Бүгүн «Ак Кеме» мейманканасы маммүлк фондун айыптап чыкканын аталган мейманкана жамааты билдирүүдө.

Маалыматта мейманкана жетекчилиги “Ак Кеменин” айланасында соттук териштирүү жүрүп жатканына карабай, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тартып алууга аракет кылды деген жүйө келтирет. “Ак Кеме” жетекчилиги мындай жол менен мамлекеттик орган мыйзамды бузуп жатканын мындай келтирет: “Бийликтин мыйзамсыз аракеттери акыркы күндөрдөгү коомдогу саясый активдүүлүккө байланыштуу. Мейманканада оппозициянын форумдары өтүп, оппозициячыл партиялардын кеңселери «жайгашкан” деп айтылат кайрылууда.

Буга байланыштуу мейманкана жетекчилиги мамлекеттик органдарды мыйзамды сактоого чакырса, ал эми маммүлк фондунун алдындагы “Мүлк” ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусувалиев “Ак Кеменин” жетекчилигинин дооматтарын четке какканын “Азаттык” булагы маалымдайт.

О.Нусувалиевдин ырастоосунда: ишкана өкүлдөрү мыйзамдын негизинде мейманкананын иши менен гана таанышуу иретинде барган. Анын айтымында: “Бул жерде эч кандай рейдерлик жөнүндө сөз жок. Мейманкана мамлекет эсебинен курулса да өлкө бюджетине эч кандай киреше бербей келет. Ошондуктан, аны талкуулоо үчүн барсак, жетекчилиги жок экен. Коопсуздук кызматына маалымат берип гана кеттик. Бул маселелер мыйзам чегинде гана чечилет”, — дейт Нусувалиев.

Бул туурасында «РухЭш» сайтына аты-жөнүн атагысы келбеген оппозиция өкүлдөрүнүн бири мындай пикирин билдирди: «Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициянын ар бир кадамын аңдып калган учурдагыдай, азыр да бийликке каршы күчтөрдү ич ара бытыратуу аракети көрүлө баштады. Мындан эки ай мурда да Бишкектин кафелеринин биринде оппозициянын саналуу өкүлдөрү жолугушуу уюштуруп, пикир алышуу максатында чогулганбыз. Бир убакта эле биздин арабызда отурган өкүлдөрдүн бири өзү отурган үстөлдүн алдынан скотч менен бекитилген тыңшоочу аппаратты таап алганы — учурдагы бийлик да мурдакы эки бийликтин ыкмасын колдонууга өткөнүнөн кабар берет. Ал эми биздин арабызды бытыратууга болгон аракеттер күндөн күнгө күчөтүлүүдө», — деген тынчсыздануусун билдирди…

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *