Буулуп турам түнөргөн булуттардай,
Шатыратып бугумду төккүм келип.
Ант ургур, ай, ант ургур, куруп кал, ай,
Араң турам ашатып сөккүм келип!

Өлгөндөрдүн үстүндө бейитинин,
«Төшү түктүү Жер ур!» — деп ант бергенсиң.
Татып даамын бийликтин «бейишинин»
Антты унутуп, түлкүдөй жалт бергенсиң.

«Кымбаттаткан адамды Кудай урат, —
дедиң эле бакылдап, — электирди».
Күбө болуп ал турат, бу да турат,
Эми Кудай урушу керек кимди?

Жерде башы бириккен алты адамдын,
Адатыңыз өпкөлөп арызданмай.
Келечегин күрөөгө Кыргызстандын
Коркпой коюп тапканың — карыз алмай.

Жең ичинен жер сатмай өзү бизде,
Ажолордун башына тийген оору.
Үзөңгү-Кууш, Каркыра кеткен эле,
«Салтты» бузбай пулдадың Үңкүр-Тоону.

Үзүлгөндү улап бир чыйраткансып,
«Теке, төө» деп жик бөлүп чаң салдың да.
Алты жылда көп болсо кыйраткансып,
«Арашанга» килейтип там салдың да.

Кынык алып калдыңар, кынык алып,
Чыгарышсын ырымдын эсеп-чотун.
Жазгандардан көндүңөр «жилик» алып,
Доого жыгып беришсин «чөнтөк-сотуң».

«Түлкү сүйбөйт, — деп коёт — ит күлүгүн»,
Өмүрбекти алпарып камап койдуң.
Акылымда «сессия» өттү бүгүн,
Парламентсиз мен сизге «талак» койдум.

Азамат ТӨКӨРОВ, Россияда эмгектенген кыргызстандык мигрант

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *