Быйылкы кыш катаал болду. Карапайым эл үчүн, албетте. Кыргызстан деген мамлекетти чейрек кылымдан бери башкарымыш болуп келаткан арам акчага туйтунган бир ууч бийлик башындагылар үчүн сыртта жадыраган жазбы, кычыраган кышпы, баары бир эмеспи.

Аларың кааласа кышты жазга айлантып коёр кудурет-күчкө ээ. Буга мисал — күн сайын күргүштөп акча түшүп турчу бажы кызматында иштегендердин жаңы жыл майрамын чет мамлекетте майрамдап келгендери. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Ага ылайык жаңы жылды утурлай 230дан ашык бажы кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыгышып, жетекчилик кызматта иштегендери из жазгыруу үчүн Казакстандын Алматы шаары аркылуу чет жерге барып чартаңбай тээп келишкен.

“Пулуң болсо калтаңда, каалашыңча талтаңда” дегендин классикалык үлгүсү ушул эмеспи. Кептин баары ошол акчанын адал эмгек, ак мээнет менен табылганында го. Ушуга окшогон дагы бир окуя март айында Кара-Суу районунда да болуп өттү. Райондун Шарк айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 11 депутаты (!) коңшулаш Тажикстанга барып шапар тээп эс алып келишти. Алардын Тажикстанда “Бахористан” санаторийинде эс алышканы дароо эле белгилүү болуп, депутаттар коңшулардын жеринде терезелери караңгылатылган машинеде жансакчылардын коштоосунда жүргөндөрү да ашкере болду.

Эми депутатың деле адам да, эс алса эмне болуптур дечүлөр чыгар. Макул, эс алышсын, бирок алардын артынан ит менен издетип, жумуш ордуларын ташташып, жашыруун чыгып кетишкенинин артында шайлоонун шайтан оюндары турганын да айтып келишет. Мына, биздин депутаттардын азыркы абалы. Айылдык кеңеш депутаттарынын Жогорку Кеңеш депутаттарынан үлгү алып атканы эмей эмне?

Эми мына ушул калың элдин кыжырына тийип, мамлекеттик кызматта иштеп турушуп, байманасы ашып-ташыганын калың журтка жашырып да, жаппай да шардана кылышкан жогорудагы бажы ачендиктери менен айылдык кеңеш депутаттарынын чээнден чыккан жоруктарын тескеп коёр бир төбөл чыккан жок го, чиркин. Анын ордуна ар эки жума сайын тактыдагы «ажыдаардын» жаздым баскан кадамдарын эл-журтка жар салып келаткан, менин он алтыга толгону турган уулум  «единственный человек, который не боится президента» деп айткандай, «Ата Мекен» партиясынын жолбашчысы, Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери чыркырап жылаңач чындыкты айткандан тажабаган Өмүрбек Текебаевди түрмөгө тыгып жандары тынып, кулактары тынчыды.

Текебаев дегенде эгемен Кыргызстандын кайгысы менен кубанычы, өксүгү менен шаттыгы, кууралы менен азабы көз алдыма тартылат. Мен жаңыдан гана ЖОЖ эшигин аттап киргенимде мына ушул Өмүке да болуп-толуп турган курагы эле. Советтердин мыйзамы катаал заманында партбийликке каяша айтып, каш көтөргөн мугалим тууралуу гезиттерден угуп таң калганым бар. Анда мектеп окуучуларын кааласа-каалабаса да мугалимдерин кошуп туруп эгин талааларына, асыресе түштүктө пахта теримге окуу сезону башталар менен эле автобуска шыкап алып кетишип, байкуш окуучулар кыш түшкөндө гана колдору туураланып кесилип, беттери күнгө күйүп, карала-торала болуп келип калышчу эмес беле. Мына ушул системага каршы туруп, жок, окуучу деген окуу сезонунда пахта терип эмес, окуп отурушу керек деген айылдык жаш мугалим ошондо эле азыркы укмуштуу тагдыр жолун тандап алгандай сезилет…

Кандай десек да, эмне десек да, Өмүрбек Текебаевдин жазмыш жолу бул – эркиндикке чыккан кыргыз мамлекетинин да жолу. Ал жолдор эмдигиче тегизделбей уңкул-чуңкул болуп, таш түгүл тикенекке толуп турган кези. Ошол тикенектүү жолдор менен атпай кыргыз аттуунун баары басып келаткан чагыбыз. Мына ошол жолдордогу таш, тикенектерди терип келаткан эр жүрөк, кайраттуу саналуу уулдарыбыздын бири Өмүке десем жаңылбайм. Албетте, жеке оюмду эч кимге таңуулабайм, Текебаевдин да бардык иш-аракетин, айткан сөздөрүн акыркы чындык деп да айталбайм.

Текебаев да убагында абройуна манчыркап, илебинен от бүркүп, далайды теңсинбей турган кези болду, өз башына муштум болуп тийре калпыс кадамдары да болду. Болгону, «ажыдаарга» айлануудан коркуп жүрүп, болбой эле өзү да ажыдаарга айланып кеткен эл башынын тизгинин тартып, таскагын тыйып турган Текебаевдин кайдагы бир «тарыхы» күмөндүү орус көпөсүнүн каралоосу менен караңгы зынданда отурушу жүрөгүмдү оорутат. Уулум айткандай, укмуштуу фактыларды элге алып чыккандан коркпогон Текебаев зынданда деле коркуп-үркүп калбайт, кайра чыйралат.

Замандашым, акыл калчап ой жүгүртүп көрчү, Текебаевдин жүзү сенин, менин абийиримдин жүзүндөй көрүнүп тургансыйт да? Баарыбыздын абийирибиз кирдеп, балчыкка оонап турган жокпу? Чындыкка канчалык кайдыгер болсок, ошончолук тарых бизди кечирбес…

Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *