ЭСТУТУМ

Кыргыз жазуучуларынын жазган чыгармаларынын көпчүлүгү Салижан аганын көңүлүнө төп келе берчү эмес. «Ай, ушу биздин жазуучулар!» – деп кээде калдыркан жука шапкесин үстөлдүн кырына бир чаап, бугун чыгарып сүйлөөр эле. «Айланайын адам баласынын алмадай башына бир күндө миң ой келип, миң ой кетет. Ошонун баарын эле чыгарма деп жаза бергендердин былжырак чыгармасын окуй берип күйбөгөн жериң күл болот. Жазаардан мурун ойлонуш керек да, эмнени жазам, эмнени айтам деп…

Башынан аягына чейин эле көзүнө көрүнгөндүн баарын калжырап чүргөй бергенден кимге пайда? Эмне айтып, эмне жазып жатканын жазуучу экен деп жакшы тилек менен адал акчасына китеп сатып алып, онтолоп окуп жаткан окурман эмес, өзү жакшы түшүнбөйт. Ай, шору шорлогон кыргыз жазуучулары ай! Жаман арында баарын кыйратып салгансып бак-бак сүйлөп, чалкалап баскандарын кантесиң. Же мен туура эмес айтып жатамынбы?» – деп бир аз тынып туруп калып, адегенде жымшык көзү жүлжүйө түшүп, бир нерсе оюна «кылт» эте түшкөндөй жыйрылган кабагы «жарк» этип жазылып, чыңалып чыккан үнү жумшарып: «Эми ал шордуулар да биздин жинибизге тиели деп жаман жазып жатыптырбы, болгон дарамети ошо да, чынбы ыя?» – деп ха-халап каткырганда баятан бери үтүрөйүп угуп олтурган биз да жарпыбыз жазылып кошулуп күлөөр элек.

Ал кандай гана кейиштүү маселени оозунан көк түтүн бурап, кейип-кепчип айтпасын аягын шатыра-шатман күлкү менен бүтүрөр эле…
Ал кимдир-бирөөнү сындаар алдында бала кезинде эле жыдып түшүп калган эсил кайран чайлап өскөн коюу чачын айтып, көзүнүн жымшык экенин, олтурган менен турганынын айырмасы жок боюнун кодо экенин эскерип, ха-халап тарсылдап күлүп, жакында таздар коомун түзөрүн, ал «коомдук иштен» колу бошой калса кодолор коомун түзүүгө киришээрин айтып, улуу-кичүүнү кыраан каткы күлдүрүп алып, анан өзүн кошо ала жыгылып: «Эми сен экөөбүзгө эмне шам…» – деп айтар сынын акырын акмак болсо да түшүнгүдөй өзгөчө ыкма менен кеп кылар эле.

«Ия, Салижан аке, кээ бир айта турган сыныңызды тамаша сөзгө ороп-чулгабай эле түз айтып салбайсызбы?» – десем: «О, коку-уй, биздин көпчүлүк кыргыздарга тамаша менен жумшактап айтпасаң, жүрөккө найза менен малып алгандай кабыл алат, айткан сыныңды чын пейилден чыккан достук каалоо катары кабыл албай, айыгышкан душман чыгат, колунан келген бардык жамандыгын жасап, азабыңды аттай жегизет» – деп тамаша сөздү такай курал катары пайдаланган түпкү жөн-жайынын орундуу себебин ушундай ыңгайда түшүндүргөн эле.

Көпчүлүк кыргыз акын-жазуучуларынын жазган чыгармаларына Салижан акенин ичи чыкпай, буту менен басып, мурду менен тынгандын баары эле өзүн жазуучу атап, чыгарма деп эптеп-септеп бирдемени чүргөй салып, кудай бетин салбасын, кыш заводу кыш чыгаргандай эле бу итибайларың китеп артынан том-том китеп чыгарып, окумак түгүл ачып караганга адам даабаган ал чыгармаларынын акысына өкмөттөн таңгак-таңгак акча алып, жумурай-журтту агартып-көгөртөр жазуучулук ишти жанбагар «кирешелүү тармакка» айлантып алышты деп катуу кабатыр болор эле.

«Ой-бой-о-ой, бу бир жарым миллиард калкы бар кытай элинде профессионал беш жүз гана жазуучу чыгармачылык менен алектенет экен. Шумдугуң кур, бу биздин беш миллион кыргыз элинин үч жүз алтымыш акын-жазуучусу бар экенин Жазуучулар союзунан тактап билгенден кийин, башка жагынан болбосо да, ушул жагынан килейген Кытай мамлекетин артка таштаганыбызга катуу «сыймыктанбадымбы» деп ха-халап күлгөнүнөн: «Салижан аке, канткенде акын-жазуучулардын санын азайтууга болот?» – деп суроо узатканымда: «Биздин өкмөт чыгып жаткан акын-жазуучулардын китебинин чыгымын мойнуна албай, гонорарын төлөбөй койсо эле жанагы жаандан кийинки козу карындай жамыраган жазуучулар чилдей тарап жоголор эле да, чыныгы чыгармачылык менен шугулданган он беш, жыйырмадай эле таланттуу акын-жазуучу калаар эле» – деп Совет өкмөтүнүн заманында айткан сөзү али эсимде.
Салижан агам олуялык кылып айткандай эле иш болду. Советтер Союзу тарагандан кийин өкмөт эсебинен китеп чыкпай калды, баягы Жазуучулар союзунун каттоосунда турган үч жүз алтымыш акын-жазуучунун он-он беши гана ачка-тогуна карабай өз демилгеси, көңүл каалоосу менен чыгармачылык ишин улантып келе жатат.
* * *
«Кыргыз Эл жазуучусу», «Кыргыз Эл акыны», «Кыргыз Эл артисти», «Кыргыз Эл сүрөтчүсү» ж.б.у.с жогорку наамды алып жүрүп өтүп кеткендеринин да, жараткан узак өмүр жалгап азыркы учурда арабызда жашап жүргөндөрүнүн да сүйлөгөн сөзүнө, иштеген ишине, жүрүм-турумуна узак жылдар күбө болуп жүрүп мен бир нерсеге өтө таң калам. Ошо ага-эжелерибиз, аксакал-көксакалдарыбыз айрым чоң-чоң жыйындарда гана жалпы кыргыз элинин ак сакал, көк сакалы катары кыска мөөнөткө гана ыйык, бийик сезимдин ээси боло калганы болбосо, өмүрүнүн көпчүлүк учурунда алар өзүн кайсы бир региондун, областтын, райондун гана аксакалы, көксакалы катары сезип, тегерегине өзүнүн жердештерин чогултуп, «өз элинин», өз регионунун проблемаларына көбүрөөк баш оорутуп, байлык, бийлик, атак-даңк, наам маселесине келгенде жалпы кыргыздын сыймыгы болоор уул-кыздарын сүрөгөндүн ордуна «жаман да болсо өзүмдүн короомон кочкор салам» деген принципте топ-топко бөлүнгөн аксакал-көксакалдар бири-бирине тымызын согуш ачышып, аты-заты кыргыз элинин аксакалы деген ардактуу наамга татыбай областтын, райондун, айылдын деңгээлине түшүп келгени жана түшүп жатканы, ушунча жылдардан бери, ушунча кылымдардан бери камдаша албай, коомдошо албай, бириге албай келаткан ириде чыгармачыл интеллигенциябыздын бул жоругу бир эсе таң калтырса, бир эсе кейишке салат.

Мына ушундай чөлдөгөн, куураган түптүү маселенин арасында жашап жатып Салижан Жигитов сыяктуу жалпы кыргыз эли үчүн жанын сабап, жакшысына кубанып, жаманына чын дилинен кейиген, кейип эле тим болбостон кара жанын карч уруп ичээр суусу түгөнгүчө жалпы кыргыз элин бөлбөй-жарбай кызмат кылган жана кылып жаткан ага-эжелерди эстегенде муздак суу ичкендей сергийсиң, артыңда жөлөк болор аскар тооң тургандай компоюп корстон болосуң, сыймыктанасың, өзүң да ошолордой болууга талаптанасың.
Салижан аганы да жердешчил катары көрсөткөнгө аракет кылгандар да жок эмес эле. Ырас, Салижан агага түштүктүк кыз-жигиттер жердеш катары жардам сурап кайрылбай койгон эмес. Пенде катары Салижан ага да колдон келген жардамын чеги менен, орду менен, ылайыгы менен жардам көрсөткөнүнө өзүм күбө болуп жүрдүм. Ал эч качан маңыроо-макоолорду колдочу эмес. Илимде болобу, кызмат карьерасында болобу, чыгармачылык ишке болобу, мыктылардын мыктысын гана сүрөөр эле. Жалпы кыргыздын кызыкчылыгына келгенде Салижан аганын күнү-түнү кирген суудай күпүлдөп иштеген мээсинде түндүк-түштүк деген маселе турчу эмес.

Ал областтын, райондун, айылдын деңгээлине чейин майдаланып түшпөгөн, жердешчил топторго кошулбаган, жалпы кыргыз эли үчүн гана күйүп-бышкан кыргыздын чыныгы бүкүлү аксакалдарынын бири эле. Ал түндүктөн болобу, түштүктөн болобу, батыш менен чыгышынан болобу, алган билимин, талант-шыгы, акыл-эси, жүрүм-туруму мыкты уул-кыздарды саресеп салып издээр эле. Эгерде андай жаштардын бирөө-жарымы «кайырмагына» илинип калса: «Ай азамат, азамат экен!» – деп маңдайы жарылгыча сүйүнүп: «Баланча деген жигит баланча жерге ылайык» – деп өзүнүн карачечекей уулун мактагандан да ашыра мактап, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошол жигиттин же кыздын ак жолу ачылып, кызматтагы, илимдеги же жөн эле карапайым иштеги карьерасынын шыр кетишине эбепчи-себепчи болууга чындап аракет жасар эле. Ал талант-шыгы, илим-билими жок өчөйгөндөрдөн, алдым-жуттум шылуундардан жаа бою качкан өтө таза, чынчыл, адилет адам эле.

Салижан ага башынан өткөн бир окуяны айтып берип күлдүргөнү али эсимде. «Келечегинен көптү үмүткөр кылган аттуу-баштуу эле жигиттерибиздин бири: «Салижан аке, оштуктар чогулуп андай кылганы жатабыз, мындай кылганы жатабыз, сиз да келип жыйыныбызга катышып бербейсизби» дегенинен жалаң жердештер бир жерге чогулуп алып «жапма челек» оюнун жүргүзүп жатышканын ичимен жактырбаганымды сыртыман билдирбей, ал эле, бул эле деп ар кайсы шылтоонун башын чаргытып, андай жерге баргым келбесин ачык айтпай маданияттуу узатып жиберсем, бир аз күндөн кийин баягы сөздөрүн айтып кайра келиптир. Байкасам көжөлүп кетчүдөй эмес.

Үч кайталап олтурбай, экинчи келгенде эле эсебин берейин деп, анын үстүнө илимдүү-билимдүү деген жигиттерден болсо барбай жаткан себебимди башбактатып айтсам эле өзү себебин түшүнөр деген ниетте жердештер чогулуп талкуулай турган маселеден да маанилүү маселелер колу-бутумду байлап жатканын айтып, дегеле башкаларды аралаштырбай жалаң жердештер биригип алып талкуулаган маселенин өзү эмне деген маселе экенин көп түшүнө албай жатканымды кыйытып айтсам оңтойсуз абалга түшкөндүн ордуна: «Эми ошенте бербей, оштук экениңиз жалганбы, жүрбөйсүзбү» – деп жанымды кашайтып жатпайбы.
Кыйытып айткан сөздү кежейип түшүнгүсү келбеген немеге ачык эле: «Барбайм!» – деп айтсам, «Эмнеге?» – дейт. «Ошого!» – деп терс бурулуп кетейин деп баратып, оң колумдун ачуусун сол колум менен басып, майдалап түшүндүрүп сүйлөөгө туура келди.

«Ай, айланайын баланча үкөм, ырас, менин оштук экеним чын. Он төрт жашымда окуганы, жашаганы андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарына келиптирмин. Андан бери отуз тогуз жыл убакыт өтүптүр. Оштук эмнем калды? Кырк жылга чамалаган убакта оштук кыргыздан кыргызстандык кыргызга айланбадымбы? Кыргызча адабият-маданият, илим-билим китептеринин жетишсиздигинен жалаң орусча китеп окуй берип, оштук эмес оруска, орустун ичинен еврейге айланып баратпаймынбы. Анан менден кайдагы жердешчиликти издеп, кайдагы оштукту күтөсүң?» – десем көжөлгөн үкөм көчүгүн карабай жөнөдү деп ха-халап тарсылдап күлгөн эле.
* * *
«Бир күнү Аман айтып калды» – дейт – Саке, сиздин жанагы «Элегия» аттуу ырыңыз чынында эле классика болчу ыр экен. Азыркы туруш-турпаты деле мыкты, экөөлөп мындан да мыкты болгудай ыр кылып иштеп чыкпайлыкпы» дегенинен: «Кандай кылалы, экөөлөп эски вариантын узартып жазып, анан алгылыктуу саптарын, куплеттерин бириктирип, бир ырга айланталыбы?» – десем: «Жок, жазганын өзүңүз эле жазыңыз, сындаганын мен сындайын. Сиз кайра-кайра жаңы вариантын жазгандан тажабаңыз, мен жаратпай чийип-сызып сындагандан тажабайын» дегенинен бул оңбогон Аман бирдемени билип айтып жатат деп макул болдум. Чынында эле ошондой иштедик. Мен тажабай улам бир вариантын жаза бердим, Аман аёосуз чийип-сызып сындай берди. Аягында «Элегиянын» мына мындай акыркы варианты жаралды деп өз оозу менен жатка айтып берген эле:
«Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө,
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректерим шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып,
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк – уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Каргадайдан бир өскөн моюндашып,
Кайран агам экөөбүз коюндашып.
Уктап жатсак теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
* * *
Салижан ага студент кезинде Сайракан аттуу сулууну сүйүп, жанагы «Ыймандай сырым менин» аттуу ырлар жыйнагындагы ашыктык ырлары, «Бир сүйүүнүн баяны» аттуу поэмасын ошол Сайракан сулууга арнап, канчалык ак этип, так этип артынан чуркаса да ал сулуу Салижан аганы ашыктыктын айыкпас дартына чалдыктырып башкага турмушка чыгып кеткенин акыреттик досу Ишенбай Абдуразаков сыр кылып айтып берген эле.

«Ээ, Нуке, эмнесин айтасың, өзүмдүн кебетем бул болсо, боюм тиги болсо, мен кимди сүйүп, кайдагы катынды тандайт элем. Колума тийгенин алдым да» – деп жүрөк тереңиндеги жарасын козгогусу келбей, өзүнүн аялуу сырына келгенде тамаша сөз менен жазгырып ха-халап күлүп тим болор эле. Көрсө, Салижан ага өмүрлүк жары Кимия эжени жубан алган экен. Кимия эженин мурунку турмушка чыккан жеринде бир баласы калыптыр. Салижан ага сыяктуу илимдүү-билимдүү, аттуу-баштуу тың кыргыздын артын чукубаган кыргыз болобу, азыркы заманда го ким-кимди алып жатат, жубанбы, кызбы, бирөөнүн таржымалы бирөөнү кызыктырбаган коймаарек мезгил келбедиби.

Агезде, Кудай бетин салбасын жаш жигиттин кыз албай жубан алыптыр деген сөз «кеңири коомчулуктун» түгөнбөс ушагына айланып, тийген жубандын эрдиги катары эсептелсе, алган жигиттин кемчилдиги катары каралчу эмес беле. Салижан аганын адабияттагы, маданияттагы, дегеле коомдун кандай гана курч маселесине карата айтылган таамай, курч, жүйөлүү пикирине, чынчыл, бекем принцибине каршы туралбагандар жеке керт башынын өксүктөрүнө асылып, ошону ашкере шылдың кылып айтып өч алгысы келгендер тегерегинде көп болор эле. Бирок Салижан аке ким-бирөөнүн төбөгө шилтеген таягынын астына «талп!» этип жатып калбаган, жоолошконго жообу даяр, кармашканга колу даяр оңбогондой сергек сезимтал, шайыр, сөзмөр, тапан, акылдуу, билимдүү жан эле. Буга мисал иретинде дагы бир окуяны айтып берейин.

Аркы-беркиден куудул сөз баштап, калың элди каткыртып турган Салижан агага көптөн бери кантип өч алсам деп кезин келтире албай жүргөн айтылуу эле жазуучуларыбыздын бири:
– Ия, Салижан, бу сага көптөн бери бере албай жүргөн бир суроом бар эле, – дейт берчү суроосун дароо бербей атайын көпчүлүктүн көңүлүн буруп.
– Ошол суроомду берсем таарынбайсыңбы? – дейт маалкатып.
– Ия, кокуй, кандай суроо берсеңиз ошондой жообун аласыз да, анын эмнесинен чочуладыңыз, – дейт Салижан ага.
– Бу сен кыз албай, жубан алган турбайсыңбы, ошол чынбы?
– Чын эмей анан…
– Эмнеге жубан алдың?
– Өзүңүз жакшы билесиз, күнү-түнү илим изилдеп кол бошобойт… Даярына качырбадымбы!..
– Алган жубаныңдын ээрчиткен кулуну да бар деп эшиттик. Баарынан кызыгы өзүңдүн эле инилериңе тийип чыккан неме турбайбы!
– Ошо күнү-түнү кол бошобой илим-билим менен алпурушуп жүргөндө инилериңдин даярдап койгону, даярдаганда да кулуну менен кошо даярдап койгону сонун экен да! – десе тиги көпчүлүктүн көзүнчө оңколотом деп келген жазуучубуз өзү оңкосунан түшүп, бозала чаң болуп жолго түшкөнүн айтып берип күлдүрүштү эле.
* * *
Илгери, илгери Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Камбаралы Бобулов аттуу үч жаш жигит кыйышпас дос болгон деген сөздү көп эшиттим. Ишенбай ага менен Салижан ага бирин бири кыйбаган акыреттик дос экенин өз көзүм менен көрүп, өзүм күбө болуп жүрдүм. Алардын Камбаралы аке менен дос болгонун көрө алганым жок. Тескерисинче, булар биринин атын бири уккусу келбеген сөөк өчтү душмандар деген сөздү да көп уктум. Ал сөздүн канчасы чын, канчасы калп экенин кайдан билейин, күндөрдүн бир күнүндө Салижан ага менен сүйлөшүп олтуруп сөздүн нугу Камбаралы аганын таржымалына бурулуп кетти.
– Ошо курусун, – деди Салижан ага. – Ишекемдин аялы Майрам адегенде Камбаралыга турмушка чыккан. Үч балалуу болгондон кийин Камбардын кылдан кыйкым издеген кызганчаактыгынын айынан Майрам Камбар менен ажырашып, Ишенбайга тийген.

Камбардын Майрамдан төрөлгөн улуу баласы Ноокатта чоң ата, чоң энесинин колунда калып, ошол жакта чоңоюп өстү. Майрам Ишенбайга эки баласын ээрчитип келип, бул жакта да этегинен жалгап аймончоктой бир кыз, бир уул төрөп берди. Ишекем менен Майрам үч уул, бир кызды бир ата-эненин баласындай бапестеп багып өстүрүштү.
Достук мамиле – достук мамиле. Ал эми үй-бүлөлүк мамиле өз жолу менен болгону жакшы го. Тиги эки досумдун биринин катыны бирине тийгенине менин эч кандай тийиштигим болбосо да, катыны Ишенбайды ээрчип кеткенине катуу ызаланып калган Камбаралы досум: «Менин катынымды Салижан эле бузуп Ишенбайга алып берди» деген ойдон чыгарган ушагын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой маземди алып, жиниме тийип жүргөнүнөн жообун жооптой эси-көөнүнөн чыккыс кылып катырып бергенге кезин келтиралбай жүрсөм, бир күнү жоонтоп жазуучулардын арасында аркы-беркини сүйлөшүп-тамашалашып турсам жараткан жалгап жөн турган мага адыраңдап келип «айбалтамдын мизине» урунду. Калың элдин көңүлү толук бурулгандай көтөрүңкү үн менен: «Ээ, Камбар! – дедим. – Досум, сен Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» деген чыгармасын мыкты окуп, мыкты өздөштүргөн сынчылардын бирисиң. Сен өзүң айтып да, жазып да жатпайсыңбы: жанагы Жамийла деген аялзатынан чыккан айперидей сулуу келин ак никелүү Садык аттуу өмүрлүк жарынын башын туура аттап, Данияр аттуу келишкен фронтовик жигитти туура ээрчип кеткен деп…

Ээрчип кеткени туура болгонун тим эле айтып койбой: «Жамийла сүйүүдөгү чыныгы бактысын эми тапты» – деп мага окшогон шордуулардын кулагына кумдай куюп келатпайсыңбы! Ал эми өзүңдүн өмүрлүк жарың Майрам сулуу Ишенбай аттуу өң десе өңү, билим десе билими бар, келишкен мыкты жигитти ээрчип кетсе, туура эмес кеткен деп, ээрчип кеткен эбеп-себебине таптакыр тиешеси жок кишилерди «күнөөгө жыгып» ай-асманга түйүлүп айкырып-кыйкырып келаткан жоругуң жолдо калсын, досум! Деги биз кайсы Камбаралыга ишенебиз? Данияр менен Жамийланы жактаган Камбаралыгабы же Ишенбай менен Майрамды боктогон Камбаралыгабы?! Балким, Майрам дагы сүйүүдөгү чыныгы бактысын Ишенбайдан тапкандыр!.. – десем демейде калың журтка сөз бербеген дарылдаган, чарылдаган Камбарым: «Акмак экенсиң, акмак экенсиң» деген эки ооз сөздөн башка оозуна бир да сөз кирбей дал болуп бир жерде жылбай далдайып туруп калды» – деп айтып берген эле.
* * *
Турмуштун жакшы-жаманын көрүп, турмуш сабагынан акыл жукпаган, таңды-кеч китеп окуп, китептен акыл жукпаган, сыртынан билимдүү өңдөнгөн, акылдуу өңдөнгөн кишилерди жегиндей көрөр эле…
Эсил СССРдин тушунда адабий классика китептер таңсык болуп, ар ким ар кандай жол менен алып, кимдин үйүндө кандай кол жетпеген таңсык китеп көп болсо ошону менен сыймыктанган ошол заманда Салижан ага Ош университетине командировкалап барып калат. Иш аягында белгилүү профессор, филология илимдеринин доктору үйүнө конокко чакырат. Салижан ага кайда, кимдин үйүнө барбасын босогосун аттап төрүнө өтөрү менен эле үйдүн ээсинин каз-катар тизилген китебине кызыгар эле.

Бул жолу да ошентип конок үйдөгү текчелердеги каз-катар тизилген китептерге көз чаптырып карап жатса үй ээси: «Мынабу Лев Толстойдун он эки томдугун баланча жылы баланча таанышым аркылуу сатып алгам, тиги Антон Чеховдун сегиз томдугун түкүнчө жылы түкүндөй таанышым аркалуу сатып алгам» – деп кооз жасалгасы биринен бири өткөн чет элдик жана орус классик жазуучуларынын китептеринин «таржымалын» тааныштырып айтып жатканын кунт коюп угуп турган Салижан ага: «Аа, Баланча, оңойлук менен табылбаган мынча таңсык китепти таап келгениңдин өзү эле чыныгы эрдик десем жаңылбастырмын. Эми мынча китептин кадырына жетип, түшүнүп окугудай жанагы көрүнгөн жерден табыла бербеген таңсык мээнин мыктысын да тааныштар аркалуу таап сатып алсаң, тигинден да өткөн чоң эрдик жасаган болоор элең» – деп тамашаласа, илим-билим чөйрөсүндө жалаң тааныштык менен чаң салып жүргөн ардактуу профессорубуз аа деп ооз ача албай кайпактап жер карап тим болду дейт…
* * *
«Көрүнүктүү кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен татыктуу бирөөсүнүн бейнесин кыргыз тилинде жаздырып, адегенде түрк тилине которуп, китеп кылып чыгарып, андан ары Европа тилдерине котортуп жайылталы» деген жакшынакай идея менен акылдашканы түрктөр Салижан акеге келишет.
– Албетте, Чыңгыз Айтматовдон ылайыктуусу жок, – деп кеңешин айтат Салижан ага. «Кимге кайрылсак болот, ким жазат?» деген суроо чыгат.

Кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп жүргөн жоон топ окумуштууларды акыл таразасынан өткөрүшсө, ылайыктуулары аз. Колунан келе турган окумуштууларга кайрылышса, көбү убактыбыз жок эле деп маданияттуу баш тартышат. Акыры айланып олтуруп Салижан акенин өзүнөн суранышканда, биринчиден, убактысы жок экенин, экинчиден Айтматовду изилдеген окумуштуу эмес экенин айтып баш тартса да болбой, акидей асылышканынан аргасыз макул болот. Кыскасы, «Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятына адеп келгенде» деген макаласын жаза баштады. Материал түрктөрдүн колуна тийгиче «Кыргызстан маданиятына» баса баштадык… Улам кийинки бөлүгүн алып келген сайын деги кандай жазып жатам деп пикиримди сурайт. «Мыкты!» – деп баш бармагымды чычайтсам: «Ошондой эле болсун» – деп өзү да сүйүнүп жүрдү.

Чынында эле өмүр бою Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеп, жазып, нан таап жеп жүргөн кыргыз «айтматоведдердин» бардыгын бириктирип чогултуп келсе да жазалбай турган мыкты эмгекти Салижан акем жаратты. Ал макаланы жаздырган түрктөр да, ортодо «жула качып» баскан биз да ыраазы болдук. Түрктөргө Ч.Айтматовдун жалаң оң кайрыктарын жазып берген Салижан агама эми кантсе да өз эмеспизби, Ч.Айтматовду жалаң бир беткей мактап жатып албай, терс кайрыгын да жазып берсеңиз деп акыл салсам, анымды туура көрүп Ч.Айтматовдун сый-урматка жеткенге чейинки жана андан кийинки чыгармачылык табылгаларын, адашкандарын, ийгилик-кемчиликтерин так, даана ажыратып жазып, кыргыз окурмандарынын көзүн ачмай болдук.

Бир топ башында бышырып жүргөн ойлорун өзү да ортого салып, ал ойлоруна өзү да каткырып-күлүп жыргап, ана жазам, мына жазам деп катуу камынып жүргөнүндө жанагы жаман оорунун диагнозу чыгып калды. Адегенде Москвага барып көрүнөйүн деп камданып жатып, түрк коллегаларынын кеңеши менен Түркияга барып текшерилип келди. Күтүлбөгөн кошумча түйшүктөр көбөйдү. Ичинен санааркап туталанганы менен, сыртынан баягысындай эле жаркылдап, жайдары жүргөнсүдү. Бир күнү: «Салижан аке, Айтматовду кандай кыласыз, жазасызбы?» – десем, «Нуралы, өпкөмөн жанагы жаман оорунун диагнозу чыккандан бери жазуу ишине сууп калдым» – деп ичинде жүргөн чын сырын айтты. Ал эми бөлөктөргө болсо: «Күндүн жашоосуна беш эле миллиард жыл калды деген бир окумуштуунун макаласын окуп алып, түбөлүктүү эч нерсе жок турбайбы деп жазгым келбей жатат» – деп тамашага чалып күлдүрүп жооп берип жүрдү.
* * *
«Түшкүсүн ар кимибиз ар кайсы жерден тамак издеп убара болбойлу деген максатта редакциянын имаратынын биринчи кабатындагы бир бөлмөнү «Ашканага» айлантып, түшкүсүн чогуу-чаран ошол жерден тамактанаар элек. Күндөрдүн бир күнүндө «Ашканада» тамактанып олтурсак: «Оу-уу, «маданиятчылар» кандайсыңар?» – деп Салижан ага адатынча жаркылдап салам айтып кирип келди. «Келиңиз, агай, келиңиз» – деп бирибиз шляпасын, дагы бирибиз плащын алып, дагы бирибиз төрдөн орунтук камдап тосуп алдык.
Үстөлдүн үстүндө үйүлгөн тамакты көргөн Салижан аке:
– Охо-хо, ниетимдин түздүгүн карачы, тамактын үстүнөн чыгыптырмын. Ырас болбодубу, бүгүн силердин эсебиңерден бекер тамактанып алайын, – деп эки колун ушалап, тамаша сөздөн ыргытып, ха-халап карсылдап күлүп, тамакка олтурду.
Дагы бир күнү тамактанып олтурсак Салижан аке дагы кирип келсе болобу! Кирип келе жатып эле ынсаптуу Салижан аке артка кетенчиктеди.
– Келиңиз, агай, келиңиз, – деп олтурган ордубуздан жапырт тура калдык. Салижан ага ачылган эшиктин туткасын кармап, кирсемби-кирбесемби деген эки анжы ойдо саал тымып туруп калып, анан босогону аттады:
– Бу силердин гезитиңер кийинки кезде эмне эле начар чыгып жатат десе керээлден-кечке тамак ичип олтура берет турбайсыңарбы, – деп тамаша сыяктуу сөзү менен таарып өттү.

Бир кызыбыз Тоңго бешик тойго, бир кызыбыз Таласка келин тойго барып тоодой эт, толтура боорсок көтөрүп келген экен, кыдыракей олтурган кабарчылар гезиттин кабарчыларындай эмес, тойдун меймандарындай болуп бирден майлуу устуканды колубузга койкойтуп кармап олтурсак бул жолу да Салижан аке аңдоосуз «жарк!» этип кирип келип: «Ой, бу, силер дагы эле тамак ичип отурасыңарбы!?» – деп күйүп турган свет «жалп!» өчкөндөй өңү өзгөрө түштү. Демейде калдалаңдап алдынан чуркап чыгып тосуп алчу кабарчыларыбыз да бул жолу: «Келиңиз, агай, келиңиз» – деп чоң күнөө кетирип, кечирим сураган баладай басмырт үн менен ызаат көрсөтүшүп, жер карап жарданып туруп калышты. «Отур, отура бергиле» – деп Салижан аке менин катарымдагы бош орунтукка көчүк басты.

– Тамактан алыңыз, Салижан аке, – десем, тарелкадагы кесек-кесек кесилген майлуу эттин арасынан бир кесим кара кесек этти вилкасынын учуна илип алып жатып мага эңкейип:
– Нуралы, кабарчыларыңды күндө мындай майлуу эт менен багып отурсаң, байдын дөбөтүндөй күржүйүп семирип кетип үрбөй калып жүрбөсүн, – деп кулагыма адатынча күлбөй туруп, угулар-угулмаксан үн менен шыбырады. Көзүмдөн жаш чыккыча үнүмдү сыртка чыгарбай ичимен бүлкүлдөп күлдүм.

Салижан ага ченебеген мээнеткеч адам эле. «Биз байыркы элден болгонубуз менен тарыхый жактан артта калган жаш элбиз. Өнүккөн-өскөн элдерге теңелиш үчүн кара жанды карч уруп он эсе, жүз эсе артыгыраак күч менен күнү-түнү талыкпай иштешибиз керек» – деп тамакка тап, жумушка ыкшоо кыргызды көргөндө күйгүлтүккө түшүп, тегеренип-тегеренип кетээр эле…

«Биз өзүбүздүн алыбызды билбей туруп саны көп чоң эл менен чоң мамлекеттерди мисалга тартып, алар андай экен, булар мындай экен деп ошолорго теңелгибиз келет. Чоң эл деген чоң эл. Чоң мамлекет деген чоң мамлекет. Аларга теңелиш кайда? «Тең-теңи менен, тезек кабы менен» – дейт кыргызда. Биз өзүбүз курдуу, өзүбүзгө ылайык Бахрейин, Монголия сыяктуу мамлекеттер кантип жашап, кантип өнүгүп жатканынан тажрыйба издеп, үлгү алганыбыз туура. Кыргыз дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу, чечендей намыскөй, татардай акылдуу эл болгондо гана кыйын элдин катарына кирет» – деп таасын-таамай, кулакка куюп айтар эле…
* * *
Кыргыздын чоң акын-жазуучусу болобу, жөн акын-жазуучусу болобу газета-журналга чыгармасы чыгып калса жөн-жай гана сыртынан баам салып окубай, сөзүн сөздөй, сабын саптай автор менен кошо кубалашып чыгарманын ичине кирип кетип окуур эле. «Ак, кудай урган, мынабу жерин мына мындай сөз менен айтса болмок, тигил жерин тигиндей сөз менен уйкаштырса болмок, чыгарманын аягын андай бүтүрбөй мындай бүтүрсө болмок деп эң оптималдуу сөздөрдү, уйкаштыктарды, сюжетти «таңуулап», гезит-журнал бетин колундагы калеми менен кызыл-жаян кылып оңдоп окуп жиберер эле.

Чоң жыйында болобу, же мындай эле жөн-жай анча-мынча эл катышкан уюшмада болобу, ким-бирөө оозеки сүйлөп жатса: «Ак, кудай урган, андай айтса болмок, мындай айтса болмок» – деп сөзүн кошо жарышып кууп угуп, изин суутпай катасын, өксүк жерлерин оңдоп угаар эле. Ал карапайым макаладан көркөм чыгарманын бардык жанрында кемелине келтирип узанып иштеди. Андан тышкары илим изилдеди, мыкты-мыкты илимий эмгектерди жазды, түркүн-түс тармактарды жетектеп, ал жердеги чалды-куйду иштерди ирээтке келтирип, өзү айтмакчы «майнап чыккыдай стандартка салды», коомдук иштерге катышты, ара-чолодо мамлекеттик иштерге да илээшип, ал иштердин да майын чыгарып иштеди.

«Салижан Жигитович Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеп жүргөндө ал жактагы саясий кырдаалды анализге алып жазып жөнөткөн материалдарын ал учурдагы ички иштер министрибиз Роза Отунбаева бизге окшогон жаш кадрларга ар дайым бөлөк мамлекетте эмгектенип жаткан элчинин каты кандай формада, кандай мазмунда жана кандай деңгээлде анализделип жазылышын Салижан Жигитовичтин жөнөткөн каттарынын негизинде үлгү кылып көрсөтөөр эле» – дейт Кыргызстандын Тажикстандагы, Белоруссиядагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеп келген досум, курсташым Эрик Асаналиев. Мен мындай мыкты мүнөздөмө сөздөрдү Кыргыз энциклопедиясынын, Кыргыз илимдер академиясынын, КМУнун, Кыргыз радио-телекорпорациясынын, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин, «Азаттык» радиосунун эмгек жамаатынан да көп курдай уктум.

Кандай тармак, кандай иш болбосун тез өздөштүргөн, иштин көзүн таба билген, сергек-сезимтал, чынчыл, эмгекчил, калыс, акылман, ойчул, илимдүү-билимдүү, таланттуу адам эле дешип сыпаттап айтканга ыраазы болушпай дагы да мыкты сөздөрдү арнагылары келишип, агыл-төгүл сөздөр менен кайсы бирин айтаарын билбей эскерип келишет.
– Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде иштеп жүрүп педагогдук ишке чарпыла бербей бир беткей илимий ишке кетсемби деп арызымды жазып кетмей болдум – дейт Салижан ага. – Менин кетүүгө камданып жатканымды кулагы чалып калган университеттин доценти Жээнбай Муканбаев агабыз учуп жетип келиптир. «Ай, Салижан, сен кетейин деп жатасыңбы?» – деп үрпөңдөп суроо узатканынан: «Ооба» – десем: «Кой, айланайын, сен кетпе!» – деп кадимкидей айнытып кирсе болобу. «Эмне мынча мени кетиргиңиз келбей жатат, агай?» – десем: «Мен узак жылдардан бери ушул университетте иштеп жүрөм. Тааныштык менен уул-кыздарды окууга өткөрбөгөн, баа койбогон, пара албаган сендей таза адамды биринчи көрүшүм. Алдыңкы муун карып бара жатабыз. Жыл сайын катарыбызга жаш педагогдор келип кошулуп жатат. «Ай, уулум же кызым, сен тигилердин жолуна түшпө, тааныштык менен баа койбо, пара алба!

Мынабу Салижан агайыңдай таза бол! Билимдүү, илимдүү бол! Эмгекчил, чынчыл, адилет бол! Ошонун жолуна түш» – деп айтканга үлгү кылар бир да адамыбыз жок калганы жатпайбызбы. Кой, Салижан кетпе!» – деп жарыктык агайым жалбарганга чейин барганынан: «Ойлонгонго кеч болуп калды, агай. Эбак эле арыз жазып өткөрүп койгом. Буйрукту даярдап ректоратка өткөрүп коюшуптур. Кол коюлса эле кетем» – десем: «Ай курган бала, бекер кетип жатасың» – деп Жээнбай агай турган жеринде тегеренип-тегеренип кетти эле деп Салижан аганын эскерип айтканы али эсимде…
* * *
Салижан ага кайсы жанрда кандай чыгарма жазбасын, изилдебесин, которбосун – эң ириде үлгүлүү текст калтырганга умтулар эле. Калеминен чыккан көркөм чыгармаларды кой, илимий макалаларын окуганда курч сюжеттүү детектив окугандай кубалап, кызыгып окуйсуң. Куюлушкан тили, бийик-тереңди бирдей чапчыган билими, таамай далили, таасын ойлору кагаз бетинде кабылганда бир керемет дүйнөнүн зымырык кушунун куйругунан алгандай жүдөбөй-какабай, мүдүрүлбөй-жыгылбай кошо зымырап жөнөгөндөй болосуң. «Нуралы, кенедей макаладан кабелтең чыгармага чейин окуган адам баш көтөрбөй кызыгып окугудай деңгээлге чыгара жазуу керек» деген тирүүсүндөгү акыл сөзү, өлгөндөн кийинки керээз сөзү бар эле. Ой-бой-ой, Салижан ага айткандай жата калып окугудай жазыш менин колуман келбесе да, устаттын айткан сөзүн бөлөктөргө да кулак кагыш кылып айтып коюу моюндагы милдет өңдөнгөнүнөн жарыя айтып коюуну эп көрүп турам…

Көркөм чыгарма жазалбай жүдөп-какап, ары-бери урунуп мукурап жүргөн калемгерлерге үлгү болоор бир канча оозеки аңгемелери бар экенин көптөр билээр эле.
– Эмне үчүн оозеки аңгеме? Сюжети мыкты экен. Кагаз бетине эле түшүрүп жазбайсызбы? – десем:
– Биринчиден, оозеки аңгемелерди кагаз бетине түшүргөнгө убактым жок. Экинчиден, жанагы аңгеме жазганга материал таппай айласы куруп жүргөндөргө «сөөк» ыргытып жатпаймынбы. Кызганыч жок. Менин аңгемемди кагаз бетине тирилтип жазып көрүшсүн. Кимисинин колунан эмне келээр экен? Дараметин байкайлы, – деп ха-халап күлүп калчу.

Ошондой оозеки аңгемелеринин бири – «Айша, кетпе!» аттуу аңгемесинин сюжетин айтып берейин.
«Илгери, илгери, Совет доорунда элет жерине Айша аттуу ата-энесинин чырактандай жанган чырайлуу жалгыз кызы мектепте жакшы окуп, ата-энесинин айткан-дегенинен чыкпай тартиптүү өсөт. Айшанын айылында жалгыз апасынан башка багар-көрөрү жок, жалгыз апасын бел туткан Аскербек деген эл оозуна алынган элпек, ар нерсени айта электе аңдап-талдап билген акыл-эстүү, мектепти мыкты окуп бүткөн, бирок жардам берер жакын тууган-туушканынын жогунан жогорку окуу жайынан билим алалбай, колоктоп бош жүрбөй трактористтердин курсун бүтүрүп, андан ары аскерге үч жыл кызмат өтөп келип, айылдагы жалгыз апасын трактор айдап алда немедей багып жаткан күндөрүнүн бир күнүндө трактору менен талаадан жүгөрүнүн маясын тартып келе жатып, айылдын четиндеги көк сайдан темир чакаларына мөлтүр кашка агын суудан мелт-калт сузуп алып, эки чака сууну ийин жыгачтын эки башындагы илмегине теңдеп илип алып, суйсалып бурала басып көтөрүп бараткан Айшанын бой жетип калганын көрүп, бүйлөсүнө толо калган жылуу шилекейин жумшак тартып, көкүрөктөн «дүрт!» этип атып чыккан сүйүү дартына күтүүсүз чалдыгат. Аскербек Айшага айылдагы чычымдар аркылуу кат артынан кат жөнөтөт. Айша кыз дароо макул болбой көпкө ойлонот. Акыры макул болот…

Айшадай сулууга арзыган Аскербектин төбөсү көккө, буту булутка жетип, айдап бараткан тракторун айдың талаага токтотуп, сыртка атып чыгып башындагы шапкесин көккө ыргытып, үстүндөгү күрмөсүн чөпкө ыргытып, Айша жашаган айыл тарапты беттеп күйүгүп чуркап, буту-бутуна тийбей сүйүнүп чуркап, арзыган махабатына жеткенин айдың талаага айкырып сүйүнчүлөп, бейкут жаткан теребелге бакырып сүйүнчүлөп, буралып өскөн чөп ашып чуркап, буйткасы тайпаң дөң ашып чуркап, булаңгыр ааламга буу кечип чуркап, чымы бош сайга суу кечип чуркап, караанын үзүп алыстап барып, каруу-күч кайтып чалыштап барып, көлдөлөң чөпкө «күп» этип кулайт…

Аскербек менен Айшанын сүйүүсү күн-айлап күчөп турганында Айша орто мектепти алтын медаль менен аяктап, ортодо аяк-башы бирикпеген эки ачакей маселе чыгат. Айша аттестат алаары менен борбор калаага жөнөп, жогорку окуу жайына документ тапшырарын айтат. «Сен да жүрү, окууга тапшыр, чогуу билим алалы» – дейт Айша. Аскербек айылдагы жалгыз апасын таштап, окууга кете албасын айтат. «Окууну кийин сырттан окуйбуз, сен да кетпе, мен да барбайын, андан көрө баш кошуп бирге түтүн булатып, жаңыртып там салалы, жер-жемиш айдайлы, мал багалы» деген сунушун айтат. «Алтын медаль менен окууну бүткөн кыз болсоң, окубай кайда барасың, окууңду улант» – деп ата-энем намыстанып болбой жатат. «Сен эмне кылсаң өзүң бил, мен кетем» – дейт Айша.
«Айша, кетпе!» – дейт Аскер.
Айша кетем дейт. Жөнүн айтып түшүндүрө албаган Аскер, сөзүн айтып, сөзүн түшүндүрө албаган Аскер шакардай жини кайнап, каз таман тракторуна сокосун илип айылдын маңдайындагы тоонун апай бетине айдап барып, сокосун жерге терең матырып, трактордун кара түтүнүн көккө уюлгутуп атырылтып, газды түбүнө чейин житире басып: «Айша, кетпе!» деген сөздү тоо бетине соко менен жер айдап жазат! Ал айдалган жерге күн караманын уругун эгет…

Айша баш калаага окууга келип экзамендеринен өтүп, конкурстан кулап калат. Айылына баргандан намыстанат. Эмне кылаар айласын таппай жүргөндө университеттин бир шылуун жаш мугалими студенттикке кандидат кылып өткөрөм деп ичи-койнуна кирип ээрчитип жүрүп, ыгын таап, ишенимине кирип,убалына калып, куйругун үзүп качып кетет. Айша же окуудан жок, же кыз деген абийирден жок талаада калат. Бир күнү кылаарга иши жок бульварда басып келатып желге чайпалган дарактардын ала-телек көлөкөсүнө кирип барганда теңселип башы айланып, күн тийген жерине чыкса өзүнө келип, кызыктай абалда болуп жатканын боолголоп, жүрөгүнүн үшүн алган бир коркунучту сезет. Кез-кез башы айланып эле тим болбой, кускусу да келет…

Шаардагы тажеңеси доктурга алып барып текшертсе, боюнда бар болуп чыгат.
Эртели-кеч нөшөрлөп жамгыр төкпөй, булут катат. Айлана жашыл ыраңынан жана элек кез. Тоо жашыл, талаа жашыл. Ыңкыган эгин. Эгин талаанын бетин бербеген кыпкызыл кызгалдактар. Тоонун өрдөшүндө Айша менен Аскердин айылынын маңдайындагы апай бетке: «Айша, кетпе!» – деп соко менен жер айдап жазуу жазган айдоого эгилген күн карамалар тирелип коюу чыгып, тегиз гүлдөп, күн таажысындай болгон сапсары желекчелерин желге желбиретип жай бою: «Айша, кетпе!» – деп ааламыңды жаңыртып айкырып-кыйкырып турду…» – деп баяндап берер эле.

«Ушул сюжетиңди мага бер, мен жазайын» – деп бир топ теңтуш жазуучулар куда түшкөнүнөн: «Ой, менин алмадай болгон жаман башымда мындай сюжеттин миң-миллиону бар. Кааласаңар айтып берейин, аларды да алгыла» – деп айтып берсем: «Бири да көркөм чыгармага айлантып жаза албай койду» – деп ха-халап каткырып калаар эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *