АҢГЕМЕ

«Көк көйнөк кийип булактап,
Көчөгө чыксам кылактап.
Көчөнү кең салдырган,
Ысталинге ыракмат».
(Эл оозунан)

Атам сексен эки жашында дүйнө салып, жерге жаңы эле берип келгенбиз. Тажияга келген элдин аягы үзүлө элек болчу. Мен боз үйдүн жанында тургам. Кайдан-жайдан келгенин билбейм, бир кезде эле Калыйча апа жаныма пайда боло калды да:

– Жүрүчү… – деди жеңден тарта.

Мен ээрчий бастым. Элден бир аз четтегенден кийин:

– А айланайын Шекебайым (атамды айтып жатканы), – деди үнү каргылдана, – Шекебайымдай эстүү жан бар беле, ийе кокуй, баягы силер чиедей кезде өлсө эмне болмок, силер эмне болмоксуңар!.. Эми карачы, тукабадан жыртыш айрып…

Мен негедир титиреп кеткенсидим. Кичинекей чагымда атам чын эле көп ооручу. Ооруган сайын мага өлүп калчудай сезиле берчү. Анан атам өлүп калса эле мага күн чыкпай, жашоо токтоп калчудай сезилчү. Бала болсом да өз оюмдан корккондой, атүгүл ойлогондон да корккондой бир силкинип алар элем. Мен азыр шыдыр эле ушуларды ойлодум да, ичиркенгендей ичимден бирдемелерди күбүрөгөнсүдүм.

– Эми карачы, – деди аңгыча Калыйча апа кайрадан бакылдай, – минтип өзүң ата болуп калганда кетип… Силердин жамандыгыңарды көрбөй, силердин алдыңарда кетип… – Бир аз үндөбөй туруп калды да, анан атамдын өлгөнүн унутуп калгандай, мага капысынан кайрыла кетти. – Деги сен билесиңби, мен сенин киндик энең экенимди…

Мен күлүп, башымды ийкедим:

– Билем, билем…

– Ии, ушинтсең… – деди мактангандай, жок, сыймыктангандай шаңдуу, – болбособу, болбосо, киндигиңди чубап коём…

Ал жарк этип бир күлүп алды да, шарт бурулуп жөнөп калды. Менин ичимди кандайдыр бир жылуу нерсе өрдөп кеткендей болду. Атамдын өлгөнүн унутуп калгандай, аны жүрөгүм жылый узата карап калдым. Ал баягы үйүнө баратты. Бүкчүйгөндөй басып, бир нерсеге ыраазы болгондой өзүнчө эле кобуранып бараткансыды. Анан менин көзүмө анын бүкчүңдөй басып баратканы, негедир, өзгөчө көрүнүп кетти. «Кызык, – дедим өзүмчө, – эмне үчүн бүкчүйүп калышат…» Бала чагымда айылымдан түз баскан бир да энени учураткан жок окшоймун. Азыр да балалыгымды эстесем эле, ушу бүкчүйгөн энелер көз алдыма тартыла берет.

Калыйча апа бүкчүңдөп кетип баратты. Мен аны узата карап туруп, жоолугунун арткы учунун астынан тааныш бир нерсени көрүп тургандай, бирок мен аны карап туруп эле көрбөй жаткандай боло бердим. Акыры таптым көрүнөт. Ооба, таптым. Таптым да, ошол нерсенин атын эстей албай эзилдим. Жел желип өттүбү, Калыйча апанын жоолугунун арткы учу желп дей түшкөндөй болду да, андан ак бир нерсе күнгө чагылыша түшкөнсүдү. Дал ушул чагылышууда анын аты эсиме шак дей түштү. Чач учтук! Мен Калыйча апанын азыркы чач учтугун көргөнүм жок, көрөйүн деп ойлогонум да жок, бирок ошондогу чач учтугун кадимкидей көрүп турдум.

Ошондо чач учтук бөлөкчө бир шумдуктай кыймылдап жаткандай болгон, чачтан, Калыйча апанын башынан бөлүнүп кетип, өзүнчө бир жанталаша жөрмөлөп бараткандай болгон. Менин көз алдымда чач учтук жоголуп, ошол жанталаша жөрмөлөгөн кыймыл гана калгандай болду. Ушундан уламбы, жүрөгүм да кыймылдап жаткандай, денемден суурулуп чыгып, өзүнөн өзү эле бүлкүлдөп кыймылдап жаткандай…

… Илгери-илгери бир өткөн заманда бир абышка-кемпир болгон экен, алардын бир гана баласы болгон экен… же алар балалуу болгон эмес экен… Калыйча апанын жомогу ушинтип башталчу. Бул жомок көбүнчө жайында айтылар эле. Биздин айылда мен теңдүү балдар көп болчу. Мен эркек балдарды айтып жатам. Ошол эркек балдардын бир тобу жакада калышчу. Калгандары ата-энелери менен кошо жайлоого чыгып кетишчү. Жакада калган балдардын айрымдарынын оюндан бөлөк, анча-мынча жумуштан бөлөк бир эрмегибиз, жок, кумарыбыз болор эле. Ал – жомок. Жомок дегенде жантыгыбыздан жата калчубуз. «Жомок айтып берчи!» – деп кимди гана тажатпадык дейсиң. Мен эле апамды канча гана жолу тажатпадым.

– Жомокту көрүнгөн киши эле айта бермек беле, – деди ал бир күнү бизге. – Көрүнгөн киши эле айта берсе, анда жомоктун тамтыгы кетпейби, аны да айтчу киши айтат… Мен билгенден сокур кемпирди жомокчу деп уккам, жомогу деле бир түгөнбөйт дейт… Ошол энеңерге баргыла.

Биз топурап жөнөп калдык. Үйү биздикинен анча деле алыс эмес болчу. Бир көзү азиз эле, ошон үчүн сокур кемпир дешчү. Бирок ал буга арданчу эмес, атүгүл көңүл бурчу да эмес. «А балакетиңди алайын жанагы жаманым ушинтип кашайтып койбодубу» – деп ичи жылыгандай күлүп койчу. Көрсө, небересин алдына эркелетип алып отурса, ал ийик менен көзгө сайып алыптыр. Сыртынан куду жомоктогу жалгыз көздүү жез кемпирди эске салса да, ал өтө мээримдүү эле.

– Силер кимсиңер… аа, силерсиңерби, алдыңа кетейиндерим!.. – деди ал жалбара.

– Эне, жомок айтып берчи!.. – дедик биз жабыла.

– А, балакетиңди алайындарым, силердин жомок укчубуз дегениңерден… Ушу менде азыр кайдагы жомок, каралдыларым, көзүм менен кошо жомокторум да кашайбадыбы. – Күнөөлүүдөй кайпастап калды да: – Калыйча апаңарга баргылачы, ошонун тилинде береке бардай көрүндү эле…

Биз кайрадан топурап Калыйча апанын үйүнө жөнөдүк. Үйү биздин үйдүн бет маңдайында эле. Башкалардыкындай эле жалпак, бирок канча бөлмө экени билинбеген узун үй болчу. Мен эки эле бөлмөсүн билчүмүн, калгандарына киргенден коркчумун. Баш баксам эле бир нерсе күңгүрөнгөндөй күбүр-шыбыр боло берчү. Анан дайыма караңгы эле, күндүз да, түнүчүндө да. Биздин үйдүн бет маңдайында дебедимби, ортодогу чоң жолду аттап өтсөк эле Калыйча апанын үйүнө кирип барчубуз.

Калыйча апа кичине эңкейип баскан ак жуумал аял болчу. Көздөрү күлмүңдөп турчу. Ким менен болбосун бакылдап-шакылдап ачык сүйлөшчү. Эч кимден жазганчу эмес. Анан дайыма таптаза жүрчү. Кичине болсом да, мен ушуну өзгөчө бир туюп турар элем. Ал турушу менен тазалык жыттанып турчу. Ал апамдан да, атамдан да улуу болсо керек эле. Апам атынан айтпай, тергеп айтчу. Бет маңдай жашаган соң биз күн сайын эле жолугушуп турчубуз. «Мен сенин киндик энең экенимди билесиңби…» – дечү мени көргөн сайын, – ии, ошентип билип жүрсөң, болбосо киндигиңди чубап коём…» «Киндик энең келатат», – деп мени баары чычалата беришчү.

Эмне экенин билбейм, мен буга арданып чычалар элем. Апам менен өтө сый болчу, апам негедир аны аяп турар эле. Ал да апамды абдан аячу. «Тырмалаңдап жүрүп он эки балаңды эптеп чоңойттуң, сенден өткөн эр барбы, – деп апама айтып жатканын көп уктум. – Карап тур, кийин жыргалын көрөсүң. Ушу түйшүктүн баары унутулат. Ушуларыңдын аман-эсен, тирүү жүрүшкөндөрү эле канча каниет! Мен деле, катыгүн, жанагы эки жетим үчүн эмнелерди гана көрбөдүм. Эми минтип…»

Анан ойлонуп кыйлага үнсүз туруп калчу да:

– Кантип чарчабайсың?.. – дечү мойнун созо акырын шыбырай, мени угуп калат дегенсип, – деги чарчайсыңбы?..

– Чарчаганда эми… – дейт да, апам көпкө дымый түшөт, анан күнөөлүүдөй. – Чарчайсың да…

– А балакетиңди алайын, ошону айтпайсыңбы…

«Ошону айтпайсыңбы!..» – дегенин мен түшүнчү эмесмин. Үнү эле башкача бир аянычтуу чыккандай сезилчү.

Атам менен бакылдашып ачык сүйлөшчү. Атам аны эркелетип: «Оо, кургур, жиндим!..» – деп койчу, анан мага карап: «Киндик энең келаткан тура, жинди…» – дечү чычалата. Жинди дегенде ал эч бир терикчү эмес, кайра жадырап:

– Ие, Шекебайым, сен жинди десең жиндимин да, Шекебайым, буга мендей… – деп келатканда эле, атам кебин үзүп салчу:

– Ие, кудай урган, баягы калжыраган кебиңди дагы баштаганы турасыңбы?..

– Койдум, Шекебайым, койдум…

Жаш келиндей шаңк этип бир күлүп алып, ары басып кетчү. Атам артынан ыраазы болгондой узата карап турчу да, мага бурулуп:

– Бу шордуунун көрбөгөнү калган жок. Өңгөсүн айтпаганда да, жанагы эки жетимди кандай азап менен чоңойтту дейсиң. Андай эч ким өз баласын да бага албас… Аялдардын сырттаны…

Атам дайыма ушинтчү. Кээде муну анын көзүнчө да айтчу.

– Ошону айтпайсыңбы, айланайын Шекебайым, – дечү ал кадимкидей жашып, – ошону сен эле билесиң… – Кемшеңдеп ыйлап кирчү.

– Болду эми, дайны жок кемшеңдебей, – дечү атам эркелеткендей корс эте, – элдин баары эле билет…

Мына ушул Калыйча апага эдиреңдеп кирип бардык. Анын эмне кылып отурганы эсимде жок, бирок бизди биресе корккондой, биресе таңдангандай аңырая карап калганы кадимкидей көз алдымда.

– Жомок! – дедик биз энтиге. – Жомок биле…

– А, жомокпу?.. – деди ал бизди толук сүйлөтпөй, санаасы тына. – Жомок силерден айланып кетсин, алдыңа кетейиндер, силердин жомок дегениңерден… – деп жалынып-жалбарып келатып эле тык токтоду да, бизди айландыра бир карап алды. – Бу силер жомок демиш болуп, – деди анан үрпөйө, – ууруга келген жоксуңарбы, ыя? Жүргүлөчү…

Ал бизди ээрчите жөнөп калды. Узун үйүнө удаалаш кеткен короосунун оң жагында үстү кийиз менен жабылган бир жерге токтоду да, кийизди алып ыргытып, тактай капкакты өйдө көтөрүп:

– Мына муну карагылачы, – деди бир колу менен нукуй.

Биз жабыла карадык, эч нерсе көрүнбөйт, караңгы.

– Бул эмне?

– Ороо, – деди арабыздан бирөө.

– Ии, ороо. Көрдүңөрбү, түбү жок. Эгер ууруга келсеңер, жанагы Такабай менен Ишенбектей кылып ушу ороого камап салам…

Биз ичиркенгендей титиреп кеткенсидик. Биздин кебетебизди байкадыбы:

– Эми силер ууруга келген жоксуңар да, – деди мээримдүү. – Жомокко келген турбайсыңарбы, алдыңа кетейиндерим. Анда отургула…

Биз уй мүйүз тарта отура кеттик. Калыйча апа ороонун үстүндөгү кийизге көчүк басты.

– Анда мен, – деди Калыйча апа, бизге кадимки чоң кишилерге кайрылгандай салабаттуу, – адегенде жанагы эки тентектин, Такабай менен Ишенбегиңерди айтып жатам, жинин кандай какканымды айтып берейин.

Такабай менен Ишенбектин атын укканда биз бир селт этип алдык. Чындыгында, ким болбосун селт этмек. Анткени экөө бүтүндөй айылдын жүрөгүнүн үшүн алып койгон эле. Эки күндүн биринде эле баягылар баланчанын баласын токмоктоп салыптыр, жолдогу өтүп бараткан машинелердин терезесин сындырыптыр… Айтор, ушундай кабар тарап, чуру-чуу эле түшүп жатчу.

– Ие, айланайын жеңе, бул молону эми эмне кылсак болот?– деп Такабайдын апасынын апама ыйлактап жатканын бир жолу уккам, – жүрөгүм жедеп өлүп бүттү. Эшиктен бирөө жөн эле кирип келатса да, баягы дагы эмне кылып жиберген! – деп жүрөгүм туйлап кетчү болду. Атасы деле эки күндүн биринде эле көк ала койдой союп жатат… Болбойт. Өзү жакшы эле бала, эстүү десең эстүү, анан эле… Токтоло албай жүрөбү дейм…

– Бирде болбосо, бирде токтолот да… – деп койгон апам, өз сөзүнө өзү бекем ишенгендей.

Ал эми Ишенбек чоң ата, чоң энесинин колунда болчу, экөө бирдей көзүн караган жалгыз эркеси эле. Апасы эмчектейинде эле каза болуп калган экен, эки-үчкө чыга электе атасы көз жумуптур. Ишенбек минтип коюптур деп эч ким даттанып деле барчу эмес. Бир жолу жедеп жанына батканда класс жетекчи эжейи атайы үйүнө барып, чоң энесине:

– Апа, уулуңуз жанда жок тентек. Эми анысы аз клегенсип, чоң кишилерге кошулуп ичимдик иче баштаптыр… – деп айтып келатканда эле чоң энеси:

– Тентек болсо, аны бала дейт, баланы кудайдан ошон үчүн тилейсиң… Иче баштаса, киши катарына кошулганы ошол, – деп бозала кылып жолго салыптыр.

Кийин деле чоң энеси көпкө чейин минтип зор сыймык айтып жүрдү: «Тентек дейт, тентек кылбаган бала да балабы! Иче баштады дейт, киши катарына кошулганы ошол да. Ким ичет? Чоңдор ичет, активдер ичет. Мына, биздин айыл боюнча бригадир уул эле иччү… Бригадир, чоң болгону үчүн иччү да…»

Ушинтип отурса, анан ким бармак эле? Кызык, Такабай жаркылдаган ачык, жапакеч бала эле. Ал эми Ишенбек түнт, сүйлөбөгөн, жер карама, үңкүйүп эле турчу. Анан «Бул экөө кайдан кошулушуп калышты?» – дешип, айылдын чоң-кичинеси дебей эле таңдана беришчү. Булар бизге, дегеле өздөрүнөн кичүүлөргө тийчү деле эмес. Бирок биз негедир коркуп турчубуз, биресе аларга суктануу менен да карачубуз.

– Экөөнүн келатканын тээ алыстан эле көрдүм, – деп сөзүн баштады Калыйча апа. Мактана да кетти. – Көз кургур курч эмеспи. Анан ушул экөөнө бир санатты кылып, жинин какпайынбы дедим. Дедим да, ороону акырын ачып, аргамжынын үзүгү бар эле, аны тээ түбүнө ыргыткандай болдум күчүмдүн жетишинче. Аңгыча экөө келип калышты. Чынымды айтайын, менин ысык-суугум деле жок эле аларга. Кичинекей чактарында бирде жумурткаларды уурдап, бирде картөшкөмдү казышып, жакшы эле убайга салышчу дечү. Эс тартышкандан кийин биздин үй жакка жолобой деле калышкан. Ошентсе да бир сынап көрөйүн дедим, кара жиним кармап эле туруп алды. Алдыларынан утурлай чыгып эле:

– Ырас келаткан турбайсыңарбы, балакетиңди алайындарым! – дедим. – Ороого чакчамды түшүрүп алдым, алып бере аласыңарбы? – Бир аз тынып калдым да: – Же, ороого түшкөндөн коркосуңарбы? – дедим.

Тиги экөө бирдей ормоё тиктешти да, жинденишкендей:

– Коркосуңарбы?! – дешти жүткүнүшө.

Ээрчитип бардым, ороону ачып, экөөнү түшүрдүм. Түшөрү менен оозун шап жаптым да, кийизди жая салып, үстүнө лык отуруп алдым. Тиги экөө өздөрүнчө күжүңдөшүп жатышты да, бир маалда бирөөсү:

– Эчтеке көрүнбөйт, капкараңгы, ачсаңыз… – дейт.

Үнүндө калтааруу бар.

– Ачпайм! – дедим.

– Эмнеге?

– Силердин шишиңер толгонун билбейсиңерби, дайыма чуу түшүрүп жүрөсүңөр, ата-энеңерди кууратып бүтүрдүңөр… – Дагы көп эле сайрадым өңдөнөт.

Тигилер кайрадан күжүңдөшө башташты, экинчи бирөөсү корс этти:

– Ачыңыз деп жатпайбызбы!

– Ачпайм! Ушу ороодо чиритпесем, Калыйча атым өчсүн! Арыраак жөрмөлөп, колуңар менен сыйпалагылачы, жылан жатат!

Дүпө-дүп болуп калышты, колдоруна баягы аргамжы урунду окшойт, не дээрин билбей дымый түшүштү да, акырын жалынып-жалбара башташты:

– Калыйча апа, ачсаңыз, Калыйча апа.

– Бейбаштыгыңарды коёсуңарбы, ыя! Ата-энеңерди куу-рат­каныңарды коёсуңарбы, ыя?!

Бирөөсү кайрадан корс эткендей болду:

– Эмне кылып кууратып жатыптырбыз?..

– Аа, эмне кылыппы?! – Жаным тим эле күйүп кетти. – Мына момуну кылып… – деп туруп, кийизди сыйрып алдым да, тактайды тепкилей баштадым. Жиним менен канча тепкилегенимди билбейм, бир карасам, өзүм да тердеп кеткен экенмин. Ошондо ойлодум: – Ыя, катыгүн, эмне кылып жатам деп. Буларды бөөдө майып кылып алсам эмне болот деп… Тык токтоттум да, акырын тыңшап калдым. Күңкүлдөгөндөй, ыйламсырагандай үн угулат. Жакшылап тыңшасам, чын эле ыйламсырагансыйт. Аа, катыгүн! – дедим ошондо эле санымды бир мыкчып. Буларды оттон, суудан кайра тартпаган тоо жүрөктөр деп жүрүшпөдү беле, көрсө жүрөгүндө кылдай да жан жок бок жүрөктөр турбайбы! Буга бир күйдүм да, кайрадан тепкилеп кирдим. Анан эле… анан… кудай бетин көрсөтпөсүн… Мени кудай алабы, Калыйча жинди деп бекер айтышпайт да!.. – Калыйча апа отурган жеринде тегеренип-тегеренип кетти да, үнү каргылданып, көздөрү жалтырай түштү.

Бир балээ болуп кетерин сезгендей, биз үрпөйө тиктеп калдык. Ал бизге назар буруп да койгон жок, атүгүл бизди унутуп калгандай, ичинен күбүрөнүп, кимдир бирөөгө кыжырдана тишин кычырата калчылдап кирди. – Анан дебейсиңерби!.. – деди көзүнүн жашын мончоктото. – Эмне дешти дебейсиңерби, балдарыңдан айланайын Калыйча апа! – деп жатышат. Балдарыңдан айланайын дешкенин укканымда тим эле сийип ийбедимби!.. Ии-ий мени кудай алсачы дедим, мен жерге кирейин дедим. Ушул чычкандай болгон балдарды ушинтип жалынтканга чейин жеткирген!.. Мениби… Мени!.. – Калыйча апа теңселе түштү. Биз: «Калыйча апа!» – деп кыйкырып жибердик. – Калыйча апа!..

Муну укканда ал өзүнө келе калды да:

– Мен жерге кирейин!.. – деди жоолугунун учу менен көзүн аарчып. – Анан үрпөйүп турган бизди күлүмсүрөй карап: – Анда мына!.. – деп кыйкырдым да, ороонун капкагын жиним менен бир силктим эле, капкактын кармап турган эки кайышы тең үзүлүп кетип, капкак колумда көпкө чейин салаңдап турду. Экөө атып эле чыкты, кандай чыкканы көзүмө илешпей да калды. Ырайларын да көрбөй калдым… – Үндөбөй калды да, жаны жыргай күлө кетти. – Анан тээтиги жерге барышып, – колу менен жаңсап көрсөттү, – бирөөсү кыйкырып жатпайбы, Калыйча апа, чын эле жинди экенсиң деп. Ошондо гана өзүмө жан кире түштү, ии балдар тирүү чыгышкан экен да дедим. Анан мен да күлкү, ый аралаш кыйкырдым: – Эй, силердин апа дегениңер кайсы да, жинди дегениңер кайсы? Экинчи чамгарактабай жүргүлө, болбособу болбосо бүгүнкү ыйлаганыңарды бүт элге жаям десем эле, экөө тең тым боло шылкыя түшүштү… Азыр деле тентектик кылып жүрүшөбү же тыйылыштыбы билбейм, билгим да келбейт. Өзүнчө сүйлөнүп кирди: – Балдарыңдан айланайын!.. – Бизге карап: – Азыр да кээде ойлонуп отуруп, башым катат! Бу каргадай болгон балдар балдарыңдан айланайын дегенди кайдан үйрөнгөн? Ыя?.. – Жооп күткөндөй, бизди тегерете бир карады.

Биз эч нерсени түшүнбөй элейдик.

– Аа, алдыңа кетейиндерим! – деди бизди жаңы көргөндөй. – Мен куруюн, жомок айтпай эле, кайдагы бир талааны… Кой анда, силерге деп атайы сактап жүргөн бир жомогум бар эле, ошону айтып берейин.

Ушинтип, Калыйча апага байландык да калдык, кантип байланып калганыбызды эч кимибиз туйбадык. Анын биринчи жолу кандай жомок айтып бергени эсимде жок, деги эле айтып берген сансыз жомокторунун бирин да мен бүгүн эстей албаймын. Бирок жомок деген сөздү кайсы жерде, качан жана кандай кырдаалда укпайын, жүрөгүмдү эч бир нерсеге окшобогон кандайдыр бир үлбүрөгөн жылуулук өрдөп бараткандыгын кадимкидей туюп турам. Кыргызда сөздөн көп нерсе жоктур, бирок ошолордун ичинен мага эң эле жупунусу, эң эле жакыны, ысыгы жомок болсо керек деп ойлойм.

Жомок калп экенин кадимкидей сезип-туюп турсам да, негедир, аны азыр да уккум келе берет. Анан капысынан эле жомок укпай чоңойгон балдар да болобу деген суроо башыма шак дей түшөт да, дал башка жегендей теңселе түшөм. Көз алдыма томолой жетим, мунусу аз келгенсип, колу-буту жок мунжу бала тартыла калат. Башымды чайкап-чайкап алам да, алар өздөрү жомок ойлоп чыгарышып, ошо өз жомокторун угуп чоңоюшар деп өзүмдү өзүм кайра жооткотуп коём.

Дагы бир нерсе: мен Калыйча апанын жомокторун таптакыр унутуп калдым дегим да келбейт. Мен анын үнүн кадимкидей эле угуп жаткан болом, бирок ушул эле маалда эмнени айтып жатканын эч бир аңдай албайм. Анан үнү сырттан эмес, менин ичимден чыгып жаткандай, көкүрөгүмдө бирөө бугуп алып, бирдемелерди булдуруктап жаткандай, ошол булдуруктоо менин жүрөгүм менен бирге согуп, каным менен кошо  айланып жаткандай боло берет. Ооба, мен аны уга албай жаткандай болом, бирок көзүмдү бекем жуумп алсам да, аны кадимкидей эле көрүп тургансыйм. Анткени ошол угулбаган үн чыккан сайын, бирде моокуму кана шаңкылдай күлгөн, бирде калчылдап каарданган, бирде бозоруп томсоргон, бирде буркурап ыйлаган…

Калыйча апа теке маңдайыма тура калат. Селт эте түшөм. Жок, мен анын кебете-кешпиринен, ырай-пешенесинен улам селт этпеймин. Анан ушул кебете-кешпири, ырай-пешенеси дагы бир нерсени эсиме сала коёт. Мен ошондон селт этемби деп ойлойм. Баарыңар эле жакшы билесиңер да, жомоктун аягы дайыма жыргал-куунал менен бүтөт ко. Бирок кандай гана жыргал-куунал менен бүтпөсүн, баарында тең Калыйча апа жомоктун аягына чыгары менен же кемшеңдеп ыйлап кирчү, же кадимкидей эле буркурап ыйлап жиберчү. Анан үрпөйө түшкөн бизге карап:

– Аа, алдыңа кетейиндерим… – дечү күнөөлүүдөй күлүм­сүрөп, – мен да жерге кирейин… – Бир аз тынып алчу да, ордунан тура жөнөчү. Басып да баратчу, сүйлөп да баратчу. – Жүргүлө… Мен жерге кирейин… Бу адам баласы деген азап үчүн эле жаралат тура…

Ал ушинтип сүйлөнүп кете берчү. Биз эч нерсеге түшүнбөй артынан ээрчип кете берчүбүз. Анын эки ийни бүлкүлдөп бараткандай болчу. Ал бизге акырын умсуна ыйлап бараткандай туюлар эле.

Биз анын артынан ээрчип баратып эки жагыбызды көмкөрүлгөн казандын ичинен чыккандай элтең-элтең карар элек. Көмкөрүлгөн казандын ичинде башка дүйнөдө жашап, андан ажыраганда бу куу турмуш менен бетме-бет кездешип отурбайбызбы! Азыр ойлоп калам, Калыйча апа жомок кандай жыргал менен бүтпөсүн, ушул үчүн ыйлап жиберсе керек деп…

Калыйча апа: «Жүргүлө!» – деп бекеринен айтып жаткан жок. Биз эми жомок укканыбыздын акысын төлөшүбүз керек. Калыйча апа бизге жомогун бекер эле айтып бере койчу эмес, анда эле Калыйча апа Калыйча апа болбой калбайт беле! Биз кадимкидей эле акы төлөчүбүз. Акыбыз да кызык, ал өзүнчө бир жомок. Эми ойлосом, Калыйча апанын айтып берген жомоктору гана эмес, Калыйча апага кудай бизди жолуктуруп койгондун өзү эле биз үчүн жомок болуп калган окшойт. (Ал эми бизге жолукпаганда, Калыйча апа ошондо эле өлүп калмак көрүнөт.) Ошентип, Калыйча апанын артынан баратабыз. Бир кезде анын бүлкүлдөп бараткан ийни өзүнөн өзү эле тык токтоп калгандай болот да, Калыйча апа шыпылдай басып, бизден заматта бөлүнүп кеткен болот. Биз ойлонгонго камданганча болбой, ал үйүнөн бир аз окчун, жолго жакын жерде талпактын же кийиздинби, айтор, бир нерсенин үстүндө дене-боюн жазып отуруп калган болот.

– Келдиңерби, балакетиңди алайындарым, – дейт ал, артынан жете келген бизге жалбара, – башымды тим эле жеп салмак болду, кана, карап жибергилечи… Эки күндүн биринде эле жууйм… Бул эмне деген балакет экенин билбейм, баягы уруш маалында да минтчү эмес эле… Ээ, эмики самындарың да жерге кирсин, илгери шакар самын менен бир жууганда эле…

Сөзүнүн аягына чыкпай, жоолугун шыпырып алат да, башын тосот. Биз жабалактап карай баштайбыз.

– Бирдеме таптыңарбы? – дейт көп өтпөй.

– Бирдемең эмне, апа?

– Бит, сирке дегеним да.

– Жок, эчтеке көрүнбөйт.

– Анда эмне жанымды койбой кычыштырат, ыя, же эмне теримди тешип, ичине сойлоп кирип кетишкенби?! Эмне, теримди тилдирейинби, ыя?..

Биз коркуп кетебиз:

– Жо-ок, тилдирбегин, канайт…

– Айтып койгонум да… Анда сыккыла, теринин ичине житип кетсе да, жанчкыла!..

Жабыла чабуулга киребиз. Баш терисин баш бармагыбыздын тырмактары менен эки жактан жыйрып келебиз да, болгон күчүбүз менен сыга баштайбыз. «Өхш, жаным жай ала түшпөдүбү, алдыңа кетейиндерим! Дагы, дагы… Катуураак… Ии айланайындарым, так эле өзүн таппадыңарбы!..» – деп жалынгандан жалына берет Калыйча апа. Бизге эң кызыгы кырс эттирүү эле… Терини тырмактарыбыз менен кысканда, кээде тырмактарыбыздын катуу тийишип кеткениненби, же башкаданбы, айтор, кырс деген үн чыкчу. Ошондо негедир моокумубуз канып, ушунчалык сүйүнөр элек.

– Өхш, жаным жай алып калбадыбы, алдыңа кетейиндерим,– дечү ал бир маалда, – баарын жайладыңар окшойт, эми…

Сөзүн улачу эмес, бирок биз түшүнчүбүз. Ушинткенде эле сыкканды токтотуп, өрүлгөн эки чачына уланган, агышыраак келген тегерек темирлерди кармалап ойной баштар элек.

– Бул эмне? – дечүбүз дайыма, аларды жаңы көрүп жаткансып шалдырата.

– Аны чач учтук дейт, алдыңа кетейиндерим.

– Муну эмнеге тагынасың?

– Ие кокуй, эмнеге тагынасың дейсиңерби? Аны тагынбасам, белим таптакыр эле бөкчөйүп, жер чийип баса албай калбайт белем. – Мактана кетчү. – Карабайсыңарбы моюнумду кокоюп, жапжаш келиндердикиндей болуп турат. – Мойнун өзгөчө бир койкоңдотуп койчу, биз кыткылыктап күлүп калчубуз. – Муну эмне үчүн тагынасың дейсиңерби? – дечү ал бир кезде суроосун кайрадан кайталап, ушинтери менен жарк эте бир күлүп алчу да: – Бул деген сулуулук да, – дечү сырдуу, кайра жарк эте суктангандай башын чайкай, – оо, мен да бир кезде супсулуу болчумун, – бизге суроолуу кайрыла, – же, эмне, силер мени ушу кемшейген кемпир бойдон түшө калды дейсиңерби… – Ойлонуп туруп калчу да, чач учтугун колуна алып, аяр сылагылап, – бул эми тээ ата-бабадан калган нарк тура, аял аттуунун баары тагынышы керек экен, сөзсүз… – деп койчу. Анан өзүңөр билесиңер да дегенсип, эки колун алдыга созуп, манжаларын ача кетчү.

Албетте, биз билчүбүз. Бири-бирибизден талаша манжаларын тарткылай баштачу элек. Тарткан сайын карс-карс этип, бизди дал ушул дабыш сүйүнтөр эле. Карс деген добуш чыккан сайын, биз ушунчалык сүйүнчүбүз. Калыйча апа болсо: «Жаным бир жай ала түшпөдүбү, алдыңа кетейиндерим, силердин колуңардан…» – деп жалынып кирчү. Минткен сайын биз кудуңдап кубанып, колуна жабышар элек. «Болду эми, алдыңа кетейиндерим, – дечү ал колун коомай тарта, – колумду сууруп алмак болдуңар… – Бармактары сынып калбасын дегендей, жарк эте. – Улам эле карсылдай берет дейсиңерби…» Биз мостоё түшчүбүз да, өз колдорубузду тарткылай баштачубуз. Канчалык жанталашсак да, биздики карс этчү эмес. Кокусунан карс эте түшсө, төбөбүз көккө жете сүйүнөр элек, ошол колу карс эткен бала дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай туюлуп кетчү. Айтпадымбы, биздики дайым эле карс дейт берчү эмес. Биздин жанталашып жатканыбызды карап туруп, Калыйча апа чыдабай кетчү:

– Болду эми, алдыңа кетейиндерим… Колуңарды майып кылып аласыңар… – Ойлуу. – Карс этчү маалы өзү эле келет…

– Качан?

– Жерге кирсин… – дечү ойлуу. Анан бирдеме эсине түшкөндөй селт этип алчу да, жарк эте: – Карыганда… – деп койчу.

Биз эч нерсе түшүнбөй, аны элее карап калар элек. Ушул учурда негедир Калыйча апанын ичи эзилип кетчү: «Алдыңа кетейиндерим, мээнетиңерди алайындарым, силердин алайганыңардан, силердин элейгениңерден…» – деп жалынып-жалбара берчү. Анан чочугандай тык токточу да, колун кайрадан алга созо кетчү. Биз кайрадан жабалактап жабышчубуз. Бирок манжаларына эмес, колдорунун терисине. Колунун териси шалбырап турчу, биз аны чойгулап ойноп кирчүбүз. Экөөбүз эки жагынан, бирөөбүз ортосунан чымчып туруп тартканыбызда, ушунчалык бир чоюлар эле дейсиң, биз үзүлүп кетпесин дегенсип, шарт коё берип жиберчүбүз. Калыйча апа ушунда да бир чечекейи чеч боло кубанып алчу. Биз өзүбүздүн колубуздун терисин чойгулай баштачубуз. Биздики жабышып калгансып таптакыр чоюлчу эмес. Калыйча апаны карап элейе:

– Биздики эмне чоюлбайт? – дечүбүз.

– Чоюлтуп эмне кыласыңар… Силер балдарсыңар да.

– А сеники эмнеге чоюлат?

– Мен карыбадымбы…

– Эмне, чоюлган карылыкпы?

– Ооба, – дейт күлүмсүрөй. – Жерге кирсин… – дейт анан мостоё. – Карыганда баары карсылдап калат, шалбырап калат ушинтип…

Ушинтчү да, бир нерсени күткөнсүп, асманды умсуна карап койчу. Бизге анын оозунан бир куш шуу этип учуп чыккандай туюлчу. Биз да көктү карап калар элек. Көбүнчө дал ушул маалда, Калыйча апа көктү телмире тиктеген бизди бир селт эттирип алчу:

– Коё турсаңар, – дечү эле бир кулагын өйдө карай тосо, – келатат окшойт. Ооба, келатат. Бул – ошол…

– Ким?

– Ошол. Үнүнөн таанып жатпаймынбы. Ошол олок… Мени жинди деп коёт, эми карап тургула, кимибиз жинди экенибизди ага бир көрсөтүп алайын… – Ордунан обдула турат. Биз да бир кишидей шарт туруп:

– Ким келатат? – дейбиз.

– Ким болмок эле, – дейт ал мээримдүү күлүмсүрөй. – Чүмөдөй атаңар да. Үнүн карабайсыңарбы зоңкулдап…

Чын эле, өйдө жактан зоңкулдаган үндү уккандай болобуз. Жабыла карайбыз, биз эч кимди көрбөйбүз. Тааныш үн гана угулат. Айылдын жалгыз жолунан чаң буруксуйт. Кыйладан кийин гана атын таскактатып келаткан Чүмөдөй атанын карааны көрүнөт. Атын таскактатып да келатат, ат таскагына ылайыктап жамактатып төгүп да келатат. Кызык, Чүмөдөй ата дайыма ушул маалда өтөр эле. Бир да жай бастырып өткөнүн көргөн жокпуз. Дайыма таскактатып да өтчү, жамактатып ырдап да өтчү. Анын кайда баратканын эч кимибиз билчү эмеспиз.

Деги эле ошол учурдагы эркектердин дээрлик баары күндүзү үйүндө болчу эмес, баары сүйлөшүп алышкансып, күндүзү жок болуп кетишчү да, кечкурун пайда болуп калышчу. Атам да көбүнчө күндүз бир жакка кетчү да, кечинде келип калчу. Аны кайда бардың деп эч кимибиз сурачу эмеспиз, атүгүл минтип суроо оюбузга да келчү эмес. Ошол күндүз жоголуп кетчүлөрдүн ичинен коңгуроодой болуп Чүмөдөй ата өзгөчөлөнүп турчу.

Дегеле бул жарыктык киши биз үчүн бир кызыктай эле жашап өттү окшойт. Куунак жүрүп, куунак өттү. Дүйнөдөн өткөнүн айтам. Анын дүйнөдөн өткөнүн укканыбызда, же ыйларыбызды билбей, же күлөрүбүздү билбей, эки ортодо чайналып калганбыз. Тойдон келатып кайтып кетип жатпайбы кайран киши. Оо, ал учурда той тойдой өтчү эле. Баса, биздин айылда баланы сүннөткө отургузууну гана той деп аташчу. Калгандарын, мисалы, бешикке салуу, тушоо кесүү, аял алуу дегендерди жөн гана түлөө деп коюшар эле. Ошол той, чындыгында эле, тойдой өтөр эле, анда тоону томкорчу кандайдыр бир сыйкырдуу да, ыйык да күч бугуп жаткандай сезилчү, эмне үчүн жакшылык жөрөлгөлөрдүн ичинен ушул сүннөткө отургузууну гана той деп атап, ага өзгөчө карашчу деп азыр таңданып отурам.

Мына, биздин айылда бир атанын үч баласынын урпактары жашашчу, баары биригип келип, бир айыл аталганы менен, чындыгында, ушул бир айылдын ичинде бир атанын үч баласы өз-өзүнчө үч айыл болуп жашар эле: өйдөкү айыл, ортоңку айыл жана ылдыйкы айыл. Ушул бир атанын үч баласынын урпактарынын көрүстөндөрү да үч бөлөк болчу, үч баласынын кимисинен өлүк чыкпасын, анын сөөгү сөзсүз өз көрүстөнүнө коюлчу. Өлгөндөрүндө үч бөлөк көрүстөнгө коюлуп, бөлөк-бөлөк жатышкандары менен, көздөрү тирүүлөрүндө үч атанын балдары деп бөлүп айтуу кыйын эле, анткени алар камыр-жумур болуп жуурулушуп жашашчу, өзгөчө жамандык-жакшылыкта бир муштумдай түйүлүп чогуу күйүшөр эле. Бул күйүмдүүлүк сүннөткө отургузуу тоюнда өзгөчө бир бажырайып көрүнөр эле.

Кимдин баласы үчкө толуп, тойго кам уруп жатканын үч айылдын баласынан карысына чейин билишчү. Билишчү да, куду өздөрү той бере турушкансып, кадимкидей камына баштачу, булардын ичинде мен да болор элем. Сүйүнчүмүн. Бүт айыл сүйүнчү. Атүгүл бүт жарык дүйнө сүйүнүп жаткандай туюлчу. Сүйүнүп жатканыбызда кандайдыр жүктөн арылгансып, сергек тарта түшөр элек, жуунуп-тазаланып чыккансып, бул жарык дүйнө көзгө сүйкүм көрүнүп кетчү. Анан той да болчу, тойдун эртеси да болчу. Ушу тойдун эртеси болгон күнү бир шалдая түшөр элек. Бирок мунун да жолу бат эле табылчу, биз той кандай өткөнүн эстеп, аларды улам-улам айтып, кайрадан шаңдана баштачубуз. Анан эмдиги жылы да, баланчанын же түкүнчөнүн баласы үчкө толору эске түшүп, дагы тойлор болот экен да деп, той дүйнөгө биротоло кирип кетер элек.

Эми ойлосом, ошондо бизди той эле жашатып келгендей, биз тойду гана күтүп жашап жүргөндөй туюлуп кетет да, ушуну ойлогондо, кадимкидей сергек тартып, тазара түшкөнсүйм, тойлор мен үчүн тазаруунун өзүнчө бир доору катары сезилип кетет. Баса, үч айылдын – көрүстөндөрү бөлөк үч айылдын – урпактары бир атанын балдары экендиги тойлордо бажырайып даана көрүнөр эле деп айтпадымбы, чын эле ушундай болчу. Анткени кайсы айылда той болбосун, ушул үч айылдын элдеринин баарын чакырышчу. Бирок бул колунда барлардын гана колунан келчү. Ал эми колунда жоктор деле алакан жайып отуруп калчу эмес, алар да балдарын ырымдатып, өзүнүн чама-чаркына жараша той өткөрчү, бирок мындай тойлорго үч айылды тегиз чакыра алчу эмес, кайсы айылда той өтсө, ошол айылдын, же өйдөкү, же ортоңку, же төмөнкү эли гана чакырылчу.

Атамды ээрчип жүрүп, мен бул тойлордун экөөлөрүнүн тең далайларына катышып калдым. Бир айылдын эли гана чакырылган тойлор өзгөчө эсимде калыптыр. Анткени андай тойлордо балдардын чочогун атама кестиришчү эле. Колуна жилик кармап жаткан балдар азыр да көз алдыма тартылып жатат. Анан атам жакындап барчу да, бир маалда ал баланын чар-р эткен үнү жаңырчу да, аны башка үндөр басып кетчү. Тойдон тарап баратканда атам мага кайрылып:

– Кичине эле чырт эттирип койдум, – дечү. Кээде:

– Бычак менен үч жолу качырып койдум, – дечү мага кадимки чоң кишиге айтып жаткансып, – мусулманчылыкта ушул эле жетет, балам…

Мага кичине чырт эттиргени да, бычак менен үч жолу качырып койгону да түшүнүксүз эле.

Мына ушинтип жүргөн күндөрдүн биринде…

Мына ушинтип тазалык доорун баштан кечирип жүргөн күндөрдүн биринде ылдыйкы айылдан бирөө дүркүрөтө той берет. Ага небересин учкаштырып алып, Чүмөдөй ата да барат. Той бүтүп, жолду жээктей бастырып келатышкан болот. Аңгыча бет маңдайдан машиненин жарыгы көзгө чагылат.

– Ата, машине!.. – дейт небереси селт этип.

– Эп балам, машинеде да көз бар, – дейт Чүмөдөй ата камаарабай, – ага да жан керек…

– Ата дейм, – дейт небереси безеленип, – машине!..

– Атаңын көнө чайын, машинеде да көз…

Чүмөдөй ата сөзүн толук айтууга үлгүрбөй калат. Тарс эткен үн жаңырат да, небереси тээ алыска учуп барып түшөт. Чүмөдөй ата менен минип жүргөн аты ошол жерден жан беришет.

– Канчалык буйтатып жанталашсам да, өзү качырып келип урунбадыбы…

Шоопур ушинтип чогулган элге карап тегеренип-тегеренип турду дейт. Бала-чакасы түшүнүшкөн окшойт, шоопурга кол көтөрүшпөптүр, атүгүл каматышпаптыр, дообуз жок деп жазып беришиптир. Эстүүлүк кылышыптыр!..

Ушул Чүмөдөй атанын үнүн Калыйча апа жер тыңшар Мамыттай тээ алыстан эле илип алчу да:

– Азыр коё турсаңар, – дечү кайрадан бизге, жол четине шыпылдай баса, – мен ага көрсөтөйүн…

Атын таскакта төгүп келаткан Чүмөдөй ата Калыйча апаны көрөрү менен тык токтотот да:

– Ээ, кудай урган, сен дале турасыңбы?.. – дейт таңдангандай.

– Ии, дагы эле турам, – дейт Калыйча  апа жүткүнө, – баягы жинди дагы келеби деп!..

– Ие, кудай урган, бу ушинтет…

Чүмөдөй ата ушинтип ыракаттана бир каткырып алат да, атынын оозун эшиктин алдында турган атама бурат.

– Эми мындай отургула, – дейт Калыйча апа, Чүмөдөй ата бурулуп кетери менен санаасы тынгандай. Биздин жай алып олтурганыбызды көрүп: – Баягы уруш маалы. Бир баш машакка зарбыз. Маңдайыңа шор жазып койсо, андан арылбайт экенсиң. Өзүмдү айтам. Ошондо жанагы экөө томолой жетим калып, мен кыйын болуп багып алып отурбаймынбы. Кантип бактым, кантип аман алып калдым? Азыр да башым маң… Анан бир күнү келатам таң заардан. Бир маалда эле алдымдан сорок этип бирөө чыга калгандай болду. Башымды шак көтөрдүм. Көтөрсөм – турат. Ушул. Ооба, ушул Чүмөдөй. Жаал­данган түрү бар.

– Ии, какмар! – деди аты менен омуроолото. – Колго түштүңбү, алкы ичиңдеги бултуйган эмне?!

Эмне дээримди билбей эле жалдырап анын көзүн тиктеп турганымды гана бир билем!..

– Көтөр дейм этегиңди, ачкын ичиңди!.. – Ушинтип эле жаалданып жаткансыды. – Элдин баары бир машак болсо да пронтко жөнөтүп жатса… Булар уурдап…

Ушинткенде, эмне экенин билбейм, бир чаңырып алгансыдым. Менин чаңырыгымдан корктубу, же өзүм ачып жибердимби, билбейм, ушул маалда эле өлүп, жерге көмүлгөн аттын эки шыйрагы биринин артынан бири жерге талп-талп дей түштү… – Ыя!.. – деп менден да катуу чаңыргандай болду Чүмөдөй. – Бая эле айтпайсыңбы, жинди десе. Мен жерге кирейин, экинчи жолу сенин алдыңдан кыя өтсөм!.. – деди да, кимдир бирөөгө кекенгендей атына камчы үстүнө камчы сала кетти. Ал кыйла узагандан кийин гана мен эсиме келип, баягы өлгөн аттын эки шыйрагын бирөө тартып алчудай бекем кучактап каттым да калдым! – Баарыбызды элейтип Калыйча апа бышактай кетет. – Ушу эки шыйрак болбосо, үйдөгү эки жетимдин күнү эмне болмок, кокуй… Куураган шыйрак болсо да, кичине кайнатсаң, сорпо өңдүү бирдемеси… – Өзүнчө бир нерселерди сүйлөнө баштайт да, анан элейе аны караган бизди көрө, эсине келе калгандай күлүмсүрөп: – Көрсө… Көрсө… Мени аңыздан машак уурдап келаткан экен деп ойлоптур. Анда бригадирби же дагы бириби, айтор, бир чоңу болчу. Чүмөдөй атаңарды айтам. Баа­рын көрүп-билип туруп, машак уурдаганга кантип дитим барат, катыгүн!.. Жок, уурдагандар да болуптур. Анан Чүмөдөй атаңар менден шек санап жүргөн турбайбы. Уурдабаса, өзүнүн кызына кошуп, эки жетимди кантип багып жүрөт деп… Анан мени көрүп жер сабап отурбайбы!.. Ошондон кийин, чын эле алдымдан бир да кыя өткөн жок. – Бизди тегерете карап, ыраа­зы болгондой: – Эстүү жан да!.. – Кыйлага башын ийкегилеп үнсүз отуруп калат да, анан кандайдыр бир жагымдуу, бирок кек аралашкан үн менен ырдап коё берет:

«Көк көйнөк кийип булактап,
Көчөгө чыксам кылактап.
Көчөнү кең салдырган,
Ысталинге ыракмат!»

– Ие каран күн десең… – дечү анан үнү каргылдана сыймыктангандай. – Чын эле, Ысталин болбосо, ушу күнгө жетет белек, катыгүн!..

Бул айтканым чын дегенсип, бир үшкүрүнүп алчу да, ордунан тура жөнөчү. Ага бу дүйнөнү Сталин гана жараткандай, Сталин эчак өлсө да, Сталин гана сактап тургандай сезилчү. Биз муну анын үнүнүн доошунан айкын туюп турчубуз.

Мен Чүмөдөй ата менен бакылдашып сүйлөшүп жаткан атамды көздөй жөнөчүмүн. Ал экөө эмне жөнүндө сүйлөшкөнүнө көңүл деле бурчу эмес экенмин, мени күн сайын жолугушушса да, алардын кебинин бүтпөгөндүгү таңдандырчу. Эми ойлосом, Чүмөдөй атанын сырткы келбетине көңүл бурбаптырмын. Тебетейи менен кемселин гана элес-булас элестете алам. Атама: «Байым!», «Байым!» – деп улам-улам кайрылганы мени алагды кылып, аны жакшылап кароого тоскоол болгон окшойт деп ойлоп калам. Бул жолу жакындай бергенимде:

– Баягы бригадир кезим, – деген бакылдаган үнү угулду Чүмөдөй атанын, – атаңдын көрү талаада бүт катын-калачтар. Эртең менен дырдай денеме кемселимди кие салып эле жөнөп калам…

– Эх, кудай урган!.. – Атам так секире кетти. – Кой аныңды, бул жерде бала-чакалар турбайбы!..

– Кудай мени чындап урган турбайбы, Шеке, кой кетейин, байым…

Атын таскактатып жөнөп калат, мен аны узата карап турам. Бир маалда заңкылдаган үнү угулат. «Ырдай баштады…»– дейм өзүмчө. Ушул маалда мага илгерки-илгерки адамдардан ушул Чүмөдөй ата гана тирүү калгандай туюлуп кетчү. Анткени айткан элем го, биздин кичине эс тарта баштагандагы бешигибиз жомок болбодубу. Ошол жомоктордун эң чоңдору – айталы, «Манас», «Семетей», «Эр Табылды», «Эр Төштүк», «Кожожаш» – бүт ыр түрүндө болчу. Карыларга, аларды тегеректеп отурган бизге китептен окуп беришкенде эле, шагырап ыр жаңырчу. Анан эмне үчүн мындай деп таңдана берчүбүз. Бир жолу чоң эле кишиден: «Эмне үчүн мындай… баары эле ырдап сүйлөшүшөт?» – деп сурасак, ал: «Аны мен кайдан билейин, айланайындар, илгеркилер ушинтип ырдап сүйлөшүшсө керек!..» – деп койгон. Ошол илгеркилерден жападан жалгыз өзү гана калгандай көрүнгөн Чүмөдөй атаны узата карап туруп, ушуларды ойлочумун, анан атама улам-улам: «Байым», «Ба­йым» – деп кайрылганы эсиме түшө берчү. Атаман:

– Ата, сени эмне үчүн эле бай, бай дей берет, – деп далай жолу сурадым окшойт.

– Бай болсом, бай дейт да, – дечү атам күлүп. – Мына, он эки балам бар, анан мен бай болбогондо, ким бай болот!.. – Ушинтчү да, өзүнчө сүйлөнүп кирчү. – Атадан жалгызмын деп арман кылчу элем, эми минтип кудайым он эки бала берип оту­рат. Эми мени ким жалгыз дейт да, ким бай дебейт…

Өзүнчө эле кобуранып жаткан атамды карап туруп, биресе түшүнбөгөндөй, биресе анын айткандарына ишенбегендей, мен да өзүмчө бир нерселерди кобуранып, башымды чайкай берер элем. Мен үчүн биздин айылда үч эле адам бай болчу. Биринчиси – маңдайыбыздагы эки тоонун боорун бербей жайылып жаткан эчкилүү Ормон ата эле. Жарыктык бул киши күндүзбү же түнүчүндөбү, өз үйүндө отурабы же меймандабы, тойдобу же жамандыктабы, айтор, кайсы жер, кайсы мезгил болбосун, тамак алдыга келгенде, же ортолоп калганда, эч кимге билдирбей, эч кимди көзүнө илбей туруп, башын бир чулгуп алчу да: «Ооо-ууй!» – деп созолонто бир кыйкырып алып, анын артынан эч бир нерсеге окшобогон, кандайдыр бир үшкүрүктү эске салган үн чыгарып, эс ала түшкөндөй олтуруп калчу. Муну биринчи уккандар бир селт этип чочуп алышып, эмне балакет болуп кетти дешкенсип, эки жагын элеңдей карашчу. Кичинекей балдар болсо коркконунан ыйлап жиберишчү. А тиги болсо эчтеке болбогондой, өзүн аңырая тиктеген кишилер менен таптакыр иши жоктой, анан ушул кыйкырык  менен ичиндегисинин баары чыгып кеткендей жайлана чайы болсо чайын, тамагы болсо тамагын ичип-жешти жайбаракат, беймарал уланта берер эле. Ормон атаны жакшы билгендер болсо кыйкырыкка кыймылдап да коюшчу эмес, кайра сүйүнүшчү: «Оо, кайран киши эчкилерин бир кайрып алып, санаасы тына түшпөдүбү…» – деп күлүп калышчу.

Экинчи бай кишилерим – дүкөнчү менен кассир эле, алардын элден алып же элге берип жаткан акчаларынын баарын мен алардын өздөрүнүкү деп ойлочумун, ушунча акчасы туруп, эмнеге иштешет деп таңдана берер элем. Анан мен эс тартканы кар чарбам деп жети сомбу же он экиби, айтор, экөөнөн башка эч бир акча кармабаган атамды улам-улам бай! – деп жатса кантип таң калбайм дейм да! Адам деген эң улуу байлык экени анда кимдин оюна келиптир, атүгүл азыр акылым жетип турса да, ушул карапайым, улуу акыйкатты жонтерим менен сезүүгө кудуретим жетпей келеби деп шектене берем.

Ошентип, атын таскактата төгүп бараткан Чүмөдөй ата мени анда да, кээде минтип азыр да ойго түртө берет. Баса, Чүмөдөй ата ээлигип алганда, – чындыгында, ал дайыма ээли­гип жүрөр эле, – ырды аңды-дөңдү карбай сабатчу көрүнөт, мындайда белгилүү эмеспи, бейадеп сөздөр да аралашып кетет да. Ошондуктанбы, Чүмөдөй атанын үнү тээ алыстан зоңкулдап угула баштаганда эле келин-кесектер: «Ии-ий!» – демиш болушуп кулактарын жапыргандай түр көрсөтүшчү. Бирок алар канчалык кымырылып-кымтынышпасын, Чүмөдөй атанын төккөндөрүн уккусу келип жаткандары, атүгүл качымыш болушуп, укмамыш болушуп, баарын кадимкидей эле угуп жатышкандыгы билинип турчу. Ушул маалда алардын кыткылыктаган назик үндөрү угулуп, Чүмөдөй атаны акырын билинбей коштоп жаткандай туюлчу. Кызык, Чүмөдөй ата таскактата ырын төгүп кеткенден кийин, чаң сапырылган биздин жолубуз суу сээп кеткенсип тазара түшкөнсүчү да, биз сергек тарта түшкөндөй болчубуз. Чүмөдөй атанын карааны көрүнбөй калганда шарт бурулуп, Калыйча апа жакты көздөй жөнөчүмүн.

– Аа, келдиңби?.. – дечү ал жайдары. – Деги сен менин киндик энең экенимди билесиңби? – Мен үндөбөй баш ийкечүмүн. Ал ыраазы болгондой, – ии, ошентсең, болбосо… Билсең болду эми, анда сени күтүп жомогумду баштабай жаттым эле. Кана эмесе, баштадык анда…

Анда эң бир кызык жерин айтууга кезек келди окшойт. Жомокко төлөнчү акыны айтып жатам. Бул акыбыз чын эле кызыктын кызыгы эле. Азыр билбеймин, анда биздин айылдын аялдары жайды-жайлай эле кийиз жасай беришчү. Ки­йиз тепкилөө биздин көкөйүбүзгө көк талкандай тийип бүткөн. Чийдин арасынан үксүйүп жүн чыга баштаган чакта гана, ки­йиз тепкилөөнү токтотушубуз керек. Ага чейин… Башында кичине кызыгып киришкенибиз менен, эки-үч жолу тегеретип тепкилегенден кийин эле тажап, кантип качып кетүүнүн амалын издей баштачубуз. Өзгөчө сүйрөө өтө оор эле, аны жай, тепкилегенге ыңгайлуу кылып сүйрөшүң керек да, кимибиз болбосун бул эрежеден бат эле тажап кетчүбүз да, чий, чүпүрөккө оролгон кийизди дыргаяктатып сүйрөп жөнөр элек. «Дагы баягы оюнуңарды баштадыңарбы!.. – деп кыйкырып киришер эле апалар. – Кийиз жасоо оюн эмес да, айланайындар, бул оокат да. Кичине чыдап койгула!..» Ушинтип качып, апаларды тажатып жүргөнүбүздө Калыйча апанын кийизине кабылбадыкпы. «Аңгектен качсаң – дөңгөккө» деген эң туура экен, мурда биз кийиз тепкилөө, сүйрөөгө араң чыдап жүрсөк, эми Калыйча апа аларга кошуп туруп кийиз бастыра да баштабадыбы. Кийиз басуу, чындыгында, аялдардын иши эле. Бул жумушка эркектер аралашчу эмес. Эгер бирөө-жарымы көзгө чалдыгып калса: «Ботом, баланча акем жеңем менен бирге кийиз басып жүрөт дейби!..» – деген сөз чагылгандай бир жарк эте түшөр эле. Баланча акени жер каратып койчу. Биз да шагыраган эркек балдар элек да, арабызда бир да кыз жок болчу. Адегенде жакшы эле тарткынчыктадык, атүгүл бала болсок да бирөөлөр көрсө эмне дейт деп ойлоп кадимкидей ичиркендик, так түйүлө кетенчиктедик. Биздин оюбузду билип койгондой Калыйча апа бажырая күлдү:

– Ии, силердин уялып калганыңардан, алдыңа кетейиндерим… Оокат кылгандан да киши уялабы… Биз ушундай жанбыз, алдыңа кетейиндерим, катын-калачтарды айтам, оозубузга келгенди оттой беребиз. Андай болбосо, аял аял болбой калбайбы, алдыңа кетейиндерим. Силер наристесиңер, тазасыңар, анан силердин колуңардан кандай кийиз кирбейт экен, ошол кийизди маа бергилечи, азыр эле отко өрттөп салайын…

Айла канча, Калыйча апанын айтканына көндүк. Жеңдерибизди түрдүк да, ичибизден адатыбызча булардын баа­ры эмне кылышат деп бир кобурап алып, анан кийиз басууга кириштик. Кийиз деген сөздү укканыбызда, кимибиз болбосун: «ушунун баарын эмне кылышат!..» – деп бир кыжынып алчубуз. Чын эле, биз ушунчалык таң калар элек. Тигил үй деле кийиз жасап жатат, бул үй деле жасап жатат. Мынча кийизди эмне кылышат? Бир жолу апама айтсам: «Силерге оюн керек, а бизге оокат керек, – деп сырдуу күлгөн. – Эми силердин оюңарга койсо, биз да колоктоп эле жүрө беришибиз керек экен да, ээ…» А Калыйча апа кийиздеринин жөнүн мындайча түшүндүрдү:

– Көрүп турбайсыңарбы, алдыңа кетейиндерим, үйдө бирөө эмес, экөө жүрөт колоктоп. Жумагүл эжеңерди өзүңөр көрүп жүрөсүңөр, араң эле жүрөт, эки күндүн биринде жоголуп… Ошол какмар бир күнү эрге тийип кетсе, мен эмне себимди берем, катыгүн, эмне ушул кара талпакты сүйрөп барамбы кызымды жер каратып, өзүмдү эле эмес, бүтүндөй бул ортоңку айылды жер каратып… Ии, бул би-ир деп койгула. Экинчиси, Жумабек байкеңерди көрүп жүрөсүңөр, кучунашы кармаганда тырактири менен үйдү сүздүрө келип токтойт. Мунусу, эмне, бекеринен дейсиңерби, катын алышым керек дегени да. Ошол анан бир күнү бирөөнү жетелеп келип калса, аның айтпайбы, кара талпагынан бөлөк эчтекеси жок кандай томаякка туш болгом деп… Ии, муну дагы би-ир дегиле… Дагы-дагысы мына мындай, Жумабегим, балакетиңди алайыным, – негедир жашып кетет, – эстүү эмеспи, эртең-бүрсүгүндөн жаңы там баштайм деп турат. Менин сөөгүмдү жер кепеден чыгаргысы келбей жатат го, – бул жерге келгенде дагы бир жолу жашып алат, – анан ошол жаңы үйгө ушул жаман кара талпакты сүйрөп киремби, кокуй…

Биз толук түшүнбөсөк да, бир нерсени аңдап-туюп жаткандай, ошол аңдап-туйган нерсебизге ынанып жатканыбыздай башыбызды ийкечүбүз. Анан ушинтип туруп-туруп эле бырс эте күлүп ийчүбүз. Ыраазы болгондой Калыйча апа да күлчү. Калыйча апа эмнеге күлчү – муну биз билчү эмеспиз, атүгүл билүү тууралуу ойлончу деле эмеспиз. А биз Калыйча апанын ырына күлчүбүз, ушул эки сап ыр аркылуу Жумагүл деген сөздү укканыбызда эле биздин көкүрөгүбүздө күлкү уялап калар эле. Ал негедир көбүнчө Калыйча апа сөзүн бүтүп, ыраазы болгондой бизди карап калганда ойгонор эле. Ал ырдын жөнү мындай болчу. Кээде Калыйча апа бизди ырдап тосуп алчу:

Ай төбөдөн тоголду,
Түндө Жумагүлүм жоголду.

– Дагы жоголдубу?..

– Ооба…

– Кантип?..

– Билбейм. Мойнумдан кучактап эле уктап жаткансыган. Бир маалда эле коңултуктай түшкөнсүдүм. Жанымды сыйпаласам эле жок, жаңы эле жылт эткен кошойт, сыйпаласам жаткан орду жылуу экен…

– Эмне эле жоголо берет?

– Эми жоголбой калат. – Калыйча апа үрпөйө караган бизди жооткото кетет.

– Эмнеге?

– Эрге тийсе, жоголбой калат да…

Калыйча апа бир чоң жаңылык ачкансып, жаны жыргап күлүп калат. Биз да күлөбүз.

Ушул Жумагүл да, анын агасы Жумабек да Калыйча апанын асыранды балдары эле, муну элдин баары билчү. Калыйча апа да эч бир жаап-жашырчу эмес. «Жетимдеримди эптеп чоңойтподумбу!..» – деп кимге болбосун айтып, жашып кетчү. Булар кимдин балдары, ата-энеси качан өтүп кетишкен? Калыйча апанын алар менен кандайча жакындыгы, байланышы бар – муну биз билчү эмеспиз, өңгөсүн билбейм, мен азыркыга чейин билбейм, билгим да келбейт. Калыйча апанын дагы бир кызы бар болчу, ал өз кызы болчу. Узун бойлуу, ак жуумал, сымбаттуу жан эле, менин көз алдымда ушундай эле элеси калыптыр.

Анда-санда келип калчу, биз менен сүйлөшчү деле эмес, баштарыбыздан сылап, бир жарк этип күлүп койчу. Анын биздин башыбыздан сылап жатканын Калыйча апа ичи эзиле карап турчу. Кызык, бизге бул эже Калыйча апанын өгөй кызындай, ал эми Жумабек менен Жумагүл, тескерисинче, өз балдарындай туюлар эле. Экөө тең, өзгөчө Жумабек апакелеп, энекелеп үзүлө түшүп турчу. Жумагүл эжени анда-санда гана көрөр элек, ошон үчүн анын ырай-пешенесин азыр элестете албаймын. Бирок азыр ойлосом, аны кез-кезде гана көрсөм да, андан бир да жолу жетимдиктин белгисин байкабаганымды кадимкидей туюп турам. Экөөнөн тең эле жетимдиктин кенедей да белгиси байкалчу эмес, Калыйча апа: «Силер жетимсиңер, мен багып алгам…» – деп отурса-турса да, какшап жатса да, экөө жетим экендигин таптакыр сезчү эмес, тескерисинче, Калыйча апа ошенткен сайын, алар кайра ага ого бетер жабышып турар эле.

Анан биз Калыйча апанын: «Бул жетимдеримди кандай куурап жүрүп чоңойттум дейсиң…» – дегенине ишенбей кетер элек. Экөө жетим калып, азап тартып чоңойбой эле, дал ушул кейпинде жаралып калгандай, энеден дал ушул кейпинде эле төрөлүп түшкөндөй сезилчү. Кээде Калыйча апа апталап, айлап жоголуп кетип, бир күнү эле пайда болуп калчу. Ак жуумал иреңинен нур чачырап, кандайдыр бир кулпуруп, кадимкидей жашара түшкөндөй көрүнчү бизге. Чын эле, өңү да, үнү да жашарып кетчү. «Тиги ураңкайларга барып келдим. Кызыма…»– деп койчу бизге. Ураңкайлар дегени тээ жер түбүндөгүдөй алыс-алыс жерде экен деп ойлочубуз, кийин билсек бизден он-он беш чакырым эле алыс турган бир айыл экен. Калыйча апанын улуу кызы – өз кызы, ошол жерге турмушка чыккан экен. Калыйча апанын кызыныкында жүрүп келгенин укканда атам дайыма:

– Акам кандай киши эле, не деген киши эле!.. – дечү шыдыр эле. – Тээ илгери Пурунзенин чайканасынан таанышкан элем… Отурган экен кайран киши чай ичип. Жанында да эки-үчөө отургандай болгон. Не деген киши эле… Келбетин айт, комузун айт. Кайран Акам…

– Ал ким, ата? – дейм мен.

– Актанды айтам, балам, – дейт атам ойлуу, мен таанычудай болуп. – Оо, атасы укмуш киши эле дешет, Тыныбекти айтам, «Манас» айтканда күн күркүрөп, аттардын дүбүртү кадимкидей угулуп турчу дейт… Акам да оңой киши эмес эле, сымбатын айт, комузун айт. «Эр Табылдысычы!.. – Башын чайкап-чайкап алат да, өкүнгөндөй: – Бекер кылган, пилармонияны тыштап биякка келбей эле койсо болмок. – Үндөбөй калат да, мага кайрылат: – Сен Эр Табылдыны билесиң да, ээ…

Билем дегендей башымды ийкейм да:

– Ал Чүмөдөй атадай илгерки киши беле? – дейм чочугандай.

– Кайсы Чүмөдөй? – дейт атам алая.

– Ырдаган Чүмөдөйчү?

– Оо, кокуй күн десе, сен эмнени айтып жатасың? – Атам кызаңдай кетет. – Чүмөдөй ким да, Акам ким?!

– Чүмөдөй ата деле ырдап атпайбы, ал деле илгерки киши да анан…

– Деги сенин илгерки дегениң эмне, ыя?!

Мен баягы чоң кишиден укканымды айтып кирем.

Атам жаны жыргап бир күлүп алат да:

– Аа, маселе биякта дебейсиңби, – дейт ойлонгондой. – Сенин Чүмөдөй атаң менен Акама илгеркини байлап коюптурбу, балам. Акам кечээ эле өтпөдүбү, Чүмөдөй атаң дагы эле жүрөт го зоңкулдап… Анан кайдагы илгерки?

– Экөө тең эле ырдап атышпайбы… – Мен мурчуя түшөм.

– Эми түшүндүм окшойт, балам, – дейт атам мага каадалуу карап, куду чоң кишиге кайрылып жаткансып, – эми түшүндүм окшойт. Акам деле «Эр Табылдыны» ырдап айткан деп жаткан экенсиң да. Ырдап айтпаганда, анан эмне кылат?! Мына, биринчиси, Эр Табылды эмнелерди кылганын, жасаганын эстечи. Ии, эстедиңби, ошондогу кызыл кыргын… деги койчу. Андай нерселерди анан кантип жөн айта алат?

– Анан кантип айтат?

– Же ырдап, же ыйлап айтышы керек!.. – Атам кичине кекене, жиндене кетет да, кайра мени сыймыктангандай карап калат. Анан өзүнчө ичинен кыңылдап кирет да, бир мезгилде чочугандай тык токтоп, өкүнгөндөй: – Атаңдын көрү!.. – дейт мага карап, – жанагы күйөө балачы, тиги ким эле… ошонун күйөөсүчү… сенин киндик энеңдин күйөө баласычы, ошол комузду Акамдан кем чертпейт дешет, анан жүрөт дешет колхоздо жөн эле иштеп… Андан кичүүсү артист болуп кетти дешет, аның тиги биздин күйөө баланын жанында шоона эше албайт дешет… Анан… Ушу кантип болсун… Баарынан да Акам эмнеге пилармониядан кетип калган дейм да… – Ушинтип наалып-наалып алган соң, өзүнчө жылмайып кобуранып койчу. – Мен жиндимин деп өзү кыйкырып жүрөт го, жо-ок, Калыйча оңой киши эмес, ушу Акам менен кан куда болгондон кийин, анан…

Атам айткандай, Акамдын келинине – өз кызына кеткен күндөрдүн биринде Жумагүл эже биротоло жоголуп кетти. Ала качып кетиптир. Анда салт ушундай беле, билбейм, ачуу басарга келгендерди үйгө киргизбей коюшкан. Анан Калыйча апаны өзүнүн уранкайынан атайы алып келишкен. Ошондо кулдугум бар деп отурушкандар каз-катар тизиле калышып, колдорун бооруна алыша: «Кулдугубуз бар, кудагый!» – деп жарыша айтышканда, Калыйча апа аларды бир тегерете карап алып:

– Кулдугуңар кудайга!.. – деген үнү кардыга өкүм: – Үйгө киргиле, кудалар…

Ошентип кудалар үйгө кирип кетишкен. Биз болсо, бизди дагы чакырат болду бекен дегенсип, сыртта кала бергенбиз.

– Шерменде! – деп эки-үч курдай оозумдан чыгып кетти эле деген Калыйча апа кийин бизге кадимкидей жашып: – Анан эмне кылам, эки күндүн биринде эле жоголуп жатса, бир балакет болуп кетсе, эл-журтка шерменде болобузбу деп… – Биздин үрпөйүп калганыбызды көрүп: – Эми эмне, – дечү жайкай, – кыздыкы ушул да, күйөөгө тийиш керек, бала төрөшү керек, аларды багыш керек. Анан… анан… Ошентип: «Чыккан кыз – чийден тышкары» болуп калат, өзү төрөлүп чоңойгон үйүнө конок болуп калат… Деги ойлоп-ойлоп отуруп башың маң болуп кетет, бу кыз кишини кудайым бир кызык эле жараткан экен да, өз үйүнө конок кылып… – Ии, баса, баягы силер баскан кийиздердин кереги тиет эми, алдыңа кетейиндерим!..

Биз муну укканда, кадимкидей дердеңдеп сүйүнгөнбүз.

– Эми, – деген Калыйча апа көп өтпөй, бизге жадырай карап,– бир жараган ала кийиз жасап койсом… Бул үчүн Гүлүмканды сөзсүз чакырышым керек. Гүлүмкансыз бул иш бүтпө-өйт…

Калыйча апанын бир кызык адаты бар эле: айылдагы келин-кесектерге алардын колунан кийиз кандай кирерине, камыр кандай ачырына карап баа берчү. «Аа, ал жерге кирсин! – дечү кээ бир келиндер жөнүндө, – колдорунан кийиз киргенин бир да жолу көргөнүм жок, үзүлүп-сүзүлүп, ылбырап-сылбырап… Деги ошолордун колунан камыр ачырына деле көзүм жетпейт… – Бир азга ойлонуп отуруп калчу да, – эми аларга бир кудайым бир жагынан бербесе, бир жагынан бергендир… – деп койчу да. – Деген менен ушу келиндердин ичинен Гүлүмканга тең келчүсү жок го…

Бул сөздү угарым менен менин көз алдыма Гүлүмкан апанын элеси бажырайып тартыла калчу. Аны эч ким деле элес алчу эмес, а түгүл Баланчанын токолу дешип, теңсинчү да эмес. Анан эле жамандык-жакшылыкта кайпастап аны издеп калышар эле. Ошондо кайран Гүлүмкан апа таптакыр өзгөрүп кеткендей сезилчү мага. Демейде токол деген атка кемсинип жүрчүдөй болгон Гүлүмкан апа ошол күндөрү чын эле ажарына чыга түшчү. Казан башынан жылбай, эки бети албырып, кадимкидей нур чачып турар эле. Ошондо мен дайыма ушундай жерлерде эле жүрбөйбү деп ойлоп кетер элем. Чыкчырыла караганда баягы өзүн теңсинбеген келин-кесектер анын көзүнө жалтактай карашып, кареги менен тең айланып калышчу. Эч ким ага өйдө карай алчу эмес. Өзгөчө чоң кара казанга камыр жууруп жатып, аны ийлөө үчүн колун салып өйдө көтөрө бергенде, ал камырды эмес, бүт дүйнөнү мыкчып тургандай сезилип кетчү.

Айткандай эле ала кийиз жасаганда Гүлүмкан апа башында турду, биз адаттагыдай эле бирде кызыгып, бирде тажап тепкилеп жүрдүк. Калыйча апа адаттагысындай эле ичине бир күбүрөп алып, анан эки алаканын жая бата кылып, кызыл-тазыл боёлгон жүндөн чий бетине бапестеп оюу сала баштаган. Биз буга көнүп бүткөнбүз, атүгүл бул да биз үчүн адатка айланып калган. Ооба, ал дайыма көпкө чейин оозун кыбыратып, эки алаканын жая бата кылып койчу. Биз да ушинтчүбүз, бирок эмнени тилек кылып жатканыбызды билчү эмеспиз.

Калыйча апаны таңдана карап турар элек. Кызык, Калыйча апа жүндү чийге жая баштаганда аларды ушунчалык аяр таптаар эле, биз буга бир таң калсак, ошол аяр таптап жатканда оозун кыбыратканы, кыбыраткан сайын улам ар башка дүйнөгө туш болгонсуп, бирде мостоё токтоп калганы, бирде күлүмсүрөгөнү ого бетер таң калтырчу. Өңгөсүн билбейм, мен ошол Калыйча апа оозун кыбыратып, жайып жаткан жүнүнө жалооруй тигиле караганда, нени ойлоп, нени шыбырады болду экен деп кызыга берер элем. Бирок бир да жолу даап сурай албадым. Сурагандан чочуласам керек, же сурасам эле оозун кыбыратуунун, күлүмсүрөй кароонун сырдуулугу жоголуп кетчүдөй, мен да кандайдыр бир кымбат, ыйык нерседен ажырап калчудай сезилсе керек.

Биз кандай гана кийиздерди тепкилеп, кандай гана кийиз­дерди баспадык дейсиң. Ушулардын ичинен мени өтө суктандырганы да, таңдандырганы да ала кийиз эле. Ал мага жаңыдан, капысынан пайда боло калган өзүнчө бир дүйнө, ааламдай сезилчү. Өз бутубуз менен тепкилеп, колубуз менен басып жаратсак да, аны өзүбүз жаратканыбызга таптакыр ишенчү эмесмин. Өзгөчө аны короонун кырына жайып койгондо анын ар бир оймосу – мейли кызылбы, мейли көкпү, айтор, кайсы түстө болбосун, жаңы ачылган күчүктүн көздөрүндөй туптунук болуп мөлтүрөп турчу, ушул мөлтүрөгөн көздүн ичинде биз өзүбүз, биз түгүл бүткүл аалам жүргөндөй сезилип кетер эле.

Тепкилеп жатканда да ал ала кийиз экени эсиме түшө калса, же тык топтоп калчумун, же өтө аяр, акырын тепкилей баштар элем. «Катуу тепкиле алдыңа кетейин!.. – дечү муну байкап калган Калыйча апа. – Кийиз кирбей калбайбы ылбырап. Катуу тепкиле, эмне эти ооруп калат дейсиңби…» Анан да кызылы кызыл, көгү көк болуп, оймолордун ар бири өз-өзүнчө бөлүнүп турганы, боёктордун бири-бирине аралашып кетпегени таң калтырып, өз көзүмө ишенбегендей улам-улам карай берчүмүн.

Мен минтип ала кийизге биресе суктанып, биресе таң калып жүргөн күндөрдүн биринде Калыйча апа: «Ай, балакетиңди алайындарым, сүйүнчүңөрдү камдай бергиле! – деп калды. – Тиги менин жаманым, Жумабек байкеңер, катын алчумун деп чамынып калыптыр. – Акырын шыбырай кетти. – Алчусу тиги өйүздөн эле экен, Кубаттын кызы дейт, маа билгизбей көптөн бери эле сүйлөшүп жүргөн окшойт». Чын эле, көп өтпөй «Жумабек аял алыптыр!» деген кабар айылдын башынан аягына дейре тегиз тарап, келин көргөнү аялдар чубап келе башташты. «Баягы силер баскан кийизиңер дагы ишке жарабадыбы, алдыңа кетейиндерим!..» – деп Калыйча апа мында да бир бизди дердеңдетип кубантып койду. Жумабек байкенин аял алышы биздин өмүрүбүзгө кандайдыр бир бурулуш алып келгендей болду. Биз мурункудай эле Калыйча апанын тегерегинде жүрдүк дечи, бирок бир нерсе жетишпегендей, бир нерсебиз сууп калгандай боло берчү болду. Баарынан Калыйча апанын келиндүү болгондон көп өтпөй эле мындай дегени бизди шалдайтып таштады:

– Эми кумдап кетсе да чачымды карабай эле койгула, алдыңа кетейиндерим… Келиним сынып калбасын, катыгүн!..

«Сынып калбасын!..» дегенине эч кимбиз түшүнгөнүбүз жок. Болгону бул сөздү кандайдыр бир өзгөчө күч, чочулоо менен айтканын баамдадык. Анан да мындан ары сирке карабай турганыбызды ойлоп, сүйгүнчүктүү оюнчугубузду бирөө тартып алгандай томсоро да, шалдая да түштүк. Мунусу аз келгенсип, эми Калыйча апа ай айланбай эле Жумагүлдүн үйүн көздөй жөнөп калчу болду, атүгүл өз кызы унутта калды окшойт. «Эртең Жумагүлдүкүнө жөнөгөнү жатам, – дечү бизге. – Са­наам тынчыбай жатат… Барган жери жөндүү болбой калганбы… Анын үстүнө күйөөсү да ичкенде колу тиет экен деп кулагым чалып калды…» «Колу тиет дегени эмне?» – дейбиз жарыша. «Урат экен дегеним, алдыңа кетейиндерим!..» – дейт Калыйча апа ойлуу. Биз ишенчү эмеспиз, урат экен дегенине түк ишенчү эмеспиз. Биздин көз алдыбызга шыдыр эле Жумагүл эженин күйөөсүнүн бажырайган элеси тартыла калчу. Ал упузун, кара киши болчу. Узун, сапсары, анан жеңи жок плащ кийип жүрөр эле. Биздин ар бирибиздин башыбыздан сылап эркелетип өтчү. Анын чын ниетинен эркелетип жатканын ар кимибиз дапдаана туюп турар элек. Аны көргөндө эле сүйүнүп кетчүбүз. Өзү кара болсо да дайыма бажырайып турчу, бизге ушундай сезилчү. Анан… «Оо, меники да оңой эмес!.. – деди Калыйча апа биздин ишенбей жатканыбызды туйгандай. – Тилиби, тили тээтиги аргамжыдан да узун го… Анан тили менен эле жей берсе, мас эмес, соо киши деле жыга чаппайбы, ыя!.. Аял киши деген биринчи тилин тыйыш керек!.. – Өзүнчө колун шилтей кетет. – Ушу акыркысы… Болду эми, экинчи барбайм… Тынч эле экен. Санаам тынып калды», – дечү кайтып клегенден кийин… – Какшап келдим: «Тилиңди тый, тилиңди тый!..»

Эми ойлосом, ошол күндөрдөн тартып биз үчүн бир кызыктай окуялар болуп кетти окшойт. «Тиги жаманым, Жумабек байкеңер, эми жаңы үйдү баштайм деп чамынып жатат, – деди бир күнү Калыйча апа маңдайы жарыла. – Ошентсин, эмне, менин сөөгүм… Ие, кокуй, баарыдан да куда-сөөктөр эмне дейт!..» Түшүнүп-түшүнбөй биз да баш ийкемиш болдук. Биз болгону жаңы үй саларын гана түшүндүк. Анда айылдагылардын көбү эле жаңы чатырлуу үй салышып, жер тамдарынан көчө башташкан болчу. Анан эле… Ушундан бир ай өттүбү, же өтпөдүбү – билбейм, бир күнү бизге Калыйча апанын шаабайы сууңку келди. Ортобузга отурду да, баарыбызды тегерете карап:

– Түндө, – деди үнү кардыга, – ойгонуп кеткен экенмин, кобур-собур үн чыгат, эмне болду деп тыңшай салдым курган жаным… Тыңшабай жерге кирсемчи!.. Тиги жаманым аялы менен сүйлөшүп жатыптыр… «Өз апаң эмес турбайбы, – деди келиним түз эле, – сени төрөгөн апаң эчак эле өлүп калган турбайбы!» Менин жаманым эмне деди дебейсиңерби: «Ооба, өз апам эмес, мени төрөгөн апам өлүп калыптыр!..» – дебедиби… – Калыйча апа калчылдап кетти да, анан өзүн токтото: – Өз эле апам деп койсо эмне болот эле!.. – деп уңшуп алгандай болду. Ордунан шап туруп, жөнөп калды. Уңшуп алганда, көзүнөн жаш мөлт эте түштү.

Биз дабдырап эле жабыла узата карап калдык. Бизге анын чач учтугу ыйлап бараткандай туюлду.

Ушундан кийин биз Калыйча апанын үйүнө жомок укканы бардык беле, же барган жок белек, ал бизге жомок айтып берди беле, же айткан эмес беле – бул менин эсимде жок. Анын жомогу ушуну менен бүтүп калгандай…

Баса, Калыйча апа бул окуяны бизден бөлөк эч кимге, чоң кишилердин бирөөнө да айткан эмес окшойт. Мен анда да, ки­йин да бир да кишинин айтканын укканым жок, атүгүл азыр да уга элекмин.

Ошондо чач учтугу ыйлап бараткан Калыйча апаны узата карап туруп, денем дүркүрөй минтип шыбыраганым алигиче эсимде:

– Эми кетет… Өзүнүн кызынын үйүнө кетет… Сөзсүз… Кайра келбейт…

Кетпептир. Калыйча апа өз үйүнө эле кирип баратты. Чач учтугу дагы эле бар экен. Кичине бүкчүйө түшүптүр.

Өз үйүнө кирип бараткан Калыйча апаны карап турганда, менин оюма капысынан эле бир мезгилде атам өлүп калса жашоо токтоп калчудай өңгүрөгөн мен азыр эле атамды жерге берип келсем да, эчтеке болбогондой турганыма жиним келип, жүрөгүм бир булкуп алды.

… Эх, Калыйча апа, Калыйча апа, баягы жомокторуң кайда, сен бизди каякка таштап кеткенсиң, эмне үчүн бизди жомокторуңда түбөлүк калтыра албадың экен!..

«Ала-Тоо», январь, 2017

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *