АҢГЕМЕ

Жээгинде мажүрүм талдар өсүп, жайы-кышы буркан-шаркан болуп аккан дайра. Тосмону бойлогон кызыл-сары ашкабак гүлдөрү, тосмодон ашып терезелерге чейин чубала жеткен кыпкызыл чырмоок гүлдөр… Мажүрүм талдардын арасынан агарган үйлөр. Төрт мезгил бою түтүнү үзүлбөгөн үй-очок. Анын эшиктери күн чыгышты көздөй ачылчу эле, дубалы таштан, үч тарабы кирпич…

Сайма жаздыктар, килем, жер төшөктөрдүн алдына токума таарлар төшөлгөн чоң бөлмө: дайыма кулпулануу шкаф, анын эшиктерин ачууга балдарга тыюу салынган… Конок келгенде лампалары күйүп, мору түтөп, үй ээсинин жарпы жазылып калчу… Чоң бөлмөдөгү сайма жаздыктардын беттеринде бири-бирине аркан менен улашкан төөлөрдүн кербени сайылган, алар бири-бирине чиркешип алып алыс жерлерге сапар тартып барат. Кербендердин каякка барып, каяктан келери белгисиз. Жайы-кышы, күнү-түнү дебей ал төө кербендери сапарда.

Кичине бөлмөнүн эки терезеси бар болчу. Түндүк жагы – көр терезе… Ал кышында суук кирбесин деп, сыртынан жылтырак менен капталчу. Көр терезеден эч нерсе көрүнчү эмес. Күн батарда кичине бөлмөнүн тиги терезесине күн тийгенде, сырттан алоолонуп тургансычу. Ошол терезеден кыштакты тынбай карачубуз.

Кабат-кабат жууркан менен төшөктөр жыйылган ошол үй биздики. Жертөлөбүздө дайыма жай, талдары кыздын өрүлгөн чачына окшош сабактары буралган пияздар, тиштери кашкайган жүгөрүлөр, али көк кезинде эле жыйналган помидорлор…

Үйгө жалгай салынган кепебиздин түндүк тарабында мешибиз бар боло турган: ичинде күйүп аткан тезектер, үстүндө көө кумган. Катуураак жел жүрсө эле үй ичин түтүн муунтар эле. Энем кыжалаттанып, түтөк күйгүзүп жаткан бүбүдөй болуп очоктун маңдайында отурчу. Меш күйгөндө энемдин да жүзү жаркырай түшчү. Энемдин кыналуу чачтары жалынга окшош эле. Үйлөп атып очокту күйгүзгөндө чачтары да от алып кеткендей элестетчүмүн.

Көөдөн таанылбай калган мештин үстүндөгү капкара мискейде дайыма тамак бышып турар эле. Жуураттан, сүттөн…

Мештин эки жагында тактай отургучтар бар болучу. Энем ошонун бирөөнө отуруп, көсөө менен мешти көсөп, узун жыгач чөмүчү менен тамакты аралаштырып турчу…

Бака-шака түшкөн беш балалуу үй азыр урандыга айланган. Жалгыз гана кыбыла тараптагы таш дубалы калыптыр. Калган шып дубалдары кар менен эрип, жамгыр менен агып кетиптир. Урандылардын арасында көңүлсүз басып жүрдүм. Ураган бөлмөлөрдүн арасында энемди, апамды, бир туугандарымды, өзүмдү эстедим. Кол жеткис, көз көргүс өтмүштө калышыптыр баары тең…

Кепенин дубалына кынала салынган мештин жанына барып отурдум. Колумдагы куурай менен мештин күлүн чукугуладым эле, жомокчу карыялардын үндөрү дароо угулгансып, ак сакалчан аталар мештин башында отургансыды. Томпок Мемет, Якупага, Чоң Осмон… – баары көз алдыма тартылды. Колумду сунсам эле, алар мени кармап алышчудай. Өткөн өтмүшүмө кайрадан кайткандай болдум…

Меш кайрадан тутанды, карлар бетиме сапырылып, шуулдаган шамал терезелерди аралап өткөнсүдү. О, анда кадимки кечтин бири эле, күн тиги Дедедамды ашып, айлана караңгылай баштаган.

Эшиктин астынан сууга бараткан аялдар өтүштү. Колдорундагы чоң чакалары калдырап, кар жиреп үшүп баратышат. Мына, тезектин жалынынын жарыгында энем лампаны күйгүздү, мештин кашына отурду. Меш дароо тилге келип сүйлөй баштады. Карыялардын жомоктору, дастандары угула баштады. Хусейиндин Кербелада күйүп жатканын, Арзуунун булакка баратканын, Көроглунун жол кыскартып жатканын, Керемдин ыйлап жатканын көрдүм. Адамдардын элеси үрүл-бүрүл, үндөрү алыс-жакындан угулуп жатты. Баары тең ушул, ыйык мештин тегерегинде эле. Бир аздан соң уйкудан ойгонгонсуп көздөрүмдү ушалай обдулдум, мештин кашындагылар да заматта көздөн кайым болушту…

Кыштын аяздуу, бетти тызылдаткан таңында же сөөк тоңдурган кечтерде сууга барышчу эле айылдын кыздары, аялдары. Улуу жол боюндагы хансарайга окшоп кетер эле биздин кампа: кышында сууга келген аялдардын жылына турган хансарайы. Күзүндө үйдүн алдындагы огород терилип алынган соң, сууга келген аялдар биздин үйгө кайрылмайын өтчү эмес. Чакаларын тепкичибизге коюп, тосмодон өтүп, кампабыздын каалгасын өз эшигиндей эле эркин ачып киришер эле. Агбайырдан күн мурдун көрсөткөндө же Колхармандан салаңдап батканда сууга келген аялдар бул мештин кашына келишип, тоңгон чарчаган колдорун жылытып, эс алдырышчу.
– Бир аз дем алып алайын, курмандыгың болоюн десе, тоңуп кеттим…
– Апакеба-ай, колдорум үзүлүп кала жаздады.
– Ичики-ий! Бул кандай суук, сыртта калгандын жаны чыкчудай… – деп тиштерин шакылдатышып, колдорун бири-бирине сүртүшүп мештин кашына келишчү. Себахат эже, Назлы жеңе, Нафийе бүбү, Зеннибе таэже, Эмине эже, Севги эже, Үмүш бүбү, Сабыр жеңе, Вахиде эне… Ар бири токулган килемдин гүл оюусуна окшош эле, баары тең сабырдуу, калбаат, эр көкүрөк апалар. Жүздөрү шамалга тотуккан ал бейтаалайлар кышында сууга келип, таранчыдай тоңушуп, мештин башына чакырыксыз эле келип жылынышчу. Кыштактын бийик тоосу Агбайырдай болуп баштары учтуу эле. Ошон үчүн аяздуу кыш биринчи аларга тийип, чокусунда кар борошолоп бороон жүрүп турар эле. Үй-короо, бала-чака, мал-мүлк, тамак-аш… – бардык түйшүк аялдардын мойнунда.

Кычыраган кыштын таң куланөөк салып, короз чакырган маалында сууга чыгышчу. Колдорунда чакалары же кызарган чычалалары болор эле… Очоктон очокко от тамызгы ташылчу. Ширеңкесиз айылдын тамызгы ташыгычтары болчу алар. Жалбырттап күйгөн жүрөктөрүн очокко салып үйлөшсө, тезектер дароо тутанып кетмек. Ар күнү эртең менен түтүн чыккан үйдү карашып, мештерин күйгүзүп алуу үчүн аны көздөй бирден тезек алып чуркашар эле. Ошентип, таң эрте коңшуларыбызга от дагы таратчу биздин меш.

Суу алганы келишкенде, мештин башына отурушуп, же апам, же энем менен сөзсүз эки ооз сөз сүйлөшүшчү. Кээде узун аңгемеге өтүп кетишчү. Мештин башында отурган курбулар сөзгө кызуу кирип кетип баарын унутуп калышар эле. Кайбирде алардын шыбырашкандары кеч бешимде башталып, күн карайганга чейин уланып кетчү.

Мештин жанындагы сөздөр узарган сайын чакадагы суулардын бетиндеги муз калыңдай берчү. Кечинде апаларын издеген балдар биздин үйдүн алдындагы чакаларын таанып, үйгө кирип келишчү. Алар мештин жанына келээри менен аталарынын сөздөрүн айтып, кайра апаларынын жообун алып жолго түшүшчү. Балдар кечкурун эки ортодо элчи болушчу.
– Апа-аа, атам сөзүн токтотуп, сени үйгө тез келсин, – деди…
– Ата-аа, апам атаңдын арка-мойну астында калсын, жарылып кеттиби эмне, баратам го, – деди…
– Апа-аа, атам тамагы жок үйдүн итине окшоп көрүнгөн эшикти шимшибей тез келсин, — деди…
– Ата-аа, апам атаңсыз калсам эмне, эки эшекке бир арпаны бөлө албайт, — деди…
– Апа-аа, атам тез келсин, жиниме тийбесин деп атат…
– Ата-аа, апам атаңдын өлүк-тиригин көрөйүн деп атат..
– Апа-аа, мештеги сүт ташып кетти, атам казанды күл таштекке салып салды. Упчусун оозуна берсек деле, бала дагы эле басылбай атат. Атам энең келатканда таяк дагы ала келсин деп атат…
– Атаңсыз калсам экен, иншалла… Колу шал болуп калсын атаңдын, баланы бир аз колуна алып турса бели сынып калабы атаңдын? Бетин карарттымбы мен анын? Ойнош күтүп, аягы суюк болупмунбу таяк алып келсин дегендей? Ошол казанды башына урам барсам. Бар, кет, ушинтип айтып бар…

«Элчилер» акактап келип, кайра антаңдап кетишчү. Көбүнчө апаларга буйрук келчү. Алар болсо дароо мешке жагып ийчү ал буйруктарды. Бала элчилерден кайра күчтүү жоопторду жөнөтүп коюп отура беришер эле.

Мен ошол ачык жүздүү апалардын ичинен Вахиде энени аябай жакшы көрчүмүн. Энемдин акыреттик курбусу эле. Экөө тең жаш кезинде жесир калып, балдарын жалгыз чоңойтушуптур. Экөө мештин жанына отуруп сөз баштады дегиче, төрт тарапта тең согуш ачылчу, орус, англис капырлары менен салгылаштар башталчу.

Сары-Камышта тоңуп, Йеменде ысып, Чанаккаледе курман болушчу. Бир саатта үч материкке барып кайра келишер эле. Жетишсиздик, ачарчылык, жакырчылыкты… кеп кылышар эле. Анан кайра азыркы абалдарына шүгүр кылышчу. Кээде бири экинчисинин тизесине башын коюп, тарам-тарам чачтарын каратчу. Бири-биринин баштарынан бирдеме издешчү.

Энем сымал кийинчү Вахиде эне. Башында мончоктуу жоолугу, кызыл көйнөгүнүн үстүнө алжапкыч тагынчу. Үстүндө өңү өчкөн чыптама, буттарына арты тешик кара көлөш илип алчу. Оозунда бир дагы тиши жок эле, эриндери бүрүшүп, оозунун ичине кирип калган.

Апамдын көмөчүн жакшы көргөндөн таңдайына салып соруп жээр эле. Бош убакыт тапса эле эки бүктөм болуп энемин жанына келчү. Жоолугунун четинен борсуган чачтары сапсайып чыгып калар эле. Кыналанган чачтарынын түптөрү апаппак болчу. Эсине келе калганын эле айта берчү. Таза, баёо, боорукер аял эле. Ага суу алыш, ташыш кайдан. Энем менен бир аз сүйлөшүп, бар болсо жаңы көмөчтөн жеп, колуна эки шиңгил жүзүм көтөрүп алып кайра жолуна түшчү…

Бир күнү колуна өзү эки шиңгил жүзүм алып келиптир. Бели адаттагыдай экиге бүктөлгөн. Араң басып келди биздин эшиктин алдына. Мен кашаада жөлөнүп тургам.
– Энең үйдөбү, курмандыгың болоюн? – деди, Вахиде эне.
– Үйдө, үйдө, кел, – дедим.
Тепкичтерден демигип чыкты, акыркы тепкичке келгенде шайы кетип, колун сунуп жардам сурады:
– Колумду карма, курмандыгың болоюн.
Колунан ала коюп жогору тарттым, онтоп бөйрөгүн таяна коюп кыйнала обдулду:
– Өөх-хх, – деди ал үшкүрүнүп, – тиземдин дарманы, көзүмдүн нуру калбады балакетиңди алайын.
Жоолугунан чыккан чачтарын шамал сапырып атты. Оңдоп, кайра салынды.
– Зелиха-а, кайдасың курбалдашым? — деген бойдон ичкериге кирди.
Энем менен очок кампадагы мештин жанына отуруп көп узабай узун сөзгө киришти. Жарым кылым артка кетишти… Кеч кирип баратты. Кечки азанды окуган имамдын үнүн шамал учуруп, үзүл-кесил биздин үйгө араң жетип атты. Аны уккан Вахиде эне:
– Зелиха, курбалдашым, жайнамаз берчи, мен кечки намазымды окуп алып кетейин, – деп калды.
Энем наркы отурган үйдөн жайнамаз алып чыгып, Вахиде энеге берди да:
– Сен намазыңды окуй бер, – деди. – Бала уктап атканда, мен атканага барып келинге бир аз жардам берейин.

Вахиде эне экөөбүз очок үйдө жалгыз калдык. Үйүбүздүн бир тарабы таш дубал эле. Аны «кыбыла дубал» деп коюшчу. Намаз окугандар баштарын ошол таш дубалга бурушчу.
Вахиде эне жайнамазды мешти карата жайды. Меш болсо түндүктү карачу. Вахиде эне: «Аллаху Акбар!» – деп намазын окуганга киришти. Мен анын жаңылып жатканын байкай коюп шашып калдым. Вахиде эне намазын тескери тарапка окуп аткан эле. Чыдай албай кетип кыйкырып жибердим:
– Эне! Эне-е! Тескери жакка карап алдың. Кыбыла деген биякта.
Намазга жаңы эле отурган кемпир оңго, солго салам берип, мени көздөй бурулду. Өзүнө абдан ишенимдүү:
– Сен туура эмес айтып атасың, балакетиңди алайын. Биздин үйдүн кыбыласы мешти карайт, – деп койду мени жактырбай.
Которгон Салия ИБРАИМОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *