Бурят жомогу

Сүт куюлган чоң казан турган. Эки чычкан ошону айланып жүрдү. Жыты тим эле сонун. Бирок кантип жетүү керек?

Бирөөсү айтат:

— Досум, казанга жакын келип тур, мен сенин үстүңө чыгайын да, анан казанга тармышып эптеп ичине түшөйүн, сен болсо куйругумдан кармап тур. Ошентип мен сүткө тойгондон кийин ушундай эле кылып сени түшүрөбүз.

Анан алар чын эле ошентишти. Чычкандан амал качып кутулбайт тура.

Биринчи чычкан экинчисине куйругунан тиштетип койду. Куйругун тиштеп турган экинчиси ойлонот: «Карачы, митайымды, мага куйругун тиштетип коюп, өзү сүттүн каймагын гана калпып ичип атканын!.. Минтсе эми мага эмнеси калат?»

Биринчи чычкан сүттү шимире берет, шимире берет. Экинчисинин жини келет, анан куйрук тиштеп турган оозунун четинен эптеп кыйкырат:

— Болду! – Ошентет да тигинин куйругун оозунан чыгарып жиберет.

Жыргап аткан чычкан казандагы сүткө чөгүп өлөт.

— Ой, сараң десе, өлдүңбү, эми сүттүн баарын өзүм жалгыз ичем!.. – Ошентти да казанды айланып чуркай берди, чуркай берди. Тиштеп көрдү, секирип көрдү, тырмышып көрдү – эчтеке чыкпады.

Акыры эмне болду дейсиңерби? Ачка калды. Өзү да ачкадан өлдү.

Ынтымагы жок болсо ушу да…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *