду куш төрөсү кылууга далбастаган канаттуулардын баары бийлик бутактарынан четтейт.
Кукулуктаган Короздун күндөн күнгө мактанганы арбыйт. Ал бир күнү теңиртоолук куштардын баарына минтип көкүрөгүн койгулайт:
– Керек болсо Таз жоруну да, Кузгунду да бийликтен мен кулаткамын! Мен гана Теңир-Тоо куштарына эркиндик алып келиш үчүн эки жолу революция башында тургамын!
Буга теңиртоолук куштардын баары нааразы болуп баштайт. Бирок ага карабай койкоңдогон Короздун мактанганы күчөйт:
– Мен Теңир-Тоо куштарынын арасынан эң байы экенимди билип алгыла! Муну мен айтпасам ким айтат?!
А баса, кукулуктаган Короз өзүн өзү булбулмун деп да мактанып чыгат. Ал көрсө, ырдаганды да, кукулуктаганды да билет экен. Өзүнөн күчтүү алгыр куштарга да чочоңдоп тийишкен мүнөзү менен теңиртоолук куштардын шылдыңына кабылганын сезбестен: ал өзүн күнүгө жер үстүндө жок куш төрөсү көргөзөт экен. Анткени Короздун башында кызыл таажы бар эмеспи: ал ошонүчүн өзү өзү өмүр бою куш төрөсүмүн деп сезип алган дешет…

Анын бир адаты — күн алыс кукулуктап мактанып турат дешет. Антпесе, көөдөнүнө мактаныч толуп кетет ишим.
Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *