XVIII кылымдын 60–70-жылдарында Казакстандын түштүк чек арасына тийиштүү маселелерди чечүүгө Абылайхан (1771–1780-ж.ж. хандык кылган) белсене киришкен. Анткени ушул мезгилдерде кыргыздар менен казактардын ортосунда чек ара маселеси өтө курч мүнөзгө айланган эле. Бирок бул маселелер узак убакыттан бери казакстандык изилдөөчүлөрдүн назарынан сырт калып келди. Анын башкы себептеринин бири — бул маселелер тек гана фольклордук даректерде айтылып келгендиктен, алар марксизм-ленинизм теориясына жатпагандыгына байланыштуу көз жумду мамиле жасоого аргасыз кылынган. Булар өзгөчө Кеңеш дооруна байланыштуу болгон.

Жуңгар хандыгы жоюлары менен бир кездеги бул жактагы өңүрдү биргелешип калмак баскынчыларынан коргошкон казак-кыргыз урууларынын ортолорунда ынтымак кетип, эми жайытка ылайыктуу жерлерге мурунураак ээ болуп калуу үчүн өз ара талаш-тартыш башталып, карым-катнаштары кескин начарлап кеткен. Натыйжада, казак-кыргыз бири-бирине тынымсыз чабуул жасап, ич ара барымта алуулар менен кошо аманатка киши алган окуяларга чейин жеткен. Абылай кыргыздардан бир нече ирет аманат алганы тарыхта белгилүү. Биздин чакан изилдөөбүз ушул маселеге арналмакчы.

Архивдик маалыматтарда калган даректер боюнча Абылайдын алгачкы жолу кыргыздардан аманатка киши алганы 1765-жылы болгон экен. Ага 1764-ж. кыргыздар Улуу жүз жана Орто жүз казактарына үч жолу чабуул жасап, көп кишини туткун алышы себеп болгону көрсөтүлөт. Кыргыз тарыхчылары: С.Аттокуров, Д.Б.Сапаралиев жана «История кыргызов и Кыргызстана» деген китептин авторлору (?) ушул чабуулдардын биринде Абылай султан, башка 17 султан менен кыргыздардын колуна түшүп, 3 айдай туткунда болуп, кийин Жайыл баатырдын буйругу менен бошотулган деп көрсөтүшкөн. Бирок бул маалыматтарга шилтеме жасалбагандыктан, алар кай даректерден алынганы белгисиз. Ал маалыматтардын бир китептен экинчи китептерге өзгөрүүсүз көчүрүлүп жүргөнүнө караганда баары бир жерден же С.Аттокуровдун «Кыргыз санжырасынан» алынса керек деп болжолдоого болот.

С. Аттокуровго чейин Абылай султандын кыргыздардын колуна түшкөнү тууралуу анын небереси Ч. Валиханов гана жазган эле (4, 8). Бирок ал Абылайдын кыргыздарга качан туткунга түшүп, аны ким бошотконун көрсөтпөй кеткен. Башка жагынан карасак, Ч. Валиханов Абылай хандын 12 аялынын бири (жетинчиси) олжого келген кыргыз кызы Топуш каным экенин жана ал аялынан эки кыздуу болуп, алардын бирин Тооке хандын уулу Турсун султанга узатканын айтат. Балким, бул жагдай бекеринен болбогон чыгар? Абылай чын эле колго түшүп, көчмөндөрдүн эски салты менен кыз алып, тууган болуп бошонгон чыгар деген да ойду дагы четке кагууга болбойт.

Архивде сакталып турган башка даректер боюнча 1765-жылдын күзүндө Абылайдын кыргыздардан аманатка киши алганы тууралуу маалымат бар. Ошол мезгилдердеги казак-кыргыз карым-катнашынын чиеленишип кетишине казак талаасы аркылуу өтүп турган букарлыктардын кербенин кыргыздар тоноп алуусу да себеп болгон. Ошондуктан, Абылай Кытай императоруна өзүнүн Оторчу башындагы 30 кишини элчилике жиберип, кыргыздарга тийиштүү маселени жөндөөгө милдеттендирет. Император үчүн атайы 30 ак боз атты белеке жиберип, эгер кыргыздар кытайлык жаран болбосо, кийинки жылы күздө согуш жарыяларын жеткизүүнү тапшырган.

1765-жылдын башында Абилпейис султан Талас өзөнүнүн боюнан конуш алышкан кыргыздардын кытай уруусунун бийи Каработонун айылына чабуул жасаган. Ошол эле жылдын күз айында Абылай султан дагы Каработо бий менен ынтымакта жашоо жөнүндө макулдашып, анын бир уулун баш кылып, 9 түтүн кишисин аманатка алып кеткен. Бирок баары бир муну менен эле эки элдин арасы тынчып калган эмес. Каработонун кишилери ошол эле жылдын күзүндө казактардын айылын чаап, 500 кишини туткунга алып кетишкен.

Кийинки 1766–1767-ж.ж. Абылай султан Ташкенге бир нече жолу чабуул жасайт. 1771-жылы Фергана тараптан Эрдене бийдин башындагы өзбек-кыргыз аралашкан согуш учурунда аркасы менен капталына ок тийип жараланып, артка чегинет. Кытай тарап да Эрденеге каршы согушта жардам үчүн сураган замбиректерди бербейт. Деген мененАбылай султан 1768-жылга карай кокондун бийи Эрденеменен тынчтык келишимин кабыл алууга жетишип, казак соодагерлери кайрадан Ташкенге чейин ээн-эркин соода жасай башташкан.

1769–1770-жылдарга карай изилдөөчү Н. Бекмаханованын маалыматтарына караганда Абылай Эдил (Волга) – Жайык тараптарда жүргөн. Ага ошол жылкы Сары-Аркадагы кыштын катуу болушу себеп болгон. Бул маалымат Ч.Валихановдун эмгегиндеги 1770-жылы Абылайдын кыргыздарга жасаган чабуулун жана анын ушул жылы кыргыз туткундарын Көкчө-Тоого алып келгени жөнүндөгү кабарларын жокко чыгарат. 1771-жылдын январында калмактар Жуңгар жерине жетүү үчүн Эдилден өтүп, казак талаасы аркылуу «Чаңдуу жүрүшүн» баштаган, аларга каршы Абылай султан аттанган. Ошол эле 1771-жылы казактар Түркстанда Абылайды ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Ушундай архивдик даректер Ч.Валиханов көрсөткөн Абылайдын 1770-жылы кыргызга жасаган чабуулу жөнүндөгү маалыматтарды жокко чыгарат.

Ал эми Абылай хандын кыргыздардан аманат алып, аларды Сары-Аркага көчүргөнү тууралуу кыскача болсо дагы ар түрдүү эмгектерде айтылат. Мисалы, анын кыргыздардан аманат алып, азыркы Казакстандын түндүк жактарына көчүрүп келгени жана алар бул күндө «жаңы кыргыз» деген урууну курап калышканын орус изилдөөчүлөрүнөн алгачкы болуп А.И. Левшин билдирген.

Өкүнүчтүүсү, ал окуялардын кайсыл жылы болгонун көрсөткөн эмес. Н.А. Аристов болсо А.И. Левшинди гана кайталап тим болот. Ошону менен Абылайдын кыргыздарга жасаган чоң чабуулу 1779-жылы жаз айларында башталган. Абылай хан ушул жылы эрте жазда өзүнүн жашыл туусу алдында 4000 кол жыйнап, уулу Рүстөм башчылыгы алдында Аркадан Каратоого аттандырып жиберет. Өзү болсо көчтүн артынан жөнөгөн. Жанында 5 уулу менен 2 аялы болгон. Шады төрө да Абылайдын Каратоону бет алган көчү Сарысуу, Жетикоңур, Чүй өзөнүнөн өтүп, Каратоонун этегине жеткенде, Үч жүздүн жакшылары хандын алдынан тосуп, амандашууга чыгып: «Кошундун көптүгү менен хандын чечкиндүүлүгүн көрүшүп, катуу кубанышканын» жана ханга арналып үй тигилген саздын аты мурун «Козыкен» экенин, ал жердин абасы салкын, чөбү тулаңдуу болгондуктан, хандын ордосу ошол жерге тигилип, кийин эл аны «Шаңлак» деп атап калышканын айтат.

1779-жылы Абылай хан Талас өзөнү жакка келип, кытайлыктардан жардамга аскер суроо үчүн уулу Сыздыкты ал жакка аттандырып жиберип, өзү Улуу жүздү башкарган Болот хан менен акылдашып, экөөлөп Чынгыз султан менен иниси Абилпейис султанды кыргыздарды чаап келүүгө аттандырат. Кебетеси, аларды кыргыздардын күчү менен жер өңүтүн алдын-ала билип келүүнү кошо тапшырса керек.

Эки султан баштаган колдун жеңишсиз келиши кыргыздар жактын дагы жакшы уюмдашканын далилдейт. Алар кур кол кайтып келген соң, ошол эле жылы кыргыздарга каршы колду Абылай хандын өзү баштаган. Ошентип, Абылай хандын кыргыздарга чоң жүрүш жасап, алардан көп кишини аманатка алышы 1779-жылдарга туш келет. Кыргыздар менен согушкан ушул 1779-жылы Абылай кыргыз бийлеринин балдарын аманатка алып, Көкчө-Тоого көчүрткөн. Омск областтык архивинен Абылай хан жөнүндө узак убакыттардан бери маалымат жыйнаган Б. Насенов дагы 1779-жылы Абылай кыргыздардан көп адам алып келгенин көрсөтөт.

Абылай хандын кыргыздарга колдонгон саясаты жөнүндө казактарга караганда кыргыздардын оозеки фольклорунда көбүрөк айтылып жүрөт. Ошондой даректердин бири Т. Алымбековдун «Кыргыздардын келип чыгышы» деген кыргызча кол жазмасында айтылып, кыргыз тарыхын изилдөөчүлөр тарабынан ал илимий көз караштар менен такталып, кеңири колдонулуп башталды. Тилекке каршы, казак изилдөөчүлөрү тарабынан жарыкка чыгып жаткан эмгектерде ал кол жазма али күнгө чейин өз ордун таба элек. Ал кол жазма боюнча, адегенде Абылай хан казактардын кыргыздарга каршы кол сурашын жактырбай: «Кечээ эле жоо бетин бирге кайтарып жүрдүк эле, үркөрдөй болгон бир боз үйлүүнүн тукуму элек» – деп, андан көрө жан-жагынан башка кубаттуу элге каршы чыгып калышса, бир бирине пайдасы тие турганы ачык айтылат.

Ошондой эле Абылайдын: «Мен кыргыз деп аттанбаймын, Садыр деп аттанамын» дегени, акыры көпчүлүктүн арызы менен кол баштап, кыргыздарга аттанууга мажбур болгону Т. Алымбековдун кол жазмасында ынанымдуу көрсөтүлүп, ушул учурларда эки элдин ортосунда бир нече элчиликтер болгону дагы айтылат.

Абылай хандын кыргыз бийи Садырдан аманатка киши алуу жөнүндөгү келишиминин максаты көкчө-тоолук Д. Шакан уулунун айтканына караганда, «кыргыз башчылары болгон адамдардын балдарын алып, кан аралаштырсак, жоо болбосок» деген ой болгон.

Абылай хандын кыргыздарга жасаган жортуулу 1775–76-ж.ж. болгон деген кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев: «Таласты ордо кылып, анда суракчы кишилерин коюп, өзү Сары-Аркага кеткенде, бирге кыргыздан бир миң түтүн, бир кабарда 600 түтүн көчүрүп кеткен…

Абылай бүткүл кыргыздын үстүнөн ак үйлүү кылып, солто Жамансарттын уулу Түлөбердини баш кылып алып кеткен, анда барганда туулган бала – Канай». Ал эми казак тарыхчысы Машкүр Жусуп жазып алган аңгемеде: «Кош басынан бир үй кыргыздан баатырлар шыбага алыптыр, ар дубандагы аргын ичиндеги кыргыздар ошолор дешет. Ошол кыргызды көбү уйсун ичинде калыптыр» – дейт.

Казактарга тийиштүү фольклордук даректерде Абылайдын аманатка кыргыздардын атактуу манаптары менен баатырларынын балдарынан таңдап 40 кыз, 40 жигит алганы, ошентип эки жак эми жоолашпоого антташканы айтылат. К.Абуев: «Андан соң Абылай кырк кишини алып келип, өз ээлигиндеги Бурабайдын күңгөй тушундагы жайыттуу жерге жайгаштырат. Ушундан кийин казак менен кыргыз элдеринин арасында туруктуу тынччылык орногон экен.

Ошол кырк адамдан арбыган урпактар жаңы конушка суудай сиңип кетсе да чыккан тегин унутушпаган, өздөрүн кыргызбыз деп санаган. Ошентип, казак тааласынын дал ортосунда, жел учугу Көкчө-Тоо өңүрүндө казактын кыргыз деген уруусу пайда болуптур» –деп жазат.

Абылайхандын кыргыз урууларын Аркага көчүрүп келишин жана алардын Орто жүз казактарынын ичине орношуп, кийин казактардын арасына сиңип кеткени тууралуу маалыматтарды казак улутунун курамындагы кыргыз урууларынын тайпалык куралышын жазып кеткен туңгуч илимпоздордун бири, белгилүү коомдук ишмер А.Бөкөйханов да өз изилдөөлөрүндө көрсөтөт. Ал 1896–1901-ж.ж. казак көчмөндөрүнүн турмушун, мал чарбачылыгын, уруулук курамы тууралуу статистикалык маалымат жыйнаштырган Ф. А. Шербина башкарган экспедицияда статист иретинде жумуш аткарып жүрүп, Орто жүз курамына кирген кыргыздар менен жакындан таанышат.

Ошол экспедициянын Семей областына караштуу Каркаралы уездиндеги жасаган изилдөөлөрүнө тикелей катышкан А.Бөкөйханов: «Каркаралы уездинде казактардан соң, эң көп сандуу топту кара кыргыз деген ат менен белгилүү кыргыздар курайт. Алардан кийин султандар менен алардын төлөнгүттөрү турат» (16. 89) – деп белгилейт. Каркаралы жери А. Бөкөйхановдун туулган жери экендигин эскертсек, анда изилдөөчү Орто жүз курамындагы кыргыздардын чыгуу тегин чоң тыкандык менен карашы, анын өз эл-жерин тереңирээк билүүгө туулган кызыкчылыгы деп бааласак болот. Ушу Орто жүздүн аргын урууларынын курамына кирген кыргыздардын уруулук түзүлүшүн А. Бөкөйханов төмөнкүдөй таратып берет: Туугандары менен Абылай хандын карамагына өтүп, казак талаасынан конуш алат. Мамадайыр уругунун бай казагы Өмүрзак деген Жаназар менен достошуп, бири малын аябай, экинчиси аны коргоп, жанын аябайт.

Мамадайыр уруусу менен калмактар кошулуп, «Курама» деген калкты түзүшөт. Аларга кийинчерээк Кушчу уругунун кыргыздары келип кошулат. Алар биригип, Чаар-Тоо болуштугунун төлөнгүттөрүн курады. Аларды: «Өмүрзактын дөөлөтүнө, жаназардын кубатына жыйналган эл экен» – деп түшүндүрөт. Ошентип, аргындардын кубандык уруусунун санжырасын А. Бөкөйханов төмөндөгүдөй таратат: Семей областынын Каркаралы уездиндеги Кубандык уруусунун (аргындардын бир тармагы) санжырасын таркаткан А. Бөкөйханов Мамадайыр уруусунун чыгуу тегин негиздүү изилдеп чыкты.

Кыргыз санжыра жыйноочусу М.Байгаринов дагы: «Кушчу Алмакүчүктүн уулу Шайбек Абылай хандын убагында урушта казакка колго түшүп кеткен экен. Кийин казактан Кененсары кыргызга чабуул койгон кезде кайра жолдо келе жатып, келери менен улуу аялы эркек төрөгөн. Жолдо жүрүп төрөлгөндүктөн баласынын атын Аманжол койгон экен» – деп анын пикирин кубаттайт. Солтодогу Тата уруусунун балдары Торгой областы, казактардын ичинде. Таталар аталып, 8 урук эл болуп таралган» – дейт.

Архивдик маалыматтарда 1847-жылы сайдалы жана кыргыз уруулары биригип, 502 түтүнгө жетип, өзгөчө болуштук кураганы жана аларга султан А. Тайменовдун болуш башкаруучу болгону айтылат. Кытайлык жылнаамачы Суй Сун жазган «Шынжан ши люе» (Шынжан тууралуу кыскача кабар) деген китепте Абылай хандын мураскери Валинин аргын уруусунун 44 тармагын, алардын ичинде «жаңы кыргыз-аргын» «бай кыргыз-аргынды» дагы башкара тургандыгын, алардын Көкчө-Тоо айланасында көчүп-конуп жүрүшкөнүн, Көкчөдөн Илеге чейин 3 ай жүрүү керек экендиги баяндалат.

Көкчө-Тоо жериндеги кыргыздар тууралуу, алардын орношкон конушун, чарбасы менен бул жактарга качан келишкени жөнүндөгү бир кыйла башка статистикалык даректерди Акмоло облусу, Көкчө-Тоо уездинде жүргүзүлгөн Ф. Шербинанын экспедициясынын изилдөө материалдарынан алууга болот. Ал материалдарда Көкчө-Тоо уездиндеги кыргыздардын Абылай хан менен бирге келгендиги айтылат.

ХIХ кылымдын акырында Көкчө-Тоо уездиндеги кыргыздар Котуркөл болушу менен Зеренди болуштуктарындагы казак айылдары менен аралаш отурган жана өздөрүнү ошол кыргыздардын 5-6-7-муундагы урпактары экендигин айтышса, кээ бири өз айылдарын андан 120, 140, 160 жыл мурун түптөшкөнүн айтышкан. Эгер андан 120 жыл мурун Көкчөдө кыргыз айылдары пайда болгон болсо, анда кыргыздардын ал жерлерге келиши чама менен алганда 1779–1780-ж.ж. деп эсептөөгө мүмкүндүк берет жана Абылай хандын кыргыздарга жасаган соңку чабуулу ушул жылдары болгон деген корутунду чыгат. Кыргыздардын ушинтип Көкчөдөгү жерлерден конуш алышы аркылуу тарыхтагы «Жайыл кыргын» деген ат менен белгилүү болуп калган казак-кыргыз арасындагы кандуу чабышты да 1779-жылы болгондугун жоромолдоого мүмкүндүк алабыз.

А. Бөкөйхановдун үзөңгүлөш жолдошторунун бири, казактын жалындуу акыны С. Торуайгыров дагы Курбанажыдан жазып алган аңгемесинде ЖайылбаатырАбылай хандын колуна түшкөндө 88 жашта болгон деген маалыматты берет.

Казак айыл ичиндеги бай кыргыздардын айылы чыны менен эле бай болгонбу деген суроону эске албай койгонубуз да туура эмес. Анда Көкчө-Тоо уездинин Зеренди болушуна караган № 4 айылдагы бай кыргыздардын (мында келишкен кыргыздардын бешинчи мууну) саны – 28, алардын ичинен жумушка жарамдуусу – 9, кийиз үйлөрү – 8, жыгач үйлөрү – 8, жылкысы – 20, кара малы – 43, койлору – 11, кой-эчкиси – 23 деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, башка кыргыздарга салыштырмалуу бай аталган кыргыздарда мал башы аз экени байкалат. Мындай маалыматтар «бай кыргыз» деп аталуу Көкчөгө келген кыргыздардын бай болгондуктары үчүн коюлбагандыгын түшүндүрөт.

Абылай хандын Көкчөгө алып келген кыргыздары жүз жылдай убакыт өткөн соң 350 түтүн курагандыгын И. Словцов да эскерет (23. 186). Аркага келген кыргыздардын айтылуу урпагы, айтышка уста акын Шөже (кыргызча Жөжө) Каржабай уулу (1808–1895-ж.ж.). Шөженин атасы Каржабай Абылайдын аманатка алып келген жигиттеринин бири экен. Каржабай адегенде Абай акындын атасы Кунанбайдын айылында болуп, кийин Жайык деген байдын айылына туш болгон. Каржабай ошол айылдан Шамен деген кыргыздын кызына үйлөнүп, андан Жөжө акын туулган.

Жөжө убагында казактардын башкы акыны Абайга таалим берип, Орунбай сыяктуу акындар менен чогуу жүргөн. Кийин Калдыбай кожо деген акын менен айтышка түшүп, жеңип алган. Ошол Калдыбай менен айтышканда:

Арманым, Ала-Тоону көрө албадым,
Элимди бир көрүүгө тагдыр берсин, – деп, ырдаган экен. Абылай хандын аманатка алып келген кыргыздары бүгүнкү күндө казактарга бир тууган болуп, алардын арасына сиңип кетти жана алар жеке диаспораны курабай калды. Кыргыз боорлорунун бир акыны да «Астанадагы кыргыз айылы» деген ырында:

– Астана калаасынын,
Чет жака жерлеринде.
Кыргыздын айылы бар,
Казактын элдеринде.
Ата-тек келген дешет,
Абылай мезгилинде, – дейт.
Корутундалап айтканда, казак жеринин төрү болуп эсептелген Сары-Аркада, казактын Орто жүз курамында кыргыздардын пайда болушу, кыргыз-казактардын кийинки тукумдары тынчтыкта турушу үчүн Абылай хандын эл аралык дипломатиялык саясатынын жемиши болгон деген тыянакка токтомокпуз.

Казакстандык тарыхчы Айткул МАХАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *