Сын жана библиография

Эгемендикке ээ болгону кыргыз адабиятынын абалы кубанта да, күйүнтө да турган жагдайда. Бул туурасында адабиятчы К.Асаналиев «Постсоветтик доор. Адабий тагдыр» аттуу макалалар топтомунда сандык жактан өскөнү менен сапаты сакталбай калган кыргыз адабиятын сөзгө алгандыгын белгилеп өтүшүбүз керек. Азыркы кыргыз адабияты (К.Асаналиев эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз адабиятына «постсоветтик» десе, М.Жумаев «өткөөл мезгилдин адабияты» деген аныктама берет) эркин өнүгүп, учурунда бийликтин укуругунан коркуп, көркөм изилденбей, жазылбай калган тарыхый доорлордун жана инсандардын сүрөтү «түркүн түсү» менен тартылып, бөксөбүз толуп, кемтигибиз толукталып, ошол эле учурда мистикалык, детективдик, фантастикалык ж.б. чыгармалар жаралып жатса, учурда акча табуунун базар жолуна түшкөн же болбосо, өзүн жазуучу атап, чыгарма жазымыш эткен «агымдын» «аксак чыгармалары» аралашып жатканы андан көп.

Ушул фондо жаш жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» романы аттын кашкасындай бөлүнүп турат. Арслан Койчиев кесиби боюнча тарыхчы, тарых илиминин кандидаты, журналист. Аталышы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» романы автордун көркөм адабияттагы алгачкы чабыты. Чыгарманын аталышы көпчүлүк окурмандарга сөзсүз түшүнүксүз (мен бул сөздү атайы оозеки социологиялык изилдөө кылып, филологиялык билими барлардан да, жоктордон да, башка адистиктеги адамдардан, карапайым калктан да сурап көрдүм. Тилекке каршы, сөздүн маанисин чечмелеген эч ким болгон жок), бар болгону кашаанын ичиндеги «Беделдеги каргыш» деген кошумчадан улам мааниси терс сөз окшойт деп түкшүмөлдөйсүң.

1969-жылы Э.Абдуллаев жана Д.Исаевдин редакторлугу менен жарыкка чыккан «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «мисмилдирик» эмес, «миспилдирик» сөзү кездешип, дайынсыз жок болуу, жок кылуу, жоготуу, өлтүрүү маанисин түшүндүрөт. Демек, автор сөздү тыбыштык жактан өзгөргөн абалында колдонгон. Тилекке каршы, азыркы замандын жаштары сөздүн маанисин билмек түгүл, колдонбогонун айтпасак да белгилүү. Кантсе да, автор романы менен азыркы муундун сөздүгүн жаңы бир сөз менен байытты десек туура болот (анткени роман учурда жаш муун арасында популярдуу чыгармага айланды). Аталышын чечмелөөдөн улам чыгарманын уңгусун бир үй-бүлөнүн мисмилдириги аркылуу бүтүн кыргыз элинин Үркүндөгү геноциди түзгөндүгүн байкайбыз.

Жекелик аркылуу жалпылык туюнтулуп, окуялар типтештирилген экен. Негизи эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз адабиятында тарыхый чыгармаларды, башкача айтканда, тарыхый заманды же тарыхта жашап өткөн адамдарды чагылдыруу, «коктулук» чыгармаларды (адабиятчы М.Жумаевдин атоосу) жазуу тенденциясы күч алган. Албетте, бөксөнү толтуруу керек дечи, бирок бардыгы эле тарыхый чыгарма жанрына туура келбейт. Тарыхый чыгарма – ириде көркөм чыгарма, андыктан жазуучу тарыхый маалыматтарды алып, фактыларды изилдеп, даярдык көрүп, натыйжада көркөм ой жүгүртүүнүн бийиктигинен, дагы бир жолу кайталасак, көркөм чыгарма жаратуусу абзел.

Мына ушул багыттан алып караганда, Арслан Койчиевдин «Мисмилдириги» – Үркүндүн алдындагы кыргыз жашоосун кудаян уруусунун турмушу менен чагылдырып, Үркүн темасындагы чыгармалардын катарын толуктаган роман болуп калды.

Негизи жазуучу Казат Акматов туура белгилептир . Чыгармада тарыхый мезгил сүрөттөлүп, кыргыздын ошол кездеги жашоо турмушунун өзгөчөлүгү, элдин түшүнүгү, жаңылыктарга башы маң болуп, замбирек согуш куралы экендигин түшүнбөй аңырая карап, суу менен дүрмөттөлөбү деп алдына барып, боо-боосу менен кырылып, анан да душманга сөөк калтырбайлы, кордойт деп чаап барып, дагы окко учкан эпизоддору чындыкка шайкеш чагылдырылат.

Албетте, кыргыз жоону найза менен тосуп, айбалта менен чапкан, айбалта, найза кудаяндын ар бир боз үйүндө сайылып турат, мунун өзү кыргыз качан болсун жоого даяр деген сөз. Бирок орус калмак эмес, алардагы согуштук куралдын күчтүүлүгүн жана какайган тартибин чыгармада жалгыз Камбар болуш гана түшүнгөндөй, болбосо эл тарабынан шайланган Шабдандын тукуму, окуп-чокуган Мөкүш элге телефон туурасында кабарлап, устундарды талкалатканы менен, эмнегедир согуштук куралдар тууралуу ооз ачпайт, согуштук тактиканы колдонбойт, кармашууда кол башчылык сапаты көрүнбөйт.

Автор Мөкүштүн образын тереңдетип ачып берүүнү максат деле кылган эмес. Ал романда хан көтөрүлүп жатканда жана орустарга сес көрсөтүп, кат жолдогон учурларда гана катышат. Тарыхта бул окуя туурасында сарбагыш, атаке болушундагы эл биринчи козголуп, 28 туу (28 уруунун туусу) көтөрүлүп, кыргыздар орустарга бир катар талаптарын коюшканы белгиленип жүрөт. Албетте, Мөкүш ойлогондой эле, кара кыргыздар биригип, Николай падышаны тааныбай, өздөрүнүн ханын шайлаганын орустар түшүнөт. Мөкүштүн ойлогон ою оңунан чыкпай, ал хан болуп оомат сүрбөй турганы романдагы кан көтөрүүдө кийиз буралып кетип, Мөкүштүн кулап кете жаздаганынан көрүнүп, кийизге салып өз ханын шайлаган кыргыздар өрөпкүп, куралдуу казак-орустарга каршы чыгып акыры эл тукум курут болуп кете жаздады. Ошентип, улуу Үркүн башталып кетти.

Натыйжада карапайым, момун эл кырылып кала жаздады. Көчмөн турмушта жашаган, «ат – адамдын канаты» деген учкул сөзү бар калкына гана ишенип, орус жоого каршы колуна курал албай аттанганы жоого сөөк калтырбаган ата салтын бек тутуп, окко учуп опот болгондордун өлүгүн алып чыгабыз деп, андан бетер кырылганы сезимге так сала таамай сүрөттөлөт. Эрдемсиген жигиттердин аң-сезимин жазуучу ошол мезгилдин панорамасы менен кеңири жана ишенимдүү ачып берген.

Романдагы каармандар туурасында сөз кыла турган болсок, элдик баатырлардан Нарбото, атка минерлер арасынан Камбар болуш, орус өкүлдөрүнөн чакчарылган пристав, жаш муундун өкүлдөрүнөн Мукай, карыялардан Калыбек, Толтой, Карагыз жана андан сырткары арткы планда Мөкүш, этнограф, Михаил жана карапайым калк бар.

Нарбото – элден чыккан кашкөй баатыр. Ал – өлүктү кытай черүүсүнө калтырбай, сөөгүн этинен ажыратып алган намыскөй жигит, Михаилдин башын айбалта менен жара чапкан канкор жана чыгарманын соңунда уулу Мукайды табыштап, андан жардам күткөн Камбар болуштун ишеничи.

А.Койчиевдин Нарботосу оруска көз каранды эмес, ал ээн-эркин жүргөндү сүйгөн, ошол эле учурда элдин камын ойлогон баатыр. Ошондон уламбы, Нарбото эл арасында барктуу. Окуянын баяндоочусу Мукай Камбаров да ага жакын. Тилекке каршы, кара күчү болсо да ал орус менен болгон кармашууда жапайы тактикага салып, жеңилүүгө учурап, өзү айткандай бир нече орустун колкосун суура албай калат. Баатырдын ичинде аткара албай, көксөөсү суубай калган арман бар, ал арман романда ыр менен айтылат:
Эки дүйнө арманым,
Тилеги жаман паашанын,
Тик алдынан бет келип,
Каруусунан албадым,
Карыштыра урбадым.
Оозу жаман арамдын,
Кантейин,
Кар жилигин какпадым!
Ниети жаман арамдын,
Кантейин,
Кар жилигин чакпадым!
Албетте, жогорудагы арман – бир эле Нарботонун эмес, жалпы кыргыз эр азаматтарынын арманы. Ошентип, романда кыргыздын эр жигитинин моделин Нарбото алып жүрөт десек жаңылышпайбыз.

Романда экинчи бир каарман – Камбардын образы карама каршылыктуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Камбар – кудаян уруусунун башында турган болуш, элдин үмүтү, тирөөчү. Эл андан жазганат, айтканын аткарат. Адилеттүүлүгү да бар, ошол эле учурда ал «кол ийрисине тартат» дегендей, падышанын буйругуна ылайык аскерге алынуучулардын тизмесине жалаң кедей-кембагалдарды тизмелеп берип, оруска жагынуучулук мүнөзү болгон чындыгы менен сүрөттөлгөн. Камбардын мүнөзүндөгү бурулуш эл оруска каршы түп көтөрүлгөндө, катылып жаткан тууну алып чыкканда байкалат. Ал элин ойлоп, уруусунун аман калышы үчүн бүткүл мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Жазуучу Камбардын тагдыр жазмышын түшү аркылуу аян берет. Камбардын түшү кызык, анын түшү кандайдыр бир деңгээлде Т. Касымбековдун Нүзүбүнүн түшүнө окшоп кетет. Түштү чыгарманын композициясына А.Койчиев адабий таасирленүүдөн улам киргизгенби деген ой келет, себеби эки түштүн окшоштуктары бар.

Окшоштугу – эки каармандын тең түшүнүн аягына чыкпай, моокуму канбай калганында. Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Нүзүп өлүмгө баш коёр алдында өткөн өмүрүнө саресеп салып, түшүн эстеп: «Баары өзүм жоругандай келди… Аттиң ошондо түзүк моокум канбай калды эле, бат ойгонуп кеттим эле… Мына а да келди…» – деп, аны өлүмгө буюрган Шералынын акылсыз чечимине кейип турганы бар.
«Мисмилдириктеги» Камбар да эл башкарып, орус тамырларына жакындашууну каалап, Мукайды орус-тузем мектебине берип окутуп, орусча таанытып, катчы болсо экен деп тилеген болуштун түшү аялы жоругандай болбой, тескери чыкты. Түшүндөгү ок тийген аркар көрсө өзү экен, Камбардын колго түшүп, артындагы туягы Мукайдын орустун приставынын колунан аман калганы менен кийин башка системанын курмандыгы болуп, аркасынан туяк калбай, мисмилдирик болушу небак эле түш аркылуу аян берилген.
Камбар түшү төп келбей, тагдыры башка нукка бурулганын «Сынган кылычтагы» Нүзүп сыяктуу болуп эскерип өтөт.

Чыгармада элдик акыл-ойдун уюткусу Калыбек карыянын образында чагылдырылат. Карыянын элдин арасында кадыр-баркы зор, Камбар менен Нарботонун ортосундагы чатактын чечилишинде ал чоң роль ойнойт, анын акылман жүйөсү Камбардын акыл токтотушуна өбөлгө түзөт. Мына эми ошол акылдын ээси, Ормонду, Кененсарыны көргөн Калыбек карыя орустарга элчиликке аттанышып, «элчиге өлүм жок» деген дипломатиянын жазылбаган мыйзамы сакталбай, айры менен өлтүрүлүшү, чөптүн арасына көмүлүшү удургуп турган жигиттерди андан ары сүрөдү. Романда Калыбек карыянын, саяпкер Толтойдун жазыксыз өлүмү, ашууда кудаяндын белгиси салынган кийизди жамынып, жалгыз калган Карагыз апанын тагдыры ошол доордун ачуу чындыгын көзгө сайып көрсөтүп турат.

Канча бейкүнөө жандар өлтүрүлүп курман болгону, алакандай кыргыз тукум курут болуп кете жаздаганы көркөм ачылат. Ашууда калган Карагыз апанын «Кудаяндын тукумун курут кылгандар жакшылык көрбөсүн. Эки дүйнөдө жакшылык көрбөсүн! Кудаяндын убалы жетсин түбүңө, убалды башыбызга салган падышасы баш болуп бизчилеп ач бел, куу жондо өлсүн, тукуму соолсун! Тозок бар экени чын болсо, укумтукуму тозокто өрттөнсүн» – деп каргаган каргышы тийип, падыша үй-бүлөсү менен жок болду… Каргыш романда символикалуу мааниге ээ.

Каарман же окуянын эмне болуп бүтөрүн чыгарманын башталышында эле купуя билдирүү Арслан Койчуевдин чыгармачылык ыкмасы сыяктанат. Маселен, баш каарман Мукайдын тагдыр жазмышын «…казанактын көзүндөй болгон терезеден жарык деле кирип жарытпайт» деген сүйлөмүндө эле берип, эми анын бийликтин чеңгелинен кутула албастыгын, бир кезде Карагыз апасынын тукум курут болуп кетпейли деген коркунучу иш жүзүнө канча жылдан кийин болсо да ишке ашканын туюндуруп турат.

Мукай – кыргыз эли башынан кечирген эки доорду көргөн адам, ал эл кырылган Үркүндү көргөн, «бөрк ал десе, баш алган» 1937-38-жылдардын курмандыгы. «Мисмилдирикте» ал – башкы каарман жана негизги баяндоочу. Роман ретроспективдүү ыкмада жазылып, башынан кечирген окуяларды түрмөдө жаткан Мукай эстеп отурат. Мукай бала кезинен сөзгө жакын өскөн, анын көркөм сөзгө ынтызарлыгын чоң энеси Карагыз апа калыптандырган. Тегерегинде болуп жаткан окуяларды жүрөгүнөн өткөрүп, өзгөчө маани берип жүргөн жаш бала Мукай тагдырына «балта чапкан» «Карагыз апанын каргышы», «Нарботонун арманы», «Токмок казаты» аттуу эске сактап калган ырларын жазып, натыйжада дал ошол чыгармалар каармандын мисмилдирик болушуна алып келип олтурат.

Тоталитардык режим, 1937–38-жылдар канчалаган эр азаматтарды жок кылды, ошолордун бири – Мукай Камбаров да Үркүн алдындагы көк көз приставдын кароолунан, кеңири маанисинде, падышалык бийликтин укуругунан кутулса да, кийин сүйүнүп тосуп алган замандын курмандыгына айланып олтурат. Мезгил демекчи, мезгил – улуу өзгөрүш, анда жашоо-турмуш гана өзгөрбөстөн, адам тагдыры да өзгөрөрү романда жаңырып турат.

Кыргыз адабиятында көбүнесе 1916-жылдагы окуялар сүрөттөлгөн чыгармаларды талдоодо кыргыздардын кырылганын айтып, карапайым орустардын кырылганы, алар көргөн азаптар айтылбай калат.
Кыргындын себепчиси ким да, кандай жагдай ушул апаатка алып келди? Жооп бир. Падышалык бийлик. Орто Азияны колонияга айландыруу максатын көздөгөн орус бийлигинин саясаты тууралуу Кыяс Молдокасымов төмөндөгүдөй маалыматты берет: «Көчүрүлүп келген элге кыргыздардын жерлерин тартып берүү үчүн 1905-жылы атайын Келгиндер башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалыктын ишке кириши менен кыргыздар ээлеп келген жеринен ажырап, тоо тарапка сүрүлүүсү күчөгөн. Келгиндер башкармалыгынын атайын Жобосу иштелип чыккан соң, алар Жер жобосунун 120-беренесине таянып, кыргыздар пайдаланып келген жерлерди артык баш жер катары тартып ала баштаган» .

Арслан Койчиевдин романында да падышачылыктын дал ушул жер тартып алуу иштери кудаян уруусуна тиешелүү Бетеге-Таш аркылуу ачык, таасын сүрөттөлөт. Натыйжада, карапайым мужуктар арасынан күнөөсүз набыт болуп, карапайым эл бийликтин курмандыгына айланган. Романдагы кыштактын өрттөлүшү, чиркөө кызматкерлеринин өлтүрүлүшү, орустарды камап туруп өрттөө эпизоддору жазуучунун объективдүүлүгүнөн кабар берет.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз прозасына Арслан Койчиев Үркүн жана 1937-жылдагы репрессиянын залалын баяндаган «Мисмилдирик» (Беделдеги каргыш)» аттуу романы менен кирип, өзүн жазуучу катары тааныта алды. Орус адабиятчысы В.Ф.Асмустун: «Творческий результат чтения в каждом отдельном случае зависит от всей духовной биографии читателя» деген сөзү бар. Анын сыңары ар бир адабият күйөрманы жана окурман романды окуп, өзү баалашы жана өз деңгээлине жараша кабыл алышы керек деген ойдобуз.
«Жаңы Ала-Тоо»
2013, 10 (54)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *