АҢГЕМЕ
(Кыргызча жашоо бормуласы)

Жыл-жыл ары, иий-оххх, бутум, тартчы эй, бутуңду, былчыйтып басып турубаласың да өчүң бардай! Э кокуй, бутумду эми каякка коём жер жок болсо, эмне мойнума артып алайымбы, эй? Кайдан билем каякка артарыңды, ал ары бутуңду! Эй, карындаш, адегенде ал жигиттен сурап көрбөйсүңбү каяктан экенин, агер жалалабаддык болсо илибой бутту тебелеп турса улуксат, мурда кеминдиктер менен таластыктар тебелесе улуксат эле да чынбы, хи-хи-хи…
Ары жылып койсоң боло жалгыз ээлебей бүт орунду, эми биртике жыл, ии, копшоп кой көчүктү, берекени бериптир да кудайым бу алдагы жамбашка, ыя? Берчү кишиге берет да, алдыгинтип тыржыйгандан көрө балпайып турганга не жетсин, батпасаң отур алдыма, улуу баламдай кылып кондуруп алайын, как мягкий мебелге отуруп баргандай барасың, толко төлөйсүң айтып коёюн. Беш сом передайте, өчүрчү эй, соткаңды безелентпей сенделе болсо да, үнү да жаман экен, итиркейди келтирип. Эже, жылып коюңчу. Кайда жылам, ботом, жыла турган жер болсо жыламбы? Эй, вадила, жөнеле тыга бересиңби, эмне же сенин бусигиң резиновыйбы, канчай а, демалалбай калдык!
Ии, дебейсиңерби анан, Бишкекте эки киши мушташып атсачы, бирөө сөз жок таластык болот эле да, эми сузактыктар канкурент болуп атыптыр, хи-хи-хи… Сиз отуруп алыпчы, элди бөлбөңүз да, эй, аке. Мен бөлүп атамбы, өлгөн экемин да анда, мен бөлгүдөй же Ак үйдө иштебесем же депутат болбосом, бир жүргөн букара болсом, ыя, карындаш? Акырыын жылжытып атпайсызбы, араң турган элди ушинтипле бөлүп койсо болот да, жалал-абаддыктар, сузактыкта-ар деп атайы баса белгилепчи.
Койдум кокуй, тамаша да айталбай калдым го, эми бул тибиртке тийгир тилимди каякка катчумун, жаныңыз кейигенине караганда өзүңүз жалал-абаддансыз го, э, карындаш? Анын сизге кереги жок, мен Кыргызстанданмын. Э, кокуй, анда мен каяктанмын, Монголияданмын го, э, ыя туугандар? Кой эй, сенин тамашаңды биерде эч ким түшүнбөйт, шүк отуруп барчы, ансыз деле араң кыртыштары сүйбөй баратышат. О, аркы айнекти ачып коюңчу, байке, дем жетпей калды го. Баттыңбы, отур эми мыңкылдабай, айттым го канешный астановкага чейин мягкий мебелге отургандай көшүлү-үп барасың, андайды өмүрүңдө көрбөсөң да керек. Ох, чынеле жыргализм экен, оонапле жата бергидейсиң, кайран Какем ары оонап, бери оонап, чардайткен да ыя, хе-хе-хехх…
Ошо Какең кара жерге кирсин, оонамак түгүл, башы төшөккө тиери менен кор-реле дей түшөт, ал ашынаңан эбакле шай качкан, ыркыйбай биртике эттенсең болбойбу айлайын, сөөгүң тимеле өтүп кетти, көгөрүп калбаса болду, айтып коёюн төлөйсүң. Төлөсө, төлөп коё беребиз, натура төлөйбүз да. Натура деп муну кара, сенин алдагы натураңа ким кызыгат өзү, эй-кой, тамаша, бу экөө жинди неме дебатышат ко, Гүля эмне кылыбатат? Гүля эмне кылмакле, кезкез мени жеп коюп отуру да. Ырас кылат сени, силерди жейбиз да же эл окшоп дивижение жасаганды билбесеңер, же башкага жарабасаңар. Жараганчүн эт жок да денеде, бу силер ачкүзөндөй болуп же акчага, же башкага тойбойт экенсиңер, давайле-давай деп турасыңар, чынбы ыя, тууган? Хе-хе-хехх…
Кочкор-кочкор, бир киши, Чолпон-Атагабы чоң кыз, ке, отур аркы ауди соткага, сизге үшчүсдөнле, аме-ей, үшчүз болгону качан, ке, отура бер, андан ылдый таппайсыз, самалеттой гана зуу кирип барабыз бир паста. Балыкчы-Чолпон-Ата маршрутка, три человек, тү-үй, жүгүң бир сентнер го ыя, машине жер чийип калат ко, мейли эми ке, отура бер. Оомийи-ин, дөөтү колдосун, алыска баратабыз, жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болсун, омийи-ин! Акчаны казыр беребизби же жеткендеби? Дунларовдун мостунан заправке кылабыз, ошондо бересиңер, ал айнек ошондой жакшы жабылбайт аба, ничево кайра жакшы, шамалдап барасыз да.
Тартчы эй, колуңду чукулабай, ал дейм, эл көрсө эмне дейт э, тарт дебатам жинди десе, сразымле ошоякка сойлоп жөнөйт ай, мунун колу, жана айттым го, бүгүн-эртең болбо-ойт деп… Эмнеге болбойт? Ошого болбойт, кризис азыр. Кризисиң эмне? Сура, аркы кыздан сурасаң, айтып берет кризисти сага, болду эми шүк отур, тартчы дейм, эй, азыр кыйкырам тимелечи, өлүбатсаң имне ишим бар менин эй, катын албайсыңбы көрүнгөндүн катынынын көтүнөн салпактабай, болду эми серозно айтыбатам, азыр точно кыйкырам, эй, автобусту жаңыртыпчы, өзүңле шерменде болосуң, бир айтканда түшүнүш керек да. Болду эми как будто первый раз замужка чыгып аткансыбай, эмне ломатся этип калгансың?
Анан болду да, кризис дебатпаймынбы, алааңан кара кан жылжып агып, көзүң тунарып турса, көрөтлем сени… Ырабочий гарадокту ким сурады эле, түш эй, эй, жигит, сен эмне төлөбөйсүң, чото унчукпайле келатасың. Ырабочий гарадок, бабуля, ну быстро же, колунан кармап түшүрүп койсоң, эй, өзү өлалбай атып көтөргөнүн кара, бир тонна… Бүгүн эч соода болбоду, эй, картишке аз, бүт казактарга кетибатат, эки миң доллар карыз таап берип турсаң боло, эй, Көлдөн арзан картишке чыгыбататле, Баткенден уруп жиберип, бир куруг жасап алатлем, бар го сенде акчачы, эй, эмесичи, майлоосу болот. Ойта, кишини уят кылып эки миң сурайсың да, мени билесиң, жыгырма миң бакстан өйдө гана чек жазып берет эмесмимби, сирозно, акчанын баарын бир ишке салып койдум жакындалечи, кич-чине эртерээк сурасаң болмок, чын айтам эй, буюрбасын. Буюрбасын депле жүрөсүң, ушу бир выручайт этпей койдуң, эй. Аны коюп өзүң бир выручайт этсең боло? Кантип э, ушу прасент менен иштеген кишиден сурап… сен да кызыксың, эй! Жо-о… сен түшүнбөй калдың… мен башканы айтыбатам… эме шеф качан келет ырассияданчы? Келер маалы болду да, өткөндө чалдыле да о апрел башында келип калам депчи, али жокко, чото. Ырассияда дагы бир сулууну таап алып, ысык төшөктү кыялбай жатса керек да, өзүң зерикпедиңби, эй?
Эми силерге, эркектерге айла жок да, көзү көрбөгөндүкүн бөрү жесин депчи, майлиле дейтлем, о пул жиберип турса кана, эй. Өзүңдү ойлосоң боло өзүңдү, өң дегеням бар, эй, чын айтам, чото сени көргөндөчү делебем ырасса бир козголуп кетет да эй, жүрөкчү, бо-олк этип кабыгынан чыкчудай болуп дегин… бир балээ кылсаң боло? Эк, болбойт, шык-шык, кой эми, эй, сөйкөнбөй, алчы эми колуңду, барбайм эй, задний креслого, кой дебатам, нушто Ырассияда болсо, тем более бекер неме бар бекен саган, силерге ошолеле болсо, бир выручайт этип койбойсуң, анан а-ач кенедей жабышасың, чышш-ш угубатат эй, арттагылар, жо, барбайм заднийге, майли, анан көрөбүз, чыш-ш эми, бири болбосо да бири тааныйт да эй, көрөйлү дебатпаймынбы эй, пасмотрим на твое поведение, эй, чынеле таап берип турчу акча, арзан картишке чыгыбататле-а… Куй, анда бирден, жолду кыскарта бирден басып алалы, анда ушу турмушту кудайым кут кылсын, алган дөөтүңдүн алдынан жалаң жашыл сивет жанып турсун, төрт дөңгөлөгү дайым чимирилип турсун, анан кээде сивежий кыз-мыздардан да мен түшкөндө сала жүрсөң, эй…
Кыз-мыз дейби, кызды экөөңө көргөзөм мен, хватит, жаш кезиңерде жакшыле тайраңдадыңар, машинени мен сатып берсем, анан бу экөө свежак кыздардан салыбалып катайт этишеткен да. Ой, тамаша, аяш, тамаша да, каяктагы кыздар, бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы депле, берчи аркы закускеден…
Тартчы, эй, оозуңду, иттей сасык экен, ченеп ичпейсиңби жарыбагыр, тимеле перегар уруп атат! Жеңеша, мени билесиң, тапканды да билем, чачканды да билем, туурабы, сиз деле жаш эмессиз, бирокчу, анча-мынча кыздар бияктале калат, тосуп койчу аппак алкымдан бир жыттап алайын. Кой, эй, бала, элден уят, бир туретский шакалат, анан жүз грамм мененле колго алып койдум дебатат окшойсуң э, жаман арыңда, кой эми сооңдо сүйлөшөлү, азыр ты-ынч жетип алайлы айылга. Жеңеша, тосуп койсоң эми аппак алкымыңды, бирдемең короп калбайт да, мен мына магниттейле тартылып баратам, бирдеме кылсаң боло, эй, жеңеша, бойдоктун бир ажатын ачып койсо болот да, тем более, жеңенин бир буту кайниники дейт. Койчу эми, демим кысылып кетти, жылчы ары, бир бутумес, бир саны, сан менен буттун айырмасын билбей калгыча жүрө бересиңби колоктоп катын албай. Жеңеша, ладна, бир сан болсо бир сан, чын айтам, мени билбей жатасың, просточу, эсиңен кеткис кылып коём эй, жеңеша, анан өзүңле артыман кантип ээрчип калганыңды билбей каласың, так што, ломатся этпе, жеңеша-а.
Ломатся эткен эч ким жок, сенде ар барбы ии-ий, артынан ээрчийт экем да, эй, байкуш, мен бир күүлөнүп алсам жаманмын, анан даана желиң чыгып, ычкырыңды тарталбай качып жүрбө, так што, өпкөлөнбө эй, жубарымбек, аялга да ушинтип асылабы, ооздон перегар уруп турса, көздү чылпак баскан, анан калкозбайлар десе арданып каласыңар, бир мындай зыңкыйып, жуунуп-таранып алып, анан келип тийишкенди качан билесиңер, эй, кыргыздын эркектаналары, ичкенделе кыйын болуп чыга келесиңер да, баары тең тиги эме, половой гигант болуп чыга келишет, үстүнө чыгып бир желгенден чыгышпайт өздөрү… Ты чо, жеңеша, бардык эркекти көрүп чыккансып айтып атасың да. Баарын көрбөсө деле көрүнүп турбайсыңарбы, болгон алыңар арак менен тилиңергеле чыккан, болду эми, тынч отур, элдин баары кулагын түрүп калды, алдагы арагыңан дагы жүздү сок да, тынчып кал, сексти эмне кылат экенсиң…
Анда туугандар, аңгеменин кызыгы, жолдун кыскасы жакшы дейт, алыс жолду кыскартып ырдап-чордоп, аникдот айтышып дегендей, кандай дейсиз, ыя, чоң кыз, пака мен өзүмдү өзүм тамада кылып шайлап алдым, оштук туугандар айтмакчы, куда кааласа, барып-келгиче иштеп берейин, эгер кет эле кет дебесеңер. Кана таанышууну баштайлы, сиз чоң кыз, атыңыз ким? – Адалат? Каерден, Өзгөндөн, абда-ан ыймандуу кыз экенсиз, ушундай бир жазганып, эркектин жанында өзүн коомай кармап бу курган жүрөктү элжиретип жибересиз да, анда менин атым да сиздикине үндөшүпле жатып калат.
– Адилет, өзүм о Оштун Ат-Башысынын Кара-Суусунан болом… Эй, боорду эзбечи эй, кайдан жүрүп оштук боло калдың, бу оштук сулуу көрсөңле айнып каласыңбы? Кыргызстандын картасын көрдүңөр беле, Ат-Башы ошондо как түштүктө турбайбы, ошентип бу чоң кыз экөөбүз жердеш болуп чыктык, мына мен сиздин жердеш катары семинар бүткүчө сизге личный телахранител болмокчумун да, сизди суук көздөрдөн коргомокчумун…
Көрчү ата бу эргулду, сразым сулууну ээлебедиби, тилин карачы буудай кууруп турганын… Бу байке Таластан экен, таластыктар айла жок кыйын, эмнеге дебейсиңерби, анткени кудайым алардын бир органын кем жараткан, эмнеге дегени эмнеси, таластыктарда өпкө болбойт, анын ордун калдайга-ан жүрөк ээлеп калган… хе-хе-хе, ыгы-гы-гы-гы, баса унуталекте сразым таластыктар тууралуу аникдот айта кетейин, илгери-и, 90-жылдары таластык бир крутой Германиядан элден биринчи болуп кызыл иномарка тээп келбейби, келатат дейт, өзүнө өзү ыраазы болупчу, Жамбылдан өтөт баарын авгондопчу, ананле чегарадан өтө бергенде андан да кыпкызыл, андан да күлүк иномарка ашып кетпейби, берки кубалап жөнөйт, жүз элүүнү басат – жетпейт, жүз сексенди басат – жетпейт, түйнеңди, бу ким болду экен деп, иттей настроениси түшү-үп келатса, Кировканын заправкасында жанагы авгондоп кеткен иномарка турат дейт май куюпчу, бу ким болду эке-ен деп жакы-ын келип караса, өзүнүн өпкөсү экен, ха-ха-ха-ха, хи-хихи, гы-гы-гы-гы-ы, ке, берчи колуңду, маладес…
Эй, жаным, быйыл жетебизби айылга, айтчы аркы шоопурга жылжыбай катуу айдасын? Дагы эки сааттай бар, уктай бер. Уйкуну эмне кыласың, тосчу бери кулакты, барар замат төшөк салчы, өлүп атам тимелечи. Акырын эй, өлсөң өлө бер, эми түштөн кийин мен керек болуп калдымбы, тешик керек болгондоле сеники ушу, ишиңди бүтүп алгандан кийин кайдан көрдүм кара эшек, колоттон көрдүм кор эшек деп, баягыңды баштайсың да. Койчу эй, жаным, өлтүрбөчү, казырле баса калгым келибатат, берчи алмаңан кармап барайын. Алма жок сага, ушу бир көйнөк сатып алайын десем, жанале оозуңан эмне чирик сөздөр чыгып аттыле, эми жаным деп, тарт ары колуңду, тиягың менен ойлонбой, башың менен качан ойлоносуң, өлүбатам деп, тарт эми, эмне жеп алдың эле, өлөт ко, тарт дебатам.
Бакиев катынпоз дейт ко, күндө жаңысына бараткен. Барса бара берсин да, эркек экен, жигиткен, маладес, өзүңөрдүн колуңардан келбейт, колунан келгендерди көрө албайсыңар? Маладес болгондо ал президент да эй, уят да. Эмнеге уят, импотент болгондон көрө, аңги болгон артык да. Жо, пажалыста, көрсөтпөй жасасын да президент кишичи. Сен эмне өзүң көрдүңбү, вот видиш, көрбөгөн соң айтпа да, айтыбатышат деп, айта беришет да, аппазитсянын чыгарганы да. Причем тут аппазится, элдин баарыле айтып жүрүшпөйбү, кыйындыгын катынпоздугу менен көрсөтөт бекен, элдин турмушун оңдоп көрсөтпөйбү андайле кыйын болсо. Ой, эл үчүн жооп бербегилечи, элдин турмушу сопсонунле оңолубатат. Ооба, оңолубатат, хуже болуп кетти бу Бакиевиңер келгени. Бакиевиңер дегени эмнеси эй, ал бакибиздин президент, ошондой да сөз болобу, силердикибиздики деген. Эй, тынчыгылачы, алыска баратканда соо барайлычы, палитикадан башка сөз жокпу. Анда кыздар жөнүндө сүйлөшөлүбү.
Кыздар неинтересно. Эркектин көбү импотент болсо неинтересно болот да, уже кыркка чыгалек жатып импотент болуп атышыптыр го. Болот да, мээсине күнү-түнү чай кайнатсаңар, нармалный тамак бербесеңер, аял деген аялдай болбойлечи, эркекке окшоп баратса, кайдан желание болот эй… Давай эй, андан көрө ырдап барайлы. Дагы бир шиңгил сипсивежий аникдот, бир бозулан катын алмакчы болуп, атасына айтат: Ата-а, катын алгым келибата-ат депчи, и, азаматым жарайсың, катын сенден айлансын, канчаны аласың, азыр алсаң азыр алып берем, деги мелжегениң барбы десе, баласы баланчанын кызын алатле-ем дейт, атасы жаш кезинде катуу ойноок киши болгонкен, падряд жайласа керек кайран киши, айтат дейт, кой балам, ал кыз сенин карындашың болот, ит болобуз, башкасын тап дейт.
Баласы шылкыйган бойдон кетип, дагы бир күндөн кийин башка бир кызды айтып келсе, атасы дагы кокуйлабайбы, ал да сенин карындашың, бу башка кыз таппай калдыңбы депчи, их-хиих-хи… Өшөнтүп жактырган кыздарынын баарыле өз карындашы болуп чыга берет да, акыры айласы кеткен бала апасына келип даттанат экен, ушу катын алайын десем, атам карындаштарың болот дебеле алдырбай ата-ат, эми имне кылам депчи. Анда апасы айтат экен, ошо кыздардан каалаганыңды ала бер, балам, мен уруксат бердим, анткени сенин радной атаң негизи башка киши депчи, их-хи-хи-ихх, ге-ге-ге…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *