Кыргыз жомогу

Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу — төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан жолдо келатышып, төөгө кезигишти. Төөнү да «бизге жолдош бол» деп кошуп алышты.

Узак жол жүрүп, курсактары ачты. Түлкү анан мындай масилет кылды:

— Ии,  бул төө  ынаса,  баасын  он  койго  чегерелик.  Жазында  ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой тийет. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,- деди.

Түлкү бул кепти баштап коёру менен төөнү карызга союуну баары ойлонуп калышты. Баары төөнү тиктеп калганда түлкү минтип ынындырганга өттү:

— Төртөөбүздөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп. Эби келсе сени соёлу, жазында  койду  алып  магдырап  жатып  каласың.  Койду  бооз,  кысыр дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Койлор бооз чыгып калса, төлү менен он  алты  болот.  Козулары  сенин пайдаңа, а мындай  пайда  эч  жерден чыкпайт,- деп түлкү шек билгизбей жубатты.

Төө ойлонуп, ойлонуп: «Бул оголе көп олжо  экен,  булардын  коюн  алыш  керек» деп ал да өзүн өзү он койго баалап ийди да тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.

«Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин мүлкү»  деп,  этин  бешке  бөлүп:  бир  бөлүгүн  жолборско,  бир  бөлүгүн аюуга,  бир  бөлүгүн  карышкырга  ыйгарып,  бир  бөлүгүн  өзүнө  чыгарып алды.  «Төө  куру  калабы»  деп  бир  бөлүгүн  түлкү  төөгө  бөлдү  да,  өзүнө тийиштүү  этке  кошуп  койду.  Бөлүктөн  ашып  калган  төөнүн  бөйрөгүн Түкөң  тымызын  култ  эттирип  алды.  Карышкырга  бирөөнү алыңыз  деп ишарат кылып турганда, аюу саксайып «жүрөгү жок го» деп, ы-ыңк» этти.

Дардайып тура калган Жокең:

— Төөнүн  бөйрөгү  кана? — деди.  Түлкү болсо «бөрү  жеп  койду  окшойт» дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды.

Каары  келген  жолборс  бөрүнү  бир  чаап  өлтүрүп  таштады.  Аюу, жолборс  эттерин  бөлөк  жыйып  коюп,  тамашага  кетти.  Алар  келгенче түлкү  акең  карап  турабы,  төөнүн  этин  бүт  бойдон  бир  үңкүргө  бекитти.

Бир убакта аюу менен жолборс келди да:

— Эт кана? — дешти эле, буга түлкү жооп таппай коймокпу:

— «Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин койду берип коймок беле?»деп  төө  айнып  туруп  кетип  калды,-  деди.

Аюу  менен  жолборс  буга ынанып  калышты.  Түлкү  аларды  алагды  кылып  ээрчитип,  бир  заңгелге алып барды да, жолборско кайрылды:

— Атаң ыраматылык ушул капчыгайдын тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө секирип  чыгып  кетүүчү  эле  кайраның!  Сен  өтө  албайсыңго,  коркок көрүнөсүң!  Жолборс  «бул  эмне?»  дегендей  аны  кекээрдүү  тиктеп, дардайып  жөнөдү.  Мактангысы  келип,  жүгүрүп  келип  баягы заңгелдин  башына  ыгдырылып  тура  калды.  Түкөң ансайын жалынга  май тамызгандай кылды:

— Чамынганы,  басканы,  сын-сыпаты кудум эле ыраматылык атасына  окшош. Аттиң  ай,  азыраак  коркогу  болбосо,  атасынын  эле  өзүн  тарткан  экен!.. Атаң  ашкан  эр  эле,  качыргандан  кайткан  эмес,  кармаганын  куткарган эмес. Бет алган жагынан эзели кайра тартпай түйүлгөн боюнча секирип кетээр  эле,  жүрөгүң  тайкы  дебейин,  бирок бул азырынча жаштыгыңн  да!

Ошондо Жокең далдаңдап түйүлүп калган тура. Анан күркүрөгөн бойдон таштан ташка тийип, бели сынган жолборс өлүп тынат. «Жокемдин сөөгүн таза жерге коем» деп, түлкү кийин этин жемекке зыңкыйта  жашырат.

Эми анын жанында  жалгыз  гана  аюу  калды.  Түлкү  мындан башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү. «Эми  аюу  акеме  кезек  келди  го,  мунун  да  эсебин  табайын»  дейт.

Жаткан жеринде катып койгон эттен кыябын таап, түлкү акең аюуга көрсөтпөй, аста-секин жей берди. Аюу аны кайдан билсин, өзү кесээрип ачка. Ачка неме алсыроодо.

Аюу  уктай  албай  жатса, түлкү  кыртылдатып  бир  нерсе  жегендей болгонун туят. Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат:

— Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп атасың?

— Ээ,  аюу  балбан,  чыдай  албай,  ачкалыктын  азабынан  өз  ичимди жарып, чучугумду жеп атам. Ачкалык азап тура.

— Андай болсо мен да өз чучугумду чубап жесем болобу?

— Болбой эмне, сен деле мендей жан турбайсыңбы, чучугуңду чубап жей бер. Эртең эле айыгып калат.

Муну уккан аюу чымырканып бир тиштеп тартты, өзүнүн ичи ооруганына чыдай албай жаны чыга жаздады.

— Ээ,  түлкү  дос,  өзүмдү-өзүм  тиштегенден  этим  ооруп  чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп атасын?

— Сен  анын  эбин  таба  албайсың,  мен  оорутпай  кең оюп,  чучугуңду чубап чыгарып берейин.

Аюу  тартайып  чалкасынан  жатты.  Түлкү  тумшугун  салып,  аюунун ичинен чучугун сууруп алды. Ичи жарылып онтоп, жаны көзүнө көрүнгөн неме өлүп калды.

Аюунун, жолборстун, бөрүнүн, төөнүн этин түлкү акең жалгыз басып калды. Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда суу ичип, жыргалда жүрдү. Калыңдыгы карыш казы алды. Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай  качып  жүргөн  жырткычтын  баарын  жолго  салып,  жылас  кылды.

«Эми бүргөнүн азабынан кутулайын» деп бир кийизди тиштеп алып сууга барды. Аста-секин куйругун сууга салды. Бүргө куйругунан качып жонуна келди.  Жонун  сууга  салды  эле,  жонунан  үркүп  мойнуна  барды.  Түлкү мойнун сууга салды. Бүргөлөр үркүп оозуна тиштеген кийизге жабышты.

Түлкү  кийизди  сууга  таштап:  «Бүргө  неге  кутурдуң,  эми  сенден кутулдум»,- деп чычайып жолго түшкөн экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *