Көз карандысыз журналисттер союзу ЖМКлар сотко берилишине тынчсызданууда

Көз карандысыз журналисттер союзу Башкы прокуратура «24 kg» маалымат агенттигин, «Заноза» сайтын жана «Азаттык» радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доого жыгып жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Аталган союз тараткан кайрылууда «ар кандай бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарына жасалган басым сөз эркиндигин чектөө, маалымат айдыңын ээлөө максаты катары кабылданып, мындай аракеттер көбүнчө ишке ашпай, максатына жетпей келе жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда көз карандысыз журналисттер союзу маалымат каражаттарын да калыс, бейтараптыкка чакырып, эки тарапты соттошууга эмес, ачык сүйлөшүүнү баштоого чакырган.

Уюм кырдаалга кылдат көз салып, соттук териштирүүлөрдүн укуктук жагына гана көз салбай, учурда бийликтин ММКларды көзөмөлүнө алуу аракети ачык көрүнүп турган жалпы коомдук-саясый атмосферага да көңүл буруларын белгилеген.

Көз карандысыз журналисттер союзу кырдаалдын чыңалып кетпөөсү үчүн бийликти бардык маалымат каражаттарына каршы берилген доо арыздарын чакыртып алууга үндөөдө.

Буга улай Орто Азиядагы жаңылыктар кызматы минтип маалымдайт:

Орусиялык Regnum маалымат агенттигинин Кыргызстандагы шеф-редактору Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Михайлов буга чейин эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбаганын жана аны өлкөдөн чыгарууга негиз жоктугун айтты.

Учурда Алматы шаарында турган Михайлов өлкөдөн чыгарууга байланыштуу эч кандай расмий түшүндүрмө албаганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандагы каттоо мөөнөтү өтүп кеткенин моюнуна алып, бирок ага жаза катары 10 миң сом айып салынышы керектигин кошумчалады.

“Мен бул айып пулду төлөөгө даярмын. Бирок акыркы окуяларды журналисттик ишмердигим менен байланыштырып жатам. Себеби, башка нерсе менен байланыштырууга мүмкүн болбой жатат”,- деди Михайлов.

10-мартта орусиялык Regnum маалымат агенттиги алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылганын жазып чыккан.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.

Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *