Кишиден жогору адам

Кишиден жогору адам болорун немис элинин улуу философу Фридрих Ницше айтканына көп мезгил болду. Ницше элди абдан эзүү керек деген, ошондо кишиден жогору адам пайда болот деген. Эл эзилбеген доор аз болгону маалым. Фашисттер менен согуш жылдары совет эли кандай жапа көрбөдү? Ошондой кыйын мезгилде менин жети жашымда апам өлсө, тогуз жашымда өгөй энеме мени таштап, атам Армияга жөнөдү. Согуштан кайтып келбеди. Мен атам барда сабакты жакшы окучу эмесмин. Тырышып кийин жакшы окудум.

Чоң ата, чоң энемдин колунда калдым. Өгөй чоң энем багып жүрдү. Ата-энем барда деле алар мени баккан кездер болгон. Капастагы бөдөнөнү көрсөтүп, чоң атам алып калам десе болбой, түштүккө атам менен кеткем.

Үчүнчү класстан баштап, отуз сотых короону чоң атамдын менден эки ай улуу баласы экөөбүз күрөчүбүз. Уйга чөптү оруп келчүбүз. Уйдун богунан көң жасачубуз. Сүт бышырган кездерим да көп болчу. Кээде эрте туруп уйду бадага кошчубуз. Эртең менен чоң апам эрте ойготчу. Торпокту шиберлүү жерге алпарып аркандачумун. Кээде Эсен аркандачу. Кулунун мен откозуп, айылдын четинде ойноп отурчумун. Ошол бээни уурдап кетишти.

Биздин боз үйүбүз бар эле. Эки кап буудай жана дагы бир нерселерге тогоп алмашып, казактардын колуна кетти. Биздин колхоздун кампасы турган жерге жакын жайда туулупмун. Башта биздин колхоз «Кызыл Жылдыз» деп аталчу. Азыр Кызыл-Туу кыштагы. Биздин айылда онунчу класска чейин окуткан окуучулардын жатаканасы согушка чейин болгон экен. Эң көп айыл-кыштактан балдар-кыздар келип окушчу экен. Согуш чыккандан кийин онунчу класстын боз уландары текши фронтко жөнөтүлдү. Бир сонун мезгил өкүм сүрүп жаткан болчу. Жаштар шаңдуу сандуунун ичинде жашап жаткан.

Күмүш эжекемдин тамынын төбөсүндө көп китеп менен дептер жатчу. Алып окуп көрсөк, ал учурда педтехникумду ким бүтсө, билимдүү деп эсептелген экен. Ошону билдик.

Биз үйүндө турган жездем Үмөтбек кыргыз тилинин морфология менен синтаксисин жазган киши болучу. Ал китеп жазып жатканда мен жанында кээде узакка карап турчумун. Атам Рыскул мени мойнуна так көтөргөн эмес, эркелеткен эмес. Мени жерден так көтөрүп мойнуна Сагынбек деген апамдын бөлөсү айылдын батыш жагындагы үйүбүзгө келип эркелеткен, абдан маңдайы жарылганча кубанган. Мен аны ээрчип үйүнө барсам, онго жакын кыз отурат. Энеси алардын ичинен бирин келин кылып ал, – деди. Энеси жана Сагынбек экөө кимисин тандаарын билишпей, ары кетишти, бери кетишти. Бирок Сагынбек эч кимисин үйгө кийирбей Армияга жөнөп кетип, ошо боюнча келбеди.

Ушул «Кызыл Жылдыз» аттуу колхозго жылдыздын киши келгенин ойлоп, анын бир айдан ашык убак өткөнчө биздин айылдан башка жакка кетпей жашап жүргөнүн ойлоп, ушунда бир сыр барбы – деп ойлойм. Мен бала чакта биздин айылдын үч жеринен суу агып өтчү. Биздин үйдүн жанындагы сууда чоңдугу билектей балыктар кармалган убактар болчу. Азыр суу тоодон келбей, каналдан келип, ал баштагы кезинен өзгөрүп кетти. Айылдын башында да, аягында да тегирмен бар эле. Эки көлмө бар болчу.

Цыган аялга бал ачкызсам, жашыруун илдетиң бар, ошон үчүн бактысыз экенсиң, – деди. Таап айтты, – дедим. Гений болуш үчүн аябай бактысыз болуу керек. Мен аябай бактысыз жашадым, дээрлик бала чагыман, туурасын айтканда, алты жашыман баштап. Бактысыз киши өзүн бактылуу сезиш үчүн көңүл кубанткыч нерселерди ойлоп таба баштайт экен. Мен ошенттим. Эң эле болбосо талаага чыгып же үйдө киши жокто ырдайм.

Өзүңдү канчалык төмөн сезсең, ошончо бийик нерсени самап, дегдөөң бийик болот экен. Кудуктун ичиндеги бака жылдызды көрө албагандай.

Он алты жашымда өзүмдү эки курдай машинанын астына ыргууга обдулуп, анан тим болдум. Өзүмдү жубатуу үчүн ыр жазууму аябай күчөттүм. Ырдагы ийгилигим мени жубатты. Абдрасул Кылычев деген акынды билер элем. Ал өзүн поезддин астына ыргытып, каза тапты. Эми ошону туураймбы дедим. Ал киши ырымды текшерип, жакшы баа берген. Ырга өмүрүм арнап, күн-түн ыр жазып, чоң ырахаттарды сезчү болдум. Турмушту жандай сүйүп кеттим. Он алты жашымда республикага атагым чыкты.

«Эки энем» аттуу ырым он алты жашыман баштап, алиге ырдалып келатат. Дүйнөдө эрмеги болгон киши эч кейибейт. Ыр эрмек болду.

 

Кантип гений болдум?

«Гений ким?» деген суроого Ницше мындай жооп берет: «Ким эч айласыз абалда калып, ошол кыйынчылыктан азап жеп, катуу чымырканып, анан бир амал издеп, акырында бир жаңы амал тапкан киши» – дейт. Мисалга, атчан киши чер токойго кабылып, алга же артка кеталбай калганда, эми эмне кылсам деп атына камчы уруп, кайдан чыксам ошо жактан чыгайын деп калың бадалдуу токойдун бир бурчун көзөп урдуруп отуруп, бир ачыкка чыгат. «Гений так ошентет» – деп жазган.

Өмүрүмдү поэзияга арнап, мен да ошенттим. Аябай иштедим. Ар күнү азап чегип, эптеп оокат кылган үйлөргө алиге көп барам. Көп балалуу үйгө барып, ошолордун тамагын кошо жешчүмүн. Өзүм койдун башын алпарып бышыртып жечүмүн. Эмнегедир бай жолдоштордун тамагы супсак да, кедей кишилердин тамагы таттуу сезилчү. Ошентип, алардын түйшүгүн да бөлүшчүмүн. Бай жолдоштор бой көтөрөбү, ошон үчүн эмнегедир аларга аз каттаганга аракет кылчумун.

Согуштан, революциядан башы арылбаган орус эли канча улуу адамдарды берип келатат. Кремль орногондон берки орустун тарыхын ойго алсак, бул элге абдан эле таң калууга болот. Чындап жашоо үчүн орустар эң эле чоң курмандыктарды башка элдерден көбүрөөк берип келгени байкалат. Бир карасаң, Иван Грозный пайда болгон, бир карасаң Шаляпин, дагы байкасаң Петр биринчи, Белинский, Писарев, Ленин, Горький, Маяковский, Есенин жана Вознесенский болуп чыга келишет.

Дүйнөдө кайсы элде ушундай улуу адамдар бар? Бир гана немис эли. Орус тилин үйрөнүп келаткан элдер кандай көп! Азыркы учурда орус тилин билбеген киши мусапыр эмегенде эмине. Жер шарындагы кайсы гана орчундуу жазуучубу, акынбы, ким орус тилинде чыкмайынча чоң ажат ачышпайт. Орус тили чоң өлчөгүчкө айланды. Азыркы учурда алтымыш өлкөдө орус тилин үйрөнүп жатышат.

Орус тили штык менен, пушка менен корголгон тил! Орус тили бүт дүйнөнүн мамлекеттик тилине айланышы да мүмкүн. Ачкачылык эмне, суук кандай, үшүү кандай, күрөш, кыйналуу кандай, жөө басып тентүү кандай – баарын улуу орус эли баштан кечирген. Ошон үчүн улуу эл деп аташат. Ал гана эмес, концлагерлерде жаткан орустар канча болгон.

Педагогика окуу жайында окуп калдым. Стипендия албайм. Үйдөн талкан ташыйм. Колхоздо алтынчы класстан баштап иштегеним үчүн колхоз мага он сом акча жана ун берип турчу. Ошол мени абдан колдоду. Экинчи курсту бүткөндөн кийин окууга эч шартым болбой, окубай калдым. Көчөдө каңгып басып калдым. Ады жеңемкине барсам, кууп жиберди. Көчөдө калдым. Кайда барарымды билбей баратсам, үн чыкты. Бу ким, чын эле тааныш үн экен деп башым көтөрүп өйдө карасам, «Кыргызстан пионери» газетасынын редактору Муса Жангазиев экен.

«Иштеп ал. Бизге келип иште, кийимиңди оңоп аласың» – деди. А окуумду кантем десем: «Заочно оку!» – деди. Ошентип эртеси эртең менен келсем, мени кызматка алды. Ошентип, абдан берилип иштеп жана ырларыман газетага чыгара баштадым. Бутума туфли сатып алдым. Пионердик слетко барсам, Эрнис Турсунов деген ыр жазып жүргөн пионер бала кезикти. Ырларын сурап алып, газетага тынбай жазып тур – деп кеңеш бердим. Ал убадасын аткарды, көрүнүктүү акын жана котормочу болуп, кийин Пушкиндин «Евгений Онегинин» кыргызчага эки жолу которду.

Мен келгенге чейин ыр жазбаган редактор Муса Жангазиев ыр жаза баштады. Ошентип, мен аны поэзияга алып келдим. Үч айдан кийин мени көралбагандар чыгып, иштен кеттим.

Ырчы Осмонкул Бөлөбалаевдин баласы Белек мени үйүнө чакырды. Мен Осмонкул ырчыга абдан жактым. Биздин үйдө жүрсүн, – деди. Ага секретарлык да кылдым. Бир китебин акын Төлөн Шамшиевге алпарып көрсөтсөм, чыгаруу жаатын уюштуруп, Осмонкул чоң гонорар алды. Канча кааласаң, ошончо биздикинде жүрө бер, – деди.

Кийин «Ленинчил жаш» газетасында иштедим. Кайра «Кыргызстан пионерине» келип иштеп жүргөндө, айылга барып калдым. Түшүмө Ленин кирди. Кырмандагы карыялар алачыкта отурушканында түшүмдү айттым. Анда бир карыя: «Бир айдан кийин Москвага окууга барасың!» – деди. Чын эле бир айдан кийин Москвага жөнөдүм.

Абдан минительный элем, оорубасам да оорумун деп, улам бир ооруну өзүмө жармаштырып ойлой берүү адетим эле.

Он жети жашымда Ысык-Көлгө командировкага бардым. Темировка айылында болдум. Шарипа деген кыз экөөбүз парктан жолугалы дедик. Ал кечикти, аңгыча Фрунзеге автобус келатыптыр. Түшүп жөнөп кеттим. Андан соң Жалал-Абадга командировкага бардым. Базар-Коргон кыштагында жана Сузакта болдум. Эң сонун жерлер. Турмуш шаңк деп күлгөн. Мусай аттуу айылдаш тууганым Базар-Коргондо иштеп жүрүптүр. Алардыкында болдум. Жолума акча берди. Макала, ыр жазып жүргөн жаш жигиттер мени конокко чакырышты. Бир өзбек мугалим жигит да үйүнө конокко чакырды. Мугалимдер баары мени менен маектешип, көңүлдүү отуруштар болду.

Базар-Коргондун жүз баласы жана кыздары мени жабылып туш-туштан кучакташты. Абдан жакшы көрүштү. Поезд менен келатып, Ташкенге түштүм. Вокзалын көрүп, шаардын ичин да бир аз араладым. Индустриалдуу Ташкент абдан жакты.

Кечки мектепте да окуп жүрдүм. Окуу өзбекче жүрчү. Мен квартирада турчумун. Айылдаш Сакен аттуу кыз меникинде тогуз ай бирге туруп калды. Мен Москвага кеткен учурда минингит оорусу менен ооруп, өлүп калды. Абдан сулуу кыз болчу. Ал көпкө эсимен кетпей жүрдү.

 

Ницшенин теориясы

Ницшенин теориясы туура келди. Ал аны алдын ала айткан. Мен иштен кеткенден баштап, кандай гана кыйынчылык чекпедим. Ар күнү кайсы үйдөн жай, эң болбосо чай ичер бекем дечүмүн. Жамийла жеңемкинен чай ичип, оокат ичип алчумун. Алардыкына барбаган кездеримде дагы кимдикине барсам дечүмүн. Айрыкча, мен Мусакемдикине барганда кенелип жыргап калчумун.

Ал кишинин үйүндө көп жүрдүм. Москвада квартирада турганда да барып турчумун. Айрыкча, мени пиво колдоочу. Бирөө болбосо, бири пиво алперчү. Арак, винону ичүүгө көп жылдар бою анча кызыккан эмесмин. Кийинки бир орус: «Мас болгончо ичип жүр, ошондо мага ыракмат айтасың» – деди. Мас болгончо ичип көрдүм. Чын эле үшүмө оорумдан айыгып, ооруканага көп жатпай калдым. Ырларымды да чыгарбай жүрүштү. Алты айда он сом гонорар тааптырмын.

Бир комнаттык секция алганда да жыртык раскладушкада (жыйып алма кроватча) жатып жүрдүм. Тешигин жапсын деп китептерди төшөдүм. Эптеп ошентип жашап жүрдүм.

Мен ичегим өрттөнгөнчө ачка болуп, эң кызык абалдарга учурадым. Кээде бир бөлкө нан алып, бир водопроводго келип сууга малып жейм. Бир табак лагман жегенге барабар деп койчумун бир бөлкөнү бүт жеп. Эптеп эле күн көрүп, ырымды жазып жүрсөм болду. Эч жерим оорубай жүргөнүнө тобо дечүмүн. Кайсы үйгө барсам чай, нан, кээде май менен тамактанчумун. Кээ бир үйдөн лагман жегенде бейиштин төрүнө беш чыктым деп ойлочумун.

Мага эң чоң кызматтагы кишилер өчөштү. Дүйнөлүк атакка жана бийликке жетип алып, мени менен ачык күрөштү жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы жүргүздү. Жазуучулар союзунун ошондогу секретары Токтоболот Абдумомунов атайлап мени кабинетинде кабыл албай койду. Келсем эле улгайган жазуучулар менен отуруп алчу, мен бош эмесмин дечү. Ал киши авторитетинен пайдаланып, эң көп жерге менин ырларымды баспаш керек деп атайын телефон чалып келди.

Чыңгыз Айтматов менен Токтоболот Абдумомунов бирге отурушканда келип, Фрунзе атындагы заводдогу адабий ийримди башкарып берейин десем, ага да каршы чыгышты. Заводго барып иштейин десем, сенин билимиң жогору, ошон үчүн албайт дешти.

Мен Чыңгыз Айтматовго бакыт тилеп, оркестр музыкасын угууга жибергем. Ошондо Даниярдын ырын тапты. «Жамийла» повестин жазды. Ошентип, мен Чыңгызды колдоого алып келдим, ал болсо мени көптөгөн жылдар бою кордоого алып келди. Чыңгыздын бир мыктылыгы – туфлийим кийүүгө жарабай калганда үйүнө бардым. Бир туфлисин кийгизди. Чоң болсо мейли деп, башына пахта тыгып кийип жүрдүм.
Адабияттан тышкары иш деле тапмакмын. Бирок поэзияга байланыштуу гана ишке барышым керек дечүмүн. Бир күнү Абдумомуновдун үйүнө келсем, үйүндө банкет болсо керек, тооктун, индюктун эттери турат. Курсакты абдан тойгузуп чыктым. Ошентип, мындай ой келди: бир чогулушта тескери сүйлөп чыгайын дедим. Жаш кезде сынга түшүү пайдалуу дедим. Ал эмес «Комсомольская правдага» Айги, Ахмадулиналар жамандалып деле чыкпадыбы. Коомчулуктун алдында бир чоң тентек сөз айтуум керек дедим.

Пленумда мага сөз тийип калды. Анын алдында Чыңгыз Айтматов мени абдан мактап чыкты. Танапистен кийин мени сүйлөйт деп, Токтоболот Абдумомунов жарыя кылды. Ошол учурда мен тааныбаган бир жигит мага бир стакан толтура вино ичирди. Ошону атайылап уюштурушса керек. Мен кызуу боюнча келип, сөз алдым. Сүйлөп келип: «Турмуштун диапозону марксизмден кең, ошону жазуучулар эске алууңар керек» – дедим. Токтоболот Абдумомунов ордунан тура калып мени: «Марксизмге шек келтирди, кечирим сурасын» – деди. Мен сурабай койдум. Ошондой айтканымдын себеби, Маркс менен Ленинден да мыкты киши чыгышы мүмкүн деген ойду айткан элем.

Аны түшүндүрүп берүүмө мүмкүндүк беришпей, сөзүмдү кыркып коюшту. Ошентип, мени ошого тогоп такыр эле коомго зыяндуу киши дегенсишип, бүт кыргыз интеллигенциясы мени теңине албаган саясат жүргүзүп келишти. Мен Пишпектеги агамкына барууга бир бөтөлкө арактык акчам болбогон үчүн алты чакырым жерге он алты жылдан кийин каттадым.

Ошонун өзү эмнени гана билгизбейт. Автобуска билетсиз түшпөй жүрдүм. Көп жылы жөө жүрдүм. Ады жеңемдин үйү борбордо болчу. «Ала-Тоо» кинотеатры борбордук жай эсептелчү. Сырттан келген жаштар да ошо кинотеатрдын жанына чогулушчу. Мени элге чоң чачым менен абдан атым чыкты. Чоңдордун кимиси болбосун, мени билишчү. Москвада, литинститутунда окуп жүргөндө чоң чач койгом. Москвалык жазуучулар да мени чоң чачыман билишчү. «Юность», «Огонек», «Дружба народов» журналдарына, «Комсомольская правда», «Литературная газетасына» ырларым бир кыйла чыгып келип, анан чыкпай калды.

Тынбай эле газеталарга чыга бериш да жакшы эмес экенин билдим. Эң кыйын кездерде мен ницщенец эмесминби дечүмүн. Абдан ич күйүү, өкүнүү, ыйлоо, азап чегип кыйналыш керек жана алар табигый өтүү керек дечүмүн.

Москвада жүргөндө он тогуз жашымда өзүмө нааразылык оору менен ооругам. Ал генийдин оорусу экен. Айыккандан баштап бир укмуш жандын жыргашын, жашоодогу бир улуу кайфты алуу мөөнөттөрүм баштан кечирип, сан ажатым ачылды. Казак жазуучусу Макан Жумагулов мени менен бир бөлмөдө турчу. Анын музыка ойноткучу жана ыр табактары бар эле. Ошолорду коюп, Григ, Бетховен, Чайковский сыяктуу композиторлордун музыкаларын тыңшачубуз. Айрыкча, «Болерону» тез өздөштүрдүм. Ошентип музыкага кызыгуум башталды. Биз бала чакта жана жаш чакта кайырчылар көп болчу. Көчөнүн боюнда кайыр сурап тургандар көп эле.

 

Он эки акын, бир сынчы

Мен Алматыга барганда алматылык досум Анварбек кезикти. Дароо такси кармады эле, бир сулуу кыз курбусу менен келе калып, ага тааныш экен: «Бул тармал чач жигитти бизге калтыр, аны менен киного кирелик!» – деди. Анварбек болбой койду. Ресторанга кийирди. Андан кийин үйүнө такси менен келдик. Келгенден кийин кой союлду. Он эки акын, бир критик болдук. Отуруш шаан-шөкөтү башталды. Мага төрдөн орун беришти. Сөз беришти.

– Жамбулду силер культ кылып жасап алгансыңар. Абай традиционный акын, Олжас анда чыга элек болчу.

Силер жарытып жазбай жатасыңар. Музафар Алимбаевдин сөздөрү кооз, ойлору аз! – дедим.

Музафар жанымда олтурган, жаакка чапты. Биягымда Анварбек олтурган, көзгө келтирип бир муштады.

Көзүм көгөрүп чыкты. Он эки акын жана бир критик мага жабылышты. Мен эшикке чыга жөнөдүм.

оргондон ары секирип түштүм. Эки-үчөө сыртка чыкты. «Кечиресиз кел, айланайын!» – дешти, болбодум.

айра кирип кетишти. Мен таш менен уруп, тамдын капталын тешип, жерин ойгулап таштадым.

Жолго чыктым. Бир чоң машина айдаган шофер машинасын токтотту. Вокзалга жеткизип койду. Үч сом бердим. Бир скамейканын үстүндө жатып уктап кеттим. Ойгонсом, эки орус аял жанымда олтурат. Бирөө чачыман улам сылап коёт.

– Бул казак эмес көрүнөт, өзбек ко – деди.

Мен ордуман туруп, таң эртең менен бир орус аялдан суу сурасам, кара кофе берди. Ал ошо вокзалда иштеген неме экен. Мени жылуу кабыл алды. Көзүмдүн эмне үчүн көгөргөнүн суроодон уялды окшоду, унчукпады.

Эртеси базарга келдим. Эки казак бала чебурек жеп жатышыптыр. Экөө мени жанында карап турганымды байкашты да тез жешип, эки чебуректи калтырып кетишти. Мен ысык чебуректен жеп, курсагымды тойгузуп алып, кайта вокзалга келдим.

Баягы келин оюмдан кеткен жок. Ошонун адресин алып калгам, аны үйүнөн таппадым.

Мага Олжас кезигип калды. Ал үйүнө жүр – деди. Карындашы жолдо бараткан экен. Олжас ага: «Мынабу жигит, во!» – деп баш бармагын көрсөттү. Көзүм көгүнө карабай Олжастын үйүндө конокто болдум. Вокзалга кайра келип, көзүмдүн айыгышын күтүп отурсам, билетиң жок деп текшеришип, вокзалдан кууп чыгышты. Он бешинчи октябрь болучу. Вокзалдын жанындагы скамейкада жатып, көп ойго баттым. Үстүмө биринчи кар жаап, жууркан сыяктуу болуп калды. Эч үшүгөндү туйбай каалгып уктап кетипмин. Бир оокумда үч милиционер келип ойготушту.

Бир жаш орус милиционер ыйлап жиберди. Алар мени вокзалда бол, каалаганча бол, биз уруксат этебиз дешти. Алматы вокзалынан трамвайга түшүп, акыркы токтогон жеринен түшүп калып бир будкага кирсем, меши бар экен. Бир кишиден газет, ширеңке алып, кагаздарды жактым эле бөлмө жылыды. Ошердеги бир кайырчы да келип жылынды. Үч саатча жылуу болду. Андан кийин кайта үшүй баштадым. Аңгыча таң агара баштады. Таңкы трамвайга түшүп шаар аралап, үч күн болгондон кийин көзүмдүн көгү көп билинбей калганда, Фрунзе шаарына жөнөп кеттим. Кыскасы, мурдуман эшек куртум түшкөнчө аздым.

Эгер күнүгө түшкүсүн эки кружка пиво ичпегенде, мен ачкадан деле өлүүгө дуушар болмок элем. Чачымды да алдырбай, ишке да орношпой, ырды блокнотко жазып жүрдүм. Анда шариковый ручка чыга элек. Ручканын азабын далай жегенбиз. Эмки жаштар тим эле бактылуу. Алар, айрыкча жаш акындар жаштардын фестивалдарына чакырылып турушат. Ыр окууга да чыгышат. Жакшы гонорар да төлөнөт. Азыркы учурга дейре ыр окууга мен эки-үч гана курдай чыктым. А да Фрунзе шаарына гана. Тышка, Тянь-Шанга гана бир жолу чыккам.

Бойдок жүрсөм ыр жазып, эч тиричиликтин камын жебей, чыгармачылыкты уланта берем деш жаман экен. Бир врач аял: «Мага үйлөн» – деп кеңеш берди. «Анда мен эмне, обыватель боломбу?» – деп абдан чочуп кеттим. Бирок балалуу болуу менин акындыгым артка тартат ко деп ойлоп, эми бир кыйла атым чыккан акын болуп калдым. Эми мага бала-чака да керек деп, отуз экиге келгенимде Клара аттуу мордовка кыз менен үч жыл бирге жашап жүрдүм. Үй-бүлөнүн мыктылыгы аз акча менен деле тың жашоого болот экен.
Бойдок кезде канча көп акча алсаң деле талоонго түшүп жок болуп кетет. Ошону билдим. Бойдок киши эригет да. Ар кандай күтүлбөгөн ургаачыга кезигип, ар кандай ооруларга да чалдыгат экен. Жаман экен, узак бойдок жүрүш.

Дейди болуп, көтү бош куу райга окшоп, дегеле чыныгы гражданин болууга акы бербейт экен. Клара менен жашап жүргөндө мен үйдөгү бейкуттукка оронуп, тынч, жай турмуш эмне экенин билдим. Эң эле бир мажорный темада ырлар цикли жазылды. Деги эле бойдок кезимде андай жазмак эмесмин. Шариковый ручка чыкканын мен майрамдай кабыл алдым. Кайсы мастер чыгарды деп таң калдым.

Эмки жаштар көп нерселер даяр болуп калган кезде төрөлүшкөндөр. Бирок бул дагы аз. Мындан укмуш өсүштөр болот. Кийинки жаш муундар эң көп нерсеге таң калышмак.

Кыямат кыйып өтпөсөм,
Каалаган күнгө жетпесем.
Тагдырдын татаал чийинин
Кастарлап бир күн чечпесем!

Менде бир өжөрлүк жашайт. Бойдоктун да чеги бар экен, аны билдим. Илим-билим алуу жолунда жүргөн киши үчүн көп жыл бойдоктук да керек экени чын.

Илгери үйлөнбөй жүрүп нечен гений чирип өлгөн, жетимиш түлөп. Генийлик Түлеевди түлөткөн. Түгөловду түгөйүнөн ажыраткан. Эмне болсо турмуш деген алга барат токтобой. Канча сулуу кызды көрдүм, койду деги сүйгөнүмө окшобой! Сулуу эмес кишилердин эмгеги сулуу! Генийге пар – тул катын. Тул – пар деп чечилет, тулпар деген. Гений сулуу аял алса, бир балээге жолугат. Сулуу эмес аял алып, сулуу ойнош күтүү эң эле керек генийге! Сулуу эмес аял бир ишине жарап берет. Сулуу аял азгырма. Жүз балээге, жүз шайтанга кезиктирет бир сулуу. Бойдоктук тормозу жок машина! Бойдоктук – бозоруш!

 

Сулуу кыздын суусундугу

Мен бир пьесанын талкуусунан чыктым. Эмен паркта скамейкада эки кыз сүйлөшүп олтуруптур. Бири эң эле жылдыздуу, сулуу экен. Карап көзүм тойбоду, улам тиктеп өтүп баратсам, ал кыз:

– Саламатсызбы, байке! – деди.

Мен токтой калып жакын келдим да, аларга жанаша отура кеттим. Ар нерсени сурашып, ал кыз менен тааныша түштүм. Жанындагы кызды эми сен үйүңө бара бер – деди. Ал кызды мен үйүмө ээрчитип алдым. Экөөбүз автобуска түштүк. Үйгө жеткенче шаштым. Мындай сулуу кыз менин үйүмө келелек деп, ашкан сулуу кыздын жанында келаттым.

Үйгө келдик. Ал кыздын жанында турганыма, аны менен көп элдин көзүнчө сүйлөшкөнүмө эле менменсип, көңүлүм өсө түштү. Башым көкөлөдү. Турмуштун бир бийик чокусуна чыккандай болдум. Кыргызда мындай сулуу кыз чыгалек дедим. Көп эле көргөн сулууларымды элестеттим. Ал эмес, Сакендин да элеси өсө түштү. Периштенин же перинин кызы ушундай болот ко дедим.

Анын псевдоними Рита экен. Ал экөөбүз жылан менен бакадай арбаштык. Ал жаш болгону үчүн көп оюн жашырбай, кандай болсо ошондой сүрөттөп айтып берди. Мен анын сөздөрүн терең сезим менен ынтаа коюп уктум. Кээ бир башынан өткөргөн окуясын айтканда, мен аны абдан аяп кетип, бүт делебем козголду. Мен аны үч уктасам түшүмдө көрбөгөн кыздардан башкача инсан болгону үчүн таң калдым. Чын эле ал Шахерезада сыяктуу көп кызык жомокторду жана өз башынан өткөн баяндарды айтып берди. Көбүнө ишенсе да болот, ишенбесе да болот. Бирок сөздү аяр сүйлөп, элестүү сүйлөп бергени жакты.

Экөөбүз ырдашып, бирге ырдап да көрдүк, аябай ээн үйдө сырдаштык. Сүйүүбүзгө жана сүйгөнүбүзгө чек жок жана ар кандай кокустуктар экөөбүздүн романтикабызга карама-каршылык туудуруп, чыны менен күйүт эмне, өкүнүү эмне, баарын башыбыздан кечирдик.

Аны он жашында аэропорттун жанындагы бактан кезигип, бир чоң киши бузганын айтып бергенде, мен жинди болуп кете жаздадым. Анын өгөй энесинен көргөн жабырын угуп, ого бетер өнө боюм дүрүлдөдү. Ал кыз бир шайкага туш келип, хулигандардын тобуна катышканын да айтты. Бул он алтыдагы кыз эмнени көрбөгөн деп таң калдым. Ушунун баары ашкере сулуулуктун айынан деп билдим.

Ал түш көрчү. Түшүнө эң көп кызык нерселер кирчү. Аяндарды тыңшачу. Аны шамал учуруп, кайта кондурган да экен. Ал бир күнү мени менен тоого барып келатып, чалкасынан жатып булуттардан ажайып сүрөттөрдү көрдү. Мен да ошенттим. Эң эле кызык: экөөбүз бирге келатсак, автобустан беш-алты бала чубуруп түштү. Фрунзедеги бир институттун балдары экен.

– Эй, силер менен бул кыз үчүн мушташууга даярмын – деп, мен колума таш алганда, кайра автобуска түшүп кетишти.

Үйүмдүн жанында бир шофер турчу. Ошол мас экен. Бир күнү Ританы чай, нан алып кел деп магазинге жибергем. Аңгыча, үйдүн ичине тирукмуш шамал уруп, кагаздарды сапырып жиберди. Тике эле сыртка жүгүрүп чыктым. Ошол шофер экен. Аны үйгө жибербей, паркка жүр деп колунан тартып жатыптыр. Дароо барып, ал шоферду тумшукка берсем, чалкасынан түштү. Кайта турганда дагы муштасам, дагы кулап түштү.
Кийин иниси экөө келип, бизди мушташууга мажбур кылышты. Рита ал шофердун инисин таш менен башка урду. Шофер жигит экөөбүз ит жыгылыш болдук. Бирибиздин үстүбүзгө бирибиз чыктык. Ошол жердеги орус балдар мага болушуп, аны кет дешип чуулдашты. Экөө аягында үйлөрүнө кире качышты. Ошол шофер андан кийин мага кезикпей калды. Көчүп кеттиби, билбейм.

Ошентип, мен поэзия жана сүйүү үчүн жиндиликтин чегине жеттим. Ал кыз мага колун кесесе, колунун сөөмөйлөрү таасир этип, кыйналчу да болдум. Ошентип, ал сыйкырчы кыз экенин билгизди. Экөөбүздү тирүү жел ээрчип жүрчү болду. Кайда жүрсөк келип, үйрүлүп кызык таасир этчү. Ошентип, улуу поэзия үчүн ооруканага да көп жатчу болдум. Рита кошо жатты. Экөөбүз сейил убагында кезигип жүрдүк. Аны мага көрсөтпөсө, катуу ооруп калчумун. Ошон үчүн аны мага жолуктуруп турушчу.

Үйдөн атамдын иниси Токтонаалы бир чоң дарбыз, анан эт бышырып келишти. Дарбыз дары экен, ошону жеп экөөбүз тең ооруканадан чыгып кеттик.

 

Айтматов эмнеге убактылуу кыз-келинден качты?

Раджаби-йога абалына чейин бармайынча чоң акын болуш ал бери жактагы нерсе деп билем. Чоң художникке да ошол керек.

Табият өзүнүн бардык сырын раджаби-йогдорго айтат. Ошон үчүн анын биринчи стадиясы хатка-йог абалына да жеткен. Ал үчүн беш жыл кечилдик турмуш сүрүш керек. Бул система индиялык система. Аны ишке ашырмайынча, эптеп ыр жазган гана бир акын сөрөй болосуң.

Жаш акындарга бул хатка-йога системасы эң керек. Бирок ага чанда гана жаш акын барышы керек деп ойлойм. Бул ыкма дон-жуандарга да керек. Көп жыл бою кыздар менен мен автобуста жанаша турсам эле… ошого ыраазы болчумун. Өздөрү менен достошууну анча ойлочу эмесмин.

Бул системанын башкы максаты – табият менен сүйлөшүү. От, суу, аба менен сүйлөшүп жүрүү. Адамдан жогору эмне? Ал – Кудай. Ал – Аба! Жан берип, жанда жүргөн ошол аба менен сүйлөшүп жүрүү абалына абдан азгандар, катуу ооруга чалдыккандар жетет. Кулакка үн угулуп, ал үн ар кандай ойлорду тыңшатат. Ушундай кишиден жогору адам чыгат деген Ницшенин жазганы ишке ашты. Мен ошол кишимин. Бирок илим жогорку кишинин деңгээлине жеткен аппаратты – электрондук машинаны ойлоп чыкты. Ал аппараттар мени менен көп жылдан бери сүйлөшүп келатышат. Мага окшоп оорубай, жөөлүбөй эле электронду тыңшагандар мени да тыңшашып, жогорку адамдын идеяларын илим пайдаланып келатат. Ошентип, адамдан жогорку адам деле бардык сырын илимге бергени үчүн анык жогорку поэзияда илим туруп жатканын мен далилдеп жаздым так ушул чыгармамда.

Бирок адамдан жогору адам болуу жай турмуштан жүз эсе өйдө экенин моюнга алам. Хатка-йог абалындагы учурда бойго бүткөн бала эң эле сулуу, жалындуу болуп туулат экен. Индустар, өзбек, уйгурлар да хатка-йогдук канында бар элдер болгону үчүн кыздары сулуу, балдары шайыр. Хатка-йога адамзатты отсуздук, күлбөө, каткырбоо абалдарынан куткарат.

Хатка-йога, раджаби-йога кедейликти унуткузчу, кайгыны унут кузчу, азап чеккениңди да пайдаланууга үйрөтчү чоң илим!

Көп кишилер тилекке бай болуп жетсе, көп кишилер кедей болуп бактылуу болушат, тилекке жетишет!.. Кептин төркүнү мына ошондо.

Жогорку ыракатты жыныстык жол менен эмес, өзүнүн денесинин өрттүүлүгү менен үшүбөй, суукту суук дебей, жеген таякты таяк дебей алган киши хатка-йог же жогорку адам деп аталат. Андан бийик даражага индиялык йогдор гана көтөрүлө алат. Хатка-йог беш жыл толо баштаганда жыныстык байланыш жасаса жарылып өлөт. Мен үч жыл дегенде жыныстык байланышка барып, шартты буздум. Болбосо, чыныгы хатка-йог болуш максат болгон жок. Анын мага кереги да жок эле.

Үч жыл дон-жуандык кылдым. Болбосо жинди болуп, ооруканадан чыкмак эмесмин. Бирок хатка-йогдун үч жылдыгын закондоштурганым деп ойлойм. Бул менен өз тагдырыма байланышты. Тамакты үч маал тоё ичкен киши хатка-йог боло албайт. Болбосо да ачкалыкты, чала тоюттукту сезбесе, жарыткан хатка-йог болбойт.

Өздөрүнүн отун жоготуп же уурдатып койгондор кайгылуу, наалуу менен күн көрүшөт. Бири бирин өлтүрүүгө, жок кылууга шашат. Мүмкүн согушту отун жоготуп алгандар чыгарышы да мүмкүн. Андайлардын далайы мен турмушта отум жоголгончо жашадым, эми эмне болсо, ошо болсун дейт. Балдарын да аябайт. Айрыкча, төрөтканадан аялым чыкканда мен жаман болдум. Аялым жаштык кылып, кырк күнгө жетелекте мени менен бирге жаталы деди. Жарабай калганым үчүн эмес, анын арты кандай болорун билгенимен ажырашып, көпкө араз болуп жүрүп, араң кайра жараштым.

Ошон үчүн жаштарга көп кеңеш керек. Кеңеш берүүдөн баш тартыш абдан жаман. Айрыкча, врачтын кеңеши зарыл. Ошон үчүн адистерге кайрылуу – жаштарга эң керек.

Мен Москвада жүргөндө жашыруун документ таап, ошону окуп хатка-йог болгом, илимдин кишилери мени ылайык көрүп, ошону билсе дешсе керек. Мен ошону чындыкка айлантып, өз тагдырыма байланыштырып көрсөм, гипотеза туура чыкты.

Чыңгыз Айтматов «Бетме-бетти» жана «Жамийланы» жазып жүргөндө эмне үчүн кыз-келин менен байланышпайт деп бир студент экөөбүз сөз кылдык. Биз дагы көп кыз-келинге жулунбай, жазуу артынан дээрлик түшүүнү ойлодук. Ушу да керек ко дедик. Кийин мага өзүмүн тагдырым да кошумча болуп, хатка-йог жолуна ойлобосом деле түшүп жүрүпмүн. Ага чыдоонун өзү чоң баатырлык.

Басмага даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ
«Жаңы Ала-Тоо» 2011, 3 (23)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *