2016-жыл, 22-декабрда Кыргызстандын атынан режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукулдун «Атанын керээзи» аттуу тасмасы Оскарга көрсөтүлдү. Фильмдин синопсиси жана абройлуу сыйлыктардын саны картинага карата кызыгууумду абыдан арттырды.

Съемка учурундагы түйшүктөр, күмөнсүүлөр жана араңдан зорго тил табышуулар туурасындагы режиссерлордун маектери менен таанышкан соң, жаратмандардын өздөрүнө болгон ишенимдери, кайратмандыктары үчүн аларга чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирер элем! Көкүрөктөрүндө кармана албаган чыгармачылык идеяларын жарыкка чыгаргандары үчүн рахмат!

«Атанын керээзин» көрүү мени АКШнын Лос Анжелес шаарындагы Дүйнөлүк Азия кинофестивалына алып барды.

Картина жанымды жанбүдөгө салып, комфорттун алкагынан сууруп чыкты. Турмушумдун мерчемдүү учурлары чет өлкөдө өткөндүктөн, башкы каармандын ой-сезимдерин, жалгыздыгын, кусалыгын абыдан жеткиликтүү түшүндүм. Адам киндик канынан алыста жүргөндө гана өз көрөңгөсүн арттыруу муктаждыгын сезе баштайт. «Мен киммин» деген суроо коёт.

Ошол эле Америкага барганыңда кайсы раса, кайсы этностон экениңди кезиккендин баары сурайт. Кай жактан, кай өлкөдөн келгениң, кайсы тилде сүйлөөрүңө кызыгышат. Эне тилиңди билбейсиңди дешет…

Фильм өз да, өгөй да эместер туурасында (мендейлер жөнүндөдүр?) Өздүгү жок караламандарбы? А мүмкүн өзүн таппаган, кайдыгер, өткөөл өзгөрүүлөргө даяр эмес биздин муун жөнүндөдүр?

Кытайларда сырты – сары, ичи – ак «банан» түшүнүгү жашайт: адамдар сыртынан кытай көрүнө берет, бирок түп тамырын унуткандары бар. Кызык, а БИЗ кандай «жемишпиз?»

Биз өзүбүзгө жагымдуу кенедей дүйнөбүздө гана камалып, айланабызда болгондун баары бизге тиешеси жоктой түр көрсөтүп жашоодобуз. Кайда карабайлы — саясаттагы ыпластык, башаламандык, адилетсиздик, коррупция, жакырчылык, караңгы түркөйлүктүн баарына кайдыгербиз.

Өз үй, өлөң төшөгүбүздө баары жакшы болсо болду, башкасынын бизге кереги жоктой жашоодобуз! Өзүбүз менен өзүбүзбүз.

Аталган кинофестивалдын калыстар мүчөсү Хезер Рэй «Атанын керээзи» тасмасы өзүнө абыдан жаккандыгын билдирип, биздин өлкө, биздин эл туурасында мага суроолорун жаадырып, бир нече күндөрдөн кийин мага өрөпкүп кайра чалды:

– Асел, – дейт – сен биздин генибиз бир экенин билдиң беле?

– Биз дегениңиз ким?

– «Атанын керээзи» биз – Черок индейцтери туурасында экен.

Хезер Рэй экөөбүз тилибиз жана маданиятыбыздын окшоштуктары ошондой эле өзүбүздү өзүбүз алдаган жыргалчылыктар туурасында көпкө баарлаштык. Биз тарыхый озуйпабызды түшүнүп, кайда баратканыбызды терең аңдамайын эч качан сөздүн чыныгы маанисиндеги патриот боло албастыгыбыз туурасында анын айткандары менин көөдөнүмдү көсөп өттү.

Чет өлкөлөрдө жогорку билим алган идиректүү жаштарыбыз көптөгөн дүйнө тилин үйрөнүү зарылчылыгын түшүнүп, а бирок өз элинин маданиятын, өз эне тилин билүүнүн анчалык кажети жок деген түшүнүктө экенин айткан Садык Шер-Нияз байкемдин сөздөрү ар дайым эсимде. Мен дүйнөлүк аренада кандай ийгиликтерге жетпейин, демек, Садык байкемдей адамдардын сый-урматына татый албастыгымды түшүндүм. Андай адамдар өлкө келечеги үчүн мендейлерди олуттуу кабыл албастыгын билдим. Мен да алар үчүн өз эмес, өгөй экемин.

Фильмдеги картинанын каарманы «өз ичинде өгөйлөндү бекен?», «Жакшы жашоо издеп кеткен атасы бактылуу болду бекен?» деген суроо тасма бүтөр бүткөнчө мен үчүн кызык болду. Бирок бирдеңкеге дадил түшүндүм – ал бирок мыкты уулду өстүргөн татыктуу ата.

Асел ШЕРНИЯЗОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *