Италиян жомогу

Качандыр бир заманда Италияда шаар жок болсо деле королдук, королдук болбосо деле король сөөлөтү болуптур. Ошондой шаардын биринде картаң король көз жумат да, анын таажысы уулуна кийгизилет.

Жаш король ишти адегенде эле өз ээлигиндегинин баарынын эсеп-кысабын алуудан баштайт. Аны биринчи министр менен башкы кеңешчи коштоп, ак куласын алчыңдата теминип өлкөсүн кыдырса, кыйратчу деле дөөлөтү жок экен. Жарым күн кыдырды. Күн уясына оогонго жетпей эле сепилине[1] кайтты.

Жаш король анан тагына отуруп, собол узатты:

– Баарын кыдырып бүтүп койдукпу?

– Жо, жо, баарын эмес, – биринчи министр менен башкы кеңешчи жарыша жооп узатты. – Сиздин королдук ээликке тиешелүү дагы королдук зындан бар. Анда королдук туткундар жатат.

– Мен аны токтоосуз түрдө көрүшүм керек! – деп кыйкырган король тактан ыргып турду.

– Бирок күүгүм кирип кетти гой, – деди биринчи министр.

– Былжырайсың, эгер ал чыныгы зындан болсо, анда ал жер күндүзү караңгы болот. Кызматчыларга чырак жаккыла деп айтып, мени апаргыла, – дейт король.

Колу-буттарында чынжырлар шылдырап, жүдөп-какаган туткундар король алдында тизилип турушту.

– Туткунга не болуп түштүң? – дейт король биринчи туткундан.

– О, улуу урматтуу король, менин эч күнөөм деле жок. Мени көчөдөн кармап келип эле караңгы зынданга камап салышты.

– А сенин кандай кылмышың бар? – деди король экинчи туткундан.

– Эч бир кылмышым жок. Үйбүлөм менен тамак жеп отурган жеримден кармап келип эле зынданга камап салышты, – деди буркурап ыйлаган туткун.

– А сенчи? – король үчүнчү туткундан сурады.

– Ак жеримен камалып отурганыма асман күбө. Мени түн жарымында төшөгүмдөн сүйрөп келип, зынданга тыгып салышты.

Король төртүнчү, бешинчи, онунчусунан сураса да, баары күнөөсүз айып менен зынданга камалганына даттанышты.

Король баарына берип келаткан суроосун эң четтеги туткунга да узатып көрдү.

– Улуу урматтуу королум, – деди туткун, – менин кылмыштарым толтура. Не гана кылбадым: уурулук, карактоо, киши өлтүрүү…

– Эйт, шүмшүк десе! Ушунча ак ниет, күнөөсүз адамдардын арасында отурууга сенин кандай акың бар?! Менин королдук пакиза туткундарымдын арасындай сендей арампөштүн отурганына жол бербеймин! Чыгып кет менин зынданымдан! – деди чаңырган король.

Деди да король анын колу-бутундагы чынжырды чечтирип, зындандан бошоттуруп жиберди.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Сепил – замок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *